Башкы Жаңылыктар КР Коопсуздук кеңеши КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына жана …

КР Коопсуздук кеңеши КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына жана Өкмөтүнө шайлоону ачык-айкындуулук жана демократия принциптеринде өткөрүүнү тапшырды

02-Сен, 2020

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы чакан курамдагы Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды.

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. К. Шайлдабекованын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К. А. Бороновдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри
    К. А. Джунушалиевдин баяндамалары эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу;

— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу;

— шайлоо алдындагы, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки мезгилдеги коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

— туруктуу негизде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызматчыларынын арасында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— жогорудагы абзацта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салуу:

шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же кайсы бир саясий партиялардын пайдасына кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын ишеним жоготкондугунун негизинде ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жана башка жоопкерчиликке мыйзамда белгиленген тартипте тартуу;

—  шайлоо мыйзамдарында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону айкындуулук жана демократиялык принциптеринде, укуктук мейкиндикте гана жана талаптагыдай уюштуруу деңгээлинде өткөрүлүшүн камсыз кылган толук чараларды көрүү;

— энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, зарыл болгон учурда шайлоо участкаларын жана шайлоо процессине тартылган мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор) менен жабдуу;

— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде укуктук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо;

— 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине тартылган башка адамдардын шайлоо күнү шайлоо участкаларына барган убакта коронавирустук инфекцияны жана бейтапканадан тышкаркы пневмонияны жуктурууну болтурбоо боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү;

— шайлоо өткөрүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрүү:

учурдагы техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу жана шайлоо процессине тартылган жактардын туруктуу, ырааттуу жана синхрондуу иштеши, шайлоо участкаларында шайлоо процессинде колдонулуучу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү;

бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин жана чечимдердин максималдуу ачыктыгына жана айкындуулугуна жетишүү максатында шайлоо процессин камсыз кылуучу мамлекеттик институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү;

шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркин эрк билдирүүсүнө башка таасир көрсөтүү максатында жарандарга таасир этүүнүн кандай гана түрдө болбосун формаларын болтурбоо;

— саясий партиялардын лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрү менен техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— 2020-жылдын 25-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте:

 шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүн, көз карандысыз байкоочуларды жана шайлоо участкаларынын ишине тартылган башка адамдарды, анын ичинде үйүндө добуш берүүчү шайлоочулар менен иштеген адамдарды жеке коргонуу каражаттары (медициналык маскалар, кол каптар, бет үчүн коргоочу экрандар), зарыл болгон учурда коргоочу костюмдар менен камсыз кылуу;

шайлоочулар менен байланышта болгон жана бюллетендерди иштетүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо эрежелерине жогоруда аталган адамдарды окутуу;

бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоочу каражаттар жана контактсыз термометрлер менен жабдуу, ошондой эле социалдык аралык эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат такталарын орнотуу;

шайлоо участкаларынын ишин социалдык аралык эрежелерин сактап, анын ичинде бюллетендер үчүн урналарды, добуш берүүчү кабиналарды жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн жумуш орундарын жайгаштыруу жагында уюштуруу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоону уюштуруу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте:

кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү, анын алкагында                     2020-жылдын 4-октябрында жарандарды жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга чакыруу;

 шайлоо участкаларына барганда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды кынтыксыз сактоо жана добуш берүү учурунда адамдардын массалык түрдө чогулушуна жол бербөө жөнүндө калкка маалымдоону уюштуруу.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:

— шайлоону өткөрүү боюнча орган тарабынан өз убагында чечимдерди кабыл алуу максатында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдарынын өз убагында кароосун жана процесстик чечимдерди кабыл алуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылуу;

— 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу.

  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарышына талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу;

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратура органдарынын иши тууралуу калкты маалымдоо менен шайлоо мыйзамдардын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;

— мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөк көрсөтүүгө, саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары катышууга тыюу салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларын болтурбоо, аныктоо жана  бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү;

— мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү;

— жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкүлөр сунушталсын:

— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү;

— төмөнкүлөрдү камсыз кылуу:

шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун;

терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү жана өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоону;

трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүүнү;

— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн болтурбаган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүнү камсыз кылуу;

— биометрикалык каттоо жана шайлоочуларды идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жоюу;

— 2020-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштардын, мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишенимдүү иштөөсүн, ошондой эле бул системалардын коопсуздугун, анын ичинде жарандарды биометрикалык идентификациялоо системасынын сакталышын, бүтүндүгүн жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

—  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүү;

— 2020-жылдын 25-сентябрынан тартып мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана коргоонун күчөтүлгөн вариантын киргизүү;

— чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча чек ара райондорундагы калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

— аймактык шайлоо комиссияларына жазаларды аткаруу мекемелеринин аймагында шайлоо процессин өткөрүү боюнча алардын коопсуздугун камсыз кылуу менен көмөк көрсөтүү;

— шайлоо өткөрүү күнү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана коопсуздук ченемдердин кынтыксыз сакталышын эске алуу менен жаза аткаруу мекемелеринин атайын контингентинин жана кызматкерлеринин добуш берүүсүн уюштуруу.

  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине шайлоо участкаларында зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам бригадаларынын күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу сунушталсын. Ушул максатта келип түшкөн чакырууларга ыкчам чара көрүү үчүн мобилдик бригадалардын жана тез жардам машиналарынын зарыл санын карасын.
  2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына туруктуу негизде төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессин өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;

— жергиликтүү калк арасында айрым жарандар жана адамдардын топтору тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү;

— шайлоо участкаларында жана аларга жакынкы аймактарда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын ченемдерин сакталышын камсыздоодо аймактык шайлоо комиссияларына жана саламаттык сактоо уюмдарына көмөк көрсөтүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусу менен көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөрдү активдештирүү сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин, чет өлкөлүк дипломатиялык корпус, өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн конституциялык-укуктук ченемдерин түшүндүрүү боюнча аккредитацияланган эл аралык байкоочулар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүгө багытталган ишти;

— республикадан тышкары жерлерде жашаган жана жүргөн шайлоочулардын арасында мыйзамдарда белгиленген алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун шарттары, ошондой эле добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин.

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды өз убагында жана толук көлөмдө каржылоону камсыз кылуу сунушталсын.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>