БШК административдик соттун “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимине Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди
28 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө чечимди мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу КР БШК Бишкек ш. административдик соттун партия документтерди мыйзамда белгиленген тартипте жана тийиштүү жак тарабынан бербегенине байланыштуу “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө БШКнын чечимин жараксыз деп тааныган 2020-жылдын 27-августтагы чечимине макул болгон жок жана 28-августта Бишкек ш. административдик соттун чечимине Жогорку Сотко кассациялык даттануу киргизди.
КР БШК маалымат бөлүмү
