БШК Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
29 августа 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 25-августунда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколду 29-августтагы өз жыйынында бекитти.
Мурда кабарлангандай, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкер Нурбек Үмөтович Алакунов катталган. Добуш берүүгө Талды-Суу айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, бардык 11 добуш Н. Алакуновго берилген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-августтагы шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен, Нурбек Алакунов Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
Добуш берүүнүн бүтүмү жана шайлоонун жыйынтыгынын негизинде, КР БШКсы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү, Н. Алакунов Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп тапты.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
