Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өкөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү
Талапкерлердин каттоо мөнөтү
4 сентябрь 2020-жыл
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
1
Ананьево айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
26.08.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
28.08.2020 -жылы
11 сентябрь 2020-жыл
Чүй облусу
Чүй району
2
Чүй айылдык
(кайра шайлоо)
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
04.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
07.09.2020 -жылы
16 сентябрь 2020- жыл
Чүй облусу
Сокулук району
3
Гавриловка айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
09.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
11.09.2020 -жылы
17 сентябрь 2020- жыл
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
4
Чоң-Сары-Ой айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
10.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
12.09.2020 -жылы
21 сентябрь 2020-жыл
Чүй облусу
Чүй району
5
Ак-Бешим айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
14.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
17.09.2020 -жылы
Кененирээк билүү >>
БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын канааттандырган жок
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-сентябрдагы жыйынында Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрбөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган жок.
Т.Бакир уулу өз негиздемесинде “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясында талапкерлердин тизмеси боюнча фальсификация болгондугун билдирди. Анын айтымында партиянын сьездинде талапкерлердин бир тизмеси бекитилип, анда ал 18 орунда болгондугун, ал эми БШКга партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү анын аты-жөнү жок башка тизме бергендигин айтты.
Бул маселе сот органдарынын компетенциясына тиешелүү болгондуктан, Т.Бакир уулу сотко арыз жазып “Бүтүн кыргызстан” партиясы боюнча кайрыла тургандыгын билдирди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Замандаш” партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйналышында “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Бир Бол» партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйналышында «Бир Бол» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан” талапкерлердин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйналышында “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Ата Мекен” партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйналышында “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында 1-сентябрда “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын финансы маселелери боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу билдирүүсүн карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин эске алуу менен, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кайрат Кубанычбекович Кубанычбековдун БШКнын 2020-жылдын 10-августтагы №70-чечими менен кабыл алынган каттоосун жокко чыгаруу жана ага берилген №99-күбөлүктү жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.
БШК Айнура Жапаровна Акматованы “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттап, ага кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктү берүүгө токтом кылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Социал-Демократтар» саясый партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу билдирүүсүн карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин эске алуу менен, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Маратович Алманбетовдун БШКнын 2020-жылдын 27-августтагы №97-чечими менен кабыл алынган каттоосун жокко чыгаруу жана ага берилген №105-күбөлүктү жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.
БШК Салия Эсеновна Ишкининаны “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттап, ага кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктү берүүгө токтом кылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир нече эл аралык байкоочуну аккредиттеди
Бүгүн – 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары аккредиттөө жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарынын негизинде кабыл алынды.
БШК эл аралык төмөнкү эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары аккредиттеди:
№ и/н
күб. №
Байкоочу өкүлү болуп саналаган эл аралык уюм
Ф.А.А.
Өлкө
Ээлеген кызмат орду
Ханнс Зайдель Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү
Майер Макс Георг
Германия Федеративдик Республикасы
Директор
КМШ Парламенттер аралык Ассамблея (КМШ ПАА)
Кобицкий Дмитрий Аркадьевич
Россия
Федерациясы
Топтун башчысы,
КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы – КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын жетекчиси
КМШ ПАА
Мушкет
Иван
Ильич
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары
КМШ ПАА
Караваев Сергей Георгиевич
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын кеңешчиси
КМШ ПАА
Пашнов
Павел Леонидович
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын маалыматтык-басма башкармалыгынын башчысы
КМШ ПАА
Еременко Елена Викторовна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ директорунун орун басары
КМШ ПАА
Имамалиев Эльман Бахлул оглы
Азербайджанская Республика
КМШ ПАА ДӨПЭИ Баку филиалынын директору
КМШ ПАА
Амбурцев Роман Альбертович
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ аналитикалык бөлүмүнүн башчысы
КМШ ПАА
Анисимова Юлия Владимировна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ шайлоого байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы
КМШ ПАА
Гнездилова Ольга Валентиновна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси
КМШ ПАА
Мурадов Теймур
Джавад оглы
Азербайжан Республикасы
ДӨПЭИ КМШ ПАА Баку филиалынын директорунун орун басары
КМШ ПАА
Боровко
Игорь Родионович
Беларусь Республикасы
КМШ аткаруу комитетиндеги КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын төрагасы
КМШ ПАА
Фролов
Илья Николаевич
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ шайлоого байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары
КМШ ПАА
Аскерова Гюльтакин Гафар кызы
Азербайжан Республикасы
КМШ ПАА ДӨПЭИ Баку филиалынын кеңешчиси
КМШ ПАА
Лячина
Ирина
Юрьевна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ аналитикалык бөлүмүнүн кеңешчиси
КМШ ПАА
Миронов
Игорь Андреевич
Россия
Федерациясы
Парламенттик кызматташуу башкармалыгынын делегациялары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн, КР делегациялары менен иштөө боюнча жооптуунун кеңешчиси
КМШ ПАА
Раскин
Илья Владимирович
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ филиалдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси
КМШ ПАА
Федоров Анатолий Васильевич
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ филиалдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси
КМШ ПАА
Шульгина Татьяна Олеговна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ филиалдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси
КМШ ПАА
Андреев Максим Владимирович
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ аналитикалык бөлүмүнүн консультанты
КМШ ПАА
Виноградова Екатерина Викторовна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ шайлоого байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн консультанты
КМШ ПАА
Подторжнова Кристина Владимировна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ филиалдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн консультанты
КМШ ПАА
Симакова Виктория Витальевна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ аналитикалык бөлүмүнүн консультанты
КМШ ПАА
Юсифов Рамзи Юсиф оглы
Азербайжан Республикасы
КМШ ПАА ДӨПЭИ Баку филиалынын консультанты
КМШ ПАА
Чернавская Елена Васильевна
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынын адис-эксперти
КМШ ПАА
Брыксенков Андрей Александрович
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ эксперти
КМШ ПАА
Ромашов
Роман Анатольевич
Россия
Федерациясы
КМШ ПАА ДӨПЭИ эксперти
ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросу (ДИАУБ)
Бозеруп Томас Вильгельм
Дания
ДИАУБ Миссиясынын башчысы (узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Кастелс Висенте
Мерсе
Испания
Миссиясынын башчысынын орун басары
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Громов
Алексей
Россия
Федерациясы
Шайлоо боюнча улук кеңешчи
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Скулова Габриела
Чехия
Саясий маселелелер боюнча аналитик
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Четайкина Светлана
Александровна
Россия
Федерациясы
Шайлоону уюштуруу маселелелери боюнча аналитик
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Краснянский Андрей
Евгеньевич
Беларусь Республикасы
Шайлоону уюштуруу маселелелери боюнча аналитик
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Мазманян Армен
Армения
Укук маселелелери боюнча аналитик
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Аранда Клаудия
Португалия
ЖМК боюнча аналитик
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Луксайте-Релинг Юрга
Литва Республикасы
Узак мөөнөттүү байкоочулардын координатору
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Кремлева Валентина
Юрьевна
Россия
Федерациясы
Көз карандысыз консультант
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Карески
Яна
Түндүк Македония
Сатып алуулар жана келишим түзүү боюнча адис
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Стеценко Олександр
Украина
Коопсуздук боюнча эксперт
(узак мөөнөттүү байкоочу)
ДИАУБ
Джуракулов Фаррух
Хакимович
Тажикистан Республикасы
Каржы офицери
(узак мөөнөттүү байкоочу)
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
КР БШКсы 2-сентябрдагы өзүнүн жыйынында “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н. З. Мамытовдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Т. А. Токтакунованы жаңы ыйгарым укукутуу өкүл катары каттоо чечимин кабыл алды.
Мындай чечим 2020-жылдын 30-августтагы “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын мурда дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алып, анын ордуна жаңы ыйгарым укуктуу өкүл дайындоо жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти
Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.5-пунктуна ылайык 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясында) кабыл алынды.
Эл аралык байкоочу болуп, Кыргыз Республикасында шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө мыйзамдарда белгиленген тартипте байкоо жүргүзүү укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жараны болбогон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун өкүлү боло алат. Эл аралык байкоочулардын күбөлүгү анын статусун тастыктаган документи болуп эсептелет.
Күбөлүк 125х100 мм (эки тараптуу) стандарттуу түстөгү (жашыл) формага кыргыз жана орус тилдеринде түзүлүп, анын чоо-жайы үлгүдө келтирилген. Эң жогору жагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тексти жазылган. Тексттин астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү көрсөтүлгөн. Жогорку сол бурчунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Жогорку оң бурчунда Кыргыз Республикасынын желеги жайгашкан.
Андан ары күбөлүктө анын номери, күбөлүктүн жарактуулук шарттары, бланктын ортосунда, КРнын БШКнын логотиби, андан кийин бланктын ортосунда: “Эл аралык байкоочу”, эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты, көрсөтүлгөн уюмдун аты, КРнын БШКнын төрагасынын колу, герби менен тегерек мөөр менен күбөлөндүрүлөт, бланктын аягында күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Кенжебаев Байгазы Бобуновичке өткөрүп берди
“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кенжебаев Байгазы Бобунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.
Бул тууралу токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2-сентябрдагы жыйналышында бош мандат болгондугуна байланыштуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө Ош АШКнын чечимин бекитти
КР БШК 2-сентябрда өз жыйналышында КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүгө байланыштуу “Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” Ош АШКнын чечимин жана Ош шаарынын аймагында түзүлгөн кошумча шайлоо участокторунун даректерин бекитти.
Ош аймактык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 7-сентябрына чейин кошумча шайлоо участокторунун курамын түзүү тапшырылды. Ош шаарынын мэриясына 2020-жылдын 7-сентябрына чейин кошумча шайлоо участокторун жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоого көмөктөшүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому Ош шаарында иш жүзүндө каттоосу жок жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды камсыздоо максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,15-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине, КР БШК 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Токтом, Кара-Кулжа жана Чаткал АШК мүчөлөрү Т.М.Ибраимовдун, А.С. Өмүрбекованын, ЖА. Такырбашованын арыздарынын, М.Б. Алыбаеванын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн, Кара-Кулжа АШКнын Ж.К. Акыбаевди комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде кабыл алынды.
Ошентип, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясында “Кыргызстан” саясий партиясынан Акыбаев Жалалдин Кочконбаевичтин жана резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ибраимов Таалайбек Мамажановичтин ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Абдибает кызы Гүлдара менен Шерибаев Заирбек Токтобаевич комиссиянын курамына киргизилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Алтынбүбү Сүйүтбековна Өмүрбекованын, Жыпаркалыс Айтбаевна Такырбашованын жана Махабат Бузурманкуловна Алыбаеванын ордуларына резервден комиссиянын курамына Эгембердиев Абдибали Козонович, Эргешова Назира Осмонбековна жана Эрназарова Гүлшайыр Дүйшөналиевна өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан киргизилген.
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 21-сентябрга белгиледи
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2-сентябрдагы отурумунда Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 21-сентябрынасаат 9:00дон 12:00го чейин белгиледи.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 бекитилген токтомуна ылайык, шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү жана ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (1,5-2 метр аралыкты камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, колду дезинфекциялык эритмелер жана спирттелген антисептик менен залалсыздандыруу) менен өткөрүү тапшырылды.
Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Наматбеков Алмазбек Жумабекович жеке арызынын негизинде Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 26-августундагы № 108-р буйругу менен кызматтан бошотулган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктарын токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим Т.А.Масабировдон келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А.Масабировдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
КРнын БШКнын маалымат бөлүмү.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады