Башкы Жаңылыктар БШК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш …

БШК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты

03-Сен, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-сентябрдагы жыйынында талапкерлерди көрсөтүүнүн жол-жобосу бузулгандыгына байланыштууу "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн КРнын ЖКнин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

КРнын БШКнын чечиминде төмөнкүлөр айтылат:

2020-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы)  «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү тарабынан аталган саясий партиянын  талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн документтер берилген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 61-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат.

Каттоо үчүн берилген документтерди текшерүү процессинде  2020-жылдын 28-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмеси саясий партиянын съездинде добуш берилген талапкерлердин тизмесине ылайык келбегендигине байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкѳн.

Бул кайрылууну толук жана ар тараптуу карап чыгуу жана баяндалган жүйөлөрдү тактоо үчүн текшерүү жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу тарабынан «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан кошумча материалдар жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын съездинин көрмө жазылмасы суратылды.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан материалдарды жана көрмө жазууну изилдөөдө талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби сакталбагандыгы аныкталды. 2020-жылдын 2-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жумушчу топ белгилеген талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибин бузуулар ырасталды.

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 5-бѳлүгүндө кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилери белгиленген.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына берилген документтерден белгилүү болгондой 2020-жылдын 19-августунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын кезексиз 13-съезди болуп ѳтүп, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин 120 адам санындагы тизмеси бекитилген.

Бирок, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан берилген материалдардан жана көрмө жазылмадан Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо үчүн кийинчерээк берилген талапкерлердин тизмеси “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын съездинде кѳрсѳтүлгѳн жана ага съезддин делегаттары добуш берген талапкерлердин тизмесине ылайык келбегендиги аныкталды. Съездде жүргүзүлгөн көрмө жазылмадан белгилүү болгондой фамилиялары үн чыгарып окулган жана добушка коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлер кийинчерээк талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин алынып салынган, алардын ордуна башка адамдар киргизилген  жана Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлердин өзгөртүлгөн тизмеси берилген. Ошол эле учурда берилген тизмеге кошумча киргизилген талапкерлер съездде бекитилген эмес.

Мындан тышкары, «Бүтүн Кыргызстан» саясий берген көрмө жазылманы иликтѳѳнүн жүрүшүндѳ партиянын съездин ѳткѳрүүдѳ добуш берүүнүн жол-жоболорунун талаптары бузулган – съезддин делегаттарына жашыруун добуш берүү камсыз кылынбаган жагдайлар  орун алгандыгы аныкталды. Алсак, добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүсүнүн купуялуулугун камсыз кылууга тийиш болгон добуш берүү үчүн кабиналар же атайын жабдылган жайлар жок болгон. Делегаттар шайлоо бюллетендерин ачык эле толтурушкан жана башка делегат толтурган  бюллетендин мазмунун көрүү мүмкүнчүлүктөрү болгон. Мында добуш бергендер катышып олтургандар добуш берген делегаттын эрк-ниетин билдирүүсүнүн натыйжасын кѳрүп тургандай шартта добуш берүү үчүн тунук урнага ташташкан. Бул жагдай добуш берүүнүн жол-жобосун съезддин делегатынын эрк-ниетин билдирүүсүнө контролду жана добуш берүүнүн натыйжасына таасир этүүнү камсыздагандай жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Баяндалган жагдайлар «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын съездин ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жана добуш берүү тартибин сактоо бѳлүгүндѳ шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуулар орун алгандыгын айгинелейт.

Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык съездде талапкерлерди кѳрсѳтүү жана бекитүү тартибин сактабоо талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>