БШК КР ЖКнын депутаты Шайназаров Тынчтык Ураимовичтин ыйгарым укуктарын токтотту

03 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайназаров Тынчтык Урайимовичтин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Токтом Т.У.Шайназаровдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У.Шайназаровдун күбөлүгү жараксыз деп таанылды.

Тынчтык Шайназаров 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган. Т. Шайназаровго 81 депутат – “макул”, 4 депутат – “каршы” деген добуштарын берген, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого аттанган Назарали Ариповдун ордуна келди.

КР БШК маалымат бөлүмү