Башкы Жаңылыктар Россиядагы мекендештерге мобилдүү топтор шайлоо укуктарын ишке ашырууга …

Россиядагы мекендештерге мобилдүү топтор шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берет

14-Сен, 2020

Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады.

Мобилдүү топтор КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Тышкы иштер министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип, 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү алкагында уюшулган. Бул демилге ПРООНдун, Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) жана Германиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.  

Мобилдүү топтор алдыда турган парламенттик шайлоолорду уюштуруу иштери, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө жайгашкан даректер жана шайлоо участокторунун саны, жарандарды консулдук каттоого коюу, биометрикалык каттоо боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткарып жатышат.  

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредиттелген мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт.

Чет мамлекеттерде жашаган Кыргызстандын жарандарынын шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинен биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган.

Мобилдүү топтордун ишти эрте баштоосу пландалган, бирок пандемия шартында  авиакаттамдардын жабыктыгынан улам, топтун чыгуусу рейстердин ачылышына жараша уюштурулат. Биринчи мобилдүү топ ушул жылдын 22-августунан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. Ал эми 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо жүргүзүлгөн.

12-сентябрдан тарта мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү.

Россиянын шаарларында пландалган кезектеги жолугушуулар:

  • 14 -сентябрда Курган шаарында
  • 14-сентябрда Хабаровск шаарында
  • 14-же 15-сентябрда Москва шаарында
  • 15-сентябрда Казань шаарында
  • 15-сентябрда Тюмень шаарында
  • 15-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында
  • 16-сентябрда Сургут шаарында
  • 16-сентябрда Владивосток шаарында
  • 17-сентября Якутск шаарында өтөт.

Кыргыз Республикасынын жараны болуп, биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/ шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРдин чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканирленген документтерди же КР ТИМ порталына  - https://mfa.gov.kg “Консулдук каттоо” маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек.

Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт.  

Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот.

Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты  https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>