Башкы Жаңылыктар КРдин чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн …

КРдин чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн КР шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына Бишкек АШКнын кайрылуусу

16-Сен, 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны өсүп жатканын эске алып, шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкелерди төмөнкү шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт:

№9001 - Россия, Москва ш. – КР Элчилиги;

№9005 - Россия, Москва ш. – КР Элчилиги;

№9009 - Россия, Екатеринбург ш. – КР Башкы консулдугу;

№9025 – Өзбекстан Республикасы – КР Элчилиги;

№9027 –Казакстан Республикасы, Алмата ш. – КР Башкы консулдугу.

Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.

Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.

Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

паспорттун көчүрмөсү;

иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы).

Шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча Поротоколдор  2020-жылдын 18-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек АШКда, анын ичинде  электрондук түрүндө кабыл алынат.

Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426

Төмөнкү телефондору боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp)

Эл. почта: tikbishkek@gmail.com

Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>