Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
22.09.2020

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-августундагы №189 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 17-сентябрда болуп өттү. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Абдырахманов Уланбек Кадыркулович менен Исмадыров Тельман Абдылдаевич катталган. Добуш берүүгө Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы катышкан. У.К. Абдырахманов 12 добуш, Т.А. Исмадыров 8 добуш алган, “баарына каршы” добуш берилген эмес. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары тууралу 2020-жылдын 17-сентябрындагы протоколу боюнча Абдырахманов Уланбек Кадыркулович Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы аныкталган. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. КР БШК чечими Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынган. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Н.С.Станов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
22.09.2020

Н.С.Станов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү жана шайлоону болуп өттү деп таануу чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-августундагы №179 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 16-сентябрда болуп өттү. Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Станов Нурадил Сансызбаевич менен Жаманкулов Нурлан Чубакович катталган. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу 2020-жылдын 16-сентябрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген, добуш берүүгө Гавриловка айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у катышкан. Добуш берүүдө Н.С. Станов 11 добуш, Н.Ч. Жаманкулов 6 добуш алган, “баарына каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген, 1 бюллетень “жараксыз” деп табылган. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары тууралу 2020-жылдын 16-сентябрындагы протоколу боюнча Станов Нурадил Сансызбаевич Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы аныкталган. Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. КР БШК чечими Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынган. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 18-сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
22.09.2020

2020-жылдын 18-сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 18-сентябрына карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 «Мекеним Кыргызстан» 108 215 641 105 053 771 2 «Биримдик» 97 408 300 89 602 259 3 «Кыргызстан» 90 539 602 88 407 824 4 «Ата-Мекен» 47 945 134 41 986 511 5 «Бир Бол» 38 537 293 38 520 449 6 «ЗАМАНДАШ» 37 292 000 37 278 196 7 «РЕСПУБЛИКА» 30 116 655 29 956 836 8 «Мекенчил» 13 060 175 12 360 334 9 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» 10 169 500 10 117 303 10 «Социал-демократтар» 9 423 360 9 234 112 11 «ОРДО» 8 314 000 8 287 508 12 «Бүтүн Кыргызстан» 7 629 524 6 981 208 13 «Реформа» 7 539 662 7 259 269 14 «Ыйман Нуру» 7 063 800 6 562 480 15 «Мекен Ынтымагы» 7 039 210 6 986 882 16 «Чоң казат» 6 688 914 6 192 666 Бардыгы: 526 982 770 504 787 608 БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобуКөбүрөөк маалыматты бул жерден жүктөөгө болот: Кирешелер жана чыгымдар  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 22-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
22.09.2020

2020–ж. 22-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 22-сентябрь 2020-ж. Убактысы: 17:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылдын 16-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. 2020-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. Чүй, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 6. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимд адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жана ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10. «Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 11. «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 12. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 13. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 14. «Замандаш» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке?ешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 15. Окишева Ж.А., Абдиева З., Канатбекова Н., Эркебаев А., Нурлан у.Э., Сыдыкова А., Джалилова М., Ниязов М., Жээнкулов А., Султанбаев К., Мусабекова Ж., Садыков А., Отунчиев К., Шакирова Ж., Омурбек у. А., С. Аргымбаевдин даттануулары жөнүндө («Республика» саясий партиясынын партия үчүн үгүт жүргүзүп жаткан видеотартуусу) (баяндамачы - Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 16. У. Жунусовдун даттануусу жөнүндө («Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан балмуздак жана конфеттерди таратуу жолу менен добуштарды сатып алуу) (баяндамачы - Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 17. Т.Б. Жунусбековдун арызы жөнүндө («Кыргызстан» саясий партиясынын баннериндеги сүрөт тууралуу) (баяндамачы - Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 18. Т. Ормуковдун арызы жөнүндө (баяндамачы - Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 19. Саясий партияларга кайрылуу 20. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өтпөй калды деп таанылды
22.09.2020

Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өтпөй калды деп таанылды

2020-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган. Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык бардык чараларды сактоо менен саат 9.00дөн 12.00 чейин өттү. Добуш берүүгө 15 депутат катышкан. Катышкан депутаттардын 5и “макул” деп, 10 депутат каршы добуш берген. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өтпөй калды деп таанылды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
21.09.2020

Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2020-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган. Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык бардык чараларды сактоо менен саат 9.00дөн 12.00 чейин өттү. Добуш берүүгө 11 депутаттын 11и катышкан. Катышкан депутаттардын 10у – М.М. Ашыровго, 1 депутат каршы добуш берген. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Москва шаарында үчүнчү шайлоо участогун түздү
19.09.2020

БШК Москва шаарында үчүнчү шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Москва шаарында үчүнчү шайлоо участкасын түздү. Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында кабыл алынган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредитациядан өткөн мамлекеттер менен макулдашуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлөт. Жаңы № 9052 шайлоо участогу Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин аймагында жайгашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча Москвадагы туруктуу өкүлүнүн ишин уюштурган. Ушул этапта, анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 42 шайлоо участкаларын бекитти. Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 4 (төрт) кеңсеси - Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылат жана ал жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары иштейт. Чет өлкөлөрдө дагы эки шайлоо участкаларын ачуу - Рим жана Париж шаарларында - ал жакта жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны көп болгондуктан, аккредитациядан өткөн өлкөлөр менен макулдашылып жатат. Мыйзамга ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтарда каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
19-сентябрда Кыргызстанда участкалык шайлоо комиссиялары саат 20:00го чейин, Россияда жана Казакстанда саат 21:00го чейин иштешет
19.09.2020

19-сентябрда Кыргызстанда участкалык шайлоо комиссиялары саат 20:00го чейин, Россияда жана Казакстанда саат 21:00го чейин иштешет

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-сентябрында жарандардын шайлоочулардын тизмесинде өзүлөрүн тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктай тургандыгын билдирет. Бүгүн, 19-сентябрда жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары жарандарды саат 20:00го чейин кабыл алышат. Өлкөдөн тышкары жерлерде иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00го чейин кабыл алышат. БШК "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинде «Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, белгиленген үлгүдөгү арызды, ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн (ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн, ал жок учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн) тиркеп, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө билдирүүгө укуктуу, мындай учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт». КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
19.09.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

№ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өкөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү Талапкерлердин каттоо мөнөтү 21 сентябрь 2020-жыл Чүй облусу Чүй району 1 Ак-Бешим айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 14.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 17.09.2020 -жылы 21 сентябрь 2020-жыл Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 2 Ананьев айылдык (кайра шайлоо)   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 11.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 13.09.2020 -жылы 25 сентябрь 2020-жыл Ош облусу Өзгөн району 3 Ак-Жар айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 19.09.2020 -жылы 25 сентябрь 2020-жыл Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 4 Бостери айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 19.09.2020 -жылы 28 сентябрь 2020-жыл Чүй облусу Чүй району 5 Чүй айылдык (кайра шайлоо)     9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 18.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 20.09.2020 -жылы 2 октябрь 2020-жыл Чүй облусу Сокулук району 6 Орок айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 24.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 26.09.2020 -жылы 2 октябрь 2020-жыл Талас облусу Талас району 7 Көк-Ой айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 29.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 01.10.2020 -жылы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясынын кайрылуусу
19.09.2020

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен,,  ошондой эле “Россия Федерациясынын Москва шаарында №9015 шайлоо участогун түзүү жөнүндө” Бишкек АШКнын  2020-жылдын 18-сентябрындагы №20/1 чечиминин негизинде Бишкек АШК Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкелерди жаңы түзүлгөн төмөнкү шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт: № 9015 – Россия, Москва ш. – КР Элчилиги; Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн. Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет. Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет: чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме; паспорттун көчүрмөсү; иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы). Шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча Поротоколдор  2020-жылдын 20-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек АШКда, анын ичинде  электрондук түрүндө кабыл алынат.   Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426 Төмөнкү телефондору боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp) Эл. почта: tikbishkek@gmail.com   Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Боршайком АШКнын мүчөлөрү жана БШКнын кызматкерлери үчүн кибергигиена боюнча тренинг өткөрдү
18.09.2020

Боршайком АШКнын мүчөлөрү жана БШКнын кызматкерлери үчүн кибергигиена боюнча тренинг өткөрдү

2020-жылдын 18, 19-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык интернет саясат демилгеси" коомдук фонду менен биргеликте аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана Боршайкомдун кызматкерлери үчүн кибергигиена боюнча тренинг өткөрүштү. Окутуу программасында санариптик дүйнөдөгү коркунучтарга, маалыматтын чыгып кетишине байланыштуу тобокелдиктерге, кибергигиена эрежелерине, ошондой эле киберкылмышкерлер хакерликке колдонуунун негизги ыкмаларына байланыштуу суроолор камтылды. АШК мүчөлөрүн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерин окутуу "Жарандык интернет саясат демилгеси" коомдук фондунун эксперти тарабынан болуп өттү. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК талапкер Д. Жумабековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн “Кыргызстан” саясый партиясына эскертүү берди
18.09.2020

БШК талапкер Д. Жумабековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн “Кыргызстан” саясый партиясына эскертүү берди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Демократия жана жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бииркмесинин 15-сентябрда түшкөн арызын карады. Арызда “Кыргызстан” саясый партиясынын талапкери Д. Жумабековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы келтирилген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 21-21-1, 22-28-46-беренелерин, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессине катышуучулардын же башка субьектилердин, шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосу жөнүндөгү” Жобону жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессине катышуучулардын жана башка шайлоочулардын арыздары менен даттанууларын кароочу Жумушчу тобу КР Боршайкомуна “Кыргызстан” саясый партиясынан талапкер Д. Жумабековдун каттосун жокко чыгарууну сунуш кылды. Депутаттыкка талапкердин каттоосун жокко чыгаруу чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын 2/3 добушу менен кабыл алынат. Бул сунуш КР БШК мүчөлөрүнүн жетиштүү добушун ала алган жок. “Кыргызстан” саясый партиясынан талапкер Д. Жумабековго эскертүү берүү сунушу да тиешелүү добуш ала алган жок. КР БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен (11добуш) талапкер Д. Жумабеков шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн “Кыргызстан” саясый партиясына жазуу түрүндө эскертүү берүү чечими кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
18.09.2020

БШК "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

2020-жылдын 18-сентябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды: №   Ф. А. А. Туулган жылы 1. Кадыркулов Ашырбек Абдыкадырович 07.10.1965 2. Джекшемалиев Марат Дуйшенович 20.01.1988 3. Турусбекова Айжаркын Жангазыевна 12.07.1995 4. Кыштообеков Улан Кыштообекович 12.07.1990 5. Токтогулов Дин-Мухаммед Кубанычбекович 21.09.1995 6. Сыдыкмамбетов Урмат Бакытбекович 16.04.1988 7. Мендибаев Кубанычбек Бейшеевич 21.01.1959 8. Калкамбаев Мухтар Джумаевич 23.08.1963 9. Тургуналиев Анарбек Джумалиевич 06.10.1955 10. Эргешова Гулкайыр Сулаймановна 16.07.1986 11. Асеев Султанбек Кушчубекович 31.03.1980 12. Абдыраимов Советбек Каримжанович 28.04.1968 13. Кудайбердиев Асылбек Сатанович 06.12.1970 14. Абылкаева Назгул Абылкаевна 10.12.1971 15. Турдумбетов Алмаз Медетович 31.10.1988 16. Ганев Жунусали Асранкулович 15.12.1967 17. Жапаркулов Артур Мамбетжанович 16.03.1972 18. Чондолоев Талайбек Турганбекович 29.05.1988 19. Алимбеков Шермамат Өскөнович 08.11.1963 20. Аракеев Бакытбек Мамырбекович 24.07.1977 21. Өмүрбеков Саматбек Анарбекович 19.12.1987 22. Джалманбетов Канат Замирбекович 15.04.1991 23. Кувандыков Мергенбек Омоналиевич 02.02.1952 24. Омуралиева Айгуль Жылдызевна 21.05.1961 25. Салайдинов Абдрахман Маккамбаевич 03.08.1961 26. Кошоева Алтынай Нурбековна 13.03.1992 27. Джалманбетов Жанат Замирбекович 15.04.1991 28. Чокеев Султанмурат Ашырбаевич 17.04.1960 29. Сулайманов Кылычбек Турумбекович 17.09.1961 30. Эркинбаев Анарбек Асанкулович 24.03.1969 Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын 2020-жылдын 17-сентябрындагы кириш №06/2121 билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекенчил" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
18.09.2020

БШК "Мекенчил" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Мекенчил" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды: №   Ф. А. А. Туулган жылы 1. Жанибек уулу Шумкарбек 20.01.1991 2. Каныбеков Толкунбек 29.10.1989 3. Абдыкулов Дастанбек Аманбаевич 28.07.1979 4. Мергентаева Эльмира Ханимкуловна 11.08.1986 5. Ташиев Тай-Мурас Камчыбекович 25.01.1994 6. Жуманова Эльнура Тажиназаровна 02.07.1982 7. Тотонов Мирбек Субаналиевич 31.07.1965 Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана "Мекенчил" саясий партиясынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы кириш №06/2026 билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
18.09.2020

БШК "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынды: №   Ф. А. А. Туулган жылы 1. Исмаилбеков Мурат Жуматаевич 23.08.1969 2. Алымжанов Канат Айдарбекович 27.11.1983 3. Досмаматов Кубан Женишевич 03.11.1975 4. Молдалиев Руслан Кадыркулович 21.03.1977 5. Камалов Айдар Камалович 22.06.1980 6. Джулматов Асылбек Ниматович 07.08.1973 7. Адылбеков Майрамбек Алымбекович 16.12.1984 8. Күрүчбек уулу Урматбек 12.04.1987 9. Баитова Жамила Муменжановна 18.06.1963 10. Эшимканов Нурланбек Рысбекович 13.05.1973 11. Абдыкаров Марат Толубаевич 31.08.1982 12. Ведь Даниил Александрович 27.05.1999 Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы кириш №06/2034 билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Ата Мекен” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
18.09.2020

БШК "Ата Мекен” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды: №   Ф. А. А. Туулган жылы 1. Сабиров Кайратбек Мамытбекович 23.05.1987 2. Ян Чин-Юу 09.11.1972 3. Ханджеза Карим Лемзарович 22.08.1982 4. Курманбеков Улан Кубанычбекович 24.10.1989 5. Шайлообек уулу Ырыскелди 06.08.1991 Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы кириш №06/2071 билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 299 301 … 483