Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
25.09.2020

БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды: • Мадимаров Калыбай Насирдиновичти “Замандаш” саясий партиясынан, Малабеков Жорготай Жумашевичти “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан, Акимов Баяманды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамынан чыгаруу; • резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Доолатбеков Айбек Доолатбековичтин киргизүү. Чечим Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Ж. Малабековдун, Б.Акимовдун жана К.Н. Мадимаровдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
25.09.2020

КР ЖК депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2020-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичтин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 1-пункту, 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызынын негизинде кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичтин күбөлүгү жараксыз деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 25-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
25.09.2020

2020–ж. 25-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 25-сентябрь 2020-ж. Убактысы: 16.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.С. Жоробаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. «Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Оторбаев Кубатбек Табылдиевичти чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. «Республика» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. “Замандаш” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК: 45 талапкер тизмелерден чыгарылды, партиялардын шайлоо фонддору чогуу алганда жарым миллиард сомдон ашты
24.09.2020

БШК: 45 талапкер тизмелерден чыгарылды, партиялардын шайлоо фонддору чогуу алганда жарым миллиард сомдон ашты

Бүгүн – 2020-жылдын 24-сентябрында шайлоону даярдоого жана уюштурууга арналган басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмелериндеги өзгөртүүлөр тууралу айтты. “Шайлоо өнөктүгүнүн процессинде талапкерлердин саны боюнча өзгөрүүлөр болууда. Бардыгы 2 077 талапкер көрсөтүлүп, 2 032 талапкер катталган, 45 талапкер тизмелерден чыгарылды. Конституциялык мыйзамга ылайык тизмелерди Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин талапкерлердин чыгып кетүүсүн кошпогондо, талапкерлердин тизмелеринин курамы жана тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Мында талапкерлердин тизмелеринен чыккандардан кийинкилер мыйзамдардын талаптарына ылайык орун ээлешет. Катталган талапкерлердин 1 375и – эркектер, 657и – аялдар. 43 талапкер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналат, мында алардын 23ү тизмелердин башындагы “элүүдө” турат”, деди БШК башчысы. Тизмелерден чыгарылган 45 талапкердин 17ин аялдар түзөт. Партиялар боюнча чыгарылган талапкерлер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: “Мекенчил” с/п – 2 талапкер, “Ыйман нуру” с/п – 15 талапкер, “Мекеним Кыргызстан” с/п – 10 талапкер, “Ата Мекен” социалисттик с/п – 2 талапкер, “Замандаш” с/п – 1 талапкер, “Кыргызстан” с/п – 1 талапкер, “Чоң Казат” с/п – 6 талапкер. Ошондой эле саясий партиялардын каржы отчёттору жөнүндө маалымат берилди. Атап айтканда, 2020-жылдын 24-сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 544 979 341 сом өлчөмүндө каражат түштү. Анын ичинде мыйзамдарда белгиленген тартипте түшкөн каражаттар 539 758 405 сомду түздү. Саясий партиялардын тизмелеринде катталган талапкерлерден баарынан көп каражат түшүп, ал 257 273 127сомду (47%) түздү, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан баарынан аз каражат – 40 653 516 сом (7,5%) түштү. Саясий партиялардын жеке өздөрүнүн каражаттарынан 208 678 316 сом (38%) суммасындагы каражат түштү. Шайлоо фонддорунан кайтарылып берилген каражаттардын суммасы 6 748 016 сомду (1,2%) түздү. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга шайлоо фонддорунун каражаттарынан 514 920 195 сом жумшалды, анын ичинде шайлоо күрөөсүнө 80 000 000 сом (15,5 %) төлөндү. Шайлоо алдындагы үгүткө баарынан көп каражат – – 381 950 149 сом (74,2 %) жумшалды, анын ичинде: телерадио уюмдары аркылуу үгүткө – 152 194 921сом (30%); мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалардын редакциялары аркылуу үгүткө – 101 124 682 сом (20%); укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга – 123 695 827 сом (24 %); ЖМКда талапкерлердин кулактандырууларын жана сөздөрүн жарыялоого – 60 000 сом (0,01%); шайлоо чогулуштарын жана шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө – 4 874 733 сом (0,9 %). Башка чыгымдарды, салык чегерүүлөрүн жана социалдык милдеттенмелерди төлөөгө 2 245 581 сом (0,4 %) жамшалган. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр (маалыматтык жана кеңеш алуу мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайларды жана жабдыктарды ижарага алуу, транспорт жана иш сапар чыгымдары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, кеңсе товарларын жана жабдыктарды сатып алуу) үчүн төлөөгө 53 232 594 сом (3,9%) жамшалган. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы – 26 853 153 сомду түзөт. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын саны мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 27,6%га көбөйдү
24.09.2020

Шайлоочулардын саны мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 27,6%га көбөйдү

Бүгүн – 2020-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо боюнча басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова конституциялык мыйзамга жана календардык планга ылайык өзүн шайлоочулардын тизмелеринен тактоо мезгили аяктаганын жарыялады. “Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарынын жана тизмени тактоонун жүрүшүндө келип түшкөн шайлоочулардын арыздарын иштеп чыгуунун негизинде 2020-жылдын 24-сентябрына карата шайлоочулардын контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 523 532 жаранды түздү.  Добуш берүү күнүнө чейин 80 күн калганда түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу өсүү 94 489 шайлоочуну же 2,75%ды түздү. Жогорку Кеңешке мурдагы – 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 762 235 шайлоочуга же 27,6%га көбөйдү. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 497 762 жаранга же 16,5%га көбөйдү. Шайлоочулардын жалпы санынын 47,74%ын – эркектер, 52,26%ын аялдар түзөт. 30 жашка чейинки шайлоочулар 29,67%ды түзөт. Добуш берүү күнү 2 475 шайлоо участогу иштейт”, - деди ал. БШК башчысы чет өлкөлөрдөгү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу олуттуу өсүү байкалгандыгын белгиледи. “Чет өлкөлөрдө түзүлгөн 45 шайлоо участогунда башында 13 321 шайлоочу киргизилген. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо процессинде Москва шаарында кыйла көп арыз келип түштү, ошондуктан кошумча участок ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошентип, азыр Москва шаарында үч участок ачылды. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны учурда 32 580 адамды түзөт”, - деди Н. Шайлдабекова. Чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жаатында көп иштер жүргүзүлгөнү белгиленди, чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн жарандар менен күн сайын онлайн жолугушуулар өткөрүлдү.  Мындан тышкары, курамында КР БШКнын, КРӨ МККнын жана КР ТИМдин өкүлдөрү болгон мобилдик топтор түзүлдү, алар БУУӨПтүн колдоосу менен 31 шаарга барып, мигранттардын бирикмелери менен жолугушууларды өткөрүштү. “Бул биздин мыйзамдардагы абдан прогрессивдүү форма экенин белгилей кетүү керек, ал шайлоочуга катталган жери боюнча эмес, анын өзүнө ыңгайлуу участокто добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. ички жана тышкы миграциянын жогорку деңгээлин эске алганда бул шайлоонун чоң инклюзивдүүлүгүн камсыздайт. 2015, 2017-жылдары өткөн шайлоолордо дагы 2-форма боюнча арыздар көп түшкөнү байкалган. Атап айтканда, 2-форма боюнча 2015-жылы – 297 327,  2017-жылы 315 461 арыз берилген. Бул жылы 2-форма боюнча 481 950 арыз түштү. 1-форма менен бирге бардыгы 488 873 арыз түштү”, - деди Н. Шайлдабекова. 2020-жылы 2-форма боюнча арыз берүүнүн жол-жобосу мурдагы жылдардагыдан айырмаланаары айтылды. “Жарандар участокко жеке өздөрү келсин үчүн 2-форма боюнча арыз берүүдө биометрикалык иденттештирүү жол-жобосу киргизилди. Бул жаранга билгизбей арыз берүү учурларын четтетүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү коргоо чарасы болду. Участоктордо  519 276 адам иденттештирүүдөн өттү”, - деп түшүндүрдү Н. Шайлдабекова. Региондор боюнча түшкөн арыздар: Бишкек ш. – 151 577 арыз, Ош ш.- 42 467 арыз, Баткен облусу – 7 213 арыз, Жалал-Абад облусу – 57 387 арыз, Нарын облусу – 16 617 арыз, Ош облусу – 55 589 арыз, Талас облусу – 18 758 арыз, Чүй облусу – 114 585 арыз, Ысык-Көл облусу – 15 999 арыз. ТИМ боюнча – 1 620 арыз. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун мыйзамдуулугун камсыздоо алкагында БШК, ИИМ жана Башкы прокуратура биргелешип иш жүргүзүүдө
24.09.2020

Шайлоонун мыйзамдуулугун камсыздоо алкагында БШК, ИИМ жана Башкы прокуратура биргелешип иш жүргүзүүдө

Бүгүн – үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо маселелери боюнча биргелешкен басма сөз жыйыны болуп өттү. Басма сөз жыйынына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова, Башкы прокурордун орун басары Н. Дюшембиев, ички иштер министринин орун басары М. Каниметов, ошондой эле МКК төрагасы А. Мамбеталиев катышты. БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова чогулгандарга 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоонун жүрүшүндө 3 миллиона 523 миң кыргызстандык добуш бере алаарын маалымдады. Анын айтымында бул 2015-жылдагы  Жогорку Кенешке шайлоонун жыйынтыгына салыштырганда 762 735 адамга же 27,6 пайызга көп. Н. Шайлдабекова 2017-жылдагы президенттик шайлоодо андан эки жыл мурдагыга салыштырганда 497 762 адамга көп болгонун билдирди. Анда өсүү 16,5 пайызды түзгөн. Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө МКК төрагасы Акын Мамбеталиев бүгүнкүгө карата паспорт столдорунда жана Калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле чогултуучу туруктуу мобилдик пункттарда жайгашкан чогултуу пункттарында биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар шайлоочулардын тизмелерине киргизилип жатканын айтты. Августтун аягынан тартып Республикалык штабдын буйругуна ылайык биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча күчөтүлгөн иштер башталды. Кыргызстанда 18 жаш курагынан ашкан жарактуу паспорттору бар 437 миң 384 жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес. “Үстүбүздөгү жылдын 8-январына карата биометриясы жок жарандардын саны 543 миң 464 адамды түзгөн, кыскаруу 11,16 пайызды же 106 миң 80 адамды түздү”, - деп белгиледи ал. Прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын сакталышын текшерүү максатында 23-сентябрга карата 63 текшерүү жүргүзүп, 125 бузууну аныктады, анын натыйжасында 67 чара көрүү актылары чыгарылды. Бузуулар негизинен Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын, жарандык муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын, ички иштер органдары жөнүндө, коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдардын, ошондой эле биометрикалык каттоо жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышына тийиштүү. 8 сунуштама, 44 жазма-буйрук жана 15 эскертүү берилди. Жазык кодекси боюнча: - “шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча – 2 иш; - “шайлоочуларды сатып алуу” беренеси боюнча – 40 иш; - “шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” беренеси боюнча – бир иш; - “шайлоо документтерин бурмалоо” беренеси боюнча – 25 иш; - башка беренелер боюнча – 14 иш. Жоруктар жөнүндө кодекси боюнча: - “административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча – 11 иш; - “бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” беренеси боюнча – 22 иш; - 90-берене (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) беренеси боюнча – 8 иш; - 119-берене (Майда бейбаштык) беренеси боюнча – 5 иш. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 2 420 шайлоо участогунда милициянын 11 507 кызматкери тартип сактоону камсыздай турганы жөнүндө катышуучуларга маалымдады. Ошондой эле республикадагы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндөгү укук бузуулар, аларга карата ИИМ көрүп жаткан чаралар тууралу айтылды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү
24.09.2020

КР БШКсы аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү

24-сентябрда “Учкун” концернинин имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу актысына кол коюу болуп өттү. Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жөнөтүлдү. Бардыгы- 3523532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалган. “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторингди жумушчу топ жургүздү, анын курамында БШК мүчөлөрү, Боршайкомдун маалымат жана уюштуруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болушту. Коргоону УКМК жана ИИМ кызматкерлери камсыз кылышты. “Учкун” ААКтын басма цехинде жабдуу комплектиси орнотулуп анда басылган бюллетендер тесттен өткөрүлүп турду. Шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн ага атайын коргоочу боек сүйкөлөт. Маалымат үчүн: Нормага туура келбей жарабай калгандарын бөлүп салгандан кийин типография шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын үчтөн кем эмес мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, типографиянын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда  өткөрүп бергенден кийин, жарабай калган жана ашыкча шайлоо бюллетендери жок кылынат. Бул тууралуу акт түзүлүп, ага бардык катышуучулар кол коюшат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берип жатканда катыша алышат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 30-беренесинин 9-бөлүгү боюнча, шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү добуш берүүгө 10 күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына жиберүү добуш берүүгө 2 -1 күн калганда ишке ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына бериле турган шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргендердин санынан 0,1 пайыздан ашпашы керек. Шайлоо бюллетендерин типографиянын имаратынан, шайлоо комиссияларынан имараттарынан алып чыгууга, ошондой эле шайлоо бюллетендерин конституциялык мыйзамды бузуу менен көчүрмөлөп жана таратууга тыюу салынат. Шайлоо бюллетендери коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилет.   КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
24.09.2020

БШК “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: №   Ф. А.А. Туулган жылы 1 Торогелдиев Бакыт Насипбаевич 07.12.1980 2 Орозов Саматбек Сабиржанович 22.09.1984 3 Сапаров Рустам Абдуразакович 26.09.1984 4 Буланчиев Жоомартбек Маметбаевич 06.12.1982 5 Караев Бахтияр Ибраимович 04.11.1990 Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК “Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
24.09.2020

БШК “Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Мекенчил” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: №   Ф. А.А. Туулган жылы 1 Матраимова Гулмайрам Рысбековна 07.11.1976 2 Кубанычбек уулу Эркинбек 11.04.1992 3 Джеенбекова Гульмира Темировна 03.04.1972 4 Төлөнбай уулу Мелисбек 18.05.1992 5 Беккулиева Махабат Курманбековна 07.10.1983 Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Мекенчил”  саясий партиясынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК “Ордо” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады
24.09.2020

БШК “Ордо” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо Сыдыгалиев Марат Абдыкадыровичти “Ордо” саясий партиясынан төмөнкү ишенимдүү адам катары каттоо чечимин кабыл алды. Чечим Сыдыгалиев Марат Абдыкадыровичтин кат түрүндөгү арызынын жана “Ордо” саясий партиясынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК “Республика” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
24.09.2020

БШК “Республика” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Республика” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: №   Ф. А.А. Туулган жылы 1 Чериков Абдижалил Чырмашович 31.08.1968 2 Рустамова Калдаркан Тургунбековна 20.11.1977 3 Садыманов Адашбек 02.01.1953 4 Баатыркулов Маматыслам Келдибекович 01.01.1967 5 Гапур уулу Дурусбек 22.06.1990 6 Тагаев Нурбек Жээнтаевич 12.01.1969 7 Эшмаматов Алидин Султанмуратович 13.11.1972 8 Жээнбаев Эркинбек Самидинович 10.08.1976 9 Мурзакулов Маширап Икматиллаевич 15.04.1977 10 Абдираймов Юнусали 24.08.1956 11 Мажитов Аббоз Айдарбекович 23.01.1988 12 Нармаматова Жанара Мамражаповна 08.02.1986 13 Рыскулов Муканбет Рыскулович 18.02.1993 14 Карыбекова Бурулкан Карыбаевна 24.01.1963 15 Карыбеков Талантбек Кенжекулович 11.02.1970 16 Бопоев Искендер Турдакунович 17.11.1985 17 Нурмаматов Урубай Бапыевич 25.05.1960 18 Токсонбаев Каныбек Токторалиевич 25.01.1963 Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Республика”  саясий партиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК 59 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
24.09.2020

БШК 59 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын төмөнкү өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары аккредитациялады. Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси № к/м күб. № Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу Ф. А. А.   Өлкө Кызмат орду     Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы   Сыдыков Серик Сламжанович Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү       КР БШК Козубаева Сауле Турсунхановна Казакстан Республикасы КР БШК Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы     Румыниянын Туруктуу Шайлоо Органы   Кэтэлин-Алин Костя Румыния Румыниянын Туруктуу Шайлоо Органынын вице-президентинин Кеңешчиси       Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы Шапиев Сиябшах Магомедович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү     Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Панахов Мзахир Магомет оглы Азербайжан Республикасы Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы     Азербайжан Республикасынын БШКсы Нуралиев Рамин Адиль оглы Азербайжан Республикасы Азербайжан Республикасынын БШКнын Катчылыгынын Башчысынын жардамчысы     Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясы Симонян Ален Робертович Армения Республикасы КМШ ПАА байкоочулар тобунун координатору, Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары     КМШ ПАА Алиев Рауф Асиф оглу Азербайжан Республикасы Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин үй-бүлө, аялдар жана балдар маселелери боюнча комитетинин мүчөсү     КМШ ПАА Забелин Михаил Юрьевич Азербайжан Республикасы Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин жаратылыш ресурстары, энергетика жана экология боюнча комитетинин мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин маданият боюнча комитетинин мүчөсү     КМШ ПАА Минасян Сарик Самвелович Армения Республикасы Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Аймактык башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча Туруктуу комиссиясынын мүчөсү     КМШ ПАА Бактияр Улы Мурат Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын социалдык-маданий өнүгүү жана илим боюнча комитетинин төрагасы     КМШ ПАА Ерман Мухтар Тилдабек улы Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы     КМШ ПАА Пара Георгий Иванович Молдова Республикасы Молдова Республикасынын Парламентинин Мамлекеттик башкаруу, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комиссиясынын мүчөсү     КМШ ПАА Мухаметшин Фарит Мубаракшевич   Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары     КМШ ПАА Наговицын Вячеслав Владимирович   Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Регламент жана парламенттик иш-аракеттердин уюштурулушу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары     КМШ ПАА Шевченко Андрей Анатольевич   Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин федералдык түзүлүш, регионалдык саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Түндүк иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары     КМШ ПАА Тайсаев Казбек Куцукович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Мамлекеттик Думасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары     КМШ ПАА Махмудзода Музаффарджон Джусуп Тажикстан Республикасы Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Маджлиси намояндагон Мажлисинин энергетика, өнөр жай, курулуш жана байланыш боюнча комитетинин мүчөсү     КМШ ПАА Мадумаров Толибжон Абдумаликович   Өзбекстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары     КМШ ПАА Джафаров Айдын Мамед оглу   Азербайжан Республикасы Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Генералдык катчысынын орун басары – Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Ыйгарым укуктуу өкүлү     КМШ ПАА Чилингарян Айк Марселович Армения Республикасы Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Генералдык катчысынын орун басары - Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Ыйгарым укуктуу өкүлү     КМШ ПАА Когут Виктор Григорьевич   Беларусь Республикасы   Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Генералдык катчысынын орун басары - Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Ыйгарым укуктуу өкүлү     КМШ ПАА Сафарзода Бахтовар Амирали Тажикстан Республикасы Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Генералдык катчысынын орун басары - Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Ыйгарым укуктуу өкүлү     КМШ ПАА Захарян Ваграм Юрьевич Армения Республикасы КМШ ПАА Демократиянын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун эксперти     КМШ ПАА Жеребкова Елена Владимировна Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын маалымат кызматынын Кеңешчиси     КМШ ПАА Дахова                                                             Надежда Ивановна Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар башкармалыгынын КМШга мүчө мамлекеттер менен парламенттер аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары     КМШ ПАА Лаптев Сергей Юрьевич   Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар башкармалыгынын кызматкери     Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Миссиясы Круглый Владимир Игоревич Россия Федерациясы Федерация Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү     КМШ Шеремет Михаил Сергеевич Россия Федерациясы Мамлекеттик Думанын энергетика боюнча комитетинин мүчөсү     КМШ Лейкаускас Аудрюс Йонович Россия Федерациясы Беларусь жана Россия Союзунун Парламенттик Жыйынынын Катчылыгынын кызматкери     КМШ Шперов Павел Валентинович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын ФЖнын МДнын КМШ иштери, Евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланышуу боюнча комитетинин мүчөсү     КМШ Цацулин Андрей Петрович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын аппаратынын  консультанты     КМШ Постигов Антон Николаевич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын ТИМнин КМШ өлкөлөрүнүн Экинчи Департаментинин Биринчи катчысы     КМШ Трухин Александр Сергеевич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын ТИМнин КМШ өлкөлөрүнүн Үчүнчү Департаментинин Кеңешчиси     КМШ Сургаев Андрей Сергеевич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчиси     КМШ Янтурин Айнур Шарифянович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Үчүнчү катчысы     КМШ Зязев Михаил Алексеевич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Генералдык консулдугунун Атташеси     КМШ Демьяненко Юрий Дмитриевич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын БШКнын Аппаратынын Саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары     КМШ Серавин Александр Игоревич Россия Федерациясы Псков облусунун Губернаторунун Кеңешчиси     КМШ Даровская Валерия Александровна Россия Федерациясы Псков облусунун Администрациясынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы     КМШ Воронко Вера Владимировна Беларусь Республикасы Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчиси Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4, 3.5-пункттарына ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
24.09.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык; Сокулук, Тоң, Балыкчы, Өзгөн жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана бош депутаттык мандаттарды төмөнкү шайланган депутаттарга өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алды: Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши: Бахтыбаев Бахтияр Согушпекович ыйгарым укуктарын жеке арызы боюнча токтоткон. Шайланган депутат болуп убактылуу иштебеген Исагалиев Мирлан Карыпбекович таанылды. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши: Асаналиева Гульмира Шейшеевна - ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Шайланган депутат болуп мектепке чейинки билим берүү мекемесинин чарбалык маселелери боюнча башчысы Абдыкеев Алмазбек Сартбаевич таанылды. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Балыкчы шаардык кеңеши: Алиев Максат Согушбекович (№ 4, "Ата Журт" фракциясынан) - ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Култашев Чынгыз Фазылович (№ 13, "Ата Журт" саясий партиясынан) Кумтөр Оперейтинг компаниясынын коопсуздук кызматкери. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңеши: Эшматов Каныбек - ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Пенсионер Кыргызбаев Сүйүн Жумабаевич шайланган депутат деп таанылды. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э.Аралбаев айылдык кеңеши: Ажыбаев Толукбек Бектурсунович - ыйгарым укуктары жеке арызы менен токтотулган. Шайланган депутат болуп дыйкан чарбасынын мүчөсү Анаржан Аскерович Оморов таанылды. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши: Сманова Гүлбайра Бабановна - ыйгарым укуктары жеке арызы менен токтотулган. Дыйкан чарбасынын мүчөсү Жуманалы Бекович Кокумов шайланган депутат деп таанылды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК эки аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
24.09.2020

БШК эки аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы: “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Усенканова Айжан Казыбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мадылбаева Жумагул Раевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы: “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарбагышева Илира Абдылдаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан Кыдыралиев Максат Толонович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Токтогул жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Усенканова Айжан Казыбековнанын жана Сарбагышева Илира Абдылдаевнанын комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК ИИМдин Араван районундагы инцидент тууралу маалыматын укту
24.09.2020

БШК ИИМдин Араван районундагы инцидент тууралу маалыматын укту

Бүгүн – 2020-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облусунун Араван районундагы инцидент тууралу маалыматын укту.
Кененирээк билүү >>
БШК Каракол шаарындагы 1 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
24.09.2020

БШК Каракол шаарындагы 1 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Бүгүн, 2020-жылдын 24-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3162 шайлоо участогунун дарегин Пионерская көчөсү, 29 дарегиндеги № 7 бала бакчасынын имаратынан Харьковская көчөсүндөгү № 8 бала бакчасынын имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын Каракол шаарындагы № 3162 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча кайрылуусунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды. Каракол аймактык шайлоо комиссиясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 297 299 … 483