Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин өзгөрттү
28.09.2020

БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-сентябрында, өзүнүн отурумунда, Ош облусунун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: Маматалиев Нурбакыт Мухтаровичти ("Кыргызстан" саясий партиясынан) комиссиянын курамынан чыгаруу; Сатыбалдиева Аида Амангелдиевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына резервден киргизүү. Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.М. Маматалиевдин арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
М.М. Ашыров Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28.09.2020

М.М. Ашыров Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылы 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы №194 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Ашыров Марс Мидинович катталган. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу 2020-жылдын 21-сентябрындагы протоколу менен Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышкан добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Добуш берүүдө М.М. Ашыров 10 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, 2020-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  шайлоо болуп өттү деп, ал эми  М.М. Ашыровду Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп таануу жөнүндө токтом кылды. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 28-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
28.09.2020

2020–ж. 28-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                                             Өткөрүү датасы: 28-сентябрь 2020-ж.                                                                                                                                                              Убактысы: 18.00                                                                                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Фейсбук" социалдык тармагында жайгаштырылган видео тууралуу маалыматы (Орто-Нура айылы, Нарын району) (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги) 2. 2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (Баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 5. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. «Ыйман Нуру» Адилетүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Республика» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. «Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10. Кээ бир талапкерлерди Жогорку Кенештин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү Н. Касымованын арызы тууралуу (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 11. «Биримдик» саясий партиясынын квотасы тууралуу «Актив» саясий парттиясынын даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 12. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын квотасы тууралуу «Актив» саясий парттиясынын даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 13. «Ыйман Нуру» саясий партиясынын жүргүзгөн үгүт иш чарасы тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 14. «Замандаш» саясий партиясынын жүргүзгөн үгүт иш чарасы тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 15. «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери боюнча «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 16. «Чон Казат» саясий партиясынын талапкери боюнча О.Д. Рыскелдиевдин даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 17. «ОРДО» саясий партиясынын баннерлери бузулгандыгы боюнча «ОРДО» саясий партиясынын даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 18. ГУМ соода борборунун жанында өткөрүлгөн музыкалык ишчара боюнча А.З. Замирбековдун даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 19. «Реформа» саясий партиясынын үгүт иштерин 18 жашка чыга элек адам жүргүзгөндүгү боюнча А.З. Замирбековдун даттануусу жөнүндө (Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы 20. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча  иш-аракеттердин алгоритми
28.09.2020

2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми

COVID-19 коронавирус пандемиясын эске алуу менен жарандардын ѳз эркин билдирүүсү боюнча конституциялык укугун ишке ашурууда добуш берүү учурунда жарандардын ѳмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу Борбордук шайлоо комиссиясынын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен ѳз ара аракетте шайлоо процессинин бардык этабында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурууда.     Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыккан. Ушул алгоритмге ылайык добуш берген күнү участканын кире беришинде контаксыз дене табын текшерүү уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчѳлѳрү жана шайлоочулар жеке коргоочу каражаттар (бет каптар, кол каптар) менен камсыз болот. Атайын чийилген кѳрсѳткүчтѳр добуш берүүгѳ катышып жаткандардын контаксыз кыймылын камсыз кылууга жана добуш берүүчү орун-жайдын сыртында да жана ичинде да 1,5-2 метрлик социалдык аралыктарды сактоого кѳмѳктѳшѳт. Жугуп калуу коркунучун жокко чыгаруу үчүн добуш берүүчү орун-жайларды байма-бай санитардык иштетип туруу ишке ашырылат. Обсервацияда жүргѳн адамдар, ооруунун симптому бар же болбосо оорукчан менен контакта болгон шайлоочулар ѳздѳрүнүн активдүү шайлоо укукутарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мѳѳнѳттѳ тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларына үйүндѳ 2020-жылдын 3-октябрында добуш берүү үчүн орун-жайдан сырткары добуш берүү мүмүкүнчүлүгүн берүү жѳнүндѳ  кайрылуусу зарыл. Добуш берүү күнүнүн алдында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучуларына алгоритмдин тѳмѳндѳгү этаптарын сактоону ѳтүнүү менен  сунуш кылат:   ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ҮГҮТ Үгүт иштерин телекѳрсѳтүү, радио, аудио жана видео форматтарын пайдалануу менен онлайн режиминде ѳткѳрүү сунуш кылынат. Офлайн жолугушуусу адамдардын массалык топтолуусуна жол бербѳѳ жѳнүндѳ талаптарды эске алуу менен орун-жайдан сырткары (ачык жерде) ѳткѳрүү сунушталат.  Үгүт материалдарын (буклеттерди, газеталарды, дисктерди, желекчелерди, значокторду ж.б.) милдеттүү түрдѳ бир жолку кол каптарды жана бет каптарды пайдалануу менен ишке ашыруу зарыл. Офлайн режиминде шайлоочулар менен жолугушуу ѳткѳрүлгѳн учурда орун-жайдын ичинде саясий партиялар тѳмѳндѳгүлѳрдү камсыз кылууга милдеттүү: Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайды алдын ала кылдат дезинфекциялоо жүргүзүү Адамдардын кѳп топтолушунан качуу максатында чакан топтор менен жолугушууларды ѳткѳрүү Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайдын кире беришинде иш-чаранын катышуучуларынын дене табын контактсыз текшерүү Орун-жайдын кире беришинде катышуучулардын колдорун антисептик каражаттары менен тазалоо. Иш-чаранын бардык катышуучуларынын бет каптарды, кол каптарды жана жеке коргоочу башка каражаттарды милдеттүү пайдалануусу Адамдардын ортосунда социалдык аралыкты – 1,5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо Желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, жайдын тынымсыз желдетилишин желдетүү аркылуу эске албаганда камсыз кылуу. Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын программалары жѳнүндѳ, талапкерлер тууралуу маалыматтарга шайлоочулардын жетүүсүн камсыз кылуу максатында КР БШКнын сайтында атайын ресурс – ТАЛАПКЕР http://talapker.shailoo.gov.kg/ порталы түзүлгѳндүгүн эске салат.   ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙДАН ТЫШКАРЫ ДОБУШ БЕРҮҮ Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын жана ЖМК ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат. Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргонуу каражаттары жана бахилалар. Чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрүндѳ санитайзерлердин болушу. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берген шайлоочуларга акысыз бир жолку кол каптарды жана бет каптарды берүү. Жѳнѳтүп жаткан уюмдар байкоочуларды, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. Ар бир шайлоочуга чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жана АЭУ жабдууларын дезинфекциялоо.  Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалын кѳзѳмѳлдѳѳ.   ДОБУШ БЕРҮҮ КҮНҮ   Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу: Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү.  Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу. Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу. Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.   ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙ Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды дезинфекциялоо жана бардык үстүнкү беттерди кылдат нымдуу тазалоо. УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу. Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу. Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 м аралыкта жайгаштыруу. Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 м кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун иштеп чыгышат. Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат. Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддери жайгаштыруу. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде аралык белгилеринин (сызыктарынын) болушу. Байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү үчүн жайгашуучу жайлар социалдык аралыктарды сактоо менен участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан аныкталат. Мында, аталган адамдарга добуш берүүнүн жүрүшүн, добуштарды саноо жол-жобосун даана кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат. Желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, жайдын тынымсыз желдетилишин желдетүү аркылуу эске албаганда камсыз кылуу. Добуш берүү үчүн орун-жайдын чыга беришинде пайдаланылган бет каптарды жана кол каптарды утилизациялоо үчүн контейнер жайгаштырылат. ДОБУШ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИ Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кѳрсѳтѳт. Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен иштетип идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колдорун кайра иштетип, кол кабын кайра киет. Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин аны кайра киет. Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат. Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетилет. Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш. Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш. Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттары менен иштетилет. БШК оорунун белгилери бар, же болбосо оорукчан менен контактта болгон, же болбосо обсервацияда турган жана ѳзүнүн активдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну каалаган шайлоочуларга тѳмѳндѳгүлѳрдү сунуш кылат: 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мѳѳнѳттѳ добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана 2020-жылдын 3-октябрында үйүндѳ добуш берүү жѳнүндѳ арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууну Шайлоочу активдүү шайлоо укугун шайлоо участкасында 2020-жылдын 4-октябрында добуш берген күнү жүзѳгѳ ашырууну каалаган учурда, шайлоо участогуна саат 18:00дон кийин келүү сунуш кылынат.   ШАЙЛООЧУЛАРГА СУНУШТАР: УШК мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактоо Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору иштетилгенден кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийүү. Идентификациялоодон ѳтүү убактысын кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет кап жана кол каптарды чечпѳѳ. Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5- 2 метр аралыкты сактоо. Шайлоо участогуна бүт үй-бүлѳсү менен келбѳѳ (кезектешип келүү). Жанына балдарды кошо алып келбѳѳ. Иш-аракеттердин алгоритминин толук тексти менен тѳмѳндѳгү шилтеме боюнча таанышса болот. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын ѳмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун нормаларын бекем сактоону суранат. КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-чаралардын алгоритми жөнүндө  
Кененирээк билүү >>
БШК 219 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
27.09.2020

БШК 219 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

2020-жылдын 27-сентябрына карата КР БШКсы дүйнөнүн 31 мамлекетинен 24 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 219 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү.   № Уюмдар Саны   КМШ Миссиясы 88   КМШ ПААсы 47    ЕККУ/ДИАУБ   35   ЖККУ ПАсы 10   ТТМКК 8   КРдагы Германия Элчилиги 4   КРдагы Япония Элчилиги 3   Молдова БШКсы 2   Украина БШКсы 2   КРдагы Иран Элчилиги 2   Өзбекистан БШКсы 2   Россия БШКсы 2   Казакстан БШКсы   2   Азербайджан БШКсы 2   Румыния БШКсы  1   КРдагы Х. Зайдель атындагы Фонду   1   К.Аденауэр атындагы Фонду 1   КРдагы Нидерланддардын Элчилиги 1   КРдагы IFES өкүлчүлүгү 1   КРдагы KOIСА өкүлчүлүгү 1   КРдагы Израиль Элчилиги 1   КРдагы Монголия Элчилиги 1   КРдагы Франция Элчилиги 1   КРдагы Пакистан Элчилиги 1   ЖАЛПЫСЫ: 219 39 адамдын аккредитациядан өтүшү күтүлүүдө: ТүркПа - 16 адам. КМШ – 4 адам. КРдагы АКШ Элчилиги - 6 адам. КРдагы Улуу Британия Элчилиги - 12 адам. ТТМКК- 1 адам.
Кененирээк билүү >>
Жамаат Баткен шаардык, Баткен АШКдагы атайын өкүл А. К. Колдошовго көңүл айтты
27.09.2020

Жамаат Баткен шаардык, Баткен АШКдагы атайын өкүл А. К. Колдошовго көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы атасы Колдошов Камбаралинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Баткен шаардык, Баткен АШКдагы атайын өкүл А. К. Колдошовго көңүл айтат. Терең кайгыруу менен кайгысын тең бөлүшөбүз.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жетекчиси менен Индиянын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусу болду
25.09.2020

КР БШК жетекчиси менен Индиянын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусу болду

25-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен Индиянын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда БШК жетекчиси Кыргызстан менен Индиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы мамилелерди кыргыз тарап жогору баалай тургандыгын белгиледи. КР БШК төрайымы өз убагында компьютердик жабдуулар менен колдоо көрсөткөндүгү үчүн Индиянын өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирди. Жабдуулар шайлоо процессин программалык – техникалык камсыздоону колдоого багытталат. Эки тарап 2019-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн “Конституционализм жана укуктун үстөмдүгү” деп аталган кыргыз – индиялык симпозиумду белгилеп өтүштү. Аталган симпозиумду Боршайком  Индиянын элчилиги менен бирге уюштурган. Ошондой эле жолугушууда Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Индиянын Шайлоо комиссиясынын колдоосу менен, 2020-жылдын февралында Нью-Дели шаарында КР БШК аппаратынын 18 кызматкери Демократияны жана шайлоону башкаруунун эл аралык институтунун (ITEC) “Шайлоону башкаруу потенциалын өстүрүү” программасы боюнча окуп келишкендиги тууралуу да айтылды. КР БШК маалымат бөлумү
Кененирээк билүү >>
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды деп таанылды
25.09.2020

Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды деп таанылды

25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.   Шайлоо КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 49-беренесине, 2017-жылдын 6-январында КР БШКсынын токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган.   Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин санитардык - эпидемиологиялык коопсуздуктун ченемдерин сактоо менен өтту. Эки талапкер А. Жапаров жана К. Сопуев катталган. Добуш берүүгө 21 депутат катышты. А. Жапаров үчүн шайлоого катышкан депутаттын 11 добуш берсе, К. Сопуев үчүн 10 депутат добуш берди. Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгына арыздар, даттануулар түшкөн жок. Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды деп таанылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
25.09.2020

БШК "Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Ыйман Нуру” Адилеттүүлүк жана өнүгүү” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды: №   Ф. А. А. Туулган жылы   Исаков Асан Шадыманович    21.10.1953   Аргымбаева Асель Абдыкалыевна 21.12.1974   Чымбай уулу Марсбек 06.12.1990   Абылкасымов Шамшарбек Алимбекович 20.04.1980   Омуралиев Фархад Осмонбекович 04.06.1987   Алиев Жоомарт Маматкаримович 11.12.1994 Чечим жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2351 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК «Замандаш» партиясынын ишенимдүү адамын каттады
25.09.2020

БШК «Замандаш» партиясынын ишенимдүү адамын каттады

2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Каримова Самаргүл Шаирбековнаны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Замандаш" саясий партиясынын ишенимдүү өкүлү катары каттоону чечти. Чечим «Замандаш» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө Каримова Самаргул Шаирбековнанын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын жана 2020-жылдын 25-сентябрындагы кириш № 06/2384 «Замандаш» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК "Республика" саясий партиясынын 4 талапкерин тизмеден чыгарды
25.09.2020

БШК "Республика" саясий партиясынын 4 талапкерин тизмеден чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Республика" саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды: Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич, Муратова Жанара Эркинбековна, Нурали уулу Алманбет, Алиев Самат Шайырбекович. Чечим "Республика" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин, Муратова Жанара Эркинбековнанын, Нурали уулу Алманбеттин жана Алиев Самат Шайырбековичтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.  КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
25.09.2020

БШК "Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Ыйман Нуру” Адилеттүүлүк жана өнүгүү” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды: №   Ф. А. А. Туулган жылы   Исаков Асан Шадыманович    21.10.1953   Аргымбаева Асель Абдыкалыевна 21.12.1974   Чымбай уулу Марсбек 06.12.1990   Абылкасымов Шамшарбек Алимбекович 20.04.1980   Омуралиев Фархад Осмонбекович 04.06.1987   Алиев Жоомарт Маматкаримович 11.12.1994 Чечим жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2351 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  0-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
25.09.2020

БШК "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды: №   Ф. А. А. Туулган жылы   Аскарбеков Руслан Аскербекович     27.12.1992   Эшанкулова Айтихан Ташматовна 23.01.1966   Баяманов Акылбек Мусалиевич 09.07.1985   Джунушалиев Тамерлан Кенешович 11.06.1977   Абдылдаев Эмил Тынышбекович 01.07.1974   Арыкбаев Акылбек Дюшалиевич 14.03.1968 Чечим жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2339 «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
25.09.2020

БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

2020-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды: №   Ф. А. А. Туулган жылы   Джураев Асилбек Абдыразокович 20.01.1969   Жыргалбек уулу Нурсултан 25.05.1998   Ниязбаев Рустом Кубатбекович 27.04.1993   Саатов Артыбек Акылбекович 27.05.1996   Урманбетова Динара Жумадилбековна 05.04.1985   Токон уулу Талант 25.04.1979   Нурубай уулу Доолотбек 12.12.1991   Турдукожоев Канат Турдумаметович 03.05.1977   Исаков Ызат Уметалиевич 19.07.1994   Бексариев Нарбай Бейшенович 01.12.1965   Юсувалиев Абдыразак Мамажанович 16.09.1965   Ибраев Адылбек Абдылдабекович 09.08.1967   Ибраимов Капар Кочорбекович 31.01.1965   Жамалдинов Арапбай Исламович 21.04.1964   Ботобаев Тулпарбек Абдырахманович 16.09.1988   Дуйшеев Бакыт Кубанычбекович 19.06.1985   Айдаров Абдисалам Запарбекович 13.12.1962   Абдылдаева Айна Буларовна 14.11.1960   Сыдыкбеков Замирбек Зарылбекович 10.07.1961   Байзакова Гулнара Куловна 09.08.1964   Белеков Кудрет Туратбекович 27.07.1984   Апсаматов Албанбек Турарович 03.02.1958   Калыбеков Эльмурат Калыбекович 29.09.1987   Мурынбаев Жанат Киргизбекович 07.02.1992   Курманалиев Таалайбек Рысбергенович 01.01.1972   Токтошова Уркия Абдысалиевна 17.04.1980   Абдувалиев Муктарали Абдиназарович 13.05.1961   Кадыров Мансуридин Чырмашевич 17.04.1964   Темир кызы Эльвира 22.07.1975   Ниязалиева Айзада Аскарбековна 31.01.1974   Мамытов Советбек Саалиевич 22.02.1973   Артыкбай уулу Нурсултан 16.07.1993   Абжапаров Улугбек Примкулович 15.11.1977   Чоморов Ибрагим Кубанычбекович 30.03.1981   Абдырахманов Нуралы Эралиевич 27.03.1958   Шамшиев Кенешбек Мансурбаевич 31.05.1960   Насыров Сагынбек Эгембердиевич 02.03.1981   Тайлаков Туратали Мамылатыпович 15.07.1971   Жарматов Адурауп Камолидинович 09.03.1977   Темирбаев Бекмурза Токтополотович 27.02.1953   Токоев Закир Пайзиллаевич 12.06.1986   Чаргынова Аида Сатканкуловна 01.10.1974   Азимбаев Тимур Сайдуллаевич 18.02.1977   Анарбаева Батма Алановна 02.03.1965   Буркутбаев Уланбек Кадырович 12.02.1977   Джуманов Бакыт Болотбекович 07.08.1973 Чечим жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2333, № 06/2352 «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын сунуштамаларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
БШК К.Т.Оторбаевди "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
25.09.2020

БШК К.Т.Оторбаевди "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Оторбаев Кубатбек Табылдиевичти "Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 2015-жылы катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим «Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Оторбаев Кубатбек Табылдиевичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде,  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекенчил" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
25.09.2020

БШК "Мекенчил" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Мекенчил" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды: №   Ф. А.А. Туулган жылы   Ашырова Айгуль Сатылгановна     27.09.1965   Арыкова Нуриля Суйутбековна 03.03.1973   Мадамидинова Меринса Токтосуновна 30.04.1964   Азимов Кубанычбек Азимович 17.05.1993   Керимкулов Нургуль Сагынбаевна  01.01.1957   Абдыкадыров Сапарбек Додоевич 01.01.1967   Калыкова Махабат Омаралиевна 20.02.1980   Тургунбоева Жийдагул Камбороновна 09.08.1969   Абдыллаев Даныярбек Эргешович 26.07.1966   Имамбеков Эспер Жумабекович 23.06.2000   Тентиева Айгуль Койчикеевна 21.01.1970   Сабирбаев Эрнест Шарабидинович 02.06.1978   Жапарова Канышай Саттаровна 13.06.1970   Музабеков Ильгиз Музабекович 21.01.1992   Женишбекова Гульасем Женишбековна 09.11.1994   Джакыпбердиев Эрнис Рысбекович 31.07.1988   Тойгонбаев Бакыт Орозбакович 07.10.1983   Матиева Ырыскан Рустамовна 24.04.1965   Исабаев Сайдулла Абазович 05.04.1968   Авазов Мухаммед-Али Сайлайдинович 15.02.1992   Тойчубекова Бактыгул Жоробековна 21.01.1967   Абдылдаева Молмолкан Акимбаевна 03.07.1975   Жолдошова Айзат Илиязбековна 07.08.1998   Шаршеналиева Кенешкан Исмаиловна 19.05.1967   Орозалиев Нурбек Тентимишович 19.04.1988   Коконова Жамила Довутовна 02.04.1967   Кыргызбаева Бурулкан Турдановна 08.03.1970   Тулобаева Мунара Шабданбековна 16.04.1985   Жапарова Бегайым Жаныбековна 24.12.1977   Мажикеев Алмазбек Эркинбекович 24.07.1979   Бердикулова Айзирек Алманбетовна 10.11.1996   Азимова Зарина Эркинджановна 26.07.1979   Разакулов Жаанбай Жапаровна 14.11.1963   Аттокуров Маратбек Тыныбекович 18.12.1969   Муратов Русланбек Канатбекович 15.01.1985   Дуулатова Гулумкан Токтобаевна 14.08.1966   Табалдиев Таалайбек Токтосунович 09.06.1965   Джолдошбаев Джылдыз Оруналиевич 28.03.1968   Мамытов Арстанбек Махсуталиевич 01.08.1994   Мамитов Абдусамат Туланбаевич 23.07.1983   Смаилов Айбек Кочкорбаевич 25.01.1990   Мамытбеков Руслан Абдыбекович 04.05.1986   Толубаев Келдибек  Аскарович 09.10.1959   Абдурахманова Ширин Абдушамаевна 07.05.1970   Капашев Валихан Жанатович 13.08.1996   Юсупов Уланбек Маразыкович 19.08.1972   Молдокулов Тынчтыкбек Турарбекович 28.11.1989   Сагынбаев Самат Султанбекович 29.04.1991   Карабаев Нубек Насирдинович 23.03.1996   Сартов Мырзакерим Сариевич 10.08.1959   Кыязов Аманбек 14.03.1967   Таалайбеков Алтынбек 10.08.1990   Дуйшоналиев Даниел Максатбекович 18.05.2001   Токтомушев Таалайбек 03.01.1984   Омуркулова Ирина Баташевна 25.11.1962   Сагынбаев Санжар Султанбекович 15.02.1997   Омуров Кубанычбек Мусуралиевич 22.04.1956   Ажыбаев Рахатбек Омурканович 24.05.1964   Токтоналиев Нурбек Исаевич 09.07.1974   Атыкулов Замирбек Самаганович 20.04.1954   Абдураззаков Мовланжан Шарифджонович 14.05.1960   Ишимбаева Наргиза Кубатбековна 12.07.1998   Раимбеков Смарбек Асанович 13.05.1950   Оспанова Алтынчаш Жамбыркуловна 06.11.1982   Рыскулова Асел Таштанбековна 04.01.1969   Бахтияр уулу Эсен 04.01.1995   Серекова Нурсезим Бейшенбековна 1994     Дуйшеналиев Калыбек Жекшенович 1969   Токтогул уулу Эрлан 1994   Оспанова Райхан 1954   Бегималиева Райма  Дуйшомбековна 1988   Чириков Эрик Баякивич 1965   Мусанова Гулжан Омурбековна 1980   Абдрахманова Кулнара 1970   Омуркул уулу Нурлан 1973   Койчукеев Мирлан Айдарбекович 1983   Тезекбаева Дильбархан Камлакуловна 1963   Каркенова Калича Ниязовна 1956   Уварова Елена Геннадьевна 1976   Оспанов Кайрат Жамбыркулович 1990 Чечим жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2363 «Мекенчил» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 296 298 … 483