Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2020–ж. 24-сентябрында өтө турган КР БШК отурумунун күн тартиби долбоору
Өткөрүү датасы:24-сентябрь2020-ж.
Убактысы:16:20
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Араван районундагы Араван айылындагы инцидент жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы)
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3162 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Б.Исаков, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. Токтогул жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Б.Исаков, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Тоң, Балыкчы,Өзгөн жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Б.Исаков, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
6. «Республика» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.Абдысатаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. «Ордо» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.Абдысатаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
8. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.Абдысатаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
9. «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.Абдысатаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
10. М. Джумакалиевдин арызы жөнундө («Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» саясий партиясынан талапкерлин паспортундагы маалымдардын анык эместиги тууралуу)
(баяндамачы – Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
11. «Демократия жана жарандык коом үчун коалициясы» КБ даттануусу жөнундө («Ата Мекен» саясий партиясынын баннери тууралуу)
(баяндамачы – Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
12. «Демократия жана жарандык коом үчун коалициясы» КБ даттануусу жөнундө («Кыргызстан» саясий партиясынын штабында илинип турган көрнөгү тууралуу)
(баяндамачы – Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
13. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКнын КРдин чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн КР шайлоочуларына, жарандардын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны өсүп жатканын эске алып, шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан талапкелерди төмөнкү шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт:
№9001 - Россия, Москва ш. – КР Элчилиги;
№9005 - Россия, Москва ш. – КР Элчилиги;
№9009 - Россия, Екатеринбург ш. – КР Башкы консулдугу;
№9025 – Өзбекстан Республикасы – КР Элчилиги;
№9027 –Казакстан Республикасы, Алмата ш. – КР Башкы консулдугу.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
паспорттун көчүрмөсү;
иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы).
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча Протоколдор 2020-жылдын 30-сентябрынын саат 18.00үнө чейин Бишкек АШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426
Төмөнкү телефондору боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp)
Эл. почта: tikbishkek@gmail.com
Документтердин тизмеги, арыз
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
БШК маалымдайт: Шайлоодогу бюллетендерди толтурууда колдонулуучу сыя жоголуп кетет деген таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт
Социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Видеороликте эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көргөзгөн. Ошол эле учурда, видеоматериалга үн коштолуп, шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөйт.
Борбордук шайлоо комиссиясы,өз кезегинде төмөнкүлөрдү билдирет. Кадимки шарик калемдери Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна (булгануусуна) алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт.
«Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жумушчу топ "Биримдик" саясий партиясынын коомдук үгүт иш-чараларын өткөрүү белгилери менен видеоматериалын карап чыкты
2020-жылдын 20-сентябрындагы отурумунда, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин жана үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин маалымдоо боюнча Жумушчу топ саясий партиялардын үгүт иштерин жана коомдук иш-чараларды өткөрүүсүн бузгандыгын карады.
Отурумда Жумушчу топ "Биримдик" саясий партиясынан депутаттык каталапкер У. Кочкоровго медициналык кызматкерлер тарабынан Facebook социалдык тармагында жарыяланган үгүт белгилери бар видеоматериалды карады. Карап чыккандан кийин, медициналык кызматкерлерге үгүт жүргүзүүгө тыюу салынбагандыктан, бул маселени кароого укуктук негиз жоктугунан улам жабуу чечими кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда таза жана ачык шайлоону өткөрүүдө Япония жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы колдоо көрсөтөт
Бүгүн, 2020-жылдын 22-сентябрь күнү,ушул жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү максатында, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы шайлоочуларды идентификациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын БШКсына биометрикалык жабдыктарды тапшырды. Жабдуулар Япониянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан БУУнун Өнүктүрүү Программасы "Кыргызстандагы шайлоону колдоо 2020-2021" программасынын алкагында берилди.
Жабдууларды өткөрүп берүү аземине КРнын БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын КРдагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда катышты.
КРнын БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Биз БУУнун Өнүктүрүү Программасына жана Япония Өкмөтүнө Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кыргызстандагы шайлоо процесстеринде МТ(маалыматтык технологиялар) жабдууларын колдонуу өзүнүн натыйжалуулугун 2015-жылдан берки акыркы шайлоо циклинде далилдеди жана ушул жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо ошондой эле ачык жана акыйкат өтөт деп ишенебиз. БШК өзкезегинде, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү үчүн,Кыргызстандагы шайлоо процессин андан ары өркүндөтүп, технологиялык жактан өнүктүрүүгө аракет кылат”.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын КРдагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен өз кезегинде төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү демократиянын өнүгүшүнүн кепилдигинин бири. 2010-жылдан бери Кыргызстан шайлоо жаатына МT жабдууларын киргизүүнүн аркасында бул багытта бир топ ийгиликтерге жетишти жана ушул ийгиликти дагы да бекемдеп жатат. Ушул мезгилдин ичинде БУУнун Өнүктүрүү Программасы КРнын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында шайлоолорду өткөрүүдө жардам берип келе жатат жана бул жаатта Кыргызстандагы алдыңкы эл аралык донор уюмдардын бири болуп саналат. БУУнун Өнүктүрүү Программасы Кыргызстандагы шайлоолордун таза жана эркин өтүшүнө аракет кылат, жана ошого байланыштуу бул маселе боюнча алдыда да колдоо көрсөтө бермекчи".
Бул жабдуулар БУУнун Өнүктүрүү Программасынын 2015-жылы Кыргызстанга берген шайлоо жабдууларын толуктайт жана мурунку жабдуулардын сынган же эскирген тетиктерин алмаштырат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) БШКга шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-милдеттерин өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоору МККдан БШКга милдеттерди өткөрүп берүүгө байланыштуу иш-чараларды колдоого багытталган, атап айтканда, БШКнын кызматкерлери үчүн шайлоочулардын тизмесине кеңири киргизүү боюнча окутуу.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоорунун алкагында ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери үчүн жабдууларды колдонуу боюнча окутууларды жана тренингдерди өткөрөт.
Кененирээк билүү >>
ЫАКТ билдирет: Араван районундагы инцидент тууралу
Юсупов айылындагы көп адам катышкан мушташуу фактысы боюнча Араван районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 7 ЖУИ №02-030-2020-000764, ошондой эле КЖБР №03-030-2020-000621 катталганын Араван районунун Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу билдирди.
2020-жылы 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Ильхом Маннанов үгүттөп сүйлөө убагында көп адам катышкан мушташуу болгон.
Укук коргоо органдары тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, ЫАКТ анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат берет.
Маалымат үчүн:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата ыкчам аракет көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жарандарга маалымдоо максатында Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтор (ЫАКТ) түзүлөт.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Замандаш” саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
Бүгүн – 2020-жылдын 22-сентябрында өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыбраев Муратбек Анаркуловичти “Замандаш” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Кыбраев Муратбек Анаркуловичтин 2020-жылдын 22-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 9 талапкерди “ Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды:
Жаныкулов Хамракул Жаныкуловичти;
Мамытова Лунара Улукбековнаны;
Ахметова Малика Ялкуновнаны;
Калиева Сайкал Асангуловнаны;
Шакирова Алина Кубанычбековнаны;
Таирова Гулжамал Эркебаевнаны;
Абдукадырова Мадина Абытовнаны;
Айтыева Сабина Рустамовнаны;
Касымова Бермет Данияровнаны.
Чечим Жаныкулов Хамракул Жаныкуловичти, Мамытова Лунара Улукбековнаны, Ахметова Малика Ялкуновнаны, Калиева Сайкал Асангуловнаны, Шакирова Алина Кубанычбековнаны, Таирова Гулжамал Эркебаевнаны, Абдукадырова Мадина Абытовнаны, Айтыева Сабина Рустамовнаны жана Касымова Бермет Данияровнаны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы билдирмесинин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен 2 талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Социал-демократтар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды:
Саитова Минавархан Аттакуровнаны;
Токомбаев Райымбек Замирбековичти.
Чечим Саитова Минавархан Аттакуровнаны, Токомбаев Райымбек Замирбековичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Социал-демократтар” саясий партиясынын 2020-жылдын 21-сентябрындагы билдирмесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын ишенимдүү адам каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрында өткөн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынан Чекирбаев Замирбек Сулаймановичти ишенимдүү адамы катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Чекирбаев Замирбек Сулаймановичтин жазуу өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жүзүндөгү арызынын «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
Бүгүн – 2020-жылдын 22-сентябрында өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Назаров Айтмамат Кошоевичти “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Назаров Айтмамат Кошоевичтин 2020-жылдын 22-сентябрындагы кириш № 06/2243 талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарынын тизмесиндеги өзгөрүүлөр
КРнын БШКсы 2020-жылдын 22-сентябрындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 141 чечими менен каттаган Бухман Леонид Юлиевичти «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамы катары каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды жана ага берилген № 110 күбөлүктү жараксыз деп тапты.
БШК 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүүнү чечти:
• Алашева Таттуугүл Ахматбековна;
• Дөөлөтбаев Тагай Болотович;
• Жусупов Бакыт Нуралиевич.
Чечимдер «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын 2020-жылдын 19-сентябрындагы Бухман Леонид Юлиевичти ишенимдүү адамы катары каттосун чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсүнүн жана жарандардын жазуу жүзүндөгү 2020-жылдын 19-сентябрындагы арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды:
№
Ф. А.А.
Туулган жылы
1
Джунушев Рамиль Эрикович
15.08.1982
2
Жумашев Чынгыз Таалайбекович
08.12.1988
3
Бекжанов Надырбек Кабылович
07.10.1966
4
Токтосунова Зульфия
25.01.1995
5
Бадиров Жамилдин Ахлидинович
31.03.1965
6
Болотов Марат Мансурович
05.05.1984
7
Джапаркулов Турусбек Уваделдаевич
27.02.1990
8
Ашыркул уулу Кенжебек
09.05.1975
9
Абдыбаев Медер Абдыбаевич
25.03.1981
10
Абылаев Нурбек Нуркулович
19.11.1983
11
Канбутаева Бузайнаб Маматкуловна
01.07.1971
12
Акунбаев Каныбек Алимбаевич
18.05.1968
13
Енгалычева Элиха Кажкеновна
03.05.1943
14
Сапаркулов Бакытбек Эркинович
28.05.1977
Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 19-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
Бүгүн – 2020-жылдын 22-сентябрында өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Молдоярова Дамира Батыркуловнаны “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Молдоярова Дамира Батыркуловнанын 2020-жылдын 18-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 42 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы отурумунда белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн дипломатиялык жана эл аралык уюмдардын төмөнкү өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алды:
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси
№ к/м
күб.
№
Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу
Ф. А. А.
Өлкө
Кызмат орду
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Миссиясы
Ачилов
Баходиржон Марифжонович
Өзбекстан Республикасы
Райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
ОШКнын мүчөсү
КМШ
Сулаймонов
Уткирбек Бекмирзаевич
Өзбекстан Республикасы
№ 11 мамлекеттик мектеп-интернатынын директору,
УШКнын мүчөсү
КМШ
Расулов
Бахтиёр Махмуджонович
Өзбекстан Республикасы
Андижан мамлекеттик университетинин проректору, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Кодирова
Муфаззал Арслоновна
Өзбекстан Республикасы
№3 орто мектебинин директору, УШКнын мүчөсү
КМШ
Каримов
Акрабжон Жураевич
Өзбекстан Республикасы
“Андижантелеком” филиалынын Куйганер телекоммуникация тармагынын башчысы,
ОШКнын мүчөсү
КМШ
Жураев
Хамдамжон Муйдинович
Өзбекстан Республикасы
Андижан облусунун Кургантепа районундагы Мамлекеттик кызматкерлердин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин Профсоюзунун Кеңешинин төрагасы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Акбаров
Кахрамон Мирсаидович
Өзбекстан Республикасы
Анжиян облусунун Избаскан районундагы Махалланы жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн башчысы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Тургунов
Зухридин
Турсунович
Өзбекстан Республикасы
Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы
КМШ
Носиров
Обиджон
Хамидович
Өзбекстан Республикасы
Андижан облусунун Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Шукуров
Саидахмад Холдарович
Өзбекстан Республикасы
"Андижанская правда" газетасынын башкы редактору, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Юлчиев
Муроджон
Мамаджонович
Өзбекстан Республикасы
Махалла фондунун төрагасы,
УШКнын мүчөсү
КМШ
Абдугаппаров
Акрамжон Турсунпулатович
Өзбекстан Республикасы
Элдик-демократиялык партиясынын Уйчин районунун Кеңешинин төрагасы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Рахматуллаев
Комилжон Абдухалилович
Өзбекстан Республикасы
Янгикурган районундагы Махалла жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн тобунун жетекчиси, УШКнын мүчөсү
КМШ
Ахмедов
Усубжон Махамадалиевич
Өзбекстан Республикасы
Райондук пенсиялык фонддун башчысы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Истамкулова
Мафиратхон Мамажановна
Өзбекстан Республикасы
Наманган шаарындагы Кыргыз улуттук маданий борбору, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Сайфиддинов
Исраилжон Азамович
Өзбекстан Республикасы
№ 38 мамлекеттик адистештирилген орто мектебинин директорунун орун басары, УШКнын мүчөсү
КМШ
Хайдаров
Хабибилло Умаралиевич
Өзбекстан Республикасы
Касансай окуу спорттук техникалык клубунун төрагасы, УШКнын мүчөсү
КМШ
Мирзабаев
Кобулжон Касимович
Өзбекстан Республикасы
Наманган мамлекеттик университетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, УШКнын мүчөсү
КМШ
Умаров
Кудиратулла Бекбоевич
Өзбекстан Республикасы
Наманган курулуш институтунун кафедра башчысы,
УШКнын мүчөсү
КМШ
Камолов
Бобир Хамидович
Өзбекстан Республикасы
Облустук шайлоо комиссиясынын катчысы
КМШ
Камолов
Юсуфжон Шамсиддинович
Өзбекстан Республикасы
Фергана облусунун архивинин башчысы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Тожиева
Тулкиной Абдужалиловна
Өзбекстан Республикасы
Фергана шайлоо комиссиясынын катчысы
КМШ
Халибаева
Нортожи Тоштоновна
Өзбекстан Республикасы
Фергана облусундагы Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Сулаймонов
Масуджон Муминович
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин Фергана облусу боюнча кабарчысы, УШКнын мүчөсү
КМШ
Атаджанов
Мамиржон Юсупович
Өзбекстан Республикасы
Коканд МПИ ректору,
ОШКнын мүчөсү
КМШ
Зохидов
Зокиржон Тухтасинович
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстан Элдик-демократиялык партиясынын Фергана облустук кеңешинин төрагасы, ОШКнын мүчөсү
КМШ
Бабарахимов
Гуломжон Мадаминович
Өзбекстан Республикасы
Фергана облусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Президентинин Элдик кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы,
ОШКнын мүчөсү
КМШ
Рахмоналиев
Ахроржон Аскаралиевич
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстандын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдорунун федерациясынын Фергана аймактык ассоциациясынын төрагасы,
ОШКнын мүчөсү
КМШ
Отабоев
Аброр
Хамдамович
Өзбекстан Республикасы
Эл депутаттарынын Фергана облустук Кеңешине шайлоону өткөрүү боюнча облустук шайлоо комиссиясынын катчысы
КМШ
Исаев
Ахтам Мамасидикович
Өзбекстан Республикасы
Фергана районунун махалла жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, УШКнын мүчөсү
КМШ
Юсифбейли
Рашид
Расул оглы
Азербайжан Республикасы
Азербайжан Республикасынын БШКнын Катчылыгынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы
КМШ
Гулиев
Муса Иса оглу
Азербайжан Республикасы
Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
КМШ
Джафаров
Низами Гулу оглу
Азербайжан Республикасы
Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин депутаты, Азербайжан-Кыргызстан парламенттер аралык мамилелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси
КМШ
Косихина
Наталия Владимировна
Азербайжан Республикасы
Федерация Кеңешинин илим, билим жана маданият боюнча Комитетинин мүчөсү
КМШ
Исаков
Эдуард Владимирович
Азербайжан Республикасы
Федерация Кеңешинин экономикалык саясат боюнча Комитетинин мүчөсү
Кыргыз Республикасындагы ГФР Элчилиги
Иверсен
Моника
ГФР
ГФРнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Кыргыз Республикасындагы ГФР Элчилиги
Вестен
Фелдер Дэвид
ГФР
ГФРнын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары
Кыргыз Республикасындагы ГФР Элчилиги
Спичер
Кай-Ув Хилгер
ГФР
ГФРнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи катчысы
Кыргыз Республикасындагы ГФР Элчилиги
Кункел
Лаура
ГФР
ГФРнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин
Виза бөлүмүнүн башчысы
Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилиги
Маэда
Сигеки
Япония
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилиги
Идзицу
Сатоши
Япония
Япониянын КРдагы Элчилигинин Экинчи катчысы
Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилиги
Ямагути
Юдзи
Япония
Япониянын КРдагы Элчилигинин Үчүнчү катчысы
Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4, 3.5-пункттарына ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК үч аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясы:
“АК” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Келгинбеков Канат Уранович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тилекова Айкерим Тилековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кошоев Руслан Алымбекович, Урмат уулу Болот резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы:
“Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонбаев Усен Жапаркулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кулубаева Жылдыз Садырбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы:
“Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Курманбаева Анара Жолумбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусабаев Умар комиссиянын курамынан чыгарылсын;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Бейшекеев Аттокур Карабаевич, Байзакова Бурулбүбү Жакшылыковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Чүй, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.Т. Тилекованын, К.У. Келгинбековдун, У.Ж. Осмонбаевдин, У. Мусабаевдин, А.Ж. Курманбаеванын комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу