Башкы Жаңылыктар Шайлоочулардын саны мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 27,6%га көбөйдү

Шайлоочулардын саны мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 27,6%га көбөйдү

24-Сен, 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо боюнча басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова конституциялык мыйзамга жана календардык планга ылайык өзүн шайлоочулардын тизмелеринен тактоо мезгили аяктаганын жарыялады.

“Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарынын жана тизмени тактоонун жүрүшүндө келип түшкөн шайлоочулардын арыздарын иштеп чыгуунун негизинде 2020-жылдын 24-сентябрына карата шайлоочулардын контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 523 532 жаранды түздү.  Добуш берүү күнүнө чейин 80 күн калганда түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу өсүү 94 489 шайлоочуну же 2,75%ды түздү.

Жогорку Кеңешке мурдагы – 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 762 235 шайлоочуга же 27,6%га көбөйдү. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 497 762 жаранга же 16,5%га көбөйдү.

Шайлоочулардын жалпы санынын 47,74%ын – эркектер, 52,26%ын аялдар түзөт. 30 жашка чейинки шайлоочулар 29,67%ды түзөт. Добуш берүү күнү 2 475 шайлоо участогу иштейт”, - деди ал.

БШК башчысы чет өлкөлөрдөгү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу олуттуу өсүү байкалгандыгын белгиледи.

“Чет өлкөлөрдө түзүлгөн 45 шайлоо участогунда башында 13 321 шайлоочу киргизилген. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо процессинде Москва шаарында кыйла көп арыз келип түштү, ошондуктан кошумча участок ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошентип, азыр Москва шаарында үч участок ачылды. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны учурда 32 580 адамды түзөт”, - деди Н. Шайлдабекова.

Чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жаатында көп иштер жүргүзүлгөнү белгиленди, чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн жарандар менен күн сайын онлайн жолугушуулар өткөрүлдү.  Мындан тышкары, курамында КР БШКнын, КРӨ МККнын жана КР ТИМдин өкүлдөрү болгон мобилдик топтор түзүлдү, алар БУУӨПтүн колдоосу менен 31 шаарга барып, мигранттардын бирикмелери менен жолугушууларды өткөрүштү.

“Бул биздин мыйзамдардагы абдан прогрессивдүү форма экенин белгилей кетүү керек, ал шайлоочуга катталган жери боюнча эмес, анын өзүнө ыңгайлуу участокто добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. ички жана тышкы миграциянын жогорку деңгээлин эске алганда бул шайлоонун чоң инклюзивдүүлүгүн камсыздайт. 2015, 2017-жылдары өткөн шайлоолордо дагы 2-форма боюнча арыздар көп түшкөнү байкалган.

Атап айтканда, 2-форма боюнча 2015-жылы – 297 327,  2017-жылы 315 461 арыз берилген. Бул жылы 2-форма боюнча 481 950 арыз түштү. 1-форма менен бирге бардыгы 488 873 арыз түштү”, - деди Н. Шайлдабекова.

2020-жылы 2-форма боюнча арыз берүүнүн жол-жобосу мурдагы жылдардагыдан айырмаланаары айтылды.

“Жарандар участокко жеке өздөрү келсин үчүн 2-форма боюнча арыз берүүдө биометрикалык иденттештирүү жол-жобосу киргизилди. Бул жаранга билгизбей арыз берүү учурларын четтетүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү коргоо чарасы болду. Участоктордо  519 276 адам иденттештирүүдөн өттү”, - деп түшүндүрдү Н. Шайлдабекова.

Региондор боюнча түшкөн арыздар:

  • Бишкек ш. – 151 577 арыз,
  • Ош ш.- 42 467 арыз,
  • Баткен облусу – 7 213 арыз,
  • Жалал-Абад облусу – 57 387 арыз,
  • Нарын облусу – 16 617 арыз,
  • Ош облусу – 55 589 арыз,
  • Талас облусу – 18 758 арыз,
  • Чүй облусу – 114 585 арыз,
  • Ысык-Көл облусу – 15 999 арыз.
  • ТИМ боюнча – 1 620 арыз.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>