Башкы Жаңылыктар Шайлоонун мыйзамдуулугун камсыздоо алкагында БШК, ИИМ жана Башкы …

Шайлоонун мыйзамдуулугун камсыздоо алкагында БШК, ИИМ жана Башкы прокуратура биргелешип иш жүргүзүүдө

24-Сен, 2020

Бүгүн – үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо маселелери боюнча биргелешкен басма сөз жыйыны болуп өттү.

Басма сөз жыйынына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова, Башкы прокурордун орун басары Н. Дюшембиев, ички иштер министринин орун басары М. Каниметов, ошондой эле МКК төрагасы А. Мамбеталиев катышты.

БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова чогулгандарга 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоонун жүрүшүндө 3 миллиона 523 миң кыргызстандык добуш бере алаарын маалымдады. Анын айтымында бул 2015-жылдагы  Жогорку Кенешке шайлоонун жыйынтыгына салыштырганда 762 735 адамга же 27,6 пайызга көп.

Н. Шайлдабекова 2017-жылдагы президенттик шайлоодо андан эки жыл мурдагыга салыштырганда 497 762 адамга көп болгонун билдирди. Анда өсүү 16,5 пайызды түзгөн.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө МКК төрагасы Акын Мамбеталиев бүгүнкүгө карата паспорт столдорунда жана Калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле чогултуучу туруктуу мобилдик пункттарда жайгашкан чогултуу пункттарында биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар шайлоочулардын тизмелерине киргизилип жатканын айтты. Августтун аягынан тартып Республикалык штабдын буйругуна ылайык биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча күчөтүлгөн иштер башталды. Кыргызстанда 18 жаш курагынан ашкан жарактуу паспорттору бар 437 миң 384 жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес.

“Үстүбүздөгү жылдын 8-январына карата биометриясы жок жарандардын саны 543 миң 464 адамды түзгөн, кыскаруу 11,16 пайызды же 106 миң 80 адамды түздү”, - деп белгиледи ал.

Прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын сакталышын текшерүү максатында 23-сентябрга карата 63 текшерүү жүргүзүп, 125 бузууну аныктады, анын натыйжасында 67 чара көрүү актылары чыгарылды. Бузуулар негизинен Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын, жарандык муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын, ички иштер органдары жөнүндө, коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдардын, ошондой эле биометрикалык каттоо жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышына тийиштүү. 8 сунуштама, 44 жазма-буйрук жана 15 эскертүү берилди.

Жазык кодекси боюнча:

- “шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча – 2 иш;

- “шайлоочуларды сатып алуу” беренеси боюнча – 40 иш;

- “шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” беренеси боюнча – бир иш;

- “шайлоо документтерин бурмалоо” беренеси боюнча – 25 иш;

- башка беренелер боюнча – 14 иш.

Жоруктар жөнүндө кодекси боюнча:

- “административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча – 11 иш;

- “бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” беренеси боюнча – 22 иш;

- 90-берене (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) беренеси боюнча – 8 иш;

- 119-берене (Майда бейбаштык) беренеси боюнча – 5 иш.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 2 420 шайлоо участогунда милициянын 11 507 кызматкери тартип сактоону камсыздай турганы жөнүндө катышуучуларга маалымдады.

Ошондой эле республикадагы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндөгү укук бузуулар, аларга карата ИИМ көрүп жаткан чаралар тууралу айтылды.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>