Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2020-жылдын 20-ноябрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
24.11.2020

2020-жылдын 20-ноябрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 20-ноябрга карата  47 талапкердин ичинен 39зу БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – «РСК Банк» ААКда жана «Айыл Банк» ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын  түзгөнүн билдирет. Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 19 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.   № п/п Талапкердин ФАА Келип түштү Чыгымдалды 1 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 10 500 10 110 2 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 000 000 550 305 3 Исаев Канатбек Кедейканович 354 000 7 350 4 Тагаев Рашид Бакирович 100 000 5 860 5 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 199 000 56 396 6 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 60 000 6 150 7 Касенов Аймен Абдыталипович 1 205 000 1 054 200 8 Шер-Нияз Садык 50 000 9 620 9 Кабылбеков Урустам Кубанычбекович 25 000 25 000 10 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 400 000 36 515 11 Уметалиева Токтайым Джумаковна 1 900 0 12 Малиев Арсланбек Касымакунович 125 000 119 717 13 Болгомбаев Медер Кадыркулович 30 000 29 500 14 Энназаров Санжарбек Арзыкулович 5 000 0 15 Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич 5 000 0 16 Абакиров Эльдар Курманбекович 10 000 9 750 17 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 100 000 49 900 18 Тольбаев Бабыржан Латиханович 1 200 000 0 19 Сегизбаев Абдил Кенешевич 200 000 12 150 Бардыгы: 5 080 400 1 982 523 Толугураак маалымат шилтеме аркылуу КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ж. К. Сүйүналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
24.11.2020

КР БШК Ж. К. Сүйүналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

24-ноябрда КР Боршайкому өз жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жаныбек Курманканович Сүйүналиевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн: 1. Эркинбек Калыевич Дюшембиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жаныбек Сүйүналиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, 2. Хамида Алпамышовна Укубаеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жаныбек Сүйүналиевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 23-ноябрындагы Жаныбек Сүйүналиевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Э. К. Абакировдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты
24.11.2020

Э. К. Абакировдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрдагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер Э.К. Абакировдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарып алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылган токтом кабыл алды: Элчибек Акматбекович Эшенов, 2020-жылдын 16-ноябрында КР Боршайкому тарабынан №329-токтому менен катталган; Мунара Даниярбековна Маматалиева, 2020-жылдын 16-ноябрында КР Боршайкому тарабынан №329-токтому менен катталган.   БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э. К. Абакировдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого токтом чыгарды: Темирлан Сапарбекович Абитов Айнура Мелисовна Кадыракунова. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Э. К. Абакировдун өзү-өзү талапкер катары көрсөтүүсүнүн жана мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алып, кайра башка ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо боюнча 2020-жылдын 23-ноябрындагы арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
24.11.2020

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-ноябрындагы өз жыйналышында Кара-Буура, Кызыл-Кыя жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаты Кайкиев Балтабай Байсылдаевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат фермер Рашев Жамгырбай Турдалиевичке өткөрүп берилди. Бир жылда төрттөн ашык жолу жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгына байланыштуу Баткен  облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Махмедов Акимжан Касымовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат пенсионер Осмонов Турсуналиге өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Абдылдаев Азамат Абдылдаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Алпаров Кубатбек Жумабековичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Турдукеев Шайлообек Азизовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шамбетов Бактияр Капаровичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Аштыкбаев Нурбек Бейшеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат врач Исаев Сапарбек Уркасымовичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Бокуев Муратбек Асановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат окутуучу Шабаев Айбек Сагыновичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Тезеков Аруун Абдылмажиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат окутуучу Осмонов Эрмек Иманкуловичке өткөрүп берилди. Ошондой эле КР БШК 2020-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышында Түп аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитти: Талапкерлерден түшкөн өз арыздарынын негизинде Казаков Марлен Мелисович, Жумадылов Жыргалбек Токтошевич, ЖунушалиеваЭлмира Ракымовна, Чоркозов Эрлан Акматович, Момоев Айбек Исаевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешине талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК 10 шайлоо участкасынын дарегин ѳзгѳрттү
24.11.2020

КР БШК 10 шайлоо участкасынын дарегин ѳзгѳрттү

Бүгүн, 2020-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад  облусунун Аксы райондагы, Баткен облусунун Лейлек районундагы Нарын облусунун Жумгал районунундагы, Чүй облусунун Аламүдүн жана Чүй райондорундагы шайлоо участкаларынын тѳмѳндѳгү даректерин ѳзгѳртүү тууралуу токтом кабыл алды:   1.Жалал-Абад  облусунун Аксы райондагы № 2323 Кызыл-Туу шайлоо участкасынын  дарегин: Кызыл-Туу айылындагы маданият үйүнүн имаратынан  Кызыл-Туу айылындагы Айталиев кѳчѳсүндѳгү С. Айталиев атындагы ОМ имаратына;    2. Жалал-Абад  облусунун Аксы райондагы № 2326 Кызыл-Туу шайлоо участкасынын  дарегин: Аркыт айылындагы маданият үйүнүн имаратынан  Аркыт айылындагы Келте--Сай кѳчѳсү, 50 орто мектептин  имаратына;   3. Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8025 шайлоо участкасынын дарегин:  И Раззаков кѳчѳсү, 32 Ак-Суу  маданият үйүнүн имаратынан  И. Рззаков кѳчѳсү, 34 Ак-Сай орто мектебинин имаратына;   4. Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8040 шайлоо участкасынын дарегин:  К. Туратов  кѳчѳсү, 32 маданият үйүнүн имаратынан  К. Туратов  кѳчѳсү 38 «Жаңы Турмуш»  орто мектебинин имаратына;   5. Нарын облусунун Жумгал районунундагы № 4115 шайлоо участкасынын дарегин:  Э. Матыев кѳчѳсү, 2 боюнча Аксеки акционердик коомунун имаратынан Д. Исмаилов кѳчѳсү,3 боюнча Эрнис Миңбаев атындагы балдар бакчасынын   имаратына;   6. Нарын облусунун Жумгал районунундагы № 4101 шайлоо участкасынын дарегин:  Б. Асанов  кѳчѳсү, 22 боюнча М.Өмүрканова атындагы орто мектептин  имаратынан Б. Асанов  кѳчѳсү,11 боюнча Жумгал айылындагы  маданият үйүнүн   имаратына;   7. Нарын облусунун Жумгал районунундагы № 4108 шайлоо участкасынын дарегин:  Т. Женалиев   кѳчѳсү, 24 боюнча маданият үйүнүн   имаратынан К. Абакиров   кѳчѳсү,1 боюнча С. Медетов атындагы орто мектептин    имаратына;   8. Чүй облусунун Аламүдүн районунундагы № 7411 шайлоо участкасынын дарегин:  44,0 га  кѳчѳсү боюнча    контур №759 имаратынан XXII Партсъезд номери жок кѳчѳ боюнча Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн  имаратына;   9. Чүй облусунун Аламүдүн районунундагы № 7176 шайлоо участкасынын дарегин:  Кыргыз кѳчѳсү, 198  боюнча    Таймаш компьютердик клубунун  имаратынан Кыргыз  кѳчѳсү 190/б  боюнча Интел дүкѳнүнүн   имаратына;   10. Чүй облусунун Чүй районунундагы № 7048 Кегети айыл аймагынын  шайлоо участкасынын дарегин:  Кегети айыл ѳкмѳтүнүн   имаратынан М. Айтбаев  кѳчѳсү, 3 дареги   У. Жумабаев орто мектебинин    имаратына;   Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык шайлоо участкаларында жылуулук берүүнүн жоктугуна байланыштуу айрым шайлоо участкаларынын даректерин ѳзгѳртүү тууралуу Жалал-Абад  облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын,  Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын,  Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын,   Чүй облусунун Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.      КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 24-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
24.11.2020

2020–ж. 24-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 24-ноябрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы: 14.30                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Жалал-Абад облусунун Аксы, Баткен облусунун Лейлек, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Аламүдүн жана  Чүй райондорунун аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө. (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Буура, Кызыл-Кия жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сүйүналиев Жаныбек Курманкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди жылдыруу этабынын жыйынтыгы жөнүндө. (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Т. Жумабеков документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен КР БШКга кайрылды
24.11.2020

Т. Жумабеков документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 2020-жылдын 23-ноябрында, Кыргыз Республикасынын жараны Жумабеков Турсунбек Төлөнбекович Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
О. Мадинов документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен КР БШКга кайрылды
23.11.2020

О. Мадинов документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 2020-жылдын 23-ноябрында, Кыргыз Республикасынын жараны Мадинов Орозобек Капарбекович Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
М. Кайыпов документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен КР БШКга кайрылды
21.11.2020

М. Кайыпов документтерин кайра чакыртып алуу арызы менен КР БШКга кайрылды

21-ноябрда КР БШКсына Кыргыз Республикасынын жараны Кайыпов Марат Таштанович Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берген документтерин кайтарып алуу арызы менен кайрылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун финансылоо боюнча окутуучу семинар өткөрдү
21.11.2020

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун финансылоо боюнча окутуучу семинар өткөрдү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоо кампаниясын финансылоонун негизги принциптери боюнча окутуучу семинар өткөрдү. Контролдук-ревизиондук группанын мүчөсү, шайлоо фонддорунун ачыктыгын камсыздоодо БШКны колдоо боюнча ПРООНдун улуттук консультанты Раида Баширова катышуучуларга шайлоо кампанияларын финансылоодогу маселелерди укуктук жактан жөнгө салуу, шайлоо фонддорун түзүү жана финансылоонун булактары жөнүндө, шайлоо күрөөсү тууралуу, жарандар жана юридикалык тараптар менен эсептешүүлөр, шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттардын эсеби жана чыгымдалышы жөнүндө, финансылык отчеттуулук тууралуу, финансылык ачыктык, көзөмөл жана жоопкерчилик тууралуу айтып берди.   Раида Башированын айтканы боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамы, шайлоо кампанияларын финансылоонун ачыктыгы боюнча эл аралык стандарттарга, сунуштарга жана талаптарга туура келет. “Президенттин кызматына талапкер шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Бул көрсөтүлгөн талапкердин мыйзамга шайкеш келээри жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан маалымдама берилгенден кийин 5 календарлык күндүн ичинде жана шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталып жана ага каттоо күбөлүгү берилгенден кийин ишке ашат. Шайлоо фондун түзбөй коюу Президенттик кызматка талапкерди каттабай коюу үчүн БШКга негиз болуп саналат. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банк мекемесиндеги атайын эсепке которулат. Атайын эсеп Президенттин кызматына талапкер тарабынан БШКнын уруксаты менен ачылат”, - деди ал. Шайлоо фонддору Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алына турган төмөнкү акча каражаттарынан, ошондой эле агитациялык-маалыматтык мүнөздөгү материалдардан түзүлөт: 1) талапкердин өзүнүн каражаттары, бул эсептик көрсөткүчтөн 150 000 эседен (15 млн. сомдон ашпайт) ашпагандай болушу зарыл; 2) талапкерге саясый партия тарабынан бөлүнгөн каражат эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эседен (50 млн. сомдон ашпайт) ашпашы керек; 3) жеке адамдардын өз эрки менен каражат бөлүүсү, алардын ар биринин эсептик көрсөткүчү 500 000 эседен (50 млн. сомдон ашпайт) ашпашы керек; 4) юридикалык жактардын өз эрки менен каражат бөлүүсү, алардын ар биринин эсептик көрсөткүчү 500 000 эседен (50 млн. сомдон ашпайт) ашпашы керек; Сумманын жеткен чеги 200 млн. сомдон ашпайт.  Раида Баширова коюлган өлчөмдөн ашыкча түшкөн акча каражаттары шайлоо фонддоруна киргизилбейт жана алар жарандар менен уюмдарга кайтарылып берилерин тактады. Шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары улуттук валютада кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошулбайт жана төлөнбөйт. Талапкерди каттоодон расмий баш тарткан учурда шайлоо фондуна түшкөн каражаттар акчаларды берген жана которгон уюмдар менен адамдарга кайтарылып берилет. Шайлоо фонддоруна өз эрки менен акча жыйноого төмөнкүлөргө тыюу салынат: чет мамлекеттерге, чет элдик мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга, башка чет элдик юридикалык жактарга, алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнө, чет элдик жарандарга, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдарга, катышуучулары чет элдик жарандар жана юридикалык жактар болгон юридикалык тараптарга; жарандыгы жок адамдарга; мамлекеттик бийликтин органдарына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканаларга; уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар юридикалык тараптар, ошондой эле салыктарды, алымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктерди пайдалангандарга; аскер бөлүктөрүнө, аскердик мекемелер менен уюмдарга; укук коргоо органдарына, сотторго; кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдарга; диний уюмдарга; акча төккөн белгисиздерге (акча төккөн белгисиздерге төмөнкү маалыматтын бирин көрсөтпөгөн адам кирет: фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жеринин дареги, паспорттук маалыматтары, ошондой эле эгер ал өзү жөнүндө туура эмес маалымат берсе). “Президенттин кызматына талапкер же талапкерди көрсөткөн саясый партия өзүнүн шайлоо фондундагы каражаттан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине мыйзамда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе өлчөмдөгү (же 1 млн. сом) шайлоо күрөөсүн коет, бул тууралуу тиешелүү банктык документти алат. Президенттин кызматына талапкерди каттоо үчүн же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоого чейинки 50 календарлык күндөн кем эмес убакытта Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн күбөлөгөн документти көрсөтөт. Шайлоо күрөөсү Президенттин кызматына төмөнкүдөй талапкерлерге кайтарылып берилет: 1) Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун 1 пайызына ээ болуп, шайлоодон кийинки 10 календарлык күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондун түзгөн бардык булактар жана көлөмү тууралуу ошондой эле ишке ашырган бардык чыгымдары тууралуу отчет бергенден кийин; 2) Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкерди каттоодон баш тарткан чечим кабыл алса; 3) Шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитүүгө чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандар.  Күрөөнүн калып калган суммасы бюджетке кириштелүүгө жатат”, - деди ал. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда 263 саясый партия катталган
21.11.2020

Кыргызстанда 263 саясый партия катталган

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 24-октябрына карата катталган, кайра катталган саясый партиялардын тизмесин жиберген. “Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоосу жөнүндө” КР мыйзамынын 19-беренесине ылайык, юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде саясый партиялардын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар жок.  Азыркы учурда ушул реестрде 263 саясый партия бар.   № Аталышы Жетекчиси    “Кыргызстандын республикалык элдик партиясы” саясый партиясы Тентиев Дженишбек Абдиевич   "Эркин Кыргызстан (ЭрК) прогрессивдүү-демократиялык партиясы” саясый партиясы Алымкулов Раис Термечикович   "Эмгекчил-эл партиясы (Партия трудового народа)" коомдук бирикмеси Өмуракунов Эмил   “Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаралуу партиясы” саясый партиясы" Хон Валерий Павлович   "Бишкек шаарлыктарынын партиясы" коомдук бирикмеси Отунбаев Болот Исакович   "Ата-Мекен" социалисттик саясый партиясы Текебаев Өмүрбек Чиркешович    "Родина" саясый партиясы Акбаров Азамжан Сайдуллаевич   "Ар-Намыс" (Партия Достоинства) саясый партиясы Кулов Феликс Шаршенбаевич   “Афганистандагы согуштун жана башка локалдуу согуштук чыр-чатакка катышкан ардагерлердин саясый партиясы” коомдук бирикмеси Таштанбеков Акбөкөн Дукенович   “Кыргызстандын коммунисттик партиясы” коомдук бирикмеси Ажыбекова Клара Ажыбековна   Кыргызстандын дыйкандарынын (фермерлердин) "Баба Дыйкан" саясый партиясы Исаков Эсенгул Байдалиевич   Кыргызстандын “Эл биримдиги” саясый партиясы Эсенаманов Замирбек Садыбакасович   "Кайран эл партиясы" коомдук бирикмеси Турумбеков Курманбек Абдыкасымович   “Кыргызстандын республикалык партиясы" саясый партиясы Токомбаев Гияз Асанбекович   “Кыргызстандын пенсионерлеринин партиясы" саясый партиясы Шабданалиева Замира Акиевна   Политическая партия "Эркиндик" саясый партиясы Касымов Адылбек Акматалиевич   “Кыргызстан жаштарынын партиясы" саясый партиясы Бакыев Айдарали Курманбекович   “Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы" саясый партиясы Жекшеев Жыпар Жекшеевич   "МАНАС-ЭЛ" руханий кайра жаралуу саясый партиясы      "АСАБА" улуттук кайра жаралуу саясый партиясы Дыйканов Салмоорбек Карбозович   "Жаны Кыргызстан" саясый партиясы СыдыковУсен Сыдыкович   “Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы” саясый партиясы Кумаров Болоткан Советбекович   “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы" саясый партиясы Айтикеев Акбаралы Ысырайылович   Кыргызстандын "Жаңы күч" аялдардын жана жаштардын демократиялык партиясы Шайлиева Токон Асановна   “Кыргызстан коммунисттер партиясы" саясый партиясы Масалиев Исхак Абсаматович   “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" саясый партиясы Абдрахманов Сагынбек Уметалиевич   "Улутман" республикалык партиясы” саясый партиясы Турдумалиев Сазыкбай Абдрахманович   Республикалык бирдиктүү "Элмурас" саясый партиясы Боромбаева Токтокан Жолуевна   "ЭЛ ҮНҮ" саясый партиясы Саипбаева Джаныл Султанбековна   "Согласие" саясый партиясы Кудабаева Шаткуль Исалиевна   Кыргызстандын аймактарынын "Элет" саясый партиясы Касиев Накен Касиевич   “Кыргызстандын үй куруучуларынын партиясы" республикалык коомдук-саясый партиясы Асанбеков Нурлан Дуйшеналиевич, Рысбеков Жыргалбек Озубекович, Абдырасаков Бейшенбек Токтобаевич   Кыргызстан элдеринин "Элнуру" саясый партиясы Абдылдаев Таалайбек Адылбаевич   "Алга, Кыргызстан!" биримдик жана өнүгүү саясый партиясы Нурматов Рустам Мирзаевич   “Кыргызстандын куруучулары" саясый партиясы Момунов Замир Дарвинович   "Туран" демократиялык партиясы" саясый партиясы Сарпашов Эмир - РаадикДуйшекеевич   “Кыргызстандын жашылдар партиясы" саясый партиясы Булекбаев Эркин Касымович   “Кыргызстандын биригүү патриоттук партиясы" саясый партиясы Алыбаев Айбек Ташибекович    "Элдик биримдик" элдик-патриоттук партиясы” саясый партиясы Маматов Кайрат Адамкалиевич   "Мекен Биримдиги" биримдиктин жана өнүгүүнүн партиясы Орозалиев Самаган Мурзабекович   "Кыргыз кылымы" коомдук саясый партиясы Толобеков Батырбек Сайпидинович   “Кыргызстандын биримдиги" саясый партиясы Алымкулов Болот Карыпбекович   "Күчтүү Кыргызстан" саясый партиясы Салянова Аида Женишбековна   "Эне тил" биримдик жана өнүгүү саясый партиясы Муканбетова Гульзат Турдукожоевна   “Кыргызстандын элдик кыймылы" саясый партиясы Черноморец Виктор Викторович   "Калыстык бийлик" демократиялык партиясы” саясый партиясы Байтереков Курманбек   Республикалык "Кыргыз Эл" эл биримдигинин саясый партиясы Усупбаев Анарбек Чолпонкулович, Ааматов Маркабай   “Айкол-Манас" элдик-демократиялык партиясы Осмонов Шермамат    "Элдик ынтымак" элдик-патриоттук партиясы” саясый партиясы Чоконов Самат Темирбекович   Улуу Биримдик" улуттук-демократиялык партиясы Каптагаев Эмилбек Саламатович   "Биримдик" (Единство)" демократиялык партиясы” саясый партиясы Аманкулов Марат Аскерович   "Кыргыз Консервативдик Республикалык Партиясы" саясый партиясы Усубакунов Болотбек Мамытович   “Көз каранды эмес жашоо” (Независимая жизнь) республикалык саясый партиясы Исакова АйданаТаабалдиевна   "Умай Эне" республикалык саясый партиясы Шарипова Салима Канатбековна   "Биз прогресс үчүн” (Мы за прогресс) саясый партиясы Мусабаев Муратбек Турдумбекович   "Авангард" саясый партиясы И.о. Балтагулов Джалалбек Торогельдиевич   "Акшумкар" саясый партиясы Сариев Темир Аргембаевич    Кыргызстандын элдик патриоттук "ТЫНЧТЫК" партиясы” саясый партиясы Аширбаев Элкинбек Токтогонович   "Либералдуу-Прогрессивдүү Партия" саясый партиясы Кунакунов Максат Касымжанович   “Кыргызстандын дыйкан (фермердик) партиясы" саясый партиясы Асылбеков Куттубек Бообекович   "АТА жолу" саясый демократиялык партиясы Сооронбаев Дүйшөнбү Шаяхметович   "Даанышман” (МУДРОСТЬ) саясый партиясы Омуркулова Дамира Касымовна   "Ала-Тоо элдик саясый партиясы" Исмаилов Батырбек Талипович   "Санжыра" республикалык саясый партиясы Карабаев Эднан Өскөнович   “Кыргыз Республикасынын транспортчуларынын партиясы” саясый партиясы" Абдрасилов Абдрахим Акчалович   Кыргызстандын патриоттору" саясый партиясы Орозбаков Алмас Сатаркулович    "Тоскоолдуксуз жашоо үчүн” (За жизнь без барьеров) республикалык демократиялык саясый партиясы Асангариев Мирбек Рысбекович   “Борбор” (Столица) демократиялык партиясы” саясый партиясы Мусабаев Атай Нурбекович   "Жаны-Мезгил" саясый партиясы Сулайманова Рита Абдыкадыровна   "Согласие, Единство, Сплоченность"-"Куттуу Эл" (Кыргызстандын элинин улуу мурасынын кайра жаралуусу) саясый партиясы Сарыгулов Дастан Исламович   "Кыргыз Жери" республикалык саясый партиясы Умуралиева Калича Кусеиновна   "Ата-Журт" патриоттук партиясы” саясый партиясы Келдибеков Ахматбек Келдибекович   Кыргызстандын "Таза коом” (Чистое общество) элдик саясый партиясы Кошалиев Кадырали Амракулович; Душебаев Кенешбек Асанбекович; Юлдашов Абдисалам Таирович   "Чындык" - "Правда" Ата мекендин жана укуктун коргоочулары” саясый партиясы Бейшекеев Сыймыкбек Токтогулович    "КУТ" саясый партиясы Абыкеев Уланбек Сартбаевич    "Мекен-Туу" саясый партиясы Сарымсаков Кенжалы   "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич   “Кыргызстандын ардагерлеринин жана жаштарынын партиясы" саясый партиясы Чотбаев Абдыгул Абдрашитович   "БЕРЕН" саясый партиясы Молдобеков Кубанычбек Сакинович   "Кыргызстандын Тамеки жана Пахта өстүрүүчү дыйкандары" саясый партиясы Сыранов Алмазбек Абдижапарович   "Эл менен" саясый партиясы Айманбаев Сабырбек Каниетович   “Кыргызстандын “Жумушчулар жана дыйкандар” саясый партиясы Ахматова Сюита Камалидиновна   "ЗАМАНДАШ" саясый партиясы Молдакматов Женишбек Омургазиевич   "ЖАШАСЫН КЫРГЫЗСТАН" саясый партиясы Усеналиев Аман Ордобекович   "Улуу Кыргыз" республикалык саясый партиясы Кырбашева Жыпара Токторбаевна   "РЕСПУБЛИКА" саясый партиясы Жеенчороев Мирлан Канатбекович   Демократиялык өнүгүүнүн "Эл келечеги" элдик-саясый партиясы Рыскулова Чачикей Мелисовна   “Кыргыз Республикасынын "Бакубат Кыргызстан" саясый партиясы Сатыбалдиев Жанторо Жолдошевич   "Ак Жол" элдик партиясы” саясый партиясы Бакиев Курманбек Салиевич    "Аалам" саясый партиясы Малиев Арсланбек Касымакунович, Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна   "Тандоо эркиндиги” (Свобода выбора) саясый партиясы Лисовский Владислав Нарцисович   "Улут-Ордо" элдик саясый партиясы Нуралы уулу Бактыбек   Кыймылдуу күчтөрдүн саясый партиясы Яндавурова Зубейда Юбузовна   ""Абийирдуу Кыргызстан" саясый партиясы Калимбетова Тажикан Борбугуловна   "Элдик Кенеш" саясый партиясы Нурматова Роза Сарлыковна   Кыргызстандын социалисттик партиясы” саясый партиясы" Масадыков Таалатбек Шамудинович   Кыргызстан элдеринин Конгресси  (Партия Конгресс народов Кыргызстана) саясый партиясы Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович   «Эл арманы» саясый партиясы Исаев Касым, Ниязов Мирослав Джумабекович    «Комсомол» саясый партиясы Сарымсаков Руслан Адыканович   «Содружество» саясый партиясы Нифадьев Владимир Иванович   "Элдик өзүн башкаруунун "Ак Санат" саясый партиясы Турпанов Милан Калыбекович    «Жаны Багыт» саясый партиясы Дырылдаев Рамазан Олокеевич   “Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясый партиясы Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич   "Азаттык демократиялык партиясы" саясый партиясы Исаков Исмаил Исакович   “Акыйкат” (Справедливость) республикалык саясый партиясы Джекшенкулов Аликбек Джекшенкулович   “КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИНИН СОЮЗУ» саясый партиясы Сейталиева Гульмиза Аскарбековна    КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖУМУШЧУ ПАРТИЯСЫ" саясый партиясы Парманкулов Замирбек Култаевич   “7-апрель жаштар кыймылы» саясый партиясы Суеркулов Чоро Эсенбекович   "Мекен баатырлары" саясый партиясы Сагындыков Арстанбек   «Жаштар демократиялык партиясы» саясый партиясы Кадыралиева Ыргал Кармышаковна   «Мезгил агымы» саясый партиясы Шаршембаев Бердибек Ибраимович   «Мекенчил» саясый партиясы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич   «Эгемен Кыргызстан» саясый партиясы Мейманкулов Кумарбек Аскарович   "Бириккен элдик кыймылы" саясый партиясы Мукашев Муратбек Осмоналиевич   «Улуу Барчын» саясый партиясы Торогулова Гульжан Капаровна   «Айымдар акыйкаттык учун» саясый партиясы Мырзабекова Элмира Турусбековна    "ЖЫЛДЫЗ" саясый партиясы Кыдыргычев Авазбек Усенбаевич   "КӨК ЖАЛ ЖАШТАР" саясый партиясы Бекташов Мелис Бекташович   "МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ" саясый партиясы Асанбеков Темирбек Ишенбаевич   «Мекенчил патриоттор» саясый партиясы Шералиев Токталы Медетович   "Кыргызстан" саясый партиясы Исаев КанатбекКедейканович   «Азамат» саясый партиясы Темирбеков Нурдин Кубанычбекович   «Бүткүл жаштар саясий партиясы» МейманалиевТыныбек Сагынбекович   "Күчтүү коом” (Сильное общество) саясый партиясы Трукменуулу Тилек, Бегалиев Акылбек Шамалбекович, Муханов Саветбек Нурулланович   «АЛП» («Айкын Либералдардын Партиясы») саясый партиясы Маленов Ырысбек Байдылдаевич, Искаков Эркин Болотович   «Айкөл Эл» саясый партиясы Албанов Нуржан Төлөгөнович   Мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин  "Бир Бол" саясый партиясы Сулайманов Алтынбек Турдубаевич   "Биримдик жана өнүгүү" (Единство и развитие) саясый партиясы Балтаев Назар Жыргалбекович   “КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛДИК_ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ" саясый партиясы Медетбеков Бакай Турарович   “Кыргызстандын элдик жыйыны" саясый партиясы Айдаров Таалайбек Сагынович   «Каркыра» саясый партиясы Касымов Абдраим Абдырахманович   «Биримдик өлкөсү” (Страна Единства) саясый партиясы Дуйшеева Эльвира Осконбековна    "Союз.Свобода.Справедливость.Родина" саясый партиясы Мияров Бакир    «Каганат» саясый партиясы Асаналиев Нургалы Сагынбекович   «Эл бийлиги» саясый партиясы Борубашов Бекбосун Ишенбекович   Политическая партия «Билим «Илим» Ордосу» Турдубаев Съездбек Жумашалиевич   «ЖАШ БИЛЕК» жаштардын-саясый партиясы Сураналиев Талгат Чыныбекович    «АлгырКыраан» саясый партиясы Суймалиев Нуржакып Окинович   «КЫРГЫЗ ЖУМУШЧУ ЭЛДИК ПАРТИЯСЫ» саясый партиясы Кыдырмышев Руслан Жаманакович   «Эл үчүн” («За народ») саясый партиясы Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич   "Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы  (ПСР) "АК" саясый партиясы Осконбаев Бейшенбек Мамбеталиевич   “КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНТЕРНАЦИОНАЛДЫК-ЛИБЕРАЛДЫК» саясый партиясы Байсалов Каныбек Салыкович   "Таза Табият" саясый партиясы Аманкулов Мирслав Акалович   "Чындык" саясый партиясы Кадыров Кубанычбек Бекбосунович   "Ак-Шам" Мекен жана жаратмандык саясый партиясы Сапарбаев Эрлан Турдакунович   "АМАЛ" руханий жана өнүгүү саясый партиясы Мамбетов Нурдин Джанышбекович   "НУР" либералдык-демократиялык” саясый партиясы Молдобеков Турдубек Асанбекович   "Эмгек партиясы" саясый партиясы Салымбеков Аскар Мааткабылович   "Нурзаман" демократиялык саясый партиясы Таширов Юсуп, Акунов Урматбек Бектемирович   «Кыргыз тилин колдоо жана өнүктүрүү” саясый партиясы Мусаев Сыртбай Жолдошович   "Келечек - Эл" саясый партиясы Жороев Жаныбек Токтоназарович   «Ак Бата» саясый партиясы Асакеев Сардар Тычтыбекович   Политическая партия "Кыргыз либерал демократиялык партиясы" саясый партиясы Качкынбаев Сейтек Садырбекович   "Мурас" саясый партиясы Зайыров Сабырбек Токенович   «Тилектештик” (Солидарность) саясый партиясы Келдибаев Төлөгөн Кыязович    «Ишеним» саясый партиясы Абдураимов Жарасул Осмоналиевич   “АК ХАЛАТЧАН” социалисттик партиясы" саясый партиясы Имашов Улан Дуйшенович   «Кыргызстан элдик партиясы» саясый партиясы Абдурахманов Чингиз Сулайманович   "Адилеттүү Кыргызстан" саясый партиясы Ашырбеков Максат Автандилович   «Жаштар булагы» саясый партиясы Сакебаев Самат Болотович   "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясый партиясы Төрөбаев Бакыт Эргешевич   «Ак калпак» саясый партиясы Маматаев Улукбек Калмаматович   "Чоӊ казат" саясый партиясы Мамытканов Максат Суйуналиевич   «Эл Ордо» саясый партиясы Абдылдаев Саламат Буларович   “Кыргызстандын саясый күчтөрүнүн альянсы» саясый партиясы Эгембердиев Омурбек Амантурович   «Демократиялык альянс» саясый партиясы Таласбаев Бактыбек Джеимбекович   «Эркин Эл кайра жаралуу партиясы» саясый партиясы Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич   «Куттуу Кыргыз» элдик-саясый партиясы Абдылдаев Аидлан Нурдинович   Акыйкаттык жана өнүгүүнүн «Ыйман Нуру» саясый партиясы Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович    «Актив» саясый партиясы Иманалиев Курманбек Белекович   "Элдик партия" саясый партиясы Сабиров Авакир   "Менин Бишкегим" саясый партиясы Соронбаев Абдыкерим Абдыкадырович    "АК" саясый партиясы Жапаров Сагынбек Макишович   «АСМАН АЛА - ТОО» элдик саясый партиясы Бекиев Бекболот Жапарович, Медетхан Кунай    «ЭлАман» саясый партиясы Токомбаева Мухаббат Толкуновна    «Калк Ынтымагы» саясый партиясы Шайлдабеков Азатбек Кармабекович   «Энергетиктер» саясый партиясы Исраилов Абдылда Нургазиевич   "Элдик келишим" саясый партиясы Джусупбекова Замира Мырсабековна    "Реформа" саясый партиясы Сооронкулова Клара Сыргакбековна   Политическая партия «Улуу Кыргызстан» Эсенкожоев Улан Шукурбекович   «Ынтымак» саясый партиясы Калбаев Курманбек Мусаевич   "Эл достугу" жаштар саясый партиясы Сыдыков Абдылда   «Табылга» саясый партиясы Акимканов Туратбек Жакшылыкович   "БИРГЕ-ВМЕСТЕ" саясый партиясы Чумакеева Замира Айдарбековна   “КЫРГЫЗСТАНДЫН ЛИБЕРАЛДЫК_ДЕМОКРАТИЯЛЫК "БАГЫТ" ПАРТИЯСЫ” саясый партиясы Асанов СамаганАлитороевич   "Жаран" саясый партиясы Ашимов Тилек Каарманович    "Тунук Кыргызстан" саясый партиясы Исаев Советбек Асанович   "Эркиндик жана Демократия” саясый партиясы Жапаров Нурланбек Усенбекович   "Өнүгүү Кыргызстан" саясый партиясы Абдраимов Жылдызбек Асанкулович   "Союз" саясый партиясы Исмаилов Алмаз Омуркулович   "Келечек-Будущее" саясый партиясы Исаев Гапар Исаевич   "Кыргыз улут ордосу" саясый партиясы Амиржанов Акрамжан Ахмеджанович   "Данакер-Миротворец" саясый партиясы Бекмуратов Адилбек Адышович   "Тартип-Порядок" саясый партиясы Марлис уулу Эдил   "Аруу Эл" жаратмандардын саясый партиясы Жунушалиев Рустам Рахманович   "РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТ" саясый партиясы Бабанов ОмурбекТоктогулович, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич   "Мекен үчүн” (За Родину) саясый партиясы Бекботаев Темирлан Сарымсакович   "Ала-Тоо ынтымагы" саясый партиясы Жумаканов Мустафа Бейшебаевич   "Адам укугу” (Права человека) саясый партиясы Турсунбек Акун   "КЕЛ-КЕЛ" демократиялык партиясы” саясый партиясы Абдыраманов Чынгыз Сабырбекович   "Айкөл" саясый партиясы Ибрагимов Нурлан Саатбекович    "Партия Патриот" саясый партиясы Крамаров Дмитрий Александрович   "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясы Бакиров Мирлан Исакбекович   "Күч бирдикте” (Сила в единстве) социалдык-саясый партиясы” саясый партиясы Абдивалиев Кадырбек Орунбаевич   "Эл биримдиги" саясый партиясы Джунушалиев Туйгунбек Маликович    "Айтыш-Ата" саясый партиясы Айтышов Канатбек   "Ала-Тоо – кыргыз жери" саясый партиясы Султанов Нурбек Маматкадырович   "Демократ" саясый партиясы Биримкулов Нурлан Алиевич   "Биримдик Элдик Кыргызстан" саясый партиясы Исмаилов Нурбек Даткабаевич   "Жаны шаар партиясы" - "Партия новый город" саясый партиясы Нааматбеков Тилек Нааматбекович   "Кайнар" (Источник) элдик кыймыл партиясы” саясый партиясы Акматов Аслан Абдыбекович   "ЭЛДИК-НАРОДНАЯ" саясый партиясы Бадалов Назми Азреталыевич   "Центр Мира познания духа, науки" саясый партиясы Наматова Бийазыг Наматовна   "Тазалык" саясый партиясы Борбашев Карыпбай    "Эл талабы" саясый партиясы Джумалиева Бакыт Бузурманкуловна   "Бай-Мекен" саясый партиясы Маматжанов Алмамбет Маматжанович    "Калыс" саясый партиясы Сапаров Каныбек Сайырбекович   "Таза Кыргызстан" саясый партиясы Иманкулов Марат Муканович   "Патриот ынтымагы" саясый партиясы Эржанов Дуулатбек   Кыргызстан элдеринин шериктештиги (Содружество народов Кыргызстана) саясый партиясы Ладожинская Надежда Ивановна   “Кыргызстан Айымдары элдик партиясы" саясый партиясы Чунгулова Бактыгүл Осмонбековна   "ЖАРАТМАН ЭЛ" саясый партиясы Тулеев Расул Джумабекович   "Таш-Көмүр жаштары” (Молодежь Таш-Кумыра” саясый партиясы Убайдулаев Тимурлан Орозалиевич   "ЖАНЫ-ДООР" саясый партиясы Кочкоров Улукбек Тойчубаевич   "Асыл Мурас Талас" саясый партиясы (10.03.2017-жылдагы буйрук менен мамлекеттик каттоосу жокко чыгарылган) Кемел уулу Айбек   "Биздин эл” (Наш Народ) саясый партиясы Расулов Майрамбек Алишерович   "Жакшылык-Добро" саясый партиясы Элебесов Турусбек Асангазиевич   "Бирик" саясый партиясы Исамамбетов Кылычбек Байышович   "АСЫЛ МУРАС-ЖАШТАР" саясый партиясы Кемелу улу Айбек   "АЛА-ТОО КАЛК БИРИМДИГИ" саясый партиясы Азылов Насипбек Кумарович   "Улуу көч" саясый партиясы Момунов Акат Акынович    "Исток" саясый партиясы Супатаев Казыбек Жаманкараевич   “Октябрдын жүз жылдыгына даңк” (Слава Столетию Октября) саясый партиясы Черикбаев Каныбек   "Кыргызстандын жаш мууну” (Молодое Поколение Кыргызстана) саясый партиясы Бейшеев Азат Дуулатбекович   “Кыргызстандын жаштарынын прогрессивдүү партиясы" саясый партиясы Абдыкадыров Замир Бараталыевич   "Ынтымак" саясый социалдык партиясы Джураев Шукурбек Мамасадыкович   "Эркин өлкө” (Свободная страна) саясый партиясы Джунушалиев Мелис Турусбекович    "Улуу-Журт" саясый партиясы Камалов Тумарбек Амангелдиевич   "АШАР-Алтан" саясый партиясы Садыр уулу Жумагазы   "АДАМ-ДЕМОКРАТ" саясый партиясы Кадыров Алыбек    "Эл Эрки" саясый партиясы Атарбеков Абытбек   "Бирдиктүү Кыргызстан” (Единый Кыргызстан) саясый партиясы Турдуматов Мирлан Убайдуллаевич   "Кыргыз Келечеги" саясый партиясы Мырзаев Абдымалик Абдыкеримович   "Алтын-Доор" саясый партиясы Асаналиева Гүлжамал Акматовна    "Элдин күчү” (Народная сила) саясый партиясы Чолпонкулов Муратбек Медербекович   "Эне жүрөгү-Мекен" саясый партиясы Молокоев Кадыракун    "ОРДО" саясый партиясы Мияров Мирбек Ибаратович   "Аманат" саясый партиясы Казматов Канатбек Кубанычбекович   "Социал-демократтар" саясый партиясы Атамбаев Сеидбек Алмазбекович   "АЛГА" саясый партиясы Нарматов Мирлан Дубанбекович   "Алтын-Ордо" саясый партиясы Бакырдинов Уларбек Бейшенбекович   "Элдик көзөмөл” (Народный контроль) саясый партиясы Умаров Камил Саздакбаевич   "Жаны демилге" саясый партиясы Сансызбаев Тынайбек Мамбетжанович    "Бийлик элге” (Власть народу) саясый партиясы Эрназарова Калдан Спабековна   "Мекендеш Мигранттар" саясый партиясы Алыбаев Таалайбек Джуманазарович   "БИРИГҮҮ" саясый партиясы Мырзаяров Нурланбек Усманбекович   "Нурдаи" саясый партиясы Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович   “Аруузат" элдин сыймыгы партиясы” саясый партиясы Бекова Алмакан   "Потребсоюз" саясый партиясы Мамаджанов Дадажан   "Айкөл Кыргызстан" саясый партиясы Керимбеков Бакыт Макенович   "Нур" саясый партиясы Шамшидин уулу Абдулхамид   "Адилет" саясый партиясы Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович   "Достук" саясый партиясы Мамбетов Таирбек Батырбекович  
Кененирээк билүү >>
КР БШК коомдук байкоочуларды каттады
21.11.2020

КР БШК коомдук байкоочуларды каттады

Бүгүн, 2020-жылдын 21-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында  2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү берүү менен тѳмѳндѳгү коомдук бирикмелерди каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды: «Жарандык демилгелер» коомдук фондунан: - Ошурахунова Динара Мажановна, - Эсенгельдиев Алмаз Табылдиевич.  Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алуу менен кабыл алында. КР БШКнын  маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Э.М. Турдубекованын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоону жокко чыгарды
21.11.2020

КР БШК Э.М. Турдубекованын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоону жокко чыгарды

Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳткөн Э.М. Турдубекованын мурда катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кайра чакыртып алуу жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып төмөнкүдөй токтом кылды: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.М. Турдубекованын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы №337 токтому менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Усупбекова Назгүл Маратовнаны каттоо жокко чыгарылсын.   БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК И. Ташовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
21.11.2020

КР БШК И. Ташовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады

  Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташов Имамидин Асамидиновичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Жыргалбеков Касиет Жыргалбековичти шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, 2. Турдумамбетова Гулмира Эркиновнаны каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер И. Ташовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 21-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Б. Романовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
21.11.2020

КР БШК Б. Романовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады

  Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Романов Бакыт Асылбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Бактыбек уулу Тазабекти шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, 2. Шатен уулу Аскарды  каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Б. Романовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ж. Камчиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
21.11.2020

КР БШК Ж. Камчиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады

  Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Камчиев Жамбылбектин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Супатаев Съездбек Жумашевичти шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, 2. Шадыканов Бегалы Батыралиевичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Ж.Камчиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 275 277 … 483