БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун финансылоо боюнча окутуучу семинар өткөрдү

21 ноября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоо кампаниясын финансылоонун негизги принциптери боюнча окутуучу семинар өткөрдү.

Контролдук-ревизиондук группанын мүчөсү, шайлоо фонддорунун ачыктыгын камсыздоодо БШКны колдоо боюнча ПРООНдун улуттук консультанты Раида Баширова катышуучуларга шайлоо кампанияларын финансылоодогу маселелерди укуктук жактан жөнгө салуу, шайлоо фонддорун түзүү жана финансылоонун булактары жөнүндө, шайлоо күрөөсү тууралуу, жарандар жана юридикалык тараптар менен эсептешүүлөр, шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттардын эсеби жана чыгымдалышы жөнүндө, финансылык отчеттуулук тууралуу, финансылык ачыктык, көзөмөл жана жоопкерчилик тууралуу айтып берди.  

Раида Башированын айтканы боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамы, шайлоо кампанияларын финансылоонун ачыктыгы боюнча эл аралык стандарттарга, сунуштарга жана талаптарга туура келет.

“Президенттин кызматына талапкер шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Бул көрсөтүлгөн талапкердин мыйзамга шайкеш келээри жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан маалымдама берилгенден кийин 5 календарлык күндүн ичинде жана шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталып жана ага каттоо күбөлүгү берилгенден кийин ишке ашат. Шайлоо фондун түзбөй коюу Президенттик кызматка талапкерди каттабай коюу үчүн БШКга негиз болуп саналат.

Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банк мекемесиндеги атайын эсепке которулат. Атайын эсеп Президенттин кызматына талапкер тарабынан БШКнын уруксаты менен ачылат”, - деди ал.

Шайлоо фонддору Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алына турган төмөнкү акча каражаттарынан, ошондой эле агитациялык-маалыматтык мүнөздөгү материалдардан түзүлөт:

1) талапкердин өзүнүн каражаттары, бул эсептик көрсөткүчтөн 150 000 эседен (15 млн. сомдон ашпайт) ашпагандай болушу зарыл;

2) талапкерге саясый партия тарабынан бөлүнгөн каражат эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эседен (50 млн. сомдон ашпайт) ашпашы керек;

3) жеке адамдардын өз эрки менен каражат бөлүүсү, алардын ар биринин эсептик көрсөткүчү 500 000 эседен (50 млн. сомдон ашпайт) ашпашы керек;

4) юридикалык жактардын өз эрки менен каражат бөлүүсү, алардын ар биринин эсептик көрсөткүчү 500 000 эседен (50 млн. сомдон ашпайт) ашпашы керек;

Сумманын жеткен чеги 200 млн. сомдон ашпайт. 

Раида Баширова коюлган өлчөмдөн ашыкча түшкөн акча каражаттары шайлоо фонддоруна киргизилбейт жана алар жарандар менен уюмдарга кайтарылып берилерин тактады. Шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары улуттук валютада кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошулбайт жана төлөнбөйт. Талапкерди каттоодон расмий баш тарткан учурда шайлоо фондуна түшкөн каражаттар акчаларды берген жана которгон уюмдар менен адамдарга кайтарылып берилет.

Шайлоо фонддоруна өз эрки менен акча жыйноого төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • чет мамлекеттерге, чет элдик мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга, башка чет элдик юридикалык жактарга, алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнө, чет элдик жарандарга, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдарга, катышуучулары чет элдик жарандар жана юридикалык жактар болгон юридикалык тараптарга;
  • жарандыгы жок адамдарга;
  • мамлекеттик бийликтин органдарына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына;
  • мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканаларга;
  • уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар юридикалык тараптар, ошондой эле салыктарды, алымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктерди пайдалангандарга;
  • аскер бөлүктөрүнө, аскердик мекемелер менен уюмдарга;
  • укук коргоо органдарына, сотторго;
  • кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдарга;
  • диний уюмдарга;
  • акча төккөн белгисиздерге (акча төккөн белгисиздерге төмөнкү маалыматтын бирин көрсөтпөгөн адам кирет: фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жеринин дареги, паспорттук маалыматтары, ошондой эле эгер ал өзү жөнүндө туура эмес маалымат берсе).

“Президенттин кызматына талапкер же талапкерди көрсөткөн саясый партия өзүнүн шайлоо фондундагы каражаттан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине мыйзамда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе өлчөмдөгү (же 1 млн. сом) шайлоо күрөөсүн коет, бул тууралуу тиешелүү банктык документти алат. Президенттин кызматына талапкерди каттоо үчүн же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоого чейинки 50 календарлык күндөн кем эмес убакытта Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн күбөлөгөн документти көрсөтөт.

Шайлоо күрөөсү Президенттин кызматына төмөнкүдөй талапкерлерге кайтарылып берилет:

1) Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун 1 пайызына ээ болуп, шайлоодон кийинки 10 календарлык күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондун түзгөн бардык булактар жана көлөмү тууралуу ошондой эле ишке ашырган бардык чыгымдары тууралуу отчет бергенден кийин;

2) Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкерди каттоодон баш тарткан чечим кабыл алса;

3) Шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитүүгө чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандар. 

Күрөөнүн калып калган суммасы бюджетке кириштелүүгө жатат”, - деди ал.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү