Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК Ош облусунун Өзгѳн жана Кара-Суу райондорунда мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча кеңешме ѳткѳрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча бобордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгында мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча тѳмѳн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү.
Кеңешмеге Өзгѳн районунун акиминитн биринчи орун басары Ж. Алиев, Кара_Суу районунун акиминин биринчи орун басары К. Адиев, Ош облусундагы Өзгѳн (103-УШК) жана Кара-Суу (149-УШК) райондорундагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндѳ КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери каралып, комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү, добуш берүүнүн жол-жоболорун жана калыс саноону бекем сактоо, идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептѳѳ, маалыматтарды берүү жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуу иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыз кылуу маанилүү. Добуш берүүнүн жашырындуулугун шайлоочулардын ѳздѳрү бузуп жаткан учурлардын кѳбѳйүп жаткандыгына байланыштуу (сүрѳткѳ тартып алуу ж.б.) мындай фактыларга таасир этүү алгоритми: бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактоо, бюллетенди сүрѳткѳ тартууга, видеого түшүрүүгѳ тыюу салуу боюнча) жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги талкууланды.
Өткѳндѳгү КР ЖК депутаттарын шайлооунун сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери коюлду.
АШКдагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ райондор менен шаарларда ѳз иштерин КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобу менен ѳз ара аракетте уюштуруусу зарыл. УШК менен АШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүсү белгиленди.
Ошондой эле шайлоо процесстерине билим берүү кызматкерлеринин катышуусу, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт иштерине жана кол топтоо процессине билим берүү кызматкерлерин тартууга жол бербѳѳ маселелери да талкууланды.
БШКнын тѳрагасы мугалимдердин жана шайлоо комиссияларынын иштери үчүн ыраазычылык билдирди, алардын бийик компетенциясы жана жооперчиликтүүлүгү шайлоо системасынын ишинде олуттуу негиз болуп саналат.
Ошондой эле шайлоого даярдыктын мезгилинде комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ эмгек акысын сактоо менен ѳргүү бербегендиги үчүн Бузуулар жѳнүндѳ кодексте юридикалык жоопкерчилик (айып) каралгандыгы белгиленди.
Маалымат иретинде:
Өзгѳн районунда 140 139 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 103 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 1307 мүчѳсү камсыз кылууда.
Кара-Суу районунда 244 183 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 149 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 1 948 мүчѳсү камсыз кылууда.
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Ош облусунда штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Ош облусунда штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов бийликтин жергиликтүү органдары менен Ош шаарындагы жана Ош облусундагы шайлоо участокторунун даярдык процессин талкуулашты.
Азыркы учурда Ош облусунда 8 аймактык шайлоо комиссиясы жана 582 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт, аларга комиссиялардын 7538 мүчөсү тартылган. Ош облусундагы шайлоочулардын жалпы саны ноябрдын аяк ченине карата 876 850 адамды түздү.
Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин жана 2020-жылдын 10-ноябрынан тартып “Тизме” маалыматтык порталына - https://tizme.gov.kg/, 2020-жылдын 19-ноябрынан тартып бардык УШКларда жайгаштырды. 1-форма боюнча арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 30-декабрына чейин улантылат.
Учурда 2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу жоюлгандыгына байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча БШК КР Өкмөтү менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Себеби катталган жери боюнча добуш бере албай турган КР жарандарынын айрым категорияларынын (ички жана тышкы мигранттар, студенттер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, катталбаган объектилерде жашаган жарандар, туруктуу жашаган жери жок жарандар) шайлоого катышуу маселелерин чечүү милдети турат.
Кеңешменин алкагында мамлекеттик органдарга шайлоо процессинде бузууларга жол бербөөгө көмөктөшүү тапшырылды, шайлоонун жүрүшүндө бузууларга натыйжалуу чара көрүү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын менен укук коргоо органдарынын тыгыз өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.
Облустук жана шаардык штабдардын көчмө жыйналышында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова пандемия шартында ар бир шайлоо участогу жекече коргоо каражаттары – беткап, дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) жана жугузбоочу салфеткалар менен жабдыла тургандыгын эскертти.
“Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоодо добуш берүү күнү Ош облусунда шайлоочулар социалдык аралыкты сактабай, көп топтолгон учурлар болду. Ошондуктан алдыдагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү күнү санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоону контролго алууну укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен суранабыз“, - деди КР БШК төрагасы.
Республикалык штабдын көчмө жыйналышында УШКларды ылдамдыгы жогору интернет жана байланыш менен камсыздоого тийиштүү маселелери талкууланды. Жергиликтүү бийликтерге участкалык шайлоо комиссияларын үзгүлтүксүз электр жабдуу жана калориферлер менен камсыздоо, ошондой эле шайлоо участокторунда шайлоочунун өздүгүн идентификациялоо үчүн температуралык режимди сактоо тапшырылды.
Шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларына УШКларды пандус жана жардамга чакыруучу баскычтар менен жабдуу боюнча ишти улантуу тапшырылды. Бул түзүлмөлөр калктын тез кыймылдай албаган категорияларына – ДМЧА, кичине балдары бар ата-энелерге, кары адамдарга арналган.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Жалал-Абад шаарында штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Жалал-Абад шаарында штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов бийликтин жергиликтүү органдары менен Жалал-Абад облусунун шайлоо участокторунун даярдык процессин талкуулашты.
Азыркы учурда региондо 12 аймактык шайлоо комиссиясы жана 448 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт, аларга комиссиялардын 5737 мүчөсү тартылган. Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 2020-жылдын 23-ноябрына карата 667 732 адамды түздү.
Облустук жана шаардык штабдардын көчмө жыйналышында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөнүн жана 2020-жылдын 10-ноябрынан тартып “Тизме” порталына - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылганын эскертти.
“Алдын ала маалыматтар боюнча ири шаарларда жашаган, бирок айылда катталган шайлоочулардын саны 200 миң адамга жетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселени чечүүгө муктаждыгы бар жарандардын иш жүзүндөгү санын талдоону облустун жетекчилигинен өтүнөбүз. Алдыдагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ошондой эле жарандардын өзгөчө категориясына байланыштуу маселелерге көңүл буруп, тиешелүү иш жүргүзүүнү суранабыз. “, - деди КР БШК төрагасы.
2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу жоюлгандыгына байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча БШК КР Өкмөтү менен биргеликте иштеп жатканы белгиленди. Себеби катталган жери боюнча добуш бере албай турган КР жарандарынын айрым категорияларынын (ички жана тышкы мигранттар, студенттер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, катталбаган объектилерде жашаган жарандар, туруктуу жашаган жери жок жарандар) шайлоого катышуу маселелерин чечүү милдети турат.
Мындан тышкары, 17-ноябрдан тартып бүт республика боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлүп, аларда өз ара аракеттешүү формалары, тигил же бул бузууларга карата чара көрүү ыкмалары талкууланууда, добуш сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга, башка бузууларга каршы аракеттердин алгоритмдери иштелип чыгууда.
Республикалык штабдын көчмө жыйналышында УШКларды ылдамдыгы жогору интернет, байланыш жана үзгүлтүксүз электр жабдуу менен камсыздоого тийиштүү маселелер көтөрүлдү.
Бийликтин жергиликтүү органдарына кыш мезгилинде ОРВИ сезондук күчөшүнө байланыштуу региондогу эпидемиологиялык кырдаалды контролго алуу жана санитардык ченемдерди жана талаптарды камсыздоого айрыкча көңүл буруу тапшырылды.
Пандемия шартында ар бир шайлоо участогу жекече коргоо каражаттары – беткап, дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) жана жугузбоочу салфеткалар менен жабдылмакчы.
Ошондой эле мамлекеттин милдети болуп саналган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча мындан аркы ишке көңүл буруу зарыл.
КР БШК төрагасы Жалал-Абад облусунун АШК жана УШК өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда өткөн парламенттик шайлоодо аткарган иштери үчүн комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин талкуулады.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандарынын 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусунун тартиби
Кыргызстандын чектеринен тышкары шайлоо участкаларын бекитүү
2020-жылдын 20-ноябрында БШК 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында мыйзамдарга ылайык Кыргыз Респуликасынын чектеринен тышкары 45 (кырк беш) шайлоо участкаларын уюштурууну бекитүү боюнча токтом кабыл алды. https://shailoo.gov.kg/ru/npacik/Postanovleniya_CIK_KR-BShKnyn_toktomdoru/37054545/
Биометрикалык каттоо жана консулдук эсеп
Шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгѳ укуктуу. Биометрикалык маалыматтиарын берген жана КР чет ѳлкѳдѳгү мекемелеринде консулдук эсепте турган жарандар тийиштүү участкалардагы шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдѳ киргизилет.
КР чет ѳлкѳлүк мекемелеринде, калкты тейлѳѳ борборлорунда, ал эми шайлоо алдындагы мезгилде – Кыргызстандын аэропортторунда жана темир жол вокзалдарында биометрикалык каттоодон ѳтсѳ болот.
Консулдук эсепке туруу үчүн документтердин пакетин чет ѳлкѳдѳгү мекемелерге ѳзү барып тапшруусу же чет ѳлкѳдѳгү мекемелердинрасмий электрондук дарегине же ТИМ порталына документтердин сканирленген кѳчүрмѳсүн жѳнѳтүү зарыл. https://mfa.gov.kg/ru/department/departament-konsulskoy-sluzhby/page/874
Шайлоочунун арызына жооп арыз берүүдѳ шайлоочу кѳрсѳткѳн дарек боюнча кагаз же электрондук маалымдама түрүндѳ арыз кабыл алынган күндѳ тартып 5 календардык күндѳн кечиктирбестен жѳнѳтүлѳт.
Шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу
«Тизме» мамлекеттик порталынан шайлоочулардын тизмеси менен таанышса болот. https://tizme.gov.kg/
Жарандарды тааныштыруу максатында «Тизме» мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары түзүлгѳн шайлоо участкаларында тѳмѳндѳгү мѳѳнѳттѳ шайлоочулардын тизмеси илинет:
Шайлоочулардын тизмеси
Добуш берүү күнүнѳ чейин
Дата
алдын ала
52 календардык күн калганда
18 ноябрь 2020
контролдук
22 календардык күн калганда
18 декабрь 2020
биротоло
5 календардык күндѳн кеч эмес
04 январь 2021
Кыргыз Респуликасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн анын жарандары добуш берүү күнүнѳ чейин 10 календардык күндѳн кеч эмес (2020-жылдын 29-декабрын кошуп алганда) тастыктаган документтерди жана биометрикалык идентификациядан ѳткѳндүгүн тиркѳѳ менен тѳмѳнкү учурларда чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелерге арыз менен кайрылууга укуктуу:
кандай гана болбосун каталарды же так эместиктерди, ошондой эле ѳзүнүн шайлоочулдардын алдын ала же контролдук тизмесинде жок экендигин тапканда;
жашаган же жүргѳн жеринин шайлоо участкалары боюнча добуш берүүгѳ ниеттенгенде.
КР чет ѳлкѳдѳгү мекемелеришайлоочулардан келип түшкѳн арыздар боюнча эсеп жүргүзѳт, алар түшкѳндѳ акысыз негизде консулдук эсепке убактылуу турган адам катары шайлоочуну каттайт. Мындай каттоо шайдлоочунун арызында кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳткѳ жүргүзүлѳт.
Арыз ошондой эле «Тизме» мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» http://www.tizme.gov.kg сервизи аркылуу электрондук флорматта берилиши мүмкүн – мындай учурда шайлоочу белгиленген формадагы авторлоштуруудан ѳтѳт.
Добуш берүү күнү
Добуш берүү үчүн милдеттүү түрдѳ жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карт) же жалпы жарандык паспорту же кызматтык же дипломатиялык паспорту болушу зарыл.
«Жарандык жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны деп каралат. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан башка жарандыкты алгандыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотууга алып келбейт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Ош шаарынын укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте жана Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосу менен, Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, ички иштер органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинар өткөрдү.
Укук коргоо органдары үчүн тренинг 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга жана административдик ресурстарды колдонууга каршы багытталган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жана шайлоочуларды сатып алуудагы жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун ар кандай түрлөрү боюнча кейстерди жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун жоболору тууралуу айтып беришти.
Тренингде шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларды квалификациялоонун маселелери, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө, агитациялык иштерде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнүндө түздөн-түз шайлоо участокторунда коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу маселелери да талкууланды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өткөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү
Талапкерлердин
каттоо мөөнөтү
2020-жылдын 30-ноябры
Нарын облусу
Кочкор району
1
Кочкор айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
22.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж.
Чүй облусу
Жайыл району
2
Кара-Балта шаары
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
22.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж.
2020-жылдын 2-декабры
Жалал-Абад облусу
3
Таш-Көмүр
шаары
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
24.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж.
Чүй облусу
Панфилов району
4
Вознесеновка айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
24.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж.
Ысык-Көл облусу
Тоң району
5
Кажы-Сай айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
24.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж.
2020-жылдын 3-декабры
Нарын облусу
Нарын району
6
Орток айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
24.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж.
2020-жылдын 7-декабры
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
7
Отрадное айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж.
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
8
Светло Поляна айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж.
Ош облусу
Алай району
9
Гүлчө айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж.
Ош облусу
Ноокат району
10
Кыргыз-Ата айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
27.11.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж.
2020-жылдын 10-декабры
Нарын облусу
кайра шайлоо
Нарын району
11
Учкун айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
01.12.2020-ж.
саат 18:00гө чейин 4.12.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
КР БШК К.С Асановдун ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттады
Бүгүн, 2020-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы мурда дайындалган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн чакыртып алуу жѳнүндѳ жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоо тууралуу ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн К.С. Асановдун 2020-жылдын 26-ноябрындагы арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. КР БШКнын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 348 токтому менен катталган КР Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү катары Абдыкасымова Гульзат Тилекматовнаны каттоо жокко чыгарылсын жана ыйгарым укауктуу адамга берилген каттоо күбѳлүгү анык эмес деп таанылсын.
2. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү катары Кошоев Тариел Бейшенбекович катталсын жана белгиленген үлгүдѳгү каттоо күбѳлүгү берилсин.
БШКнын маалымат бѳлүм
Кененирээк билүү >>
КР БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-ноябрында өз жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-ноябрындагы № 302 токтому менен 2020-жылдын 24-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, БШК Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2020-жылдын 10-декабрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн деп токтом кылды.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясыга кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурууну тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуну каттады
26-ноябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин, 2020-жылдын 24-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №263-токтомун, 2017-жылдын 11-июлунда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №226-токтом менен бекиткен “Кыргыз Республикасынын Президентин, КР Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен чечим кабыл алды:
1. 2020-жылдын 2-ноябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №269-чечими менен “Общее дело” коомдук фондунан катталган коомдук байкоочу Сейт Рысбекович Бобушевдин каттоосун жокко чыгарылып, ага берилген №3-күбөлүк жараксыз деп табылсын.
2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде “Общее дело” коомдук фондунан коомдук байкоочу катары Канышай Болотбековна Мамытованы КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясында каттап жана ага кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 26-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 26-ноябрь 2020-ж.
Убактысы: _17_.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баядамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
2. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнөн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баядамачы – Исаков Б., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер
Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баядамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
4 .Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Боршайком тренерлер үчүн тренингдердин сериясын баштады
Борбордук шайлоо комиссиясы IFES (Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фонду) менен биргеликте Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосу аркылуу Бишкекте Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тренерлери үчүн, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктар жана аны өткөрүү боюнча тренингдерди өткөрөт.
КР БШКсы атайын модуль ТОТ (тренерлер үчүн тренингдер) иштеп чыкты, Бишкек шаарында жана Ош шаарында катышуучулар кесиптештери менен таанышып алдыдагы пландуу окутууларга даярданышат. ТОТ – интерактивдүү аянтча, анда тренерлер тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүп, тренердин квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.
Тренингдердин биринчи этабы Ош шаарында КР БШК төрайымы Н. К. Шайлдабекованын катышуусу менен өтүп жатат. Тренингдин программасында булар бар:
- Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү жөнгө сала турган мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөрдү окуп билүү жана анализ жасоо;
- КР Президентин шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө жарандардын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттердин алгоритми;
- АШК менен УШКлардын ишмердүүлүгү: түзүлүү тартиби, негизги ыйгарым укуктары жана иштөө принциптери;
- АШК менен УШКлардын добуш берүү күнүнө чейин ишмердиги (имаратты даярдоо, керектелүүчү буюмдардын картасын түзүү, шайлоочулардын тизмеси, талапкерлердин агитация жана шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү укугун камсыз кылуу, шайлоо бюллетендери жана имараттан тышкары добуш берүүнүн тартиби);
- УШК менен талапкерлердин өкүлдөрүнүн, ЖМКлардын жана байкоочулардын өз ара иштешүүсү. УШКнын шайлоочуларга маалымат берүү боюнча ишмердиги;
- Добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо тартиби (добуштарды кол менен саноо процедурасы, УШКнын жараксыз бюллетендер менен иши).
Тренерлер үчүн тренингдер Бишкекте 2020-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына чейин өтөт. Тренингдер аяктаган соң, катышуучулар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга киришет, алар үчүн окуу материалдары, колдонмолор, АШК, УШКнын журналдары иштелип чыккан.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад шаарынын укук коргоо органдары үчүн тренинг ѳткѳрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын демилгеси боюнча Бишкек шаарындагы Программалык офистин колдоосунда «Жарандык платформа» КФ менен бирдикте машыктыргычтардын командасы Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын, ички иштер органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинар ѳткѳрдү.
Тренингдин жүрүшүндѳ ѳткѳн парламенттик жана алдыда болуучу Президенттик шайлоолордогу тобокелчиликтер, ошондой эле КР БШКнын укук коргоо органдары менен ѳз ара аракеттеринин натыйжалуулугу талкууланды.
Окутуунун программасында – шайлоо мыйзамдарынын бузгандык үчүн конституциялык-укуктук жоопкерчилик; шайлоо комиссиялары тарабынан жана бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялар тарабынан даттанууларды (арыздарды) кароонун тартиби; шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен ѳз ара аркеттенүүсүнүн тартиби; шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде добуштарды сатып алуу; шайлоо процессине тийиштүү башка бир катар маселелер турду.
Шайлоонун башкы максаты – чектѳѳнү четтеттүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн шарттарды түзүү экендиги белгиленди.
Тренинг административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти караган практикалык окууларды, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуулардын ар кандай түрлѳрүн камтыган бир катар кейстерди жана юридикалык жоопкерчиликтин нормаларын колдонуунун тарибин талдоону ѳзүнѳ камтыган.
БШКнын маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
С. Моңолдоров Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2020-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды.
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер С. Моңолдоров жана А. Закиров жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн.
Добуш берүүгө Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында С. Моңолдоров 13 добуш, А. Закиров 5 добуш алган.
2020-жылдын 25-ноябрындагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, С. Моңолдоров Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
А. Бектуров Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2020-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча маалымат.
Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчылыгына мамлекеттик администрациядан көрсөтүлгөн бир талапкер - Алтынбек Жунусович Бектуров катталган. Добуш берүүгө Эмгекчил айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, А. Бектуров 11 добушка ээ болду. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, А. Бектуров Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабынын жыйынтыгы чыгарылды
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабынын жыйынтыгы чыгарды жана көрсөтүлгөн 47 талапкердин маалыматтарын жарыялады.
2020-жылы 14-ноябрда саат 23түн 59 мүнөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабы аяктады жана 2020-жылдын 14-ноябрына карата абал боюнча КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө 65 жарандан арыз келип түшкөн (8-аял жана 57 эркек). Алардын ичинен 64 жаран өзүн өзү көрсөтүү тартибинде жана 1 жаран саясий партия тарабынан көрсөтүлүп (С.А. Турдумалиев «Улутман» Республикалык партиясынан) документтерин берген.
Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн талапкер же талапкерди көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык арыз менен бирге документтерди беришет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө арыз бергендердин ичинен:
- мамлекеттик мекемелерде иштегендери – 5;
- коммерциялык эмес уюмдарда - 30;
- КР ЖК депутаттары – 3;
- убактылуу иштебегендер – 24;
- пенсионерлер – 3.
Курак категориясы:
- 35 жаштан 45 жашка чейин – 31;
- 45 жаштан 55 жашка чейин – 30;
- 55 жаштан 65 жашка чейин - 4.
Кыргыз Республикасыныни Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын расмий маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана конституциялык мыйзамында белгиленген талаптарга талапкерлердин документтеринин ылайыктуулугун текшерүү жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык «Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат».
Көрсөтүлгөн бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын жарандыгы жана курагы боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келет.
9 талапкер (Зарипова А. А., Араева А. М., Акжолтоев Т.А., Лилиенталь Ю.В., Капаров Ч. К., Искендеров Ж. У., Клипачева Е. С., Аджиматов С. А., Базаркулов К. Д. мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат берген эмес.
Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык: «Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.».
Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык «Соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз».
3 талапкердин соттуулугу жоюлбагандыгы (Асанов Б. Ж., Кадыров К. Б., Мотуев Н. А. – жоюлбаган соттуулугу бар жана соттун өкүмүнүн негизинде жаза мөөнөтүн өтөөдө) аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан, Кыргыз Республикасмынын Мамлекеттик чек ара кызматынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан алынган маалыматтардын, ошондой эле «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аркеттенүү системасы аркылуу алынган маалыматтардын негизинде көрсөтүлгөн 50 талапкерге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө маалымкат берилген.
КР БШКнын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 273 чечими менен төмөнкү 12 талапкерге документтерин кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алган:
- 3 талапкерге – конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө каралган негиздер боюнча (Асанов Б.Ж., Кадыров К.Б. жана Мотуев Н.А.);
- 9 талапкерге – конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 51-беренесинде каралган негиздер боюнча (Зарипова А,А., Араева А. М., Акжолтоев Т.А., Лилиенталь Ю.В., Капаров Ч. К., Искендеров Ж. У., Клипачева Е. С., Аджиматов С. А., Базаркулов К. Д.).
2020-жылдын 24-ноябрындагы абал боюнча 6 талапкерден (Бакетаев Б.К., Тургуналиев Ж.Т., Исмаилова К.Дж., Кайыпов М.Т., Мадинов О.К., Жумабеков Т. Т.) КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшкөн.
2020-жылдын 24-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бардыгы 47 талапкер көрсөтүлдү:
№
Ф.А.А.
Көрсөтүү субъектиси
1
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
2
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
3
Нышанов Назарбек Айтбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
4
Чороев Кубан Аманбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
5
Исаев Канатбек Кедейканович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
6
Сыдыков Абдыкаар Токтобекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
7
Турдумалиев Сазыкбай Абдрахманович
"Улутман" Республикалык партиясы” саясий партиясы
8
Тагаев Рашид Бакирович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
9
Байгуттиев Женишбек Сейтбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
10
Сооронкулова Клара Сыргакбековна
Өзүн-өзүн көрсөтүү
11
Касенов Аймен Абдыталипович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
12
Эсенбеков Азамат Эсенбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
13
Турдубекова Элеонора Маратовна
Өзүн-өзүн көрсөтүү
14
Шер-Нияз Садык
Өзүн-өзүн көрсөтүү
15
Кабылбеков Урустам Кубанычбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
16
Товкеев Ильгиз Шамшытбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
17
Камчиев Жамбылбек
Өзүн-өзүн көрсөтүү
18
Арстанбек Мыктыбек
Өзүн-өзүн көрсөтүү
19
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
20
Уметалиева Токтайым Джумаковна
Өзүн-өзүн көрсөтүү
21
Малиев Арсланбек Касымакунович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
22
Болгомбаев Медер Кадыркулович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
23
Романов Бакыт Асылбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
24
Ташов Имамидин Асамидинович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
25
Бакируулу Турсунбай
Өзүн-өзүн көрсөтүү
26
Асанов Курсан Сатарович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
27
Токтогулов Ербол Бекинович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
28
Ормуков Темирлан Иниятович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
29
Иманалиев Каныбек Капашович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
30
Тукунов Акжолтой Шакирбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
31
Джеенбеков Равшан Бабырбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
32
Эркетаев Айбек Шарабидинович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
33
Энназаров Санжарбек Арзыкулович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
34
Сүйүналиев Жаныбек Курманканович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
35
Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
36
Темишов Базарбай
Өзүн-өзүн көрсөтүү
37
Жумагулов Бакытбек Сатымбайевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
38
Керимбеков Бакыт Макенович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
39
Абакиров Эльдар Курманбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
40
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
41
Токтосунов Кубанычбек Абдышевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
42
Маматов Адилет Джанышбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
43
Тольбаев БабыржанЛатиханович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
44
СегизбаевАбдил Кенешевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
45
Калыбеков Мирлан Калыбекович
Өзүн-өзүн көрсөтүү
46
Ибраев Саматбек Кулукеевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
47
Жапаров Садыр Нургожоевич
Өзүн-өзүн көрсөтүү
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусундагы Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болбой калды
2020-жылдын 24-ноябрында Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалган.
Учкун айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлер катталбагандыктан, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болгон жок.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды