БШК Э.М. Турдубекованын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоону жокко чыгарды

21 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳткөн Э.М. Турдубекованын мурда катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кайра чакыртып алуу жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып төмөнкүдөй токтом кылды:

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.М. Турдубекованын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы №337 токтому менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Усупбекова Назгүл Маратовнаны каттоо жокко чыгарылсын.

 

БШК маалымат бөлүмү