Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК М. Калыбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
21.11.2020

КР БШК М. Калыбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады

Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калыбеков Мирлан Калыбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Орозбаев Назарбек Эркинбековичти шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, 2. Иманкулов Кумар Кубанычбековичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер М. Калыбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
21.11.2020

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы №280 токтому менен дайындалып, 2020-жылы 17-ноябрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган 3 талапкер – Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович, Сайитбеков Нурлан Авийевич катталган. Добуш берүүгө Барпы айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын баары катышып, Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич – 19, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович – 1, Сайитбеков Нурлан Авийевич 11 добуш алган. Шайлоонун натыйжасы жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы протоколу менен Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Чечим Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентине талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кол тамгаларды жыйноонун тартибин үйрөтүү боюнча окутуу болуп өттү
21.11.2020

КР Президентине талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кол тамгаларды жыйноонун тартибин үйрөтүү боюнча окутуу болуп өттү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар өткөрүп, анда талапкерлерди колдоого кол топтоонун тартибине үйрөтүү болуп өттү. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-пунктунун талабына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгалары коюлган колдоосуна ээ болушу керек. Ошол эле учурда  сунуш кылынган кол тамгалардын саны 60 миң шайлоочунун кол тамгасынан ашпашы керек. Президенттикке талапкерди колдогон кол тамгалар жыйналган баракчалар, мыйзам тарабынан коюлган эсептик көрсөткүчтөрдөн он миң эсеге көп өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн койгондугун бекемдеген документтер менен бирге ыйгарым укуктуу өкүлдөр аркылуу шайлоого чейинки 37 календарлык күндөн кечикпеген убакытта, башкача айтканда 03.12.2020 (кошулат) саат 24:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Тиги же бул талапкерди колдоого кол тамгалар жашы 18ге толгон шайлоочулар арасында гана жыйналуусу керектиги ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн эсине салынды. Кол тамгаларды жыйноо иштеген жерлерде, кызмат өтөгөн жайларда, окуган, жашаган жерлерде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле кол тамгаларды жыйноо жана агитация жасоо конституциялык мыйзам тыюу салбаган башка жерлерде да жүргүзүлөт. Ошол эле учурда шайлоочуларды мажбурлоо же кол койгону үчүн сый акы берүүгө болбойт, мындан тышкары бул процесске маморгандар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алышпайт. БШК айлык акылар, пенсиялар жана башка төлөмдөр төлөнүп жатканда шайлоочулардын кол тамгаларын жыйноого жол берилбестигин белгиледи. Кол тамгаларды жыйноо коомдук тартипти, жол кыймылынын эрежелерин, жарандардын эс алуу укуктарын жана үй-жайынын кол тийбестигин, жамааттардагы ички иш тартибинин эрежелерин бузбашы зарыл. Кол коюла турган баракчаны шайлоочу өз колу менен толтураары, байланыш телефону шайлоочунун каалоосу боюнча көрсөтүлөөрү ыйгарым укуктуу өкүлдөргө түшүндүрүлдү. Шайлоочулар ар башка талапкерлер үчүн кол коюуга укуктуу, бирок бир эле талапкер үчүн бир эле жолу кол кое алышат. Эгер шайлоочу майып болсо же жашы 65тен өткөн шайлоочунун кол коюу баракчасын өз алдынча толтурууга физикалык мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал шайлоочу тууралуу маалыматты кол тамгаларды жыйнап жүргөн адам толтура алат. Бирок кол тамгасын жана кол коюлган күндү шайлоочу өз колу менен коюшу керек. Кокус шайлоочунун колдору иштебей же жок болсо ал шайлоочу тууралуу бардык маалыматтарды кол тамгаларды жыйнап жүргөн адам анын өтүнүчү боюнча толтура алат. Борбордук шайлоо комиссиясы кол тамгалар коюлган баракчалардагы жарандар жөнүндө персоналдуу маалыматтарды текшере алышат, анын ичинде мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасын мыйзамга ылайык колдонуу менен текшере алат. Текшерүү жумушчу тобу тарабынан 8 күндүк мөөнөт ичинде ишке ашырылат. Шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү үчүн, шайлоочу тарабынан кол тамгалар коюлган баракчалардагы маалыматтар текшерилет. БШК кол тамгалардын аныктыгын каттоо кызматынын кызматкерлерин жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин ишке тартуу менен текшерет. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 21-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
21.11.2020

2020–ж. 21-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 21-ноябрь 2020-ж. Убактысы: 16.30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылы 17-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калыбеков Мирлан Калыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Камчиев Жамбылбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Романов Бакыт Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташов Имамидин Асамидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турдубекова Элеонора Маратовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баядамачы – Кутбердиева М.М.., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 8. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК 12 талапкердин документин кайрып берди
20.11.2020

БШК 12 талапкердин документин кайрып берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-ноябрындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун маалыматын угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 беренесин, 49 беренесинин 5, 8 бөлүгү, 50,51- беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун төмөнкү талапкерлердин документин кайтарып берүү чечимин канааттандырды: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 берененин 3, 4 бөлүктөрүндө каралган негиздер боюнча (соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнө ылайык эркиндигинен ажыратуу жайларында кармоо, соттуулугу белгиленген тартипте жоюлбаган):   Асанов Бектур Жантөрөевич; Мотуев Нурлан Аманканович; Кадыров Кубанычбек Бекбосунович. 2) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-берененин 4, 5 бөлүктөрүндө, 51-беренесинде каралган негиздер боюнча (белгиленген мөөнөттө мамлекеттик тилди билүү сертификаты берилбеген) Зариповой Анар Аскарбековне; Араева Анаркуль Медербековна; Акжолтоев Тынчтык Акжолтоевич; Лилиенталь Юлия Викторовна; Капаров Чынгыз Капарович; Искендеров Жеенбек Урудинович; Клипачева Елена Сергеевна; Аджиматов Султан Азаматович; Базаркулов Куттумидин Дербишалиевич Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2020-жылдын 14-ноябрынан баштап жүрдү. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКда студент-журналисттер менен жолугушуу болуп өттү
20.11.2020

КР БШКда студент-журналисттер менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “журналистика” адистиги боюнча окуп жатышкан студенттерге шайлоо процессинин негиздери жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө жаштардын ролу тууралуу айтып берди. БШК жетекчиси жаштарга мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын легитимдешүүсү үчүн шайлоолордун ролу, шайлоолорго кантип катышуу, активдүү жана пассивдүү шайлоо укугу жөнүндө түшүндүрмө берди. “Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары добуш бере алышат, шайлай алышат. Шайлоочулардын тизмесине добуш бериле турган күнү активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, мыйзамдуу жол менен биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. КР мыйзамына ылайык, шайлана турган талапкерлерге жарандыгы, тили, туруктуу жашагандыгы, 30 миң кол жыйноо боюнча талаптар жана чектөөлөр коюлат. Мындан тышкары жашы боюнча талаптар да бар: жергиликтүү кеңештерге 18 жаштан, Жогорку Кеңешке 21 жаштан, Президенттикке 35 жаштан жогоркулар кое алышат, соттуулугу жана ишке жарамдуулугу боюнча да чектөөлөр бар”, – деди ал.   Анын айтымында, өлкөдө 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны көп болгондугуна карабастан, шайлоо процессине жаштардын активдүү аралашуусу анча байкалбай жатат. “КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-ноябрына карата маалыматы боюнча, республикада 3 544 403 шайлоочу бар. Алардын ичинен эркектер -1 693 035, аялдар -1 851 368 же 47,77% жана 52,23%. 2017-жылы болгон Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү – 264 473 болсо, 2015-жылы болгон КР Жогорку Кеңешине шайлоого караганда шайлоочулардын саны – 762 257ге өскөн. Шайлоочулардын санынын көбөйүшү калктын табигый көбөйүшүнө жана шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча туруктуу жасалган иштерге байланыштуу”, - деди БШК жетекчиси. Мындан тышкары БШК төрайымы шайлоочулардын жалпы курамындагы жаштардын орун алуусу боюнча маалыматтарды да келтирди: “Алардын ичинен 1 045 443 шайлоочу 18ден 29 жашка чейин, 853 659 шайлоочу 30дан 39 жашка чейин, 604 195 шайлоочу 50 жашка чейин. Ошол эле учурда 2017-жылы болгон КР Президентин шайлоодо өлкө боюнча 56,32%  шайлоого катышуу болсо, жаштардын катышуусу болгону 41,56% болгон, башкача айтканда жаштардын активдүүлүгү жашы өткөн адамдарга караганда 15%га аз болгон”. Н. Шайлдабекова стратегиялык изилдөөлөрдүн Улуттук институту өткөргөн суроо-жоопторго ылайык, жаштардын шайлоолорго катышуусунун же катышпоосунун себептерин да айтты. “Суроо-жоопторго катышкан жаштар шайлоого катышуулардын мындай себептерин айтышкан: бул ар бир жарандын милдети; алар тандаган талапкерди колдоо зарылдыгы же болбосо алардын добушу шайлоо үчүн маанилүү анткени ал жыйынтыкка таасир тийгизе алат. Ал эми шайлоого катышпаган жаштар өздөрүнүн мындай мамилесин шайлоолордун алардын жана өлкөнүн турмушундагы ролун түшүнбөй тургандыктары, шайлоо системасына ишенбей тургандыктары, шайлоо процесси жөнүндө жана талапкерлер тууралуу маалыматтардын жоктугу жана партиялардын, талапкерлердин программаларында жаштардын маселелеринин жоктугу менен түшүндүрүшөт”. Бул жолугушууга КР БШКнын маалымат берүү жана агитация боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү – эксперттер да катышып, шайлоолорду демократизациялоодогу медиасабаттуулуктун мааниси тууралуу айтып беришти. Студенттерге АСУнун ишин көрсөтүшүп, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин ачыктыгын кантип камсыздай ала тургандыгын да көрсөтүштү.   КР БШК Маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК чет өлкөлөрдөгү 45 шайлоо участогун бекитти
20.11.2020

КР БШК чет өлкөлөрдөгү 45 шайлоо участогун бекитти

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 20-ноябрындагы жыйынында, 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде  45 (кырк беш) шайлоо участокторун бекитүү токтомун кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 2-13-беренелерине, КР Боршайкомунун 2020-жылдын 24-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү” №263-токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен, КР Боршайкомунун 2020-жылдын 26-июнундагы №120-токтому менен бекитилип, чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндөгү Жобого ылайык кабыл алынды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана добуш бере турган шайлоо участоктору түзүлгөн чет  мамлекеттердеги татаал эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен да кабылданды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, 2020-жылдын 4-октябрында КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо түптөлгөн Кыргызстандын чегинен тышкаркы участкалык шайлоо комиссияларын бекитүү тапшырылды.   КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Арстанбек Мыктыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
20.11.2020

КР БШК Арстанбек Мыктыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн – 2020-жылы 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбектин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Шамшидин уулу Абдулхамидди шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, 2. Ыманкулов Нышанбай Талантбековичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Арстанбек Мыктыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 19-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК К. Токтосуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
20.11.2020

КР БШК К. Токтосуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн – 2020-жылы 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Токтосунов Кубанычбек Абдышевичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Талантбеков Данияр Талантбековичти шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, 2. Акулуев Бекбол Кемеловичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер К. Токтосуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 19-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК эки АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
20.11.2020

КР БШК эки АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 20-ноябрындагы жыйналышында Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды: Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы: -         “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович комиссиянын курамынан чыгарылсын; -         “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаева Зулайка комиссиянын резервинен чыгарылсын; -         “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шапиев Улукбек Мурзабекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы: -         жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Адинаев Жамалидин Жетимишович, Абдулдаев Шарафидин Эсеналиевич, Ташмаматов Кубанычбек Парпиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; -         жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдибалиев Айбек Абдыкалыкович, Исираилов Бейшен Арпидинович, Шадыбек уулу Кудретилла резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгуу боюнча З. Абдуллаеванын арызынын, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Ж. Адинаевдин, Ш.Э. Абдулдаевдин, К.П. Ташмаматовдун арыздарынын, М.А. Эндешовду Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
20.11.2020

Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 20-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы №291 токтому менен дайындалып, 2020-жылы 18-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжаларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Максутов Кылычбек Замирович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаты тарабынан сунушталган. Добуш берүүгө Ак-Жар айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, К.З. Максутов – 16 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 3 добуш берилген. Кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы протоколу менен Максутов Кылычбек Замирович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды. Чечим 2020-жылдын 18-ноябрындагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 20-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
20.11.2020

2020–ж. 20-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 20-ноябрь 2020-ж. Убактысы: 17:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылы 18-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Токтосунов Кубанычбек Абдышевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. 2020-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларды бекитүү жөнүндө (баядамачы – Уметалиев А.Т. - эл аралык кызматташтык б=лъмънън башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
20.11.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 24-ноябры Нарын облусу Кайра шайлоо Нарын району 1 Учкун айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 16.11.2020-ж саат 18:00гө чейин 19.11.2020-ж. 2020-жылдын 25-ноябры Нарын облусу Нарын району 2 Эмгекчил айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 17.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 20.11.2020-ж. 2020-жылдын 25-ноябры Ысык-Көл облусу Тоң району 3 Күн-Чыгыш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж. 2020-жылдын 30-ноябры Нарын облусу Кочкор району 4 Кочкор айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж. Чүй облусу Жайыл району 5 Кара-Балта шаары саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж. 2020-жылдын 2-декабры Жалал-Абад облусу Город Таш-Кумыр 6 Таш-Көмүр шаары саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 24.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. Чүй облусу Панфилов району 7 Вознесеновка айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 24.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. Ысык-Көл облусу Тоң району 8 Кажы-Сай айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 24.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. 2020-жылдын 3-декабры Нарын облусу Нарын району 9 Орток айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 24.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. 2020-жылдын 3-декабры Жалал-Абад облусу Кайра шайлоо Жалал-Абад шаары 10 Жалал-Абад шаарынын мэриясы саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 25.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 28.11.2020-ж. Сузак району 11 Көк-Арт айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин       2020-жылдын 7-декабры Ысык-Көл облусу Ак-Суу району 12 Отрадное айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж. Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району 13 Светло Поляна айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж. Ош облусу Алай району 14 Гүлчө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж. Ош облусу Ноокат району 15 Кыргыз-Ата айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.11.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
КР БШК укук коргоо  органдары үчүн добуш сатып алууларга жана админресурска каршы туруучу окутуучу тренингдердин сериясын өткөрөт
20.11.2020

КР БШК укук коргоо  органдары үчүн добуш сатып алууларга жана админресурска каршы туруучу окутуучу тренингдердин сериясын өткөрөт

2020-жылдын 23-ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу менен, “Шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулганда аракет жасоо жана иш-чараларды иштеп чыгуудагы укук коргоо органдарынын ролу” деп аталган тренингдердин сериясын өткөрөт. Окута турган иш-чаралардын бул цикли 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добушун сатып алууга жана административдик ресурстун колдонулушуна каршы багытталган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жана шайлоочулардын добушун сатып алуудагы жоопкерчилик тууралуу талкуулар жүргүзүлөт, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун камтыган башка бир катар кейстер да сунуш кылынып жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби да талкууга салынат. Окутуу программасында шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн конституциялык-укуктук жоопкерчилик; бузуулар жөнүндөгү иштерди кароодо комиссиялар жана шайлоо комиссияларынын даттанууларды (арыздарды) кароолорунун тартиби; шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын өз ара иштешүүсүнүн тартиби; шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде добуштарды сатып алууга каршы жана шайлоо процессине тиешелүү бир катар башка маселелер да бар. Укук коргоо органдары үчүн тренингдердин графиги 23 – 24 ноябрь 2020 Жалал-Абад шаары 25 – 27 ноябрь 2020 Ош шаары 28 ноябрь 2020 Баткен шаары 3 - 4 декабрь 2020 Талас шаары 7 – 8 декабрь 2020 Нарын шаары 9 – 10 декабрь 2020 Каракол шаары 11 – 12 декабрь 2020 Чүй облусу Окутуучу тренингдердин жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте өз ара иштешүүнүн формаларын, тигил же бул мыйзам бузууларга реакция жасоонун түрлөрүн талкуулап, добуш сатып алууларга жана административдик ресурсту колдонууларга жана башка мыйзам бузууларга каршы биргелешип аракет кылуунун алгоритмин иштеп чыгышат. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Айбек Эркетаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
19.11.2020

КР БШК Айбек Эркетаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

19-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Айбек Шарабидинович Эркетаевдин 19-ноябрдагы арызынын негизинде төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн: 1. Нургуль Шарабидиновна Эркетаеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Айбек Эркетаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, 2. Гулия Элебаевна Байтулакованы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Айбек Эркетаевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 19-ноябрындагы Айбек Эркетаевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Е.Б. Токтогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
19.11.2020

КР БШК Е.Б. Токтогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн – 2020-жылы 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ербол Бекинович Токтогуловдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды: 1. Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Е.Б. Токтогуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары; 2. Токтогулова Жылдыз Бекиновнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Е.Б. Токтогуловдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары. Чечим Е.Б. Токтогуловдун 2020-жылдын 18-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 276 278 … 483