БШК Б. Романовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады

21 ноября 2020

 

Бүгүн – 2020-жылы 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Романов Бакыт Асылбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Бактыбек уулу Тазабекти шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары,

2. Шатен уулу Аскарды  каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары.

Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Б. Романовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү