Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Тоң жана Лейлек райондорундагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Баткен облусунун Лейлек районунун төмөнкү кээ бир шайлооучасткаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндөтоктом кылды:
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагы:
№ 3207 шайлоо участкасынын дареги Жунушев көчөсү, 15 дарегиндеги Кажы-Сай айылынын “Бизнес инкубатор” ишканасынынимаратынан Жунушев көчөсү, 1 дарегиндеги айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы:
№ 8013 шайлоо участкасынын дареги К. Ниязматов көчөсү, 6 дарегиндеги Кулунду айылынын маданият үйүнүн имаратынан Ленин көчөсү, 56 дарегиндеги айыл өкмөтүнүн имаратынаөзгөртүлсүн;
№ 8207 шайлоо участкасынын дареги С. Садыков көчөсү, 108 дарегиндеги Интернационалайылынын спорт комплекси имаратынан Октябрдын 60 жылдыгы көчөсү, 51 дарегиндеги Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Чечим Тоң жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участогунун орун-жайында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
Тоң жана Лейлек аймактык шайлоокомиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары менен биргеликте шайлоочулардынарасында шайлоо участкаларынын даректериөзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштеринжүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 6-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 6-январь 2021-ж.
Убактысы: 15: 30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Баткен облусунун Лейлек районунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуну аккредитациялоо жөнүндө
(баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
4. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана референдумда коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК: 2021-жылдын 10-январына (жекшемби) дайындалган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмелери календарлык планга ылайык өлкөнүн бардык шайлоо участкаларына илинди
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумуна шайлоочулардын биротоло тизмеси 2-январда түзүлүп өлкөнүн баардык шайлоо участкаларына илинди, ошондой эле шайлоочулардын электрондук «Тизме» (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылды.
Шайлоочулардын тизмесине Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматынын негизинде 3 млн. 563 миң 574 адам кирген.
көпчүлүгү Ош областында – шайлоочулардын жалпы санынын 20%. Андан кийин Жалал-Абад областы, Чүй областы жана Бишкек шаары. Шайлоочулардын жалпы санынын 4%нан азы Ош шаары жана Талас областы боюнча.
Аймактар
УШКнын саны
Шайлоочулардын саны
Республика боюнча шайлоочулардын жалпы санынын %
Кыргыз Республикасы боюнча:
2474
3563574
100 %
БИШКЕК ш.
228
416123
12
Ош шаары
78
151115
4
БАТКЕН ОБЛАСТЫ
217
297264
8
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
449
666695
19
НАРЫН ОБЛАСТы
171
202475
6
ОШ ОБЛАСТЫ
512
722933
20
ТАЛАС ОБЛАСТЫ
117
157886
4
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ
406
591818
17
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ
248
307786
9
КР ТИМ – чет элдик катышуучулар дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн
48
49479
1
Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси мазмуну боюнча бирдей. Бирок шайлоого жана референдумга катышкандардын санын эсептөө добуш берүү күнү өзүнчө жүргүзүлөт.
Республикасында шайлоочулардын саны 2015-жылга салыштырганда 802 миң 277 адамга же 29,05% га. Көбөйгөн.
Шайлоочулардын санынын өсүшү 2017-жылга салыштырмалуу 537 миң 804 адамга же 18% түзгөн.
Шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4-октябрына салыштырмалуу 40 миң 20 адамга же +1.14% түзгөн.
Шайлоочулардын санын көбөйүшү калктын табигый өсүшү жана шайлоочулардын тизмесин өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш алып баруудан болду.
Шайлоочулардын санынын өсүү динамикасы жана санынын өзгөрүүсү жөнүндө маалымат:
№
Аймак
ЖК
шайлоосу 2015
Президентти шайлоо
2017
ЖК
шайлоосу 2020
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум 10/01/2021
Салыштыруудагы өсүштөр
04/10/2015
Салыштыруудагы өсүштөр 15/10/2017
Баардыгы:
2 761 297
3 025 770
3 523 554
3 563 574
802 277
537 804
1
Бишкек ш.
368 194
426 722
497692
416120
47926
-10602
2
Ош ш.
133 388
159 348
181300
151117
17729
-8231
3
Баткен областы
223 763
243 722
284265
297263
73500
53541
4
Жалал-Абад областы
495 455
545 746
643774
666696
171241
120950
5
Ысык-Көл областы
241 002
259 118
290769
307786
66784
48668
6
Нарын областы
150 137
161 895
176202
202476
52339
40581
7
Ош областы
557 309
589 412
682603
722933
165624
133521
8
Талас областы
122 983
130 195
149011
157884
34901
27689
9
Чүй областы
453 754
491 032
586664
591818
138064
100786
10
КР ТИМ
15 312
18 580
32602
49481
34169
30901
Белгилей кетүүчү жагдай, шайлоочулардын “Тизме” порталында шайлоонун ар бир деңгээли боюнча тизмеси камтылган: жалпы улуттук жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө шаардык менен айылдык кеңештерге өтүүчү шайлоолор үчүн жергиликтүү тизмелер.
Шайлоочулардын тизмелери шайлоолор ортосундагы аралыкта ай сайын бир жолу, шайлоо мезгилинде такай жаңыртылып турат.
Учурдагы шайлоонун анык тизмелеринен тышкары шайлоочулардын “Тизме” порталында шайлоочулардын мурунку үгүт иштерине катышуусу боюнча статистикалык маалыматтар, өздүк маалыматтарды жалпы тизмеден издөө баракчасы, электрондук “Шайлоочунун кабинети”, ошондой эле шайлоочулардын мурда жазылган арыздарынын негизинде УШКлардан УШКларга которулуу кыймылы камтылат.
Мамлекеттик “Тизме” (tizme.gov.kg) порталында шайлоочулардын жаш курагы, шайлоочулардын гендердик курамы, анын ичинде аймактар, райондор жана шаарлар боюнча маалыматтар менен таанышууга болот.
Жаш курактагы 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны, баардык шайлоочулардын жалпы санынан 31%дан ашыгын түзөт.
Шайлоочулардын тизмесинин гендердик курамындагы 52,21% - аялдар, 47,679% - эркек шайлоочулар.
Жогоруда белгиленген категориялар боюнча шайлоочулардын тизмесин дифференциациялоо шайлоочуларды маалымдоо жана талапкелердин, эксперттердин жана окумуштуулардын колдонуусу үчүн дайыма “Тизме” сайтында көрсөтүлүп турат.
Шайлоочулардын тизмеси: жаш курак боюнча маалымат
Кыргыз Республикасы
02-01-2021
карата тизмеси
Жаш курагы боюнча
Шайлоочулардын саны
18-29
%
30- 39
%
40-49
%
50-59
%
60-69
%
70~
%
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА:
3563574
975921
27,39
891686
25,02
621613
17,44
530420
14,88
368534
10,34
175400
4,92
БИШКЕК ш.
416123
95464
22,94
97833
23,51
75787
18,21
67603
16,25
48588
11,68
30848
7,41
ОШ ш.
151115
41252
27,30
38253
25,31
24542
16,24
23143
15,31
16901
11,18
7024
4,65
БАТКЕН ОБЛАСТЫ
297264
86354
29,05
76996
25,90
50972
17,15
42207
14,20
28453
9,57
12282
4,13
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
666695
196614
29,49
167701
25,15
113827
17,07
96131
14,42
65933
9,89
26489
3,97
НАРЫН ОБЛАСТЫ
202475
56592
27,95
48718
24,06
37466
18,50
29579
14,61
19889
9,82
10231
5,05
ОШ ОБЛАСТЫ
722933
211335
29,23
183742
25,42
121865
16,86
105718
14,62
69200
9,57
31073
4,30
ТАЛАС ОБЛАСТЫ
157886
44662
28,29
39012
24,71
28572
18,10
22304
14,13
15694
9,94
7642
4,84
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ
591818
147780
24,97
148467
25,09
104497
17,66
90962
15,37
67757
11,45
32355
5,47
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ
307786
81531
26,49
74653
24,25
53457
17,37
47208
15,34
34133
11,09
16804
5,46
КР ТИМ
49479
14337
28,98
16311
32,97
10628
21,48
5565
11,25
1986
4,01
652
1,32
Шайлоочулардын тизмеси: гендердик маалымат
УШКнын саны
Шайлоочулардын саны
эркектер
%
аялдар
%
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА:
2474
3563574
1703097
47,79
1860477
52,21
БИШКЕК ш.
228
416123
176243
42,35
239880
57,65
ОШ ш.
78
151115
69099
45,73
82016
54,27
БАТКЕН ОБЛАСТЫ
217
297264
145299
48,88
151965
51,12
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
449
666695
324906
48,73
341789
51,27
НАРЫН ОБЛАСТЫ
171
202475
101010
49,89
101465
50,11
ОШ ОБЛАСТЫ
512
722933
350959
48,55
371974
51,45
ТАЛАС ОБЛАСТЫ
117
157886
78394
49,65
79492
50,35
ЧҮЙ ОБЛАСТЫ
406
591818
281523
47,57
310295
52,43
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ
248
307786
150642
48,94
157144
51,06
КР ТИМ
48
49479
25022
50,57
24457
49,43
Эгерде шайлоочуларды калктын пайыздык санына карата эсептелинсе, анда Нарын областы алдыда – 289 621 жашоочусунун ичинен 198 697 (68%) – 18 жаштан жогорку жарандар, башкача айтканда активдүү шайлоо укугуна ээ болгондор.
Пайыздык көрсөткүчтө Бишкек шаарынын шайлоочулары аз. Борбор калаада 1 053915 каттоодо турган жарандардан 414575 адам шайлоочу, юул 39,34% ды түзөт.
Шайлоочулардын тизмесинин динамикасы: жалпы статистика
Кыргыз Республикасынын калкынын туруктуу эсеби
01.01.2020-жылдан жана 2020-жылдын 30-июнуна карата шайлоочулардын аймактар боюнча саны
№ п/п
Аймак/шаар
Калкы
18 жаштан жогорку шайлоочулар
Калктын жалпы санынын %
Жыйынтыгы:
6523529
3407895
52,24
1
Бишкек ш.
1 053 915
414575
39,34
2
Ош ш.
312 530
143432
45,89
3
Чүй областы
959 884
566734
59,04
4
Ысык-Көл областы
496 050
300905
60,66
5
Нарын областы
289 621
199652
68,94
6
Талас областы
267 360
153734
57,50
7
Ош областы
1 368 054
699245
51,11
8
Жалал-Абад областы
1 238 750
633 622
51,15
9
Баткен областы
537 365
285776
53,18
10
ТИМ КР
10220
0,16
2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан шайлоочулардын тизмелерин жалпы жакшыртылышы аны үзгүлтүксүз актуалдаштыруу жана «Тизме» порталына жайгаштырылгандыгы, 2017-жылга салыштырганда шайлоодо аларды тактоо мөөнөттөрү 20 күнгө узартылгандыгы менен дагы түшүндүрүлөт.
Шайлоочулардын ачык жана айкын тизмеси шайлоо убагында гана эмес, шайлоолордун аралыгындагы мезгилде дагы жеткиликтүү, бул статистиканы каалаган убакытта көрүүгө жарандарга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, тизмелерди жакшыртуу боюнча жалпы чаралардын ичинде шайлоо убагында аны тактоо мөөнөттөрү узартылгандыгы, «Тизме» порталында “шайлоочунун кабинети” аркылуу электрондук арыз берүү мүмкүнчүлүгү киргизилгендиги, ошондой эле биометрикалык каттоону тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу дагы бар.
Жалпы чаралардан тышкары, шайлоочулардын айрым категориялары үчүн конкреттүү чаралар ишке ашырылууда, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын милдеттүү түрдө эсепке алынышы; чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларынын санынын көбөйтүлүшү; аялдардын талапкер катары шайлоого катышуусу үчүн квоталардын киргизилгендиги, бул өз учурунда шайлоочу аялдардын шайлоо процессине катышуусуна түрткү болот; жаштар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштери. Бул чаралар мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча пландарда каралган.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Өлкөдөгү шайлоо участкаларынын 83% пандустар менен жабдылган
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоонун жүрүшүнүн инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде атайын жардам каражаттары менен жабдуу жана добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча тутумдуу(системдүү) саясат жүргүзөт.
Боршайкомдо ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧ) Керектөө картасы туруктуу негизде түзүлүп, ДМЧ шайлоочулардын иш жүзүндөгү так саны эсепке алынат, атайын форматтарды колдонуп ДМЧ шайлоочуларга маалымат берүү уюштурулат.
Учурда 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мөөнөтүнүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын Керектөө картасы жаңыланды.
Өткөн 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бири гана пандустар менен жабдылып, КРнын Курулуш нормалары жана эрежелеринин (КН жана Э) 10% на туура келген. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43%га, августта – 65,7%, сентябрда – 79%, декабрда – 83,4% га жеткен.
Пандустар менен жабдуу дагы 185 участкада муктаждык жок. Бүгүнкү күндө 215 шайлоо участокторунда пандус жок, добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жумуштары уланууда.
2020-жылдын 1-декабрына карата пандустар тууралуу маалымат
(УШКлардын саны – 2420)
№
Жайдын аталышы
УШКнын саны
Орнотулду
Пайызы
Орнотулбаган
Пайызы
Зарылдыгы жок
Пайызы
Бишкек ш.
233
208
89,2%
25
10.7%
0
Чүй областы
406
362
89,1%
30
7,3%
0
Талас областы
117
109
93%
0
0
3
2,5 %
Нарын областы
171
168
98,2%
3
1,7%
0
Иссык-Көл областы
248
225
90,7%
13
5,2%
10
4%
Жалал-Абад областы
448
356
79,5%
61
13,6%
31
6,9%
Ош областы
582
410
70,4%
62
10,2%
110
19%
Баткен областы
215
182
84,6%
18
8,3%
17
7%
2420
2020
83,4%
215
8,8%
185
7,6%
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын каттоодон өткөн жалпы саны 18 285 адамды түзөт. Анын ичинен:
Пандус коюлган шайлоо участкалары жана ДМЧ шайлоочулардын Керектөө картасы жөнүндөгү маалымат
п/н
Райондор
УШКлардын саны
Пандустар
Керектөө картасы
ДМЧ шайлоочу
коюлган
Коюлбаган
Зарылдыгы жок
Ооба
Жок
Бишкек
Бишкек ш.
233
208
25
233
1419
Ош областы
Кара-Суу
149
135
2
12
98
51
509
2
Өзгөн
103
36
13
54
103
0
156
3
Кара -Кулжа
47
19
28
47
0
47
4
Ноокат
100
91
0
9
100
0
700
5
Араван
47
18
1
28
47
0
206
6
Алай
43
37
1
5
43
0
87
7
Чоң- Алай
17
15
0
2
15
2
7
8
Ош шаары
76
59
17
0
70
6
734
Жыйынтыгы:
582
410 (70,4)
62(10,6)
110 (19)
523 (89,8)
59 (10,2)
2446
Баткен областы
9
Кадамжай
72
66
4
2
13
59
24
10
Лейлек
53
42
4
7
53
332
11
Сүлүктү
13
13
0
0
13
58
12
Баткен ш.
10
9
1
0
10
105
13
Баткен району
46
31
9
6
46
262
14
Кызыл- Кыя ш.
21
21
0
0
21
12
Жыйынтыгы:
215
182 (84,6)
18 (8,3)
15 (7)
156 (72,5)
59 (27,5)
793
Жалал-Абад областы
15
Сузак
114
102
0
12
114
358
16
Жалал- Абад ш.
25
25
0
0
25
25
17
Базар- Коргон
64
60
1
3
64
109
18
Ноокен
53
48
5
53
126
19
Чаткал
15
15
0
0
15
8
20
Майлы - Суу
8
5
2
1
8
8
21
Таш- Көмүр ш.
11
11
0
0
11
9
22
Аксы
59
15
44
59
44
23
Токтогул
35
29
6
0
27
8
99
24
Кара- Көл
9
9
0
0
9
31
25
Тогуз -Торо
15
0
0
15
9
6
15
26
Ала- Бука
40
37
3
40
292
Жыйынтыгы:
448
356 (79,5)
61 (13,6)
31 (6,9)
434 (96,8)
14 (3,2)
1124
Чүй областы
27
Аламудун р-ну
61
60
1
0
60
1
820
28
Токмок ш.
20
15
5
0
20
0
320
29
Жайыл р-ну
49
39
0
10
49
0
124
30
Ысык-Ата р-ну
69
69
0
0
69
0
1884
31
Кемин р-ну
32
31
1
0
32
0
99
32
Москва р-ну
43
41
0
2
43
0
1041
33
Панфилов р-ну
27
25
2
0
27
0
247
34
Сокулук р-ну
74
60
12
2
74
0
4860
35
Чүй р-ну
31
22
9
0
22
9
122
Жыйынтыгы:
406
362 (89,1)
30 (7,3)
14 (3)
396 (86)
10(2)
9517
Талас областы
36
Бакай-Ата р-ну
24
24
0
0
15
9
66
37
Талас ш.
10
10
0
0
6
4
11
38
Кара-Буура р-ну
28
25
3
0
22
6
62
39
Манас р-ну
22
20
2
16
6
49
40
Талас р-ну
33
30
0
3
26
7
108
Жыйынтыгы:
117
109 (93)
3 (2,5)
5(4,2)
85 (72,6)
32 (27)
296
Ысык-Көл областы
41
Ак-Суу р-ну
41
41
41
0
941
42
Балыкчы ш.
16
16
0
0
13
3
47
43
Каракол ш.
25
22
3
25
0
554
44
Жети-Өгүзй р-ну
48
41
7
48
0
114
45
Исык-Көл р-ну
40
38
2
40
0
412
46
Тоң р-ну
37
36
1
16
21
37
47
Түп р-ну
41
31
10
32
9
124
Жыйынтыгы:
248
225 (90,7)
13 (5,2)
10 (4)
215 (86,6)
33 (13,3)
2229
Нарын областы
Ак-Талаа р-ну
21
20
1
20
1
30
48
Ат-Башы р-ну
29
29
0
0
25
4
139
49
Нарын ш.
21
20
1
20
1
66
50
Нарын р-ну
34
34
0
0
25
9
77
51
Кочкор р-ну
37
37
0
0
35
2
106
Жумгал р-ну
29
28
1
19
10
43
Жыйынтыгы:
171
168 (98,2)
3 (1,7)
144 (84,2)
27 (15,7)
461
Өлкө боюнча жалпысы:
2420
2020 (83,4)
215 (8,8)
185 (7,6)
2186 (90,3)
234 (9,6)
18285
Керектөө картасындагы маалыматтар ДМЧ шайлоочуларга жашаган жеринен добуш берүүчү жайга социалдык таксилердин каттамдарын жеткиликтүү уюштуруу, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды, жардам кнопкасын орнотууну уюштуруу ж.б. камсыздоо жана тиешелүү чараларды көрүү ЖӨБО жана мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарына өткөрүлөт.
Ошондой эле шайлоодогу инклюзивдүүлүктү жайылтуу максатында добуш берүү үчүн столдор, кабиналар жана урналар, маалымат такталары коляскаларды пайдаланган же өз алдынча кыймылдашы оор болгон шайлоочулар үчүн шайлоо участкаларында жеткиликтүү болгондой (бийиктиги, туурасы, кеңдиги жана жайгашкан жери боюнча) жайгаштырылат.
Добуш берүү үчүн бир кабина туурасы 40 см. кем эмес, тереңдиги 30 см.ден кем эмес, полдун деңгээлинен 75 см. өлчөмүндө бийик турган бюллетендерди толтуруу үчүн орун-жай (стол, текче, таянгыч) менен жабдылат Баардык УШКларда чоңойтуучу айнек (лупа) жана/же Брайл трафарети коюлат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар деп, активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген:
угуу;
көрүү;
таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын
жекемчиликтердин кесепеттери менен шартталган организмдин функциялары туруктуу бузулган ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары таанылат.
Талапкерлер, саясий партиялар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитрлөө, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылган, ошондой эле Брайл шрифти же дагы башка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар үчүн атайын каражаттарды колдонуп, үгүт материалдарынын тиражынын жалпы санынын бир пайыздан кем эмесин жарыялоого милдеттүү.
КРнын БШКсынын маалыматтык борбору.
Кененирээк билүү >>
БШК У.Т.Кочкоров, А.К Сегизбаев. жана К.С. Асановдун КТРКга карата даттануусун канааттандырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 5-январындагы отурумунда У.Т.Кочкоров, А.К Сегизбаев. жана К.С. Асановдун Коомдук телерадио берүү корпорациясына карата YouTube видеохостингден видеоматериалдарды алып салганы боюнча даттануусун канааттандыруу чечимин кабыл алды.
КР БШКнын дарегине 2020-жылдын 31-декабрында КРнын Президенти кызматына койгон үч талапкерден төмөндөгүдөй арыз түшкөн:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Т.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кочкоровдон “ 2020-жылдын 30-декбрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер КТРКнын эфиринде чыгып сүйлөштү. Аталган дебаттар түз берүүдө КТРКнын эфиринен жана социалдык тармактардагы Youtube жана Facebook расмий барактарынан көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда,2020-жылдын 28 жана 29-декабрында чыккан теледебаттар жогоруда аталган интернет булактарында турат, ал эми 2020-жылдын 30-декабрында көрсөтүлгөн теледебаттар жеткиликсиз. Шайлоо мыйзамдарын бузуу орун алды деп белгиленген” – деп көрсөтүлгөн.
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү жана талапкердин штабынан К.К.Күмүшбековдон “КТРК дебаттан кийин социалдык тармактардан Youtube видеохостингинен теледебаттардын эфирин жок кылып салганына катуу тынчсызданышаарын билдиришет. КТРКнын байкоочу кеңешинен теледебаттардын толук эфирин чыгарууну сурашат” – деп көрсөтүлгөн.
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.С.Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Нурбек кызынан “КТРК тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн теңсиздиги жана административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу болду” – деп көрсөтүлгөн.
2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Б.Л.Тольбаевдин, К.С. Асановдун, Р.Б.Жеенбековдун, Ж.С.Байгуттиевдин, У.Т.Кочкоровдун, А.К Сегизбаевдин ортосунда КТРК каналында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына жана КРнын БШКнын талаптарына ылайык теледебаттар өткөнү белгиленген.
Андан сырткары дебаттар КТРКнын Facebook социалдык тармагындагы расмий барагында жана YouTube видеохостингде төмөнкүдөй шилтемемелер
https://www.youtube.com/watch?v=LxEaAVc-NF4&ab_channel=КТРК жана https://www.facebook.com/КТРКkg/videos/805472893370981 менен жүктөлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө жогоруда көрсөтүлгөн шилтемелерде теледебаттын жазылмасы жеткиликсиз, ал 2020-жылдын 28 жана 29-декабрдагы теледебаттардын жазылмасы жеткиликтүү.
Ошого байланыштуу арыз ээлери КТРКнын жетекчилиги “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22- беренесинин 18-бөлүгү бузулганына ылайык “Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү” – деп көрсөтүшүүдө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү КТРКнын иш-аракеттеринде Конституциялык мыйзамдын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бузулушу, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыкка жатат деп эсептешет.
Келип түшкөн арызды объективдүү кароо максатында Жумушчу топтун отурумуна Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КТРКнын башкы директорунун телекөрсөтүү боюнча орун басары – Ж.И.Уракунов жана укуктук маселелер боюнча аткаруучу директору – М.Т.Төлөнов чакырылышкан.
Даттанууда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жүйөлөрүн изилдеп чыгып, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүлөрдү белгилейт.
Конституциялык мыйзамдын 13-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери телевидениеден дебаттар аркылуу жүргүзүүгө болот. Эфирдик убакытты бирдей пайдалануу максатында БШКда чүчүкулак өткөрүлгөн. Шайлоо мыйзамдарына, чүчүкулак тартылган тартиптеги графикке ылайык КТРК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин баардыгына акысыз эфирдик убакыт тартууланды. Ошол эле учурда, шайлоо мыйзамдарында социалдык тармактарда теледебаттарды жарыялоо тартиби жөнгө салынбаган белгилеп кетүү керек.
Көрүүчү аудиторияны кеңейтүү максатында КТРК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкерлердин дебаттары коомдук тармактарда жарыяланат. Өз кезегинде, 2020-жылдын 30-декабрындагы теледебаттардын жазууларын алмаштыруу учурунда - YouTube каналынан көрсөтүлгөн жазууну алып салуу жана видеожазуунун (FullHD) жаңы, сапаттуу нускасын жүктөө –сактоо каражаты иштебей калганын КТРКнын өкүлдөрү билдиришти. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкерлердин 2020-жылдын 3-декбрындагы теледебаттарынын видеожазуулары КТРКнын YouTube каналында жок. КТРКнын башкы директорунун телекөрсөтүү боюнча орун басары Ж.И.Уракунова жабдуулар калыбына келтирилгенден кийин, файлдар 2021-жылдын 4-январына чейин кайрадан жүктөлө тургандыгын тастыктады.
КТРК тарабынан 2020-жылдын 30-декбарында өткөн теледебаттар 2021-жылдын 4-январында https://www.youtube.com/watch?v=edVbsHo_q7c&list=PLCNXr3hIZKSrU4-oYPy175n-D7bqdxRNu&index=3 шилтемесинде кайрадан калыбына келтирилди.
Ошондой эле, административдик ресурстардын колдонулушу жөнүндө маалыматты Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүүсү үчүн жиберилгенин Жумушчу топ белгилеген. Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы текшерип жатат.
Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнө ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү болгондуктан, 2020-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн теледебаттардын видеожазуусу алынып салынгандыгына байланыштуу, Жумушчу топ талапкерлердин үгүт жүргүзүүсүнө бирдей мүмкүнчүлүк берилген эмес деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22-беренесин, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7,18 беренелерине, 2020-жылдын 26-июнундагы №115 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобосуна таянып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер У.Т.Кочкоров, А.К.Сегизбаев жана К.С. Асановдун Коомдук телерадиоберүү коропорациясына карата берген арызын канааттандыруу чечимин кабыл алды.
БШК 2020-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин видеодебатын КТРК 2021-жылдын 4-январында YouTube видеохостингге баштапкы көлөмдө калыбына келтиргенин эске алды. Ошондой эле, КРнын БШКсынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу, арыздарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөткөнү эске алынды.
Материалдар КРнын БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына КТРКнын башкы директорун мыйзам бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин кароо үчүн жиберилди.
КР БШК маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
БШК үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракол шаардык штабынын башчысын жоопко тартууну кароо чечимин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракол шаардык штабынын башчысы А.А.Коробаевди шайлоочулар менен талапкердин жолугушуусун уюштурууда үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопко тартуу маселеси боюнча материалды кароону КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү чечимин чыгарды.
Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобу жүргүзгөн мониторингдин алкагында 2021-жылдын 2-январында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровду салттуу улуттук кийимчен 8(сегиз) адам шайлоочулар менен болгон жолугушууда тосуп алганы боюнча видеоматериалдарды көрүштү. Белгиленген видеоматериалдар YouTube видеохостингинде https://www.youtube.com/watch?v=BCOxa0-qyFQ жана https://www.youtube.com/watch?v=QPQBEQinJNU шилтемелери менен жайгаштырылган.
Жумушчу топтун отурумунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун ыйгарымдуу укуктуу өкүлү А.С.Мощин катышкан.
Бул жолугушуу 2020-жылдын 29-декабрында штаб уюштурган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусу Каракол шаарында өткөн, ал эми видеоматериалда көрсөтүлгөн костюмдуу адамдардын тобу талапкердин штабына тиешеси жок жана жолугушуу күндө штаб менен макулдашпай чыгып сүйлөшкөн. Жолугушууну үзгүлтүккө учуратпоо максатында алардын чыгып сүйлөшүнө толук мүмкүнчүлүк берилди.
Ошондой эле Каракөл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ч.Амантурованын атына 2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракөл шаары боюнча штабынын башчысы А.А.Коробаевден талапкердин шайлоо штабы, калктуу конуштардын стадиондорунда жана көчөлөрүндө концерттерди жана театралдаштырылган оюн-зоокторду, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрбөйт, деп көрсөтүлгөн кат жолдогон.
Маселенин маани-маңызын карап чыгып, ыйгарым укуктуу өкүлдүн түшүндүрмөлөрүн угуп, материалдарды изилдеп чыгып Жумушчу топ төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүндөгү 2-пунктуна ылайык (мындан ары-конституциялык Мыйзам), “стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларда концерттерди жана театралдаштырган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу”.
Жогоруда көрсөтүлгөн видеоматериалда, шайлоочулар менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун Каракөл шаарындагы жолугушуусунда, салттуу улуттук кийимчен 8(сегиз) адам 6 (алты) минут аралыгында атайын үн коштоочу аппаратуралар менен жабдууларды колдонуп театралдаштырылган оюн-зооктун белгилери бар көрүнүштү Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун катышуусунда тартуулашты.
Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматына ылайык, жолугушуу талапкердин штабы аркылуу уюштурулган, Кара-Көл шаары боюнча штабдын жетекчиси А.А.Коробаев БШКнын 2020-жылдын 28-декабрында №519 чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун ишенимдүү өкүлү болуп катталган.
Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 2-январындагы чечиминин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21, 22- 28-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7,18 беренелерине 2020-жылдын 26-июнундагы №115 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобосуна таянып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Н.Жапаровдун Каракөл шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А.Коробаевди шайлоочулар менен талапкердин жолугушуусун уюштурууда үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопко тартуу боюнча материалды кароо КРнын БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жиберүү чечимин кабыл алды.
КР БШК маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова менен Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия боюнча өкүлү мырза Ронни Хейне жолугушту
Жолугушуунун жүрүшүндө, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова алдыдагы 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө даярдыктар жөнүндө маалымат берди.
Өлкөдө добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу элдин эркин билдирүүсүн бурмалоочу негизги фактор болуп калган акыркы окуяларды эске алып, бүгүнкү күндө КР БШКсы Өкмөт жана укук коргоо органдары менен бирдикте шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларга каршы ишти жаңыча негиздеги чараларды көрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Р.Хайне БШК тарабынан шайлоонун жүрүшүндө ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана демократияны камсыз кылуу боюнча алып барылып жаткан жумуштарга жогору баа берди. “Демократия - бул башкаруунун эң “чыңалган” формасы. Кыргызстан демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө умтулуп туура багытта баратат. Шайлоо процессиндеги кыйнчылыктарга Кыргызстан гана дуушар болгон жок. Башка өлкөлөрдө да добуштарды саноодогу талаш-тартыштар менен пикир келишпестиктер көндүм көрүнүш”. Фонддун өкүлү укуктук маданиятты өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз оюн билдирди. Анын айтымында, жарандык билим берүүгө жасалган көп жылдык аракеттер өз натыйжасын берип жатат: “Укуктук мадантиятты көтөрүү – узак процесс жана мен, БШКнын буга кошкон салымын баалайм”. Жолугушуунун катышуучулары шайлоо процессине жаштардын катышуусун күчөтүү маселелери боюнча мындан ары да кызматташууну талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ронни Хейне, дагы бир жолу КР БШКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге суктангандыгын айтып, алдыдагы президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президенти кызматына талапкер Б.Л.Тольбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына катталган талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 5-январында кириш №01-12/45 келип түшкөн арызы боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7, 18-беренесине ылайык токтом кылды:
КР Президенти кызматына талапкер Жапаров Садыр Нуркожоевичтин ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын:
- Махмутов Азамат Усупович
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына катталган талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 5-январында кириш №01-12/40 келип түшкөн арызы боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-18-беренесине ылайык токтом кылды:
КР Президенти кызматына талапкер Жапаров Садыр Нуркожоевичтин ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын:
- Сакматов Имараткан Боругуловна;
- Дуванаев Ярмухаммад Хурсанович;
- Доконов Бактияр Болотбекович;
- Рыскелдиев Курманбек Жекшебаевич;
- Ташматов Алибек Айтбекович.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК айрым АШКлардын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы жыйынында Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды.
Чүй областынын Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын Кульбеда Александр Викторовичти - «Кыргызстан» саясий партиясынан, Мамкулов Токтобек Эрнисович - «Замандаш» саясий партиясынан, Ранат уулу Мирбек, Касымалиев Иса Мырзабекович, - жергиликтүү башкаруу органынан;
- резервден комиссиянын курамына киргизилсин Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович - «Жаны-Доор» саясий партиясынан, Джолдошалиева Айгуль Ишенбаевна - «Нур» саясий партиясынан, Дикамбаев Тимур Мэлсович, Масеитов Нурлан Медетканович - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан
Нарын областынын Нарын аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссия курамынан чыгарылсын Токтомуш уулу Канатбек - «Кыргызстан» саясий партиясынан, Калдашева Динара Рыспаевна - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына киргизилсин - Сатыбекова Айзада Абдыбековна, Мамбетакунова Гулай Бекболотовна - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан.
Нарын областынын Ат-Башы аймактык комиссиясы:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын Такыров Жыпаркүл Кыдырмамбетовна -«Кыргызстан» саясий партиясынан;
- резервден комиссиянын курамына киргизилсин Жумагулова Пери Жумагуловна - жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан.
Чечим Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Башын аймактык шайлоо комиссияларынын курамынан жана резервинен чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7,18,19, 22-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы №575-токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 5-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 5-январь 2021-ж.
Убактысы: 18: 00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер У.Т. Кочкоровдун, К.С. Асановдун жана А.К.Сегизбаевдин коомдук телерадиоберүү корпорациясына карата даттануусу жөнүндө (YouTube видеохостингден видеоматериалды алып салгандыгы)
(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үгүт иш-чарасы жөнүндө
(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат
4-январда болуп өткөн Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөт башчысын шайлоо тууралуу маалымат.
Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер Урматбек Искаков жергиликтүү кеңештен көрсөтүлгөн.
Добуш берүүгө Светлая Поляна айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 катышып, У. Искаков 10 добушка ээ болду.
Ошентип Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Урматбек Искаков шайланды.
БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын башчысы флешмобго #ЖаңыЖылЖаңы_Үмүттөр катышты
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова башталган “Жаңы жыл, Жаңы үмүттөр” флешмобун колдоп Жаңы жыл менен куттуктады.
Алтынай Керимкулова визажист болууну кыялданат, ошондуктан ал сулуулук салонунда мастер-класстан өтүүнү, визажга керектелүүчү бардык сүрөт тартуу боюнча китептерди жана боёкторду белекке алды.
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президенти кызматына талапкер А.Б.Абдылдаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына катталган талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 4-январында кириш №01-12/20 келип түшкөн арызы боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7, 18-беренесине ылайык токтом кылды:
КР Президенти кызматына талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын:
- Салиев Канатбек Токтоназарович;
- Джумагулов Чолпон Куванчиевич;
- Арстанбеков Ауирдин Арстанбекович.
БШК маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 10-январына дайындалган мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумда "макул", "каршы" үгүт топторунун 2020-жылдын 31-декабрына карата референдум фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
«Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 10-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер “макул” же “каршы” демилгечи топтун атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 31-декабрга карата 15 “макул” жана “каршы” үгүт топтордун ичинен 12-си БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, референдум фондуларын түзгөнүн билдирет.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 31-декабрга банк маалыматтарынын негизинде бир “макул”, “каршы” үгүт топтун фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Башка “макул”, “каршы” үгүт топтордун фондуларында атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.
№ и/м
“Макул”, “каршы” үгүт топтун аталышы
Келип түштү
Чыгымдалды
1
парламенттик республикага “макул” №1
15 100
1 028
Бардыгы:
15 100
1 028
Толугураак маалымат шилтеме аркылуу
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президенти кызматына талапкер К. Сооронкулованын ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер К. Сооронкуловадан түшкөн ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндөгү арыз боюнча, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-18-беренесине ылайык токтом кылды: КР Президенти кызматына талапкер Клара Сооронкулованын ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын: - Ольга Труханова,
- Азамат Чакиев,
- Айзада Абдышева,
- Нургазы Сыргакбеков.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү