Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Л. Тольбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
04.01.2021

БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Л. Тольбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды: Холматова Дилноза Косибжоновнаны; Тологонова Уулбюбю Бексултановнаны. БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 4-январындагы түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР референдумуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
04.01.2021

БШК КР референдумуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна, мурда КР БШК токтому менен КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитацияланган жана Кыргыз Республикасынын референдумуна мониторинг жургүзүү жөнүндө билдирүү берген эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо боюнча токтом кабыл алды:  Каргар Абдул Маджид, Кыргыз Республикасындагы Афганистан Ислам Республикасынын элчилигинин убактылуу ишенимдүү адамы жана биринчи катчысы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун парламенттик ассамблеясы (ЖККУ ПА)  Макежанов Султанбек Алмасбекович, Казакстан Республикасы, Казакстандын Сенатынын депутаты Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Анапин Максатхан Анапияевич, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси  Тажикстан Борбордук шайлоо комиссиясы Самадзода Навруз Абдулхамидович, Тажикстандын борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчиси, катчы. Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.  2021-жылдын 4-январына карата БШК дүйнөнүн 44 мамлекетинен 34 эл аралык уюмдун атынан 315 эл аралык байкоочуну каттады. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
04.01.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январдагы жыйынында Алай жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды: Алай району: Гүлчө айылдык кеңешинен - Исаев Сүйөрбек Курманбековичтин ыйгарым укугу  жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалып жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Ибраимов Залкарбек Шарабидиновичке тапшырылды. Сузак району: Кара-Алма айылдык кеңешинен - Сооронбаев Кыялбек Камчыбековичтин ыйгарым укугу   жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер Аманов Алмаз Курманбековичке тапшырылды. Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Алай жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. КР БШКСы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК айрым АШКлардын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
04.01.2021

БШК айрым АШКлардын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында Ноокен, Майлы-Суу жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан  жергиликтүү башкаруу органынан келген Айгерим Ташиеваны, Пулатбек Саримсаковду, Жазгүл Ирисалиеваны, Аскарбек Шатмановду, Тагайбек Дүйшеевди чыгаруу; - комиссиянын резервинен жергиликтүү башкаруу органынан келген Рахат Орозалиевди, Нургул Рахматованы, Шарипахан Масированы, Ханикей Мадылованы, Нурбек Алкадыровду, Аширали Муратовду, Зыйнат Мейманкулованы, Бакыт Козуевди, Кахраманжан Эгембердиевди, Элмира Досбаеваны, Саадаткан Курбаналиеваны, Нургүл Темираваны чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органынан Зууракан Акматалиеваны, Насибжан кызы Жылдызды, Айгүл Бекееваны, Даирбек Бекжановду, Айнагүл Жуманованы киргизүү. Майлы-Суу аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан Максатбек Базарбаевди - "Кыргызстан" саясый партиясынан, Наргиза Тилебаеваны - "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясынан, Турусбек Өмүрзаковду, Токтонур Үмөталиевди жергиликтүү башкаруу органынан чыгаруу; - комиссиянын резервинен жергиликтүү башкаруу органынан келген Сайдахмат Абдуллаевди, Тимур Салиевди, Эрнис Сурановду, Алтынбек Бектеновду, Нураида Жаныбекованы, Асел Аттокурованы, Гүлшат Эгемназарованы  чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органынан Турсунали Шерматовду, Авазган Салыбековду, Кудайберди Дармановду, Бексултан Абдубаитовду киргизүү. Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан жергиликтүү башкаруу органынан келген Нурланбек Садировду чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органынан келген Марат Гапаровду киргизүү. Чечим Ноокен, Майлы-Суу жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн комиссиянын курамынан жана резервинен чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-19-22-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 4-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
04.01.2021

2021–ж. 4-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 4-январь 2020-ж. Убактысы: 17: 00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ноокен, Майлуу-Суу жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 8. Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 31-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
04.01.2021

2020-жылдын 31-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 31-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 17 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.     № и/м КР Президенттигине талапкердин Ф.А.А. Келип түштү Чыгымдалды 1 Жапаров Садыр Нургожоевич 62 049 700 57 531 126 2 Исаев Канатбек Кедейканович 1 412 000 1 348 620 3 Арстанбек Мыктыбек 1 117 000 1 115 750 4 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1 128 650 1 050 080 5 Ташов Имамидин Асамидинович 4 924 600 4 924 600 6 Сегизбаев Абдил Кенешевич 4 609 910 4 546 510 7 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 2 847 100 2 845 676 8 Касенов Аймен Абдыталипович 3 872 805 3 758 398 9 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 1 724 890 1 634 383 10 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 3 337 850 2 963 867 11 Абакиров Эльдар Курманбекович 1 581 893 1 563 636 12 Асанов Курсан Сатарович 2 576 656 2 494 264 13 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 2 310 000 2 305 415 14 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 3 159 250 3 143 673 15 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1 419 020 1 410 151 16 Тольбаев Бабыржан Латиханович 14 224 572 10 872 523 17 Иманалиев Каныбек Капашович 1 962 568 1 962 320 Бардыгы: 114 258 464 105 470 992   Толугураак маалымат шилтеме аркылуу  КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу  
Кененирээк билүү >>
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист аккредитациядан өттү
04.01.2021

КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист аккредитациядан өттү

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өттү. 30-декабрга карата КР ТИМ төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрдү: Россия – 33, Япония – 5, Улуу Британия – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Тажикстан – 2, Белоруссия – 4, Азербайжан – 4 ЖМК өкүлүн. КР БШК маалымат бөлүмү       
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсында Кыргыз Республиксынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум боюнча суроолор үчүн колл-борбор иштейт
04.01.2021

КРнын БШКсында Кыргыз Республиксынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум боюнча суроолор үчүн колл-борбор иштейт

Кыргыз Республикасынын БШКсында 1255  кыска номеринде колл-борбордун (байланыш борбору) ишеним телефону иштейт.  Жарандар Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) тиешелүү маселелери боюнча жоопторду, кеңештерди алышат.  КРнын БШКсында колл-борбордун ачылышынын максаты – жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана добуш берүүгө катышуунун эрежелери, ошондой эле шайлоого жана референдумга катышуусун активдештирүү.  Жарандарга жоопторду КРнын БШКсынын адистери беришет.  Ошондой эле колл-борборго жумушка сырттан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар, аялдар жана жаштардан өкүлдөр тартылган. Шайлоонун жүрүшүнө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын,  ошондой эле жаштардын, аялдардын жана калктын башка аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусун колдоо, айрым категориядагы  жарандарды шайлоо процесстерине тартуудагы  маанилүү элемент болуп эсептелинет. 
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүсүн алды
03.01.2021

БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүсүн алды

2021-жылдын 3-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында чечим кабыл алды: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниетин көрсөткөн төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүсүн көңүлгө алды: - "Коомар Медиа" коомдук фонду; - "Kloop Media (Клооп Медиа) коомдук фонду. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 10-1-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерин, 2020-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №263-токтомун, КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлдагы №226-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин, КР Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып жана 2020-жылдын 30-декабрында коммерциялык эмес уюмдардан түшкөн билдирүүнүн негизинде кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Исаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
03.01.2021

БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Исаевдин ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-январындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды: Джумагулов Адис Бактыбековичти; Бокушев Алибек Табалдыевичти; Исаев Чынгыз Канатбековичти; Орозов Темирлан Изатбековичти; Исаева Бермет Канатбековнаны; Медеров Талгат Тимуровичти; Алиев Мирбек Жумабековичти; Ногоев Омур Арстанбековичти; Машланов Таалайбек Малымбаевичти; Катаганов Анарбек Искаковичти; Орозбаев Мирлан Кубатбековичти; Оморов Болотбек Сагынбековичти; Нааматбеков Тилек Нааматбековичти; Душебаев Кенешбек Асанбековичти. БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 2-январында түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун ишенимдүү адамдарын каттады
03.01.2021

БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-январындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды: Добулбеков Замиркул Темиралиевичти; Кубатбеков Урмат Кубатбековичти; Керимбеков Улукман Сагындыковичти; Абдиева Нургыз Эркинбековнаны; Ширинбеков Каныбек Жолдубаевичти; Алыкулов Кенжебек Тельмановичти; Муратбеков Алтынбек Муратбековичти; Элебесов Руслан Конокказыевичти; Суйумбаев Миталип Азимбековичти; Нурмухамедов Эрназар Муратбековичти; Жусупов Санжарбек Болотбековичти; Раимкулов Азамат Кенжебековичти; Карымбаев Ильгиз Ахматбековичти; Берикбаев Жениш Асангазыевичти; Элебесов Темирлан Кококказыевичти; Токтосун уулу Бердалыны; Жанболот кызы Гулайымды; Шарабидинов Бекташ Алжанбаевичти. БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2020-жылдын 31-декабрында түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсынын 2021-жылдын 3-январындагы отурумунун күн тартибинин долбоору
03.01.2021

КРнын БШКсынын 2021-жылдын 3-январындагы отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 3-январь 2020-ж. Убактысы: 15: 00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баядамачы –Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Исаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баядамачы – Кожокеева М.Д.., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүсү жөнүндө (баядамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)   4. Ар түрдүү маселелер    
Кененирээк билүү >>
КР БШКсына 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) айрым категориядагы шайлоочулардын тизмеси берилди
02.01.2021

КР БШКсына 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) айрым категориядагы шайлоочулардын тизмеси берилди

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин    5-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү органдардын жана мекемелердин жетекчилеринен айрым категориядагы шайлоочулардын тизмелери Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн, жалпы саны 17043 шайлоочунун тизмеси берилди: - стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде; - шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда; - иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде); - мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар. Берилген айрым категориялардын тизмелеринин ичинен 16400 шайлоочу тизмеге киргизилген, 643 шайлоочу тизмеге киргизилген эмес (маалымат базасында жок, биометрикалык маалыматтарын тапшырган эмес, паспорттору жок ,ПИН  туура эмес, же буга чейин тизмеде бар). Айрым категориялардын тизмесине киргизилген шайлоочулар 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого жана референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) катыша алышат.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин аймактарга жана чет жактагы участокторго жиберди
02.01.2021

КРнын БШКсы шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин аймактарга жана чет жактагы участокторго жиберди

2021-жылдын 2-январында “Учкун” ААКнын имаратында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн  даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго  кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө  - 3567138 бюллетень даярдалды. Андан сырткары, 4948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалды. Бишкек шаарына 417341, Ош шаарына – 151168,  Жалал-Абад областына – 667265,  Ош - 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди. Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө - 3567138 бюллетен даярдалды. Андан тышкары, 4948 бюллетен  Брайл шрифти менен даярдалды. Бишкек шаарына - 417341, Ош – 151168, Жалал-Абад областына– 667265, Ош – 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кырыгз Республикасынын референдумун өткөрүүгө 7 134 276 бюллетен даярдалды. Бюллетендердин саны 2021-жылдын 2-январында  “Тизме” (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелген.   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин саны шайлоо участокторундагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашпоосу  керек (иш жүзүндө 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашык эмес).      “Учкун” ААКсы бюллетендерди тынымсыз (күнү-түнү) басып чыгаруу процессине БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамында турган жумушчу топ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн. “Учкун” ААКсынын басмаканасына басылып чыккан бюллетендердин партиясын көзөмөлдөн (тестирлөөдөн) өткөрүп туруучу жабдуулардын топтому орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМдин кызматкерлери камсыздашты.  Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин ар бирин Автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) анык таанышы үчүн атайын коргоочу боёк менен сырдалып жогорку деңгээлде корголгон. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо бюллетен түссүз, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн бюллетень көгүш түстө даярдалды. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендерди акты менен өткөрүп берет. Бюллетендерди өткөрүп өткөрүп берүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул”,  “каршы”  менен  “бардык түрүнө каршы” топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.    Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери баардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт менен жиберилет. Маалымдама:  Басмаканада жокко чыгарылган бюллетендер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акты менен өткөрүлүп берилет. Жараксыз жана ашыкча бюллетендер өткөрүлүп берилгенден кийин, КРнын БШКсынын 3 мүчөсүнүн катышуусунда, талапкерлердин өкүлдөрү, “макул”, “каршы” жана “баардык түрүнө каршы” топтордун 2ден кем эмес өкүлү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жок кылынганы тууралуу баардык катышуучулардын колу коюлган акты түзүлөт. Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп басмакананын, шайлоо комиссияларынын имаратынан алып чыгууга, ошондой эле бюллетендерди көчүрүп алууга жана таратууга тыюу салынат.
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда үгүт жүргүзүү үчүн 15 үгүт тобу катталды
02.01.2021

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда үгүт жүргүзүү үчүн 15 үгүт тобу катталды

2021-жылдын 2-январына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган маселелерге «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы» 15 үгүт тобун каттады: - президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу; - президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу; - парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу; - парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу; - бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу. 2020-жылдын 28-декабрынан тартып 2 телерадио уюмунда – «КТРК» менен «ЭлТР» МТРКда референдумга коюлган маселелерге «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы» үгүт топторунун дебаттары жана жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө. Мурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн. Чүчүкулактын негизинде бөлүштүрүлгөн обо убактысына ылайык «КТРК» телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өткөрүлөт, обо убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин. «ЭлТР» МТРКда үгүт топторунун дебаттары 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) өткөрүлөт, обо убактысы – саат 19:00дөн 20:30га чейин. Ошондой эле «ЭлТР» МТРКда үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 4-5-январына каралган, обо убактысы – саат 22:05тен 23:30га чейин. «КТРК» телеканалында үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) каралган, обо убактысы – саат 22:30дан 23:30га чейин. Дебаттардын жана чыгып сүйлөөлөрдүн графиги тууралу төмөнкү шилтеме боюнча кененирээк маалымат аласыз    
Кененирээк билүү >>
Жаңы жылдык куттуктоо!
31.12.2020

Жаңы жылдык куттуктоо!

Урматтуу кыргызстандыктар! Жаңырган 2021-жыл, Кыргызстаныбыз үчүн тынчтыктын жана туруктуулуктун, жаратмандык менен өнүгүүнүн жылы болсун! Сизге жана жакындарыңызга бекем ден соолук, бакубатчылык, мээримдүүлүк менен  бакыт каалайбыз! Урматтуу кесиптештер, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары, мүчөлөрү! Өтүп бара жаткан жыл шайлоо комиссиялары үчүн оңой болгон жок, парламенттик шайлоо өнөктүгү өткөрүлдү, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду уюштуруп өткөрүү процесстери жүргүзүлө баштады. Шайлоо системасын реформалоону ишке ашырууну камсыздоодо шайлоо комиссияларынын ишине катышып, мекенчилдик бийик сезим менен жарандык милдетиңиздерди аткарганыңыздар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерге терең ыраазычылык билдирет! Келе жаткан жыл дагы шайлоо өнөктүктөрүнө бай, Борбордук шайлоо комиссиясы сиздерди шайлоого даярдануу боюнча бардык чараларды кынтыксыз жана мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга аракеттенүүгө чакырат. Ошондой эле туруктуу, мыйзамдуу, акыйкат шайлоону камсыз кылуу үчүн, адаттагыдай бир чоң команда болуп биргеликте иштөөгө чакырабыз! Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жакшы жетишкендиктерди, ийгилик жана бакыт каалайбыз! Жаңы 2021- жылыңыздар менен! Урматтоо менен, Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
1 … 258 260 … 483