2021-жылдын 10-январына дайындалган мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумда "макул", "каршы" үгүт топторунун 2020-жылдын 31-декабрына карата референдум фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

04 января 2021

«Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 10-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер “макул” же “каршы” демилгечи топтун атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 31-декабрга карата  15 “макул” жана “каршы” үгүт топтордун ичинен 12-си БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, референдум фондуларын  түзгөнүн билдирет.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 31-декабрга банк маалыматтарынын негизинде бир “макул”, “каршы” үгүт топтун фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Башка “макул”, “каршы” үгүт топтордун фондуларында атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.

 

и/м

“Макул”, “каршы” үгүт топтун аталышы

Келип түштү

Чыгымдалды

1

парламенттик республикага “макул” №1

15 100

1 028

Бардыгы:

15 100

1 028

Толугураак маалымат шилтеме аркылуу 

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу