БШК КР Президенти кызматына талапкер К. Сооронкулованын ишенимдүү адамдарын каттады

04 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер К. Сооронкуловадан түшкөн ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндөгү арыз боюнча, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-18-беренесине ылайык токтом кылды: КР Президенти кызматына талапкер Клара Сооронкулованын ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын: - Ольга Труханова,

- Азамат Чакиев,

- Айзада Абдышева,

- Нургазы Сыргакбеков.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү