Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2021–ж. 8-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 8-январь 2021-ж.
Убактысы: 15.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 4-январында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) жана Нарын облусунун Жумгал районунун аймактарындагы кээ бир шайлоо шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер
Абакиров Эльдар Курманбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикиасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
6. С. Тентишов атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү Эркин Тентишевдин үгүт материалынын Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына шайкештигин карап чыгуу жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого БШКда 8 коммерциялык эмес уюмдан 16 коомдук байкоочу катталган
Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо дайындалган учурдан тартып тѳмѳндѳгү 13 коммерциялык эмес уюм 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде жарандык мониторинг жүргүзүү ниети жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясына билдиришкен:
№
Коммерциялык эмес уюмдардын аталышы
БШКдагы коомдук байкоочулар
1.
«Жалпы иш» коомдук фонду
3
2.
«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» коомдук бирикмеси
3
3.
«Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмеси
3
4.
«Эгль» коомдук фонду
2
5.
«Жарандык демилгелер» коомдук фонду
2
6.
«Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмеси
1
7.
«Агентство социальных технологий» коомдук бирикмеси
-
8.
«За международную толерантность коомдук фонду
-
9.
«Оказание юридической помощи инвалидам» коомдук фонду
-
10.
«Коомар Медиа» коомдук фонду
-
11.
«Kloop Media» (Клоп Медиа) коомдук фонду
1
12.
«Тынчтык фонду» коомдук фонду
1
13.
«Убакыт-Время» коомдук бирикмеси
-
Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде жогоруда кѳрсѳтүлгѳн коммерциялык эмес уюмдардын 8 уюму Борбордук шайлоо комиссиясында 16 коомдук байкоочуну катташкан.
Ошондой эле 2021-жылдын 7-январына карата тѳмѳндѳгү 5 коммерциялык эмес уюм 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна байкоо жүргүзүүгѳ ѳздѳрүнүн катышуусу жѳнүндѳ чечимдерин билдиришкен жана шайлоо комиссияларына ѳздѳрүнүн коомдук байкоочуларын жѳнѳтүшкѳн:
№
Коммерциялык эмес уюмдардын аталышы
БШКдагы коомдук байкоочулар
1.
«Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмеси
3
2.
«Коомар Медиа» коомдук фонду
1
3.
«Kloop Media» (Клоп Медиа) коомдук фонду
-
4.
«Тынчтык фонду» коомдук фонду
1
5.
«Убакыт-Время» коомдук бирикмеси
-
Эске салып кетсек, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренсине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого, референдумга жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин төмөнкү шайлоо комиссияларына жөнөтөт.
Коомдук байкоочулар тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө катталат:
- коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү жолдомодо (коомдук байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, анын жашаган жеринин дареги, байкоочу жиберилген шайлоо участогунун номуру, комиссиянын аталышы көрсөтүлөт)
- паспорттун көчүрмөсү;
- коммерциялык эмес уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашпаган коомдук байкоочуну каттата алат. Ошол эле учурда бир шайлоо участогунда бир эле убакта бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана коомдук байкоочу боло алат.
Мыйзамдарга ылайык Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп дайындала алышпайт.
Кененирээк билүү >>
БШК төрайымы менен түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинен (ТТМК) эл аралык байкоочулар миссиясынын жолугушуусу болуп өттү
ТТМК башкы катчысынын орун басары, миссиянын башчысы Мирвохид Азимов менен жолугушууда БШК төрайымы Н. Шайлдабекова 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана КР референдумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө айтып берди.
Добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу менен шайлоонун туура эмес өтүшүнө алып келген мурдагы шайлоо кампаниясынан сабак алуу менен, КР БШКсы шайлоо процессинин жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга көңүл буруу жана алардын алдын алуу боюнча өкмөт жана укук коргоо органдары менен иштешүүнү жолго койгон.
Шайлоо процессинин учурунда мыйзам бузууларга ыкчам аракет кылуучу координациялык топко Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрү кирип, анын иши сапаттык жактан жогорку деңгээлде жүрүп жатат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу жетишилгендигине карабастан, шайлоо процессинде талапкерлер менен шайлоочулардын өз ара мамилеси кала берүүдө. Шайлоону уюштуруп жаткан орган катары КР БШК өз тарабынан процесстин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн колунан келген бардык чараларды аткарып жатат. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү жана коркутуулар менен бардыгы бирге күрөшүүсү керек.
М. Азимов мырза өз сөзүндө ТТМК миссиясы Кыргызстандагы окуяларга зор кызыгуу менен байкоо жүргүзүп жатышкандыгын билдирди. Кыргызстан ТТМК негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет.
ТТМК өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүдө аймактагы башка мамлекеттерге салыштырганда Кыргызстандын шайлоо системасы бир топ өнүккөндүгүн айтышты. “КР БШКсы тарабынан уюштуруучулук-аткаруучулук чоң иштер аткарылды. Шайлоо өткөрүүнүн башкы максаты шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөдө консенсуска жана стабилдүүлүккө жетишүү” экендигин баса белгиледи М. Азимов.
Жолугушуунун аягында ТТМК миссииясы президентти шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. “Алдыда турган шайлоо кампаниясы өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ойлойм” деп сөзүн аяктады М. Азимов.
Кененирээк билүү >>
БШК жалпы суммасы 55, 5 миң сомду түзгөн жазаларды берди
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары – Кодекс) 10-главасына ылайык Кодекстин 42-422, 43-48-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштерди шайлоо комиссиялары карайт.
Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү учурунда бузуулар жөнүндө иштер Борбордук шайлоо комиссиясы, ошондой эле бузуу жасалган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тарабынан каралат.
Ар бир шайлоо комиссиясында бузуулар жөнүндө протокол толтуруу укугуна ээ ыйгарым укуктуу кызмат адамдары аныкталган.
Тиешелүү шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан бузуулар каралып, Кодекстин 43-главасында белгиленген тартипте 10 адамга тиешелүү жазалар берилди, алардын жалпы суммасы 55 500 сомду түздү.
1) Өзгөн АШКнын 2020-жылдын 1-декабрындагы №29 чечимине ылайык КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин штабы менен макулдашуусуз даярдалган үгүт материалын тараткандыгы үчүн «Кароол айлынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчиси Р. Вахаповго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренесин бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөндү).
2) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №278 чечимине ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А. Ташовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөндү).
3) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №282 чечимине ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөнө элек).
4) Алай АШКнын 2021-жылдын 1-январындагы чечимине ылайык чыгарылыш жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүт материалын тараткандыгы үчүн М.Т. Исраиловго карата Кодекстин “Тоголок үгүт материалдарын таратуу” деп аталган 47-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 12 500 сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул салынды (төлөндү).
5) БШКнын 2020-жылдын 28-декабрындагы №304 чечимине ылайык жашы жете элек адамдын үгүт жүргүзүүгө катышуусуна жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун Баткен райондук штабынын жетекчиси Н.Х. Дарвешовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөнө элек).
6) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №3 чечимине ылайык шайлоо процессинин катышуучуларына тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегендиги үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Б.Ж. Алиевге карата Кодекстин “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу” деп аталган 42-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 5 500 сом өлчөмүндө III категориядагы айып пул салынды (төлөндү).
7) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №4 чечимине ылайык театралаштыруу белгилери менен оюндарды өткөрүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун Каракол шаардык штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды (төлөндү).
Берилген жазалардын бардык учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Бузуулардын бирдиктүү реестрине катталды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Исаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-январындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 7-январында келип түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин ишенимдуу адамдары катары төмөнкүлөрдү каттады.
- Муралиева Мираида Абыловнаны;
- Алымжанов Айбек Орозбековичти;
- Виндиз Якуб Рамзаевичти;
- Ниязалиев Канатбек Аманбековичти;
- Алимбек кызы Кызжибекти;
- Шаршенбаев Жаанша Жакшылыковичти;
- Бердиева Гулназ Рыскелдиевнаны;
- Кожоналиев Майрамбека Токтомушевичти;
- Рахманова Айнуруа Аблазовнаны;
- Термечиков Айбек Абазбековичти;
- Мамажанова Марат Рысбековичти;
- Мережко Григория Николаевичти;
- Эгемкулова Назира Эсенбаевнаны;
- Эшенкулов Тилек Акматалиевичти;
- Талантбек уулу Айбекти;
- Кароолов Айбека Жумабековичти;
- Чуштуков Ильичбек Бахтияровичти;
- Сыйрыков Эсенбек Сеиткасиевичти;
- Кашкеленова Тойчубека Аскарбековичти;
- Ишеналиева Алина Калыбековнаны;
- Бейшебаев Атабек Качыкеевичти;
- Ирсалиев Базаркул Жакыповичти;
- Султанбек кызы Айнураны;
- Жабуев Алтынбек Илиязовичти;
- Мыктыбек уулу Жакшылыкты;
- Жапарова Эдилбек Аскарбековичти;
- Станбеков Жайнагуль Станбековнаны;
- Кенжекожоев Жаныбек Жекшенбайовичти;
- Осмонов Руслан Жылкыбековичти;
- Омуракунова Махабат Абдырасуловнаны;
- Осмоналиев Таалайбек Муктасыновичти;
- Зарылык уулу Даниярды;
- Керимкулов Руслан Эдиловичти;
- Мамутов Мурсахан Усеновичти;
- Маймаева Жылдыз Жетимишевнаны;
- Раимбеков Улан Шарыпбековичти;
- Орозбеков Жумадил Зарылыковичти.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-январындагы жыйынында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга “Россиянын жаштар жана балдар Улуттук кеңеши” коомдук бирикмелер Ассоциациясынын 17 өкүлүн эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо боюнча токтом кабыл алды:
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
2021-жылдын 7-январына карата БШК дүйнөнүн 44 мамлекетинен 35 эл аралык уюмдун атынан 333 эл аралык байкоочуну каттады.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-январдагы жыйынында Баткен, Ноокат жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясары нын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:
Баткен району:
Дарин айылдык кеңешинен - Сатаров Абдиламит Ташбелович – ыйгарым укугу каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Вакантту депутаттык мандат убактылуу иштебеген Минбаев Куштарбек Эркебаевичке тапшырылды.
Дарин айылдык кеңешинен - Камалов Динмухамед Абдимомунович - ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткендиги тууралуу жеке арызы боюнча токтотулду. ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Момбеков Абдыразак Замирбековичке тапшырылды.
Ноокат району:
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен - Жунусов Нурланбек Эркинович - ыйгарым укугу жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалганы тууралуу жеке арызы боюнча токтотулуп. Ваканттуу мандат Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын айдоочусу Махаматсалы уулу Азаматка тапшырылды.
Н. Исанов айылдык кеңешинен - Атиев Маматразак Абдурахманович - ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат Н.Исанов жайыт колдонуучулар Ассоциациясынын төрагасы Маманов Мурзакарим Байдиллаевичке тапшырылды.
Нарын шаары:
Нарын шаардык кеңешинен - Усубалиев Бакытбек Дюшекович - ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер Абдрахманов Нурлан Халиловичке тапшырылды.
Нарын шаардык кеңеши - Мусаев Азиз Абдышукурович - ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Сыдыгалиев Кенжебек Мукамбетовичке тапшырылды.
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Баткен, Ноокат жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
КР БШКсы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйналышында Ош областынын Ноокат районунун аймагындагы №5561 шайлоо учасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Ош шаарынын аймагындагы № 5551 шайлоо участкасынын дареги Ишматов көчөсү, 46 дарегиндеги «Нихол» дүкөнүнүн имаратынан Р. Жунусов көчөсү, 42 дарегиндеги мурдагы жеке тиш дарылоо клиникасынын имаратына өзгөртүлсүн.
Токтом Ош аймактык шайлоо комиссиясынын № 5551 шайлоо участкасынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө 2021-жылдын 6-январындагы № 11/1 чечимдин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кезектеги жыйналышы болуп өттү
2021-жылы 6-январда эл аралык байкоочу жана ассистент – Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чектелген миссиясынын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо маселеси боюнча экспертинин катышуусунда БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун (КТТ) кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышта төмөнкү маселелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (шайлоо фонддору жана каржы отчеттуулугу);
2. Референдумдун “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (референдум фонддору);
3. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо жөнүндө;
4. 2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө;
5. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун каражаттары боюнча автоматташтырылган эсепке алуу жана каржы отчеттуулук үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (шайлоо фонддору жана каржы отчеттуулугу)” маселеси боюнча маалымат угулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 17 талапкер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттарды пайдалануу менен өз шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо. 12 талапкер «РСК Банк» ААКта жана 5 талапкер «Айыл Банк» ААКта атайын эсептерин ачышты. Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.
Талапкерлердин каржы отчеттуулугунун маалыматтары боюнча 2020-жылдын 30-декабрына карата шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары 112 310 964 сомду түздү, анын ичинде:
· талапкерлердин өз каражаттары 57 633 980 сом (51,3%),
· юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 9 000 000 сом (8,01%),
· жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 45 647 004 сом (40,6%),
· кайтарылган каражаттардын суммасы – 29 980 сом (0,03%).
КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу чыгашаларды жабууга 103 297 087 сом чыгымдалды, анын ичинде:
· шайлоо күрөөсүн төлөөгө 17 000 000 сом (16,5%),
шайлоо алдындагы үгүткө – 59 883 946 сом (58%),
башка чыгашаларды, салык чегерүүлөрүн, социалдык милдеттенмелерди төлөөгө – 5 552 509 сом (5,4 %),
шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу аткарылган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү (маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайларды жана жабдыктарды ижарага алуу, транспорт жана иш сапар чыгашалары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, канцеляриялык товарларды жана жабдыктарды сатып алуу) төлөөгө – 20 858 081 сом (20,2%).
КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын пайдаланылбаган калдыгы 9 013 877 сомду түзөт.
“Референдумдун “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө (референдум фонддору)” маселеси боюнча төмөнкүдөй маалымат берилди:
Бүгүнкүгө карата катталган 15 “макул” жана “каршы” үгүт тобу өз фонддорун түздү. 2020-жылдын 25-декабрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде «макул» (парламенттик республикага» №1 үгүт тобуна 15100 сом түшүп, 1 028 сом чыгымдалды.
Референдум фонддоруна каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.
Үчүнчү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо жөнүндө маалымат угулду.
БШКнын чыгымдар сметасы 686 451,3 миң сом жалпы суммасында бекитилген, анын ичинде 137 290,3 миң сом Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча мүмкүн кайра добуш берүү дайындалып калса жумшалуучу пландалган кошумча сумма. Учурда шайлоо комиссияларын каржылоо толук көлөмдө жүргүзүлдү.
Андан ары КТТ мүчөлөрү 2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө маселени угуп, талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар сметасынын жалпы суммасы 437 726,5 сомду түздү, анын ичинде:
шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу ыйгарым укуктарын камсыздоого БШКнын чыгымдар сметасы, анын ичинде төмөн турган шайлоо комиссияларынын БШК тарабынан борборлоштурулган тартипте төлөнүүчү товарларды сатып алууга, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө чыгымдар 139 016,8 сомду түздү;
54 АШКнын жана 2 464 УШКнын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыздоого (эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, иш сапарга чыгымдар, добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү комиссия мүчөлөрүнүн суткалык чыгымдары жана тамак-ашы) чыгымдар сметасы 298 709,7 сомду түздү.
2020-жылы 4-октябрда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан иш жүзүндө каржылоо403 806,746 сомду түздү. Пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыгы (үнөм) 33 919,8 сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого катышуусу, конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн КР БШК тараптан 3 523 532 шайлоо бюллетени даярдалды. Орточо алганда, ар бир шайлоочуга 114 сом 60 тыйын (403 806 746 сом/ 3 523 532 шайлоочу) чыгымдалды.
Акыркы маселе боюнча шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун каражаттары боюнча автоматташтырылган эсепке алуу жана каржы отчеттуулук үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.
Электрондук платформа төмөнкү эки бөлүктү камтыйт: талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттары боюнча түзүү, эсепке алуу жана каржы отчеттуулук, ошондой эле референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын чыгымдар сметасын түзүү, ошондой эле ал каражаттарды эсепке алуу жана чыгымдар сметасын аткаруу боюнча отчеттуулук. Учурда электрондук платформанын иштелип чыккан бөлүгү тесттен өткөрүлүүдө, ал реалдуу убакыт режиминде ведомстволор арасындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча БШК менен банк мекемелеринин ортосунда маалыматтарды алмашууну камсыздоого тийиш.
КТТ мүчөлөрү күн тартибиндеги төмөнкү бардык маселелерди иш тартибинде талкуулашты: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан учурда каржылоо маселелери; талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча мыйзам ченемдерин сактоо маселелери; референдум фонддорунун каржылоо маселелери; “макул” жана “каршы” үгүт топторунун референдум фонддорундагы акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча мыйзам ченемдерин сактоо маселелери; талапкерлердин шайлоо фонддорунан жана референдум фонддорунан каражаттарынан үгүт иш-чараларына акы төлөө маселелери. Келип чыккан бузуулар боюнча талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, үгүт топторунун жетекчилери менен түздөн-түз иштер жүргүзүлүп жатканы, мыйзам ченемдери түшүндүрүлүп, каржы отчеттуулугун берүү мөөнөттөрү жана жол-жобосу боюнча толук маалымат жеткирилип жатканы белгиленди.
КТТ жетекчиси Г.М. Баатырова КТТ мүчөлөрүнө шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү жана пайдалануу боюнча бардык жол-жоболорду мүмкүн болушунча көп көңүл бөлүп, контролдоону, каржылык айкындуулук боюнча бардык талаптарды аткарууну тапшырды.
ЕККУ ДИАУБдун эл аралык байкоочулары КТТ ишиндеги ачык-айкындуулукка жана шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун, республикалык бюджеттин каражаттарын айкындуулугу боюнча чараларды аткарууда топтун мүчөлөрүнүн күч-аракеттерине баа беришти. Алар шайлоо жол-жоболору боюнча өз убагында маалыматтык жана усулдук жардам көрсөтүүдө шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен БШК мүчөлөрүнүн өз ара шайкеш аракеттешүүсүн, ошондой эле шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун, БШК бюджетинин каржы ресурстары жөнүндө маалыматтарга ачык кирүү үчүн кеңири коомчулукка мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук платформанын иштелип чыгышын кубатташты.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 7-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 7-январь 2021-ж.
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош шаарынын аймагындагы № 5551 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Баткен, Ноокат жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматы
(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Ошто “Quiz Night” интеллектуалдык оюну болуп өттү
Ошто шайлоо тематикасын билүүгө арналган интеллектуалдык “Quiz Night” оюну болуп өттү. Оюнду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте уюштуруп, ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашырды.
Катышуучулар – медиа жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, блогерлер жана башка Ош шаарындагы коомдук пикирди түзүүчү лидерлер болушту. Алар Кыргызстандагы парламентаризмдин жана шайлоолордун тарыхын, шайлоо укугун, жаңы шайлоо системасын киргизүүнүн этаптарын билүү боюнча мелдештерге катышты. ЖМК менен БШКнын шайлоо процессинин алкагында гендердик жана шайлоонун инклюзивдүү компоненттери боюнча өз ара иштешүүсү боюнча да суроолор сунуш кылынды. Журналисттер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлүп келген референдумдар тууралуу, агитация эрежелери, шайлоолордун санариптешүүсү боюнча өз билимдерин көрсөтүшүп, КР Борбордук шайлоо системасынын түзүлүшү менен өнүгүү тарыхын да эстешти.
12 команда түзүлдү:
«Ынтымак» командасы. Капитаны - Марат уулу Сыймык.
«Телефронт» командасы. Капитаны - Жумамидин Сулайманкулов.
«Учкун» командасы. Капитаны - Дастан Үмөтбай уулу.
«Universe» командасы. Капитаны - Медер Ниязалиев.
«Пентагон» командасы. Капитаны - Сапарали Патаев.
Журналистика кафедрасынын командасы. Капитаны - Гулзина Азаматова.
«Достор» командасы. Капитаны - Медербек Абдыманапов.
«Уктатпайм» командасы. Капитаны - Асылкан Кубанычбекова.
«Т-медиа» командасы. Капитаны - Нурлан.Адаев
«Клооп – факты бар!» командасы. Капитаны - Элвира Султанмурат кызы.
«Ош ТВ» командасы. Капитаны – Гулшайыр Турдали кызы.
«Курама» командасы. Капитаны – Нуртаза Абдиев.
«Аралаш» командасы. Капитаны – Адил Акжол уулу.
Интеллектуалдык оюн башталаар алдында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов чыгып сүйлөп, ал Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштешип келе жаткандыгын белгиледи.
“Бул жолу Боршайком жаңы формат тандады, ал дагы маалыматтык - түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган мазмунга ээ. Иш-чаранын максаты – алдыда турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана КР референдумун чагылдырууда журналисттердин, блогерлердин, жарандык позициясы активдүү адамдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет”, - деди ал.
Абдыжапар Бекматов мындан тышкары шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнө көп жылдык өнөктөштүгү, шайлоо системасын жакшыртууга багытталган ар кандай маалыматтык – түшүндүрүүчү материалдарды даярдоодо, иш-чараларды техникалык жактан колдоодо жардам бергени үчүн ыраазылык билдирди.
КР БШК төрагасынын орун басары журналисттерди шайлоо процессин обьективдүү чагылдырууга чакырып, шайлоо процессинин катышуучулары жөнүндө калкка маалымат берүүдө алардын ролу өзгөчө экендигин белгиледи. Анын айтканы боюнча маалыматтарды КР БШК бул ресурсунан алууга болот. https://talapker.shailoo.gov.kg/
“Quiz Night” оюнунун жеңүүчүлөрү төмөнкү командалар болду:
«Ош ТВ» командасы. Капитаны – Гулшайыр Турдали кызы.
«Достор» командасы. Капитаны - Медербек Абдыманапов.
«Т-медиа» командасы. Капитаны - Нурлан.Адаев.
Төртүнчү орунду эки команда бөлүштү:
«Universe» командасы. Капитаны - Медер Ниязалиев.
«Пентагон» командасы. Капитаны - Сапарали Патаев.
Жеңүүчүлөр белектерди алышты.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга шайлоонун жүрүшүндөгү бузуулар боюнча 21 арыз түштү
Бүгүн 2021-жылдын 6-январында, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун отуруму аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулар ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары миссиясы, “Жалпы иш” коомдук фонду коомдук байкоочулардын катышуусунда болуп өттү.
Отурумда Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу карап чыккан арыздардын (даттануулардын) жыйынтыгы угулду.
Жумушчу топ 2020-жылдын 24-октябрынан 2021-жылдын 5-январына шайлоо процессинин субъектилеринен 21 арыз жана даттануу каралган. Алардын ичинен:
Үгүт алдындагы шарттарды бузуу – 12;
Талапкерлерди каттоо маселелери боюнча – 2;
Шайлоочуларды сатып алуу – 1;
Ар түрдүү (маалымат мүнөздөгү каттар) – 4;
Административдик ресурсту кыянат пайдалануу – 2.
Келип түшкөн арыздарды (даттанууларды) карап чыккандан кийин, 8 (сегиз) арыз боюнча маалыматтык-түшүндүрмө мүнөзүндө жооптор жиберилди; 3 (үч) арыз каралуу алдында, 1 (бир) арыз даттануучу тарабынан кайтарып алынды; 9 (тогуз) арыз боюнча чечим кабыл алынган, анын ичинде Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салуу каралган:
КРнын Президенти кызматына талапкерлер менен макулдашпай туруп үгүт материалдарын таркаткандыгы үчүн “Кароол айылынын элдик коому” коомдук фондунун жетекчиси Р.Вахаповага IV категориядагы айып пул 7 500 сом өлчөмүндө салынды, 44-берене боюнча (Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу) БжК
КРнын Президенти кызматына талапкер И.А.Ташовго, шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтүн бузгандыгы үчүн - IV категориядагы айып пул 7 500 сом өлчөмүндө салынды, БжК 44-беренеси боюнча (Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу) Бузуулар жөнүндө Кодекси (БжК);
КРнын Президенти кызматына талапкер Б.О.Калмаматовго, шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтүн бузгандыгы үчүн IV категориядагы айып пул 7 500 сом өлчөмүндө салынды, 44-берене боюнча (Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу) БжК
Баткен райондук штабынын жетекчиси үгүт иштерине жашы жете элек жакты катыштырбоого чара көрбөгөндүгү үчүн IV категориядагы айып пул 7 500 сом өлчөмүндө салынды, 44-берене боюнча (Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу) БжК
Жумушчу топтун башчысы Асаналиев Алмаз Турдакунович, келип түшкөн арыздарга (даттанууларга) максималдуу көңүл буруп кароо жана өз убагында КР БШКнын отурумуна алып чыгууну Жумушчу топтун мүчөлөрүнө табыштады.
КР БШК маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
«Убакыт-Время» КУ КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу КР БШКга билдирди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Убакыт-Время» коомдук бирикмесинен КР БШКга түшкөн билдирүүсүн эске алууну чечти.
Ошондой эле КР БШК 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Имралиева Айназик Акматалиевнаны «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фондунан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы коомдук байкоочу катары каттоону чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнд» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Убакыт-Время» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 5-январындагы билдирмесинин жана «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фондунун 2021-жылдын 6-январындагы жолдомосунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бир катар КЭУ референдумда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу БШКга билдирди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардан КР БШКга түшкөн билдирүүсүн эске алууну чечти.
- «Коомар Медиа» коомдук фонду;
- «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фонду;
- «Тынчтык Фонду» коомдук фонду;
- юридикалык жактардын «Таза Шайлоо Ассоциациясы» бирикмеси.
Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШК 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү үчүн төмөнкүлөрдү коомдук байкоочу катары каттоону чечти:
1) юридикалык жактардын «Таза Шайлоо Ассоциациясы» бирикмесинен:
Арыков Тимур Дженишбековичти,
Бова Эдир Исмаровичти,
Айтбаева Чинара Жээнбековнаны;
2) «Тынчтык Фонду» коомдук фондунан:
Даникеев Азим Оскеновичти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнд» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, коммерциялык эмес уюмдардан түшкөн 2021-жылдын 5-январындагы билдирмелеринин жана жолдомолорунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйынында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга КМШ Миссиясынын курамында Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын добуш берүүнү коомдук көзөмөлдөө Координациялык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо боюнча токтом кабыл алды:
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды алуу боюнча тест өткөрүүдө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 6-январында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо алкагында автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды ыкчам алуу боюнча тест өткөрүүдө.
Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоо участкаларындагы шайлоо бюллетендерин кабыл алып, саноону ишке ашырат. АЭУдагы модемдин жардамы менен добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтар БШКнын борбордук серверине өткөрүлөт.
Учурдагы тесттен өткөрүүнүн жүрүшүндө маалыматтарды өткөрүп берүүнүн ыкчамдыгы 95%га чейин жогорулды. Жалпысынан маалыматтарды алуу шайкеш жана ыкчам өтүүдө.
Ошону менен бирге республикада 11 шайлоо участогу Интернет байланышы жок тоолуу жана алыскы райондордо жайгашкан. Бул Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы жана Баткен облусунун Зардалы айылындагы чек ара заставасындагы участкалар, ошондой эле алыскы участкалар Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунда ж.б. дагы бар.
Ал участкалардан добуш берүүнүн жыйынтыгын өткөрүп берүү маалыматтарды БШКнын серверине байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү үчүн АЭУларды жакын жайгашкан участкаларга унаага жүктөп алып баруу жолу менен ишке ашырылат.
БШК маалыматтарды коопсуз түрдө берүү үчүн бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу орган – УКМК менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү