Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК шайлоо күрөөсүнүн суммаларына байланыштуу маалымдайт
20.01.2021

БШК шайлоо күрөөсүнүн суммаларына байланыштуу маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн суммалары, алардын талапкерлерге кайтарылчу суммалары жана бюджетке которулууга тийиш болгон сумма жөнүндө маалымат берди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ар бир талапкер БШКнын депозит эсебине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсүн төктү. Ошого ылайык БШКнын депозит эсебине КР Президентинин кызмат ордуна жыйырма бир талапкерден 21 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү түштү. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине ылайык “Шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет: 1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин; 2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса; 3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарып берилген күрөө каражаттарынын суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш”. Конституциялык Мыйзамдын жана КР БШК токтомдорунун жоболорунун негизинде 3 млн сом суммасы төмөнкүлөргө кайтарып берилди: 1.  К.А. Чороевге - 25.12.2020-ж. 1 млн сом, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 14.12.2020 №468 токтому); 2. К.А. Токтосуновго - 15.12.2020-ж. 1 млн сом, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 12.12.2020 №445 токтому); 3.  К.С. Исабековго - 11.12.2020-ж. 1 млн сом, талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 06.12.2020 №401 токтому). Жыйынтыгында 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенине 18 талапкер киргизилди. 2020-жылы 31-декабрда КР БШК №529 токтому менен 2020-жылы 30-декабрда берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Тагаевди каттоо жокко чыгарылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алган төмөнкү талапкерлердин ар бирине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү кайтарып берилүүгө тийиш: 1.       С.Н. Жапаров – 79,20%; 2.       Мыктыбек Арстанбек – 1,69%        3.       К.С. Сооронкулова – 1,00% 4.       И.А. Ташов – 1,17%     5.       А.К. Сегизбаев - 1,46%          6.       А.К. Мадумаров – 6,79%       7.       Тольбаев Б.Л. – 2,36%           Калган талапкерлер шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алышты. Ошентип, БШКнын депозит эсебиндеги 18 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөлөрүнүн акча каражаттарынын  7 млн сому аларды төккөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге кайтарып берилүүгө тийиш, ал эми шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алган башка талапкерлердин жана шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкер Р.Б. Тагаевдин шайлоо күрөөлөрүнүн 11 млн сом суммасы Кыргыз Республикасынын бюджетине чегерилүүсү керек. Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 16-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде Р.Б. Тагаевдин шайлоо күрөөсү кайтарып берилбейт, себеби Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арызды ал шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин берди (“2020-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө” КР БШК 21.12.2020 №488 токтому). “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” БШК Жобосуна ылайык “Президенттин кызмат ордуна талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына... төмөнкүдөй тартипте... 3) Үчүнчү жыйынтыктоочу каржылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен отчет берүүгө милдеттүү”. Мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемдеринин негизинде КР Президентинин кызмат ордуна 17 талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында (календарлык план боюнча 2021-жылдын 17-январына чейин) отчет беришти. Учурда көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин каржылык отчетторун текшерүүдө. Ачыктык жана каржылык айкындуулукту камсыздоо максатында Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин каржылык отчеттору расмий сайтта жарыяланды. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы, Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнүн кайтарылып берилген суммасы жана бюджетке чегерилген сумма тууралуу маалымат жакын арада БШКнын расмий сайтында жарыяланат.   КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана КР референдумунун чыгымдарына тиешелүү алдын ала маалыматты карады
20.01.2021

КР БШКсы Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана КР референдумунун чыгымдарына тиешелүү алдын ала маалыматты карады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана КР референдумун өткөрүүнү даярдоого жана өткөрүүгө алгачкы жалпы суммасы 728 907,3 миң сом болгон чыгымдардын сметасы бекитилген, алардын ичинен: КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого – 551 671,0 миң сом, КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого кайталап добуш берүүнү өткөрүүгө кошумча смета - 137 290,3 миң сом, КР референдумун өткөрүүгө - 39 946,0 миң сом. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерде убактылуу жүргөн жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде шайлоо участокторун уюштуруу үчүн, БШК 19 897,6 миң сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекиткен. Алдын ала маалыматтар боюнча даярдоого жана өткөрүүгө: КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого иш жүзүндө 507 248,1 миң сом чыгымдалган, 168 821 миң сом сарамжал болгон. КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 30 772,0 миң сом чыгымдалып, 2 168,6 миң сом сарамжал болгон. Эки кампанияга тең иш жүзүндө алдын ала маалымат боюнча 538 020,1 миң сом чыгымдалган. Алдын ала эсеп боюнча 170 989,6 миң сом сарамжалданган. КР БШКнын Контролдоо-ревизиондук тобу 2021-жылдын 10-январында конституциялык мөөнөттөргө ылайык өткөрүлгөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана КР референдумун даярдоо менен өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышы, республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоонун сметасын аткаруу боюнча төмөнкү шайлоо комиссияларын текшерүүнү өткөрөт.   Бюджеттик каражаттарды чыгымдоо жөнүндө акыркы финансылык отчет КР БШК сайтында, шайлоонун, референдумдун жыйынтыгын жарыялаган күндөн кийин үч айдан кечикпеген убакытта жарыяланат. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун болуп өткөнүн тааныды
20.01.2021

БШК Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун болуп өткөнүн тааныды

2021-жылдын 20-январында КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитти. Ал боюнча: референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандардын жалпы саны – 3 563 574; добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны – 1 394 218 же референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандардын жалпы санынан 39,12 пайызы; “президенттик республика” вариантын колдогон референдумдун катышуучуларынын саны - 1 133 485 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 81,30% пайызы; “парламенттик республика” вариантын колдогон референдумдун катышуучуларынын саны – 151 931 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынан 10,90 пайызы; “бардык варианттарга каршы” вариантын колдогон жарандардын саны - 62 145 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынан  4,45 пайызы.   “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 37-беренесине, “КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп таануу токтомун кабыл алды. “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, БШК 2021-жылдын 10-январындагы референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) алынып чыгып жана кабыл алынган “президенттик республика” вариантын тааныды. Токтомдо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – конституциялык мыйзам) ылайык, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын  11-декабрындагы №6 мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылгандыгы белгиленет. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын бекитти
20.01.2021

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын бекитти

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  37, 55-беренелерине ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын 54 протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды суммалоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйынды таблицаны жана «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколду түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы № 24 токтомуна ылайык, жыйынды таблицаны жана «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган 8 шайлоо участкаларынын маалыматтары алып салынгандыгы эске алынды. «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколго ылайык: 1. Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3 563 574 шайлоочуну түздү. 2. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 39,16 % түзөт. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1 105 248 добушту алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейканович 8 038 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58 % түзөт. 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбек 23 583 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,69 % түзөт. 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронкулова Клара Сыргакбековна 14 005 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,00 % түзөт. 7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташов Имамидин Асамидинович 16 383 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,17 % түзөт. 8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакирович 0 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0 % түзөт. 9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевич 20 335 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,46 % түзөт. 10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 94 741 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,79 % түзөт. 11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталипович 12 684 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,91 % түзөт. 12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 9 397 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58 % түзөт. 13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 1 327 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,10 % түзөт. 14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбекович 6 996 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,50 % түзөт. 15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатарович 6 885 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49 % түзөт. 16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 157 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,08 % түзөт. 17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Джеенбеков Равшан Бабырбекович 2 652 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,19 % түзөт. 18. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 6 893 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49 % түзөт. 19. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латиханович 32 979 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 2,36 % түзөт. 20. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманалиев Каныбек Капашович 2 490 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,18 % түзөт. 21. «Баарына каршы» позициясы үчүн 18 673 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,34 % түзөт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55, 58-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылды:  1. «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын        20-январындагы протоколу бекитилсин.  2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү деп табылсын. 3. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин. 4. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын. 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК бир катар шайлоо участокторунун УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен урнанын жанында турууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүүнү жүргүзөт
20.01.2021

БШК бир катар шайлоо участокторунун УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен урнанын жанында турууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүүнү жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйналышында участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө «Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине 2021-жылдын 15-январында «Клооп Медиа» КФнын даттануусу түшкөн. Анда айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч камтылган. Ал даттануу Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ тарабынан изилденди, жыйынтыгы боюнча айрым шайлоо участокторунун УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен добуш берүү үчүн урналардын жанында туруусу жаатында, стационардык урналарды пайдалануу жана урналарды пломбалоо, байкоочулардын шайлоо укуктары тууралуу түшүндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Маселени калыс кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышына «Клооп Медиа» КФ өкүлү Якупбаева Ф., ошондой эле кызыкдар тараптар чакырылды. Даттанууну кароодо «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан айрым шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бөлүгүндөгү такталган даттануудагы көрсөтүлгөн талаптарынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26, 30-пункттарына ылайык “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, текшерүүлөрдү жүргүзөт жана алар боюнча шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.” Баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө; шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө «Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. БШК УШК мүчөлөрү жана АЭУ операторлору менен добуш берүү үчүн урналардын жанында туруусу жаатында, стационардык урналарды пайдалануу жана урналарды пломбалоо, байкоочулардын шайлоо укуктары тууралуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдерин бузууга жол берилбестик жөнүндө кээ бир УШК мүчөлөрү үчүн түшүндүрүүлөрдү өткөрүүнү аныктады. Ошондой эле жыйналышта 7149, 7401, 7288, 5288 УШКларында, Ош АШКсында даттанууларды кароо мөөнөттөрүн бузуу,  добуш берүүнүн купуялыгын жана добуш берүүнү уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестик бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдерин бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү берилди. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК  “Клооп Медиа” коомдук фонду айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан жок
20.01.2021

БШК “Клооп Медиа” коомдук фонду айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан жок

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы отурумунда “Клооп медиа” коомдук фондунун доо-арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ 2021-жылдын 20-январында “Клооп медиа” коомдук фонду тарабынан 2021-жылдын 15-январындагы кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттериндеги мыйзам бузуулар боюнча арызын кызыкдар тараптардын жана “Клооп медиа” КФдан Ф.Якупбаеванын катышуусунда каралды. Арыз ээси өзүнүн талаптарын колдоп, 2021-жылдын 12-январында “Клооп медиа” Коомдук фонду УШКнын мүчөлөрүнүн жана төрагаларынын аракетсиздиги менен шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу боюнча арыздар менен кайрылышканын көрсөттү. Бирок, жогоруда белгиленген АШК өз чечимдери менен даттанууларды канааттандырган эмес. Арыз ээси даттануусунда, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 9,35,37 беренелеринин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы 9,31,45 беренелери бузулган деп көрсөткөн. Даттануу арызын карап чыгып, арыз ээси тарабынан берилген сүрөттөрдү жана видеолорду изилдеп чыгып, кызыкдар тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүдөй жыйынтыкка келет. Арыз ээсинин келтирген жүйөлөрүн тастыктаган эч кандай далил №7007, 7136, 4069, 4078, 4073, 2089 УШКлар боюнча келтирилбегени үчүн арыз ээси көрсөтүлгөн шайлоо участокторуна коюлган талаптарынан баш тартты. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 4-бөлүгүндөгү 43-беренесинин 7-абзацында: “Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш” – деп белгиленген. Келип түшкөн №7024, 3137, 4148 УШКлар боюнча баардык материалдар, анын ичинде участкалык комиссиялардын төрагалары конституциялык Мыйзамдын беренелерин добуш берүүдө жана жыйынтык чыгаруудагы, АЭУ иштешин бузганы боюнча берген түшүндүрмө жана түшүнүк каттарын изилдеп, добуш берүү процедурасы боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу, УШКнын мүчөлөрү шайлоочунун жана референдумдун катышуучуларынын эркин билдирүүсүнө таасир эткен аракеттери, ошондой эле АЭУнун иштебей калгандыгы аныкталбаган жана арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталган эместигин Жумушчу топ белгилеген. Жумушчу топ тарабынан №7024, 4148 УШКнын төрагаларына эскертүү, №3137 УШКсынын АЭС операторуна эскертүү берүү, №3106 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 5-бөлүгүндөгү 37-беренесинин 2-абзацында, шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт. Ошол эле учурда, конституциялык Мыйзамдын 37-беренесиндеги 5-бөлүктө көрсөтүлгөн талаптардын бузулганы тастыкталган жок. Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алып Жумушчу топ, шайлоо комиссияларынын иш-аракеттериндеги мыйзамсыздыктар боюнча арыз ээсинин жүйөлөрү негизсиз деп таап, “Клооп медиа” КФнун даттануусу канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт. Жогоруда белгиленгендерди эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 37-1 беренесин, шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жобону жетекчиликке алып: Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын ишаракеттерин Мыйзамга ылайык келбейт деп табуу жөнүндө; Кемин, ТогузТоро, Ат-Баши, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттерин Мыйзамга ылайык келбейт деп табуу жөнүндө; №7007, 7024 (Кемин АШКсы), №4078 (ТогузТоро АШКсы), №4069 (Нарын АШКсы), №4148 (Кочкор АШКсы), №4173 (Ат-Башы АШКсы), №3106, 3137, 3136 (Ак-Суу АШКсы) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө. КРнын БШКсы “Клооп медиа” коомдук фонду тарабынан 2021-жылдын 15-январындагы арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин чыгарды. БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын айрым нормаларын бузууга жол бербөө керектиги боюнча, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана АЭУнун операторлору добуш берүү үкөктөрүнүн жанында болуу, стационардык үкөктөрдү колдонуу жана ага мөөр басуу, байкоочулардын шайлоо укуктары боюнча №3106 УШКсынын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле Боршайком “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын айрым нормаларын арыздарды кароо мөөнөттөрүн бузуу, добущ берүүнүн купуялуулугун жана добуш берүүнү уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестиги боюнча №7024, 4148 УШКсына, №3137 УШКнын АЭУнын операторуна эскертүү берди.   КР БШК Маалыматтык борбору.
Кененирээк билүү >>
БШК Сокулук жана Токмок АШК төрагаларына эскертүү берди
20.01.2021

БШК Сокулук жана Токмок АШК төрагаларына эскертүү берди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйынында, “Клооп Медиа” коомдук фондунун даттануусун жарым-жартылай канааттандыруу жана Сокулук, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн эскертүү берүү чечимин кабыл алды. 2021-жылдын 19-январында КР БШКсына “Клооп Медиа” коомдук фондунун өкүлү Ф. Якупбаевадан аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттери боюнча арыз түшкөн. Арызда 2021-жылдын 10-январында шайлоо участокторуна мониторинг жасоонун жүрүшүндө “Клооп Медианын” байкоочулары тарабынан “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 31-35-45-беренелери бузулгандыгы катталган. Жумушчу топтун жыйынында Ф. Якупбаева жогоруда аталган АШКлар арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө 13-15-январда чечим кабыл алышкан, ал ортодо коомдук фондго бул арыздар 16-январда гана жиберилген. Бул иш жүзүндө документтер менен бекемделди. Борбордук шайлоо комиссиясы бул арыздар боюнча Сокулук АШКнын 13-январдагы №75-чечимине жана Токмок АШКнын 15-январдагы №51-чечимине арыздануучу даттанып жаткандыгын белгилейт. Конституциялык мыйзамдын 44-беренесинин 7-бөлүгү боюнча “Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин катышуучусуна анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечим кабыл алуу, аракет жасоо (аракет жасабоо) жөнүндө белгилүү болгон убактан тарта дароо, бирок 3 календарлык күндөн кеч эмес убакта берилет”. Ошол эле убакта конституциялык мыйзамдын 44-беренесинин 8-9-бөлүктөрү боюнча, “Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан алар түшкөндөн кийинки 3 күндүк мөөнөт ичинде каралууга тийиш, ал эми добуш берүү күнүндө же анын алдыңкы күнүндө түшкөн арыздар кечиктирилбестен каралат. Эгер шайлоону даярдоонун жүрүшүндө түшкөн арыздардагы (даттануулардагы) фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндөн кеч эмес убакытта кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын колу коюлуп мөөрү басылган чечими кат жүзүндө арыздануучуга дароо тапшырылат”. Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары чечимдерди кабыл алган соң мөөрдү басып дароо арыздануучуга тапшыруулары зарыл болгондугун белгилейт. Келтирилгендердин негизинде, “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 45-беренесин, “КР референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамын, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, КР БШКсы “Клооп Медиа” коомдук фондунун 19-январдагы даттануусун жарым-жартылай канааттандыруу чечимин кабыл алды. Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн Сокулук жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына эскертүү берилди. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК К.С. Асановдун маалыматын эске алды
20.01.2021

БШК К.С. Асановдун маалыматын эске алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Нурбек кызынын 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө арызын карады. Арызда, анын ичинде төмөнкүлөр билдирилет, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асанов үчүн: №5319 шайлоо участогунда эң аз дегенде 9 адам (алардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт) добуш берүүгө тийиш эле, бирок АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары боюнча К.С. Асанов үчүн бардыгы 4 шайлоочу добуш берген; №5320 шайлоо участогунда эң аз дегенде 6 адам (алардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт) добуш берүүгө тийиш эле, бирок АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары боюнча К.С. Асанов үчүн бардыгы 1 шайлоочу добуш берген; № 5559 шайлоо участогунда эң аз дегенде 15 адам (алардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт) добуш берүүгө тийиш эле, бирок АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары боюнча К.С. Асанов үчүн бардыгы 7 шайлоочу добуш берген; Арыз ээси аты-жөндөрү арызда көрсөтүлгөн адамдардын түшүнүк каттарын тиркеген. Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ арызды карап, материалдарды изилдеп, төмөнкүлөрдү белгилейт: Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо участокторунда добуш берүүгө «Клооп Медиа» коммерциялык эмес уюмунан коомдук байкоочулар, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.К. Мадумаровдун, Б.Л. Тольбаевдин жана С.Н. Жапаровдун байкоочулары байкоо жүргүзгөн, алардан добуштарды саноо процессине сын-пикирлер, добуштарды кайра саноо талаптары түшкөн эмес. Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок”. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноону жүргүздү. КР БШК арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу арыз ээсине маалымат берүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановго шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялыгын бузууга жол берилбестигин жана АШК жана УШК чечимдерин мыйзамдарда белгиленген тартипте даттануу тартибин сактоо зарылдыгын көрсөттү.   КР БШК маалымат бөлүмү                          
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 20-январындагы өтө турган КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунун күн тартибинин долбоору
20.01.2021

2021–ж. 20-январындагы өтө турган КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 20-январь 2021-ж. Убактысы: 19:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер           К.С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Нурбек кызынын арызы жөнүндө     (баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 2. "Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комисияларынын иш-аракеттерине карата даттануусу жөнүндө     (баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 3. "Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комисияларынын иш-аракеттерине карата даттануусу жөнүндө     (баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 4."Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комисияларынын аракетсиздигине карата даттануусу жөнүндө     (баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 5. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жалпы маалыматы (баяндамачы –Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 6. 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана  Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумун даярдоого  жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарынан чыгымдардын сметасын аткаруу тууралуу алдын ала маалымат жөнүндө (баяндамачы – Баатырова Г.М., КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси) 9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Баатырова Г.М., КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси) 10. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК  айрым шайлоо участкаларындагы референдумда (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды
20.01.2021

БШК айрым шайлоо участкаларындагы референдумда (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы отурумунда айрым шайлоо участкаларындагы референдумдун (мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн) жыйынтыктарын жокко чыгарылганын таану токотому кабыл алынды. КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы № 3/ОД буйругу менен аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ түзүлгѳн, ага 54 аймактык шайлоо комиссияларынан, анын ичинде 2474 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдор келип түшкѳн. Участкалык шайлоо комиссияларынан Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдорду кабыл алууда аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31, 35, 37-беренелеринин талаптарынын бузулгандыгы аныкталган. Аймактык шайлоо комиссиялары 9 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери идентификациялык чектери жок берилгендигин белгилеген. Ушуга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 9 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик) добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу, бузууларга жол берген тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу боюнча чечим кабыл алынган. Ош шаарындагы № 5555 участкалык шайлоо комиссиясынын аракеттерине коомдук байкоочулардын 4 арыз (даттануу) түшүп, текшерүүлѳрдүн натыйжасында аларда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар аныкталган. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31, 37, 43, 44, 45-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Аймактык шайлоо комиссиялары 9 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери идентификациялык чектери жок берилгендигин белгилеген Нарын шаардык, Ош, Араван, Ысык-Ата, Лейлек жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери эске алынып: - Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 11 чечими менен № 4064 шайлоо участкасында; - Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 15-1 чечими менен №5901 шайлоо участкасында; - Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 73 чечими менен № 5584 шайлоо участкасында, - Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 33 чечими менен № 5493 шайлоо участкаларында, - Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 4 чечими менен № 7087, 7131 шайлоо участкасында, - Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 37 чечими менен № 8004 шайлоо участкасында, - Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы №30 чечими менен №8113, 8116 шайлоо участкасында алынган чечимдер жокко чыгарылды деп таанылган. КРнын БШКсы № 5555 Ош шаардык участкалык шайлоо комиссиясындагы референдумдун (мөөнөтүнөн мурда шайлоонун) жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана № 5555 Ош шаардык участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жѳнүндѳ маселени кароону Ош аймактык шайлоо комиссиясынна милдеттендирилди.   КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
БШК  айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарылганын тааныды
20.01.2021

БШК айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарылганын тааныды

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-январындагы отурумунда айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарылганын таануу ткотому кабыл алынды. КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы № 3/ОД буйругу менен аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ түзүлгѳн, ага 54 аймактык шайлоо комиссияларынан, анын ичинде 2474 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдор келип түшкѳн. Участкалык шайлоо комиссияларынан Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдорду кабыл алууда аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31, 35, 37-беренелеринин талаптарынын бузулгандыгы аныкталган. Аймактык шайлоо комиссиялары 6 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери идентификациялык чектери жок берилгендигин белгилеген. Ушуга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 6 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу, бузууларга жол берген тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу боюнча чечим кабыл алынган. Аймактык шайлоо комиссияларынан Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдорду кабыл алууда Жала-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаарындагы № 2238 шайлоо участкасында 1 шайлоо бюллетенин идентификациялык чек жок берилгендиги белгилүү болгон. Ош шаарындагы № 5555 участкалык шайлоо комиссиясынын аракеттерине коомдук байкоочулардын 4 арыз (даттануу) келип түшкѳн. Ушул шайлоо участкасы боюнча келип түшкѳн арыздардын (даттануулардын) ар бири боюнча ѳткѳрүлгѳн текшерүүлѳрдүн натыйжасында аларда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар аныкталган. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31, 37, 43, 44, 45-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Аймактык шайлоо комиссиялары 6 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери идентификациялык чектери жок берилгендигин белгилеген Нарын, Араван, Ысык-Ата, Лейлек, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери эске алынсын: - Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 2 чечими менен № 4037 шайлоо участкасында, - Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 33 чечими менен № 5493 шайлоо участкасында, - Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 2 чечими менен № 7087, 7131 шайлоо участкаларында, - Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 37 чечими менен № 8004 шайлоо участкасында, - Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы № 30 чечими менен № 8116 шайлоо участкасында. КРнын БШКсы № 2238 участкалык шайлоо комиссиясынын бѳлүгүндѳгү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-январындагы № 26, 2021-жылдын 14-январындагы № 27 чечимдери, № 5555 участкалык шайлоо комиссиясы бѳлүгүндѳгү Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-январындагы № 14-1, 2021-жылдын 14-январындагы № 15, 2021-жылдын 16-январындагы № 16-1 чечимдери жокко чыгарылсын Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссиялары № 2238 жана № 5555 участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу жѳнүндѳ маселени кароо милдеттендирилди.   КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
Ош шаарынын үч шайлоо участогунда шайлоочулардын добуштары кайра саналат
20.01.2021

Ош шаарынын үч шайлоо участогунда шайлоочулардын добуштары кайра саналат

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйынында, Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо чечимин кабыл алды. КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Нурбек кызынан 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу арыз түшкөн. Арызда булар менен бирге КР Президенти кызматына талапкер К. Асанов үчүн: - №5319-шайлоо участогунда аз дегенде 9 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн маалыматы боюнча К. Асанов үчүн болгону 4 шайлоочу добуш берген; -№5320-шайлоо участогунда аз дегенде 6 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн натыйжасында К. Асанов үчүн болгону 1 шайлоочу добуш берген; - №5559-шайлоо участогунда аз дегенде 15 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн аркасында болгону 7 шайлоочу К. Асанов үчүн добуш берген. Арыздануучу арызда аты-жөнү көрсөтүлгөн адамдардын түшүндүрмөлөрүнүн көчүрмөсүн да тиркеген. КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу бул арызды карап жана материалдар менен таанышып чыгып, буларды белгилейт: Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жүрүшүнө жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө процессине “Клооп Медиа” коммерциялык эмес уюмунан коомдук байкоочулар, КР Президенти кызматына талапкерлер А. Мадумаровдун, Б. Тольбаевдин жана С. Жапаровдун байкоочулары көз салып турушканын, алардан добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө эскертүүлөр түшпөгөнүн жана добуштарды кайра саноо талаптары болбогонун билдирет. Ошол эле учурда конституциялык мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасында шайлоолор жалпы тең жана түз шайлоо укугунун негизинде купуя добуш берүү мене өткөрүлөт. Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жарандардын өз шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу ишке ашыруусуна негизделет. Эч ким жарандарга аларды мажбурлоо менен шайлоого катышуу же катышпоосуна, ошондой өз эркине таасир көрсөтүүгө укугу жок”. Ушуга байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторунда добуштарды кайра эсептөө чечимин кабыл алды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 36-беренесин, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү КР БШК мүчөсүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен кайра өткөрүү тапшырылды.  КР БШКсы КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун аракеттерине укуктук баа берүү үчүн, материалдарды укук коргоо органдарына жиберет. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмелерин жарыялады
20.01.2021

КР БШК 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмелерин жарыялады

КР БШК 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмелерин жарыялады. Ар бир участок боюнча тизме менен БШК сайтынын башкы бетинде “Президентти шайлоо. 10.01.2021” бөлүгүндө же https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-yanvar-2021/prinyavshie-dosrochnyh-prezidenta-yanvarya-2021/  шилтемеси боюнча таанышууга болот. Шайлоочуларды идентификациялоо маалыматтык тутумунун маалыматтарына ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участогунда, ошондой эле орун-жайдан тышкары 1 398 888 шайлоочу же шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын  тизмелерине кирген 3 563 574 жарандын ичинен 39,26%ы идентификациядан өткөн. Шайлоодо добуш бергендердин тизмесин жарыялоо 2016-жылдан бери колдонулууда жана шайлоо процессинин аныктыгына контроль жүргүзүүнүн кошумча инструменти катары кызмат кылууда.  Ар бир шайлоочу идентификациядан өткөн б.а. шайлоодо добуш берген шайлоочулардын тизмелеринен өздөрүн текшере алат. БШК республикада эрк-ниетти билдирүүнүн купуялыгы мыйзам менен корголгонун, шайлоочу кандай добуш бергенин билгенге эч кимдин укугу жок экендигин эске салат. Тутум жарандардын добуш берүүгө катышкандыгын гана белгилейт. Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы санынын 47,59%ын – аялдар, ал эми 52,41%ын эркектер түзгөн. Мында жалпысынан шайлоочулардын тизмесине киргизилген аялдардын саны шайлоочулардын тизмесине киргизилген эркектердин санынан көп: шайлоочулардын баары - 3 563 574, 100% анын ичинде аялдар -  1 860 477, или 52,21% анын ичинде эркектер - 1 703 097, или 47,79 %. Бирок добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 703 097 эркектин санынын 733 213үн же 43,05%ын түздү. Аялдардын жигердүүлүгү эркектердин жигердүүлүгүнөн төмөн болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 860 477 аялдын санынын 665 675ин же 35,78 %ын түздү. Региондор боюнча аялдар менен эркектердин добуш берүүгө катышуусу жөнүндө «Тизме» порталында - https://tizme.gov.kg/  , “Статистика” жана “Индикаторлор” бөлүмдөрүндө (графика жана диаграммалар - https://data.srs.kg/statistics/region.xhtml ) кененирээк билүүгө болот.   2021-Ж. 10.01 ИДЕНТИФИКАЦИЯДАН ӨТКӨН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ГЕНДЕРЛИК ӨҢҮТ БОЮНЧА ЖИГЕРДҮҮЛҮГҮ   Регион Шайлоочулардын  республика боюнча катышуусу Эркектер Аялдар Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА: 3563574 1398888 39,26 1703097 733213 43,05 1860477 665675 35,78 БИШКЕК Ш. 416123 160579 38,59 176243 73032 41,44 239880 87547 36,50 ОШ Ш. 151115 63845 42,25 69099 30058 43,50 82016 33787 41,20 БАТКЕН ОБЛУСУ 297264 115931 39,00 145299 64351 44,29 151965 51580 33,94 ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ 666695 262345 39,35 324906 141452 43,54 341789 120893 35,37 НАРЫН ОБЛУСУ 202475 84463 41,72 101010 44657 44,21 101465 39806 39,23 ОШ ОБЛУСУ 722933 290240 40,15 350959 155289 44,25 371974 134951 36,28 ТАЛАС ОБЛУСУ 157886 60539 38,34 78394 32761 41,79 79492 27778 34,94 ЧҮЙ ОБЛУСУ 591818 204831 34,61 281523 108105 38,40 310295 96726 31,17 ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ 307786 142780 46,39 150642 74979 49,77 157144 67801 43,15 КР  ТИМ 49479 13335 26,95 25022 8529 34,09 24457 4806 19,65   Шайлоочулардын  жаш курагы боюнча. 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын арасында ар кыл жаш курактагы категориялардын дүң салмагы төмөнкүдөй: 18 жаш -1,88 %, 19-30 жаш – 19,18 %, 31-45 жаш – 30,99 %, 46-60 жаш – 30,62%, 60 жаштан жогору – 17,32%. 30 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын тизмесинде 31%ды же 1 173 063 адамды түзөт, бирок добуш берүүгө катышкандардын дүң салмагы 22 %ды же 294 675 адамды түзөт. Эгерде бардык курактагы шайлоочулардын саны өлкө боюнча 39, 26  %ды түзсө, 30 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү 25 %ды түзөт же өлкө боюнча орточо алганда 15 %га аз. 46 жаштан баштап, андан жогору жарандар кыйла жигердүү б.а. 53-54%   добуш беришти. Бул тууралуу төмөнкү таблицадан же https://tizme.gov.kg/ , “Статистика” жана “Индикаторлор” бөлүмдөрүндө (графика жана диаграммалар - https://data.srs.kg/statistics/region.xhtml ) кененирээк билүүгө болот.   2021-ЖЫЛЫ 10-ЯНВАРДА ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ҮЧҮН ИДЕНТИФИКАЦИЯДАН ӨТКӨН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АР БИР ЖАШ КУРАКТАГЫ КАТЕГОРИЯСЫНЫН ЖИГЕРДҮҮЛҮГҮ РЕГИОН Шайлоочулардын  катышуусу 18 жаш 19-30 жаш 31-45 жаш 46-60 жаш 60+ жаш Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % Тизмеге киргизилген Идентификациядан өткөн % РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА: 3563574 1398888 39,26 87287 26350 30,19 1085776 268325 24,71 1137554 433578 38,11 801720 428313 53,42 445328 242322 54,41 БИШКЕК Ш. 416123 160579 38,59 9322 3199 34,32 107221 33130 30,90 130257 48558 37,28 102010 47351 46,42 67313 28341 42,10 ОШ Ш. 151115 63899 42,29 3529 1182 33,49 46482 13033 28,04 47092 18764 39,85 34671 18960 54,69 19341 11960 61,84 БАТКЕН ОБЛУСУ 297264 115931 39,00 7697 2479 32,21 95916 22747 23,72 96914 36894 38,07 63731 35134 55,13 33006 18677 56,59 ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ 666695 262345 39,35 17576 5050 28,73 217070 49067 22,60 210834 81027 38,43 144872 82027 56,62 74534 45174 60,61 НАРЫН ОБЛУСУ 202475 84463 41,72 4969 1521 30,61 61737 15572 25,22 65645 27221 41,47 45315 25752 56,83 24809 14397 58,03 ОШ ОБЛУСУ 722933 290240 40,15 18342 5000 27,26 234726 53598 22,83 227903 87986 38,61 158818 92559 58,28 80716 51097 63,30 ТАЛАС ОБЛУСУ 157886 54539 34,54 4073 1048 25,73 48662 10664 21,91 50522 13397 26,52 33866 18308 54,06 19091 11122 58,26 ЧҮЙ ОБЛУСУ 591818 204831 34,61 13722 3947 28,76 166015 40007 24,10 191834 63500 33,10 137648 61153 44,43 82599 36224 43,86 ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ 307786 142780 46,39 7407 2847 38,44 90364 25918 28,68 96245 44694 46,44 71853 44198 61,51 41917 25123 59,94 КР  ТИМ 49479 13258 26,80 650 0 0,00 17583 4589 26,10 20308 5537 27,27 8936 2871 32,13 2002 261 13,04     https://tizme.gov.kg/ порталы шайлоо мезгилинде – күн  сайын, шайлоолордун арасындагы мезгилде ай сайын жаңыланып туруучу шайлоочулардын тизмелери тууралуу статистиканы, ошондой эле шайлоого катышкан  шайлоочулардын саны тууралуу маалыматтарды камтыйт. https://tizme.gov.kg/ порталында 2015-жылдан берки  шайлоолордогу шайлоочулардын санынын динамикасы, анын ичинде гендерлик жана жаш курак өңүтүндөгү маалыматтар жайгаштырылган. 2021-жылдагы жергиликтүү жана Жогорку кеңештерге шайлоолорду эске алып, ар бир жаран https://tizme.gov.kg/ шилтемеси аркылуу өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, өзүнүн шайлоо участогун тактаса, шайлоочунун тизмесиндеги же шайлоо дарегиндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу арыз берүү үчүн “Шайлоочунун кабинети” сервисинен пайдаланса болот.   КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 20-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
20.01.2021

2021–ж. 20-январындагы өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 20-январь 2021-ж. Убактысы: 10.30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ош шаарынын №5319, № 5320, № 5559 шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөллүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алуу боюнча жумушчу топтун маалыматы тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алуу боюнча жумушчу топтун маалыматы тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алууну улантууда
19.01.2021

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алууну улантууда

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алууну улантууда Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча 6 УШКда жана референдум (жалпы элдик добуш берүү) боюнча 7 УШКда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп жокко чыгарылды. № АШК аталышы № УИК Шайлоо кампаниясы   8 10   1 Ош шаардык 5901 референдум 2 Кара-Суу 5584 референдум 3 Араван 5493 президенттик жана референдум 4 Нарын шаардык 4064 референдум 5 Нарын 4037 президенттик 6 Лейлек 8004 президенттик жана референдум 7 Кадамжай 8113 референдум     8116 президенттик жана референдум 8 Ысык-Ата 7087 президенттик       7331   президенттик   Ошондой эле Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун кабыл алууда БШК тарабынан №2238 – шайлоо участогунда идентификацияланган шайлоочуларга караганда АСУдагы бюллетендердин санынын көп экендиги аныкталган. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда аталган участоктун жыйынтыгы жараксыз деп табылат. Имараттан тышкары добуш берүүдө (кыдырма үкөктөр менен) коомдук байкоочулардан түшкөн арыздар менен даттануулардын негизинде 6 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Ал эми Тоң районунда атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочулардын санынан добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу, №3234 УШКдагы имараттын тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ош шаарында имараттан тышкары добуш берүүдө атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочуларга караганда добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу төрт участокто (№5295, 5308, 5327, 5329) добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Араван районунда да атайын көрсөтүлгөн реестрдеги шайлоочулардын санына караганда добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу, №5363 – шайлоо участогунун имараттан тышкары добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК маалыматтык ресурстары
19.01.2021

КР БШК маалыматтык ресурстары

 КР БШК расмий сайты - https://shailoo.gov.kg/ Портал шайлоо процесси жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Маалыматтык шайлоо системасы – http://ess.shailoo.gov.kg/,  http://newess.shailoo.gov.kg/. Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыматтар берилет. Добуштарды кол менен саноонун жана идентификациянын жыйынтык отчетун графикалык чагылдыруу сайты - http://protocol.shailoo.gov.kg/ АСУнун сканирленген протоколдору жайгашкан ресурс. “Тизме” порталы - https://tizme.gov.kg/ Ресурс шайлоочулардын тизмесин көрсөтүп турат.   Шайлоо участокторунун картасы - https://shailoo.gov.kg/kg/map/, https://shailoo.gov.kg/ru/map/. Картадан визуалдык таанышуу үчүн ресурс. Арыздар менен кайрылуулардын ресурсу - https://shailoo.gov.kg/kg/registry/, https://shailoo.gov.kg/ru/registry/ БШКнын арыздар менен кайрылууларды жайгаштыруучу ресурсу. “Талапкер” маалыматтык ресурсу - http://talapker.shailoo.gov.kg/ Ресурс саясый партиялар жана талапкерлер жөнүндө маалыматты камтыйт.   Телеграм – ШАЙЛО2020 https://t.me/joinchat/AAAAAEV_8i0N_XlH1Q-XJQ Инстаграм – tsik_kyrgyzstan https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/ Youtube – КР Боршайкому https://www.youtube.com/channel/UC4Hhg8dK8khbhuCO8JaBj6w Facebook –  КР Борбордук шайлоо комиссиясы https://www.facebook.com/shailoo.kg/ Twitter - cec_kyrgyzstan https://twitter.com/cec_kyrgyzstan  
Кененирээк билүү >>
1 … 251 253 … 483