Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Дүйнөлүк шайлоолор күнү менен куттуктоо
Урматтуу кесиптештер – шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, КРнын БШКнын аппаратынын кызматкерлери, өнөктөштөр! Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү менен куттуктайт!
Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембиси Дүйнөлүк шайлоолор күнү катары белгиленет. Бул күн 2005-жылы сентябрда Венгрияда шайлоону уюштуруучулардын Глобалдык конференциясында бекитилген. Дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөнүн максаты, демократиялык жана эркин шайлоолордун баалуулуктарын коомдун аң-сезимине калыптандыруу, калктын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу, шайлоо процессиндеги жетишкендиктер жөнүндө коомчулукка маалымдоо.
Кыргыз Республикасында шайлоо Мыйзамдарын жана процесстерин кеңири реформалоонун натыйжасында жаңы шайлоо технологиялары киргизилди, шайлоочуларды каттоодо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын ачык-айкын, ишенимдүү эсепке алууга жетишип, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү жогорулады, ар кандай катмардагы шайлоочуларга, анын ичинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү камсыздалды жана тынымсыз өркүндөтүлүп турат, эркин жана атаандаштыктагы шайлоолорду өткөрүү жумуштары жакшыртылууда, шайлоо мыйзамдарын бузууларга натыйжалуу каршы туруу, шайлоонун жүрүшүндө орун алган шайлоо талаш-тартыштарын мыйзамдуу жана акыйкат чечүү, шайлоолордун укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу багытында алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Реформалардын учурдагы натыйжасы, бардык реформа жүргүзүүчүлөрдүн саясий эрки менен жигердүү жардамында мүмкүн болду: Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, мамлекеттик жана ЖӨАБ органдарынын, жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттер менен маалымат каражаттарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн.
Урматтуу достор!
Сиздердин шайлоону уюштуруудагы жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоодогу компетенттүү жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында жана ардактуу жарандык миссияны патриоттулук жана тырышчаактык менен аткарганыңыздар үчүн Кыргызстанда тынч, мыйзамдуу, ишенимдүү жана ачык-айкын шайлоолор камасыздалууда, бул өлкөнүн туруктуу, демократиялык өнүгүүсүнүн негизги маанилеринен болуп эсептелет.
Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө ден-соолук, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайт! Биздин мындан ары да биргеликте кызматташуубуз, Кыргызстандын жыргалчылыгына багытталат деген ишенимдебиз!
БШК КР
Кененирээк билүү >>
ИИМ КРнын БШКнын төрагасын төш белги менен сыйлады
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованы “Датка айым” төш белгиси менен сыйлады.
Буйрукка ылайык, сыйлык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн ошондой эле, Бүткүл Дүйнөлүк шайлоо күнүн майрамдоонун урматына тапшырылды. Ушул эле буйрук менен КРнын БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров жана КРнын БШКнын Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чинара Исмаилова КРнын ИИМнин “Шериктеш” төш белгиси менен сыйланышты.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун дүйнөлүк күнү белгилөө алкагында БШКда Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө алкагында БШКда Ачык эшиктер күнү өткөрдү.
Бул күнү БШКда коомчулуктун, биринчи кезекте, жаштардын Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жөнүндө кабардар болуусун арттырууга арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жаш шайлоочулар үчүн экскурсия уюштурулду.
КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова өлкөнүн шайлоо тутуму, демократиялык коомду калыптандырууда жаштардын ролу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын легитимдештирүүдө шайлоонун ролу, шайлоого катышуунун жол-жоболору, жигердүү жана пассивдүү шайлоо укугу жөнүндө айтып берди.
“Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарда белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. КР мыйзамдарына ылайык талапкерлерге жарандыгы, тили, отуруктуулук цензи, 30 миң колтамга боюнча шайланууга талаптар жана чектөөлөр коюлган. Ошондой эле жаш курагы боюнча талаптар бар: Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге 21 жаштан, Президентке 35 жаштан, соттолгондугу жана аракетке жөндөмдүүлүгү боюнча чектөөлөр бар”, - деди ал.
Анын айтуусунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын https://tizme.gov.kg/ порталына жайгаштырылган шайлоочулардын тизмесинде 3 563 574 жаран катталган. Анын ичинде 975 971 шайлоочу 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, 891 686 шайлоочу 30 жаштан 39 жашка чейинкилер.
“Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчөлүгү – шайлоочулардын тизмесинде жаштардын үлүшүнүн көптүгү. Учурда 18 жаштан 30 (кошо алганда) жашка чейинки 1 млн. 708 миң шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде турат”, - деп айтты КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулар көп санды түзүп, жаштардын шайлоо процессине жигердүү тартылуусу байкалууда.
“2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү 264 473 шайлоочуну түздү. Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүлгөн 2015-жылга салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү 762 257 шайлоочуну түздү. Шайлоочулардын санынын өсүшү калктын санынын табигый жактан өсүшүнүн жана шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча тынымсыз жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында болууда. Мында 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого шайлоочулардын 56,32%ы добуш берүүгө келген учурда жаштардын добуш берүүгө келүүсү болгону 41,56%ды түзгөн б.а. калктын жашы кыйла улуу бөлүгүнө салыштырганда жаштардын жигердүүлүгү 15%га аз болгон.
Үстүбүздөгү жылдагы Президентти шайлоо жөнүндо сөз кылганда 30 жашка чейинки шайлоочулар шайлоочулардын жалпы тизмесинде 33,12%ды же 1 166 869 адамды түздү. 10-январда жаштардын жигердүүлүгү республика боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгүнөн 11,72%га аз болду”, - деп белгиледи ал.
Н. Шайлдабекова Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык жаштардын шайлоого катышуу жана катышпоо жүйөлөрүн келтирди.
“Сурамжылоодо жаштар шайлоого катышуусунун төмөнкүдөй жүйөлөрүн айтышты: бул – ар бир жарандын милдети; өзү тандаган талапкерди колдоо зарыл же алардын добушу шайлоодо маанилүү, ал добуш шайлоонун натыйжаларына таасир эте алат деп эсептешет. Жаштар шайлоого катышпоо себептерин өз жашоосунда жана өлкөнүн турмушунда шайлоонун ролун түшүнбөгөндүгү, шайлоо тутумуна ишенбегендиги, шайлоо процесси жана талапкерлер тууралуу маалыматтын жоктугу жана партиялардын, талапкерлердин программаларында жаштар маселелеринин жоктугу менен түшүндүрүүдө”, - деп белгиледи ал.
Майрамдык иш-чаралардын катышуучуларына шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоочу заманбап технологиялар тууралуу айтылды. Жаш шайлоочуларга шайлоо күнү моделдештирилди, биометрикалык идентификациядан өтүү жол-жобосу, автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсү көрсөтүлдү.
Ошондой эле бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы ак ниет жана жемиштүү эмгеги, өз милдеттерин сапаттуу аткаргандыктары, 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү, Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун өнүктүрүүгө олуттуу салымы үчүн бийликтин мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн жана аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Ардак грамоталар менен сыйлады.
Бүгүнкү иш-чаралардын программасында Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясы менен онлайн-симпозиум бар, анда жаштардын шайлоо процессиндеги ролу талкууланат.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ардак грамота менен сыйлануучулардын тизмесин бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январындагы болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөткөн үзүрлүү эмгеги, өз милдеттерин так аткаргандыгы, Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү жана аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Ардак грамота менен сыйлоо чечимин кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бул жерде
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 4-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 4-февраль 2021-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен А.Т. Мамасалиевди чыгарды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-февралындагы отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен Мамасалиев Алишер Тургунбаевичти чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Мамасалиев Алишер Тургунбаевичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин 12 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-февралындагы отурумунда Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракөл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитүү токтомун кабыл алды.
Нарын облусу, Нарын шаары
Нарын шаардык кеңеши: (№ 2, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан) Сакыбаев Майрамбек Сыдыковичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№ 6, «Өнүгүү-Прогресс» с/п) жеке ишкер, Сыдыков Тельман Усенбаевичке тапшырылды.
Ош облусу, Ноокат району
Көк-Жар айылдык кеңеши: Пирматов Тойчубай Умаралиевич депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат фермер, Жолдошов Кошназар Шермаматовичке тапшырылды.
Жалал-Абад облусу Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаардык кеңеши: (№ 3, «Ата-Журт» депутаттык фракциясы) Парханова Упел Токтосуновнанын ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№25, «Ата-Журт» с/п) Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси, Калымбетова Насыйкат Чотуровнага тапшырылды.
Чүй облусу, Сокулук району
Шопоков шаардык кеңеши: (№4, «Акшумкар» деп.фракциясы) Гвоздев Александр Владимировичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№ 7, «Акшумкар» с/п) “Ынтымак-Ырыс” дыйкан чарбасынын мүчөсү Абдыкулов Бек Жащасыновичке тапшырылды.
Кызыл-Туу айылдык кеңеши: Касымбеков Руслан Касымбековичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген, Султанбеков Жолдошбек Жумабековичке тапшырылды.
Воено-Антоновка айылдык кеңеши: Шабданбеков Самат Шабданбековичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, дарыгер Матаева Гульнара Ибраимовнага тапшырылды.
Новопавловка айылык кеңеши: Батыров Жоодат Борисович депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, пенсионер Гафуров Анвар Катибовичке тапшырылды.
Ысык-Көл облусу, Тоң району
Күн-Чыгыш айылдык кеңеши: Монолдоров Самат Шаршенбекович депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, дыйкан Байгашкаев Эрмек Жалгабековичке тапшырылды.
Кажы-Сай айылдык кеңеши: Байгазиева Чынара Байгазиевна депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, жеке ишкер Кулубеков Урматбек Талайбековичке тапшырылды.
Ысык-Көл облусу, Тоң району
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши:
Абдырахманов Уланбек Кадыркуловичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, “Ак-Марал” панционатынын ашпозчусу Саматова Дилдекан Асанбековнага тапшырылды.
Абдыкадыров Малик Калыковичтин ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат, убактылуу иштебеген Мамырканов Календер Алпамышовичке тапшырылды.
Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
Каракол шаардык кеңеши: (№6, “Табылга” деп фракциясы) Хурова Галия Ринатовнанын ыйгарым укугу жеке арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№ 24, “Табылга” с/п), убактылуу иштебеген Кулдаева Аида Казыбековнага тапшырылды.
Жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган .
КРнын БШКсы жогоруда белгиленген АШКлардын чечимдерин «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык бекитүү токтомун кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 3-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 3-февраль 2021-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө Жобо тууралуу
(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Ноокат, Жалал-Абад, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. «Өнүгүү-Прогресс» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Мамасалиев Алишер Тургунбаевичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин келечектеги депутатынын мектеби иштей баштады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин келечектеги депутатынын мектебинин ишине катышты.
Мектептин максаты – жергиликтүү кеңештерде, айыл муниципалитеттеринде жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин дараметин ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын колдоосу менен уюшулган Мектептин ишине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, ЖӨБ Бирлигинин өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда өткөрүлгөн шайлоодо 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участогунда, ошондой эле орун-жайдан тышкары 1 398 888 шайлоочу же шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмелерине кирген 3 563 574 жарандын ичинен 39,26%ы идентификациядан өткөн.
Мында жалпысынан шайлоочулардын тизмесине киргизилген аялдардын саны шайлоочулардын тизмесине киргизилген эркектердин санынан көп: аялдар – 1 860 477, же 52,21%, эркектер – 1 703 097, же 47,79 %.
Бирок добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 703 097 эркектин санынын 733 213үн же 43,05%ын түздү. Аялдардын жигердүүлүгү эркектердин жигердүүлүгүнөн төмөн болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 860 477 аялдын санынын 665 675ин же 35,78 %ын түздү.
Шайлоочулардын жаш курагы боюнча 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын арасында ар кыл жаш курактагы категориялардын дүң салмагы төмөнкүдөй: 18 жаш -1,88 %, 19-30 жаш – 19,18 %, 31-45 жаш – 30,99 %, 46-60 жаш – 30,62%, 60 жаштан жогору – 17,32%.
30 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын тизмесинде 31%ды же 1 173 063 адамды түзөрүн, бирок добуш берүүгө катышкандардын дүң салмагы 22 %ды же 294 675 адамды түзөрүн белгилей кетүү керек. Эгерде добуш берүүгө келген бардык курактагы шайлоочулардын орточо саны өлкө боюнча 39, 26 %ды түзсө, 30 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү 25 %ды түзөт же өлкө боюнча орточо алганда 15 %га аз.
Демек, шайлоо процессине катышуусун жигердештирүү боюнча аялдардын жана жаштардын арасында иш жүргүзүү зарыл”, - деп белгиледи КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова.
Иш-чаранын ачылышында жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкарууга жарандардын катышуусун күчөтүү үчүн жакшы жай болору айтылды. Аялуу топтордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү кеңештердин курамында аялдардын жана жаштардын катышуусу айрыкча мааниге ээ. Өзүн өзү төмөн баалоо, жамааттын айыптоосунан коркуу, өз билимине ишенбөө аялдардын жергиликтүү шайлоого солгун катышуусунун себептери болуп саналат. Жаштардын көйгөй маселелери башкада: алар кеңешке барууга даяр, бирок депутаттын иш-милдеттерин сапаттуу аткаруу үчүн алардын баштапкы билимдери жетишсиздик кылат, натыйжада жергиликтүү парламенттердеги жаштардын бөлүгү же бүлүндүргүч күчкө айланат же жашы кыйла улуу депутаттар манипуляция кылуучу топ болуп калат.
Шайлоо мыйзамдардын талаптарына, анын ичинде гендерлик теңчилик талабына ылайык өтсүн үчүн жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин сапаттык курамын арттыруу максатында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештердин келечектеги депутатынын мектеби уюшулду.
Мектептин алкагында катышуучулар КРдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдык негиздерин, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын жана иш-милдеттеринин бөлүштүрүлүшүн, ЖӨБ органдарынын тутумун, ЖӨБдүн каржы-экономикалык негиздерин окуп-үйрөнүштү.
Лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, командада өз ара натыйжалуу аракеттешүү жана көйгөйлүү маселелерди өнүмдүү чечүү боюнча интерактивдер болуп өттү. Катышуучулар чыр-чатактуу жагдайларды түшүнө билүүнү жана чыр-чатактардан чыгуу ыкмаларын үйрөнүштү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациясы болуп өттү
Бүгүн – 2021-жылы 28-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин инаугурациясы болуп өттү.
2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү, добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны – 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 39,16 % түзөт.
2021-жылы 20-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, шайлоо болуп өттү деп тааныды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1 105 248 добуш алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түздү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен С.Н. Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине мазмундагы ант берет.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова С.Н. Жапаровго Президент болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмалоо белгилерин – Президенттин төш белгисин жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда жарандык билим берүү боюнча BRIDGE семинары ишин баштады
2021-жылы 27-январда Ысык-Көл облусунда 5 күндүк BRIDGE семинары өтө баштады. Анын максаты – бүткүл Кыргызстан боюнча максаттуу аудиторияларга маалыматтык жана билим берүү өнөктүктөрүн даярдап, өткөрүүдө колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандагы шайлоо процессинин катышуучуларына жарандык билим берүү жана аларды агартуу тармагында эл аралык мыкты үлгүлөрдү көрсөтүү.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова, КР БШК мүчөлөрү, шайлоочуларга жарандык билим берүү жана аларды агартуу маселелерин сүрөөнгө алган жарандык коомдун уюмдарынын жана университеттердин өкүлдөрү катышууда. Иш-чараны BRIDGEнин аккредитацияланган төмөнкү фасилитаторлору өткөрүүдө: БУУ ӨПнүн шайлоону колдоо боюнча техникалык кеңешчиси Юлия Шипилова, БУУ ӨПнүн эл аралык эксперт Татьяна Бибик, ошондой эле Латвиянын Борбордук шайлоо комиссиясын 22 жылдан ашык жетектеген, ардактуу чакырылган спикер – Арнис Цимдарс.
Семинар Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен өткөрүлүүдө. Семинарда мамлекеттик саясат тармагында маалыматтык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле шайлоочуларды агартууга жана жарандык билим берүүгө узак мөөнөттүү стратегиялык мамиленин артыкчылыктарын алга жылдыруу максатында жарандык билим берүүнүн жана шайлоочуларды агартуунун ар түрдүү концепциялары жана жолдору чагылдырылууда.
Катышуучулардын ар түрдүү тармактардагы тажрыйбалары көйгөйлүү маселелерди ар тараптуу кароого жана жакынкы айларда жана узак мөөнөттүү келечекте шайлоочуларга жарандык билим берүү жана аларды агартуу тармагында мындан ары ийгиликтүү кызматташуу үчүн өнөктөштүк мамилелерди жолго салууга мүмкүнчүлүк берет.
Өнүгүүнүн демократиялык жолун тандоо менен Кыргызстан жарандык-укуктук аң-сезимдин жогорку деңгээлин, демократиялык идеалдарга жана баалуулуктарга берилгендикти, жарандык катышуунун укуктук механизмдеринин бардык комплексин колдонуу менен биздин өлкө өткөн тарыхый жолду эске алып, мамлекеттик бийликти уюштуруунун процесстерин түшүнүүнү талап кылган планканы жогору көтөргөнү белгиленди. Тутумдук жарандык билим берүүнүн натыйжасында ал баалуулуктарды калыптандырууга жана көндүмдөргө жетүүгө мүмкүн.
BRIDGE – бул бүт дүйнөдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан шайлоо чөйрөсүндөгү уникалдуу билим берүүчү эл аралык программа. Ал демократия жана башкаруу тармагындагы жетектөөчү беш уникалдуу уюм (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП), Бириккен Улуттар Уюмунун шайлоолорго көмөктөшүү бөлүмү (UNEAD), Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES), Демократия жана шайлоолорго көмөктөшүү эл аралык институт (IDEA) жана Австралия шайлоо комиссиясы (AEC)) биргелешип, дараметти өнүктүрүүнүн кыйла кеңири түзүмүндөгү инструмент катары пайдалануу үчүн арналган комплекстүү окуу программаларын жана семинарлардын сериясын иштеп чыгуу, киргизүү жана колдоо боюнча милдеттенмелерди өз колуна алган демилге болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси 2021-жылга кызматташуу планын талкуулашты
КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо процессинин убагында бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн натыйжалуу окутууга көмөктөшкөнү үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин (ЕККУ ПО) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Шайлоону жана референдумду адилеттүү жана тынч өткөрүүдө БШК гана эмес, бардык мамлекеттик органдар жоопкерчилик тарта турганын түшүнүү зарылдыгы белгиленди.
Атап айтканда, алдыдагы шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө өкмөт тарабынан укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү аркылуу администрациялык ресурсту пайдаланууну жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жоюу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөөрү айтылды. ИИМдин, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен БШКда түзүлгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) акыркы шайлоолордун жүрүшүндө бузуулар жөнүндө билдирүүлөрү боюнча иштөө жаатындагы тажрыйбасы өзүнүн натыйжалуулугун жана өз убагында түзүлгөнүн көрсөттү.
ЕККУ ПО 2021-жылы ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБдун (БДИПЧ) эксперттерин тартуу менен ар түрдүү темада, анын ичинде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча дискуссия аянтчаларын түзүүгө БШКга көмөктөшүүнү мерчемдөөдө, кибер коопсуздукту камсыздоого көмөктөшүү мерчемделди.
ЕККУ ПО жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квотаны коргоо механизми жөнүндө ченемдердин натыйжалуулугу жаатында көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө жарандык секторго колдоо көрсөтүүнү мерчемдөөдө.
ЕККУ ПО КР БШКнын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга ЕККУ ПО тараптан колдоо көрсөтүлдү. Стратегияда каралган мыйзамдардагы өзгөртүүлөр акыркы шайлоолордун жана референдумдун жүрүшүндө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, ошондой эле шайлоо процессинин убагында мамлекеттик органдардын өз ара жемиштүү аракеттешүүсунө түрткү болду.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 22-январдагы жыйынында Таш-Көмүр шаардык, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:
Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад областы:
Таш-Көмүр шаардык кеңешинен, (№5)(“Ата-Журт” депутаттык фракциясынан) - Абдыраманов Кеңешбек Паисбекович – ыйгарым укугу жеке арызына байланыштуу токтотулду. Вакантту депутаттык мандат убактылуу иштебеген, (№7)(“Ата-Журт с.п.) Шайдуллаев Расулбек Сагиналиевичке тапшырылды.
Кара-Кулжа району, Ош областы:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинен - Алмабашов Майрамбек Тентимишович - ыйгарым укугу жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалганы тууралуу жеке арызы боюнча токтотулду. Ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер, Суюнбеков Кеңешбек Суюнбековичке тапшырылды.
Ат-Башы району, Нарын областы:
Ат-Башы айылдык кеңешинен - Акматалиев Майрамбек - ыйгарым укугу каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Ваканттуу мандат Ат-Башы аймактык ооруканасынын экономисти Омокеева Аида Дүйшебаевнага тапшырылды.
Манас району, Талас областы:
Покровка айылдык кеңешинен - Курманбаев Чынгыз Тилекович - ыйгарым укугу каза болгонуна байланыштуу токтотулуп, ваканттуу депутаттык дыйкан чарбасынын мүчөсү. Молдобаев Марс Курманбековичке тапшырылды.
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Таш-Көмүр шаардык, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссиялары №2 тикремеге ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
КР БШКсы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 22-январындагы отурумунда Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өттү деп таануу чечимин кабыл алды.
КРнын БШКсынын 2020-жылдын 24-декабрындагы №506 токтому менен дайындалган Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 12-январында болуп өттү.
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 4 талапкер катталган: Назанов Алмаз Аширбекович, Назанов Кыралы Камбарбекович, Айылчиев Куштарбек Камчыбекович, Анаркулов Ойрот Ажибаевич.
Добуш берүүгө Кара-Алма айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышкан. Добуш берүүдө Назанов Алмаз Аширбекович 3 добуш алган, Назанов Кыралы Камбарбекович 0 добуш алган, Айылчиев Куштарбек Камчыбекович 0 добуш алган, Анаркулов Ойрот Ажибаевич 7 добуш алган, баарына каршы 1 добуш.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-январындагы шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколунда Анаркулов Ойрот Ажибаевич Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Добуш берүүнүн натыйжасына жана Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары боюнча арыз жана даттануу түшкөн жок.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-январындагы Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыктары боюнча протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 -беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49- беренесине ылайык Анаркулов Ойрот Ажибаевичти Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганын таануу чечими кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 22-январындагы өтө турган КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22-январь 2021-ж.
Убактысы:16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылы 12-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн колдонмо
жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы КРдагы ПРООНдун Туруктуу өкүлү Л. Чемберлен менен жолугушту
Жолугушуунун негизги максаты – 2021-жылга карата Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо боюнча ПРООН долбоорун мындан ары да ишке ашыруу пландарын талкуулоо болду.
БШК төрагасы 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана башкаруу формасын аныктоо үчүн КР референдумунун негизги жыйынтыктары тууралуу, ошондой эле шайлоо комиссиясынын алдында турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көрүлө турган даярдыктардын алкагындагы милдеттер жөнүндө айтып берди.
Кыргызстандагы акыркы убактарда болуп өткөн коомдук-саясый окуялар аймактарда жарандык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууну кеңейтүү аракеттерин күчөтүү зарылдыгын күбөлөп турат. Ушуга байланыштуу жарандык билим берүү, агартуу жана маалымат берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ПРООН менен өз ара иштешүүнүн перспективалары талкууланды.
Л.Чемберлен жарандык билим берүү – бул узак мөөнөттүү процесс экендигин ага жаранды курчап турган бардык деңгээлдер: үй-бүлө, жергиликтүү жана борбордук бийлик, диний түзүмдөр, жарандык коомдун уюмдары, ЖМК жана башка көптөгөн түзүмдөр киришүүсү керектигин белгиледи. Буга карабастан, БШК маалыматтык кампанияны борбордук деңгээлде салт болуп калган ЖМКларды колдонуу менен өткөрүп келет, мындай ишмердүүлүктү аймактарда кеңейтүү менен дагы көп аудиторияны камтуу үчүн көзмө-көз жолугушуу форматында өткөрүү зарылдыгы бар экени айтылды. Ушуга байланыштуу китепканалар өлкөнүн бардык аймактарында жарандык билим берүүнүн борборлору боло алышат эле.
Тараптар ПРООНдун долбоорунун алкагында төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенүү үчүн туруктуу жолугушууларды өткөрүү боюнча түшүнүүгө жетишишти:
Жарандык билим жана шайлоочуларды агартуу;
Кампанияны финансылоонун ачыктыгы;
Шайлоого аялдардын жана жаштардын катышуусу;
Чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу;
Шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо;
Шайлоолордун коопсуздугу;
Киберкоопсуздук;
Шайлоо талаш-тартыштарын чечүү.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү