Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо күрөөсүнүн суммаларына байланыштуу маалымдайт

БШК шайлоо күрөөсүнүн суммаларына байланыштуу маалымдайт

20-Янв, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн суммалары, алардын талапкерлерге кайтарылчу суммалары жана бюджетке которулууга тийиш болгон сумма жөнүндө маалымат берди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ар бир талапкер БШКнын депозит эсебине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсүн төктү. Ошого ылайык БШКнын депозит эсебине КР Президентинин кызмат ордуна жыйырма бир талапкерден 21 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине ылайык “Шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:

1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;

2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.

Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарып берилген күрөө каражаттарынын суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш”.

Конституциялык Мыйзамдын жана КР БШК токтомдорунун жоболорунун негизинде 3 млн сом суммасы төмөнкүлөргө кайтарып берилди:

1.  К.А. Чороевге - 25.12.2020-ж. 1 млн сом, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 14.12.2020 №468 токтому);

2. К.А. Токтосуновго - 15.12.2020-ж. 1 млн сом, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 12.12.2020 №445 токтому);

3.  К.С. Исабековго - 11.12.2020-ж. 1 млн сом, талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 06.12.2020 №401 токтому).

Жыйынтыгында 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенине 18 талапкер киргизилди.

2020-жылы 31-декабрда КР БШК №529 токтому менен 2020-жылы 30-декабрда берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Тагаевди каттоо жокко чыгарылды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алган төмөнкү талапкерлердин ар бирине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү кайтарып берилүүгө тийиш:

1.       С.Н. Жапаров – 79,20%;

2.       Мыктыбек Арстанбек – 1,69%       

3.       К.С. Сооронкулова – 1,00%

4.       И.А. Ташов – 1,17%    

5.       А.К. Сегизбаев - 1,46%         

6.       А.К. Мадумаров – 6,79%      

7.       Тольбаев Б.Л. – 2,36%          

Калган талапкерлер шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алышты.

Ошентип, БШКнын депозит эсебиндеги 18 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөлөрүнүн акча каражаттарынын  7 млн сому аларды төккөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге кайтарып берилүүгө тийиш, ал эми шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алган башка талапкерлердин жана шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкер Р.Б. Тагаевдин шайлоо күрөөлөрүнүн 11 млн сом суммасы Кыргыз Республикасынын бюджетине чегерилүүсү керек.

Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 16-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде Р.Б. Тагаевдин шайлоо күрөөсү кайтарып берилбейт, себеби Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арызды ал шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин берди (“2020-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө” КР БШК 21.12.2020 №488 токтому).

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” БШК Жобосуна ылайык “Президенттин кызмат ордуна талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына... төмөнкүдөй тартипте... 3) Үчүнчү жыйынтыктоочу каржылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен отчет берүүгө милдеттүү”.

Мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемдеринин негизинде КР Президентинин кызмат ордуна 17 талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында (календарлык план боюнча 2021-жылдын 17-январына чейин) отчет беришти.

Учурда көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин каржылык отчетторун текшерүүдө.

Ачыктык жана каржылык айкындуулукту камсыздоо максатында Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин каржылык отчеттору расмий сайтта жарыяланды. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы, Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнүн кайтарылып берилген суммасы жана бюджетке чегерилген сумма тууралуу маалымат жакын арада БШКнын расмий сайтында жарыяланат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>