Башкы Жаңылыктар КР БШК 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн …

КР БШК 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмелерин жарыялады

20-Янв, 2021

КР БШК 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмелерин жарыялады. Ар бир участок боюнча тизме менен БШК сайтынын башкы бетинде “Президентти шайлоо. 10.01.2021” бөлүгүндө же https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-yanvar-2021/prinyavshie-dosrochnyh-prezidenta-yanvarya-2021/  шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Шайлоочуларды идентификациялоо маалыматтык тутумунун маалыматтарына ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү 2 474 шайлоо участогунда, ошондой эле орун-жайдан тышкары 1 398 888 шайлоочу же шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын  тизмелерине кирген 3 563 574 жарандын ичинен 39,26%ы идентификациядан өткөн.

Шайлоодо добуш бергендердин тизмесин жарыялоо 2016-жылдан бери колдонулууда жана шайлоо процессинин аныктыгына контроль жүргүзүүнүн кошумча инструменти катары кызмат кылууда.  Ар бир шайлоочу идентификациядан өткөн б.а. шайлоодо добуш берген шайлоочулардын тизмелеринен өздөрүн текшере алат.

БШК республикада эрк-ниетти билдирүүнүн купуялыгы мыйзам менен корголгонун, шайлоочу кандай добуш бергенин билгенге эч кимдин укугу жок экендигин эске салат. Тутум жарандардын добуш берүүгө катышкандыгын гана белгилейт.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы санынын 47,59%ын – аялдар, ал эми 52,41%ын эркектер түзгөн.

Мында жалпысынан шайлоочулардын тизмесине киргизилген аялдардын саны шайлоочулардын тизмесине киргизилген эркектердин санынан көп:

шайлоочулардын баары - 3 563 574, 100%

анын ичинде аялдар -  1 860 477, или 52,21%

анын ичинде эркектер - 1 703 097, или 47,79 %.

Бирок добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 703 097 эркектин санынын 733 213үн же 43,05%ын түздү. Аялдардын жигердүүлүгү эркектердин жигердүүлүгүнөн төмөн болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 860 477 аялдын санынын 665 675ин же 35,78 %ын түздү. Региондор боюнча аялдар менен эркектердин добуш берүүгө катышуусу жөнүндө «Тизме» порталында - https://tizme.gov.kg/  , “Статистика” жана “Индикаторлор” бөлүмдөрүндө (графика жана диаграммалар - https://data.srs.kg/statistics/region.xhtml ) кененирээк билүүгө болот.

 

2021-Ж. 10.01 ИДЕНТИФИКАЦИЯДАН ӨТКӨН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ГЕНДЕРЛИК ӨҢҮТ БОЮНЧА ЖИГЕРДҮҮЛҮГҮ

 

Регион

Шайлоочулардын  республика боюнча катышуусу

Эркектер

Аялдар

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА:

3563574

1398888

39,26

1703097

733213

43,05

1860477

665675

35,78

БИШКЕК Ш.

416123

160579

38,59

176243

73032

41,44

239880

87547

36,50

ОШ Ш.

151115

63845

42,25

69099

30058

43,50

82016

33787

41,20

БАТКЕН ОБЛУСУ

297264

115931

39,00

145299

64351

44,29

151965

51580

33,94

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

666695

262345

39,35

324906

141452

43,54

341789

120893

35,37

НАРЫН ОБЛУСУ

202475

84463

41,72

101010

44657

44,21

101465

39806

39,23

ОШ ОБЛУСУ

722933

290240

40,15

350959

155289

44,25

371974

134951

36,28

ТАЛАС ОБЛУСУ

157886

60539

38,34

78394

32761

41,79

79492

27778

34,94

ЧҮЙ ОБЛУСУ

591818

204831

34,61

281523

108105

38,40

310295

96726

31,17

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

307786

142780

46,39

150642

74979

49,77

157144

67801

43,15

КР  ТИМ

49479

13335

26,95

25022

8529

34,09

24457

4806

19,65

 

Шайлоочулардын  жаш курагы боюнча. 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын арасында ар кыл жаш курактагы категориялардын дүң салмагы төмөнкүдөй: 18 жаш -1,88 %, 19-30 жаш – 19,18 %, 31-45 жаш – 30,99 %, 46-60 жаш – 30,62%, 60 жаштан жогору – 17,32%.

30 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын тизмесинде 31%ды же 1 173 063 адамды түзөт, бирок добуш берүүгө катышкандардын дүң салмагы 22 %ды же 294 675 адамды түзөт. Эгерде бардык курактагы шайлоочулардын саны өлкө боюнча 39, 26  %ды түзсө, 30 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү 25 %ды түзөт же өлкө боюнча орточо алганда 15 %га аз.

46 жаштан баштап, андан жогору жарандар кыйла жигердүү б.а. 53-54%   добуш беришти. Бул тууралуу төмөнкү таблицадан же https://tizme.gov.kg/ , “Статистика” жана “Индикаторлор” бөлүмдөрүндө (графика жана диаграммалар - https://data.srs.kg/statistics/region.xhtml ) кененирээк билүүгө болот.

 

2021-ЖЫЛЫ 10-ЯНВАРДА ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ҮЧҮН ИДЕНТИФИКАЦИЯДАН ӨТКӨН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АР БИР ЖАШ КУРАКТАГЫ КАТЕГОРИЯСЫНЫН ЖИГЕРДҮҮЛҮГҮ

РЕГИОН

Шайлоочулардын  катышуусу

18 жаш

19-30 жаш

31-45 жаш

46-60 жаш

60+ жаш

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

Тизмеге киргизилген

Идентификациядан өткөн

%

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА:

3563574

1398888

39,26

87287

26350

30,19

1085776

268325

24,71

1137554

433578

38,11

801720

428313

53,42

445328

242322

54,41

БИШКЕК Ш.

416123

160579

38,59

9322

3199

34,32

107221

33130

30,90

130257

48558

37,28

102010

47351

46,42

67313

28341

42,10

ОШ Ш.

151115

63899

42,29

3529

1182

33,49

46482

13033

28,04

47092

18764

39,85

34671

18960

54,69

19341

11960

61,84

БАТКЕН ОБЛУСУ

297264

115931

39,00

7697

2479

32,21

95916

22747

23,72

96914

36894

38,07

63731

35134

55,13

33006

18677

56,59

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

666695

262345

39,35

17576

5050

28,73

217070

49067

22,60

210834

81027

38,43

144872

82027

56,62

74534

45174

60,61

НАРЫН ОБЛУСУ

202475

84463

41,72

4969

1521

30,61

61737

15572

25,22

65645

27221

41,47

45315

25752

56,83

24809

14397

58,03

ОШ ОБЛУСУ

722933

290240

40,15

18342

5000

27,26

234726

53598

22,83

227903

87986

38,61

158818

92559

58,28

80716

51097

63,30

ТАЛАС ОБЛУСУ

157886

54539

34,54

4073

1048

25,73

48662

10664

21,91

50522

13397

26,52

33866

18308

54,06

19091

11122

58,26

ЧҮЙ ОБЛУСУ

591818

204831

34,61

13722

3947

28,76

166015

40007

24,10

191834

63500

33,10

137648

61153

44,43

82599

36224

43,86

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

307786

142780

46,39

7407

2847

38,44

90364

25918

28,68

96245

44694

46,44

71853

44198

61,51

41917

25123

59,94

КР  ТИМ

49479

13258

26,80

650

0

0,00

17583

4589

26,10

20308

5537

27,27

8936

2871

32,13

2002

261

13,04

 

 

https://tizme.gov.kg/ порталы шайлоо мезгилинде – күн  сайын, шайлоолордун арасындагы мезгилде ай сайын жаңыланып туруучу шайлоочулардын тизмелери тууралуу статистиканы, ошондой эле шайлоого катышкан  шайлоочулардын саны тууралуу маалыматтарды камтыйт.

https://tizme.gov.kg/ порталында 2015-жылдан берки  шайлоолордогу шайлоочулардын санынын динамикасы, анын ичинде гендерлик жана жаш курак өңүтүндөгү маалыматтар жайгаштырылган.

2021-жылдагы жергиликтүү жана Жогорку кеңештерге шайлоолорду эске алып, ар бир жаран https://tizme.gov.kg/ шилтемеси аркылуу өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, өзүнүн шайлоо участогун тактаса, шайлоочунун тизмесиндеги же шайлоо дарегиндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу арыз берүү үчүн “Шайлоочунун кабинети” сервисинен пайдаланса болот.

 

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>