Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын бекитти

20-Янв, 2021

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  37, 55-беренелерине ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын 54 протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды суммалоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйынды таблицаны жана «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколду түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы № 24 токтомуна ылайык, жыйынды таблицаны жана «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган 8 шайлоо участкаларынын маалыматтары алып салынгандыгы эске алынды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколго ылайык:

1. Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3 563 574 шайлоочуну түздү.

2. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 39,16 % түзөт.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1 105 248 добушту алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейканович 8 038 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58 % түзөт.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбек 23 583 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,69 % түзөт.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронкулова Клара Сыргакбековна 14 005 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,00 % түзөт.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташов Имамидин Асамидинович 16 383 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,17 % түзөт.

8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакирович 0 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0 % түзөт.

9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевич 20 335 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,46 % түзөт.

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 94 741 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,79 % түзөт.

11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталипович 12 684 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,91 % түзөт.

12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 9 397 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58 % түзөт.

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 1 327 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,10 % түзөт.

14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбекович 6 996 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,50 % түзөт.

15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатарович 6 885 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49 % түзөт.

16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 157 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,08 % түзөт.

17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Джеенбеков Равшан Бабырбекович 2 652 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,19 % түзөт.

18. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 6 893 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49 % түзөт.

19. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латиханович 32 979 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 2,36 % түзөт.

20. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманалиев Каныбек Капашович 2 490 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,18 % түзөт.

21. «Баарына каршы» позициясы үчүн 18 673 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,34 % түзөт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55, 58-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылды: 

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын        20-январындагы протоколу бекитилсин. 

2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

3. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.

4. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>