Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Клооп Медиа» КФнын даттануусун карады
18.01.2021

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Клооп Медиа» КФнын даттануусун карады

2021-жылы 16-январда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү күнү шайлоо участокторунда АЭУ ишиндеги үзгүлтүктөр жана башка бузуулар жөнүндө «Клооп Медиа» коомдук фондунун (КФ) даттануусун карады. Даттануусунда «Клооп Медиа» КФ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9, 31, 35-беренелерин бузуулар болгонун көрсөткөн. Ушуга байланыштуу «Клооп Медиа» КФ Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан УШК төрагаларынын иш-аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таанып, аталган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнөт. Иштин материалдарын изилдеп, «Клооп Медиа» КФ өкүлүнүн түшүндүрмөсүн угуп, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чечимге келди. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-1-беренесине ылайык, ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары укуктук мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат, Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша анын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Мында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн жетинчи абзацына ылайык, “мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш”. Бул маселени калыс кароо үчүн жыйналышка №№1112, 1155, 1324 УШК төрагалары чакырылды, алар добуш берүүнү жүргүзүүдө, жыйынтыктарды чыгарууда, ошондой эле автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүндө участкалык шайлоо комиссиялары тараптан шайлоо мыйзамдарын, атап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 9, 31, 35-беренелерин кандайдыр бир бузуулар болбогону жөнүндө түшүндүрмө беришти. УШКлардыш ишинде кандайдыр бир бузуулар болбогону жөнүндө «Клооп Медиа» КФнын катталган коомдук байкоочулары кол койгон актылар, ошондой эле «Клооп Медиа» КФ кийин аракеттерине даттануу берген УШКларга ыраазычылык билдирген каттар бар. «Клооп Медиа» КФнын даттануусу боюнча калыс жана ачык-айкын чечим кабыл алуу максатында Бишкек АШК жыйналышында «Клооп Медиа» КФ кошумча берген бардык фото жана видео-файлдар каралды,  ошондой эле ар бир шайлоо участогу боюнча сын-пикирлер эки тараптуу негизде кылдат изилденди. Талкуунун жыйынтыгында «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан даттанууда көрсөтүлгөн Бишкек шаарындагы бардык шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бөлүгүндөгү дооматтарынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошол эле учурда «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан Бишкек шаарындагы 12 УШК мүчөлөрү менен АЭУ операторлорунун урнадан аралыкта туруусу, стационардык урналарды пайдалануусу жана урналарды пломбалоо жаатында түшүндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү сунушталды. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан даттанууда көрсөтүлгөн Бишкек шаарындагы бардык шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бөлүгүндөгү дооматтарынан баш тартуусун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын АЭУ операторлорунун урнадан аралыкта туруусу, стационардык урналарды пайдалануусу жана УШКлардын бир катар мүчөлөрү менен урналарды пломбалоо жаатындагы айрым ченемдерин бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү боюнча иш-чараларын өткөрүүнү чечти. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо
17.01.2021

КР БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34, 35-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо. 2021-жылдын 17-январына карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөр протоколдорун тапшырды: - Ош облусу  (Чоң-Алай, Алай, Араван, Кара-Суу); - Талас облусу  (Манас, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата); - Жалал-Абад облусу  (Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал); - Нарын облусу  (Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы); - Ысык-Көл облусу  (Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз); - Чүй облусу  (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок); - Баткен облусу  (Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Сүлүктү). Тапшыра элек АШКлар: - Бишкек ш.; - Ош ш.; - Ош облусу  (Кара-Кулжа, Ноокат); - Талас облусу  (Талас шаардык); - Жалал-Абад облусу  (Базар-Коргон, Жалал-Абад, Ноокен, Токтогул); - Нарын облусу  (Ак-Талаа); - Ысык-Көл облусу  (Ысык-Көл, Түп, Тоң); - Чүй облусу  (Ыcык-Ата, Москва); - Баткен облусу  (Кадамжай). Төмөнкү шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылды (жокко чыгарылды): № АШКнын аталышы УШК № Шайлоо өнөктүгү Себептери   7 8  Референдум-7 Президенттик-4 добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүк менен белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербей турган бузуулар орун алды 1 Ош шаардык 5901 Референдум 2 Кара-Суу 5584 Референдум 3 Араван 5493 Президенттик жана референдум 1 Нарын шаардык 4064 Референдум 2 Нарын 4037 Президенттик 1 Лейлек 8004 Президенттик жана референдум   2   Кадамжай   8113   Референдум 8116 Президенттик жана референдум   Маалымат үчүн: Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт. Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда аймактык протоколдун мазмуну менен макул эмес шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коет. Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет. - Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо – добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн б.а. 2021-жылдын 24-январынан (кошо алганда) кечиктирбестен) шайлоонун натыйжаларын аныктайт. КР БШКнын маалымат бөлүмү                                                
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова РФ БШК мүчөсү С. Шапиев менен жолугушту
13.01.2021

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова РФ БШК мүчөсү С. Шапиев менен жолугушту

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Россия Федерациясынын БШК мүчөсү Сиябшах Шапиев менен жолугушту. РФ БШК мүчөсү 2021-жылдын 10-январында КР Президентин шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктады. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан соң КР БШКсы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкандан кийин, кезектеги шайлоонун дайындалышы КР БШКнын азыркы курамы үчүн чыныгы сыноо болгон. Ошол кездеги бирден-бир легитимдүү орган КР БШК мүчөлөрүнүн эрктүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн гана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. КР Жогорку Кеңеши мындай чечимди кабыл албагандыгына байланыштуу чечимди БШК кабыл алган. С.Шапиев шайлоо мыйзамдарындагы бузууларга каршы туруучу механизмдерди жогору баалады. “Ыкчам аракет кылуучу координациялык топ – бул мыйзам бузууларга тез арада реакция кылган эффективдүү инструмент”. РФ БШК мүчөсү мындан тышкары участкалык шайлоо комиссияларынын кесипкөйлүгүн белгиледи. С. Шапиев “Бир УШКнын төрагасы добуш берүү процессинин ар бир стадиясын жана жыйынтык чыгарууну так, даана ар бир байкоочу түшүнгүдөй кылып айтып жатты” деп билдирди. Тараптар 2015-жылы Кыргызстандын шайлоо системасына киргизилген алдыңкы технологиялардын колдонулушун да талкуулашты. Жаңы шайлоо модели добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берчү бюллетенди саноодо жана башка иштерде адамдык фактор сыяктуу бир катар проблемаларды жокко чыгарууга жардам берет. КР БШК жетекчиси өз кезегинде Россия БШКнын санариптик технологияларды колдонуу, анын ичинде дистанциялык добуш берүү тармагындагы “Мобилдүү шайлоочу” тиркемеси жана башкалар боюнча тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыгуусун билдирди. Жолугушуунун аягында Н. Шайлдабекова Россия БШКнын жетекчилигине Россия Федерациясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо жана 2021-жылдын 10-январындагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда камсыз кылууга жардам бергени үчүн ыраазылык билдирип, 2021-жылдын сентябрында РФнын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасына шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалады. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча жооп берди
13.01.2021

КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча жооп берди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январында kaktusmedia сайтында жарыяланган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүү күнү 2021-жылдын 10-январында Брайл трафаретинин дал келбестигин текшерүүгө КРнын БШКсынын өкүлдөрү ыкчам түрдө №1133 шайлоо участогунда барышкан. Текшерүү объективдүү болушу үчүн көзү начар көргөн жаран тартылган. Бюллетенге коюлган бош квадрат менен трафареттеги тиешелүү белги үчүн коюлган тешикчелери дал келгени жөнүндө Кыргыз Республикасынын БШКнын өкүлдөрү белгилешкен. Текшерүү ачык жана айкын №1133 шайлоо участогундагы байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөн. Эске сала кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо үчүн ДМЧ жарандардын добуш берүүсүнө тиешелүү чаралар каралган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо, анын ичинен добуш берүүчү жайга мүмкүн болушунча максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, тиешелүү аймактын шайлоо комиссиялары, социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте, ден соолугунун мүмкүнчүлуктөрү чектелген шайлоочулардын Керектөө картасы, добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калганда түзүлөт. КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
ЕСтин өткөн президенттик шайлоо жана референдум боюнча билдирүүсү
12.01.2021

ЕСтин өткөн президенттик шайлоо жана референдум боюнча билдирүүсү

Европа Союзу 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында болуп өткөн тартипке салынган жана жакшы уюштурулган президенттик шайлоонун өтүшүн, өзгөчө КОВИД-19 пандемиясынан чыккан проблемаларга карабай өткөнүнө жакшы көз карашын билдирет. Муну менен бирге ЕККУ ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык миссиясынын алдын ала бүтүмү жана корутундулары боюнча, талапкерлер үчүн тең эмес шарттар болгону, административдик ресурстар колдонулганы жана агитациянын процедуралары бузулганы анык болду. Шайлоочулардын катышуусу да салыштырмалуу төмөн болду. Кыргызстандын бийлиги мындан ары да ЕККУ ДИАУБдун сунуштарына ылайык, шайлоо жөнүндө улуттук мыйзамдарын өркүндөтүүлөрү керек. Президенттик шайлоо республиканын стабилдүүлүккө кайтышынын маанилүү кадамы. Кыргыз Республикасынын мурдатан келе жаткан өнөктөшү катары Европа Союзу мурдагыдай эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү алдыга жылдырууну, эффективдүү мамлекеттик башкарууну, укук үстөмдүгүн жана коррупцияга каршы күрөшүүдө колдой бермекчи. ЕС болочоктогу президентти коомчулуктун бардык катмары менен иштешүүгө жана мындан ары да КРдин адам укуктары жана негизги эркиндиктери боюнча универсалдуу милдеттенмелерин бекемдөөнү, ошондой эле өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин сактоого чакырат. Саясий системанын келечеги жөнүндө референдумда кыргыз шайлоочулары башкаруунун президенттик моделин киргизүүнү колдошту. Жаңы Конституция президенттик система демократиялык принциптерди эл аралык милдеттенмелер менен бирге сактай тургандыгына кепилдик бериши керек. Жаңы долбоор боюнча жүрүп жаткан талкуулар ачык-айкын болуш зарыл. ЕС парламенттик шайлоону тезирээк өткөрүүгө чакырат. Ушул максат менен ЕС ЕККУ ДИАУБ менен мындан ары кызматташууга чакырып, инклюзивдүүлүктү жана плюрализмди сыйлоонун, анын ичинде жарандык коом менен диалог аркылуу сыйлоо зарылдыгын эске салат.
Кененирээк билүү >>
ЕККУ ДИАУБ жана ЕККУ ПА Миссияларынын  КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары боюнча алдын ала корутундулар жана натыйжалар жөнүндө билдирүүсү
12.01.2021

ЕККУ ДИАУБ жана ЕККУ ПА Миссияларынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары боюнча алдын ала корутундулар жана натыйжалар жөнүндө билдирүүсү

Алгачкы корутундулар жана жыйынтыктар боюнча билдирүү ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ) жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) биргелешип жасаган иш-аракетинин натыйжасы. Өткөрүлгөн шайлоо ЕККУнун милдеттенмелерине жана башка эл аралык милдеттенмелерге жана демократиялык шайлоолордун стандарттарына, ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык келер-келбесин аныктоо үчүн баа берилди. Шайлоонун жыйынтыктоочу отчету, шайлоо процессинин калган этаптары, анын ичинде отчет берүү жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоо, ошондой эле шайлоо күнүнөн кийин келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо сыяктуу бөлүктөрдү камтып, шайлоого акыркы баа берилет. ДИАУБ ШЧБМдин курамына республиканын борборундагы 15 эксперт жана өлкө боюнча жайгаштырылган 22 узак мөөнөттүү байкоочулар кирген. Шайлоо күнү, жалпысынан 84 байкоочу байкоо жүргүзүп, анын ичинен 40 байкоочу ДИАУБ ШЧБМдин байкоочулар тобун түзсө, ал эми ЕККУ ПАнын делегациясынын 44 мүчөдөн турган өкүлү бул миссиянын катарына кошулду. Байкоочулар ЕККУга 24 мүчө мамлекеттерден тартылды. Байкоочулар чакыруу жибергендиги үчүн КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, көрсөткөн жардамы үчүн Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирет. Ошондой эле, алар башка мамлекеттик органдарга, талапкерлерге, жарандык коом уюмдарына жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөндүгү жана кызматташтыгы үчүн өз ыраазычылыгын билдиришет. 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин орун алган саясий кризис мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоолорго жана референдумду өткөрүүгө түрткү болду. Мыйзамдык-укуктук база, атаандаш шайлоолорду өткөрүүгө мүмкүндүк берип, негизги эркиндиктер сакталды. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде, бирдей эмес каржылык каражаттары жана административдик ресурстарды туура эмес пайдаланганына байланыштуу бир гана талапкердин басымдуулук кылгандыгы, натыйжада бирдей эмес шарттарды жаратты. Шайлоо процесстери дагы, дебаттар дагы президенттик шайлоо менен референдумдун, тактап айтканда бир талапкердин байланышы менен начарлаган. Коомдук телеканалдар тарабынан акысыз эфирдик убакыттын бөлүнүшү талапкерлер үчүн үгүт аянтчасын түздү; Ошого карабастан, кээ бир учурларда мыйзамдардын чектелгендигинен улам, ММКларда критикалык отчеттордун жетишсиздиги, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоо мүмкүнчүлүгүн кыскартты. COVID - 19 менен байланышкан саламаттыкты сактоо эрежелери жакшы аткарылбаса да, шайлоо күнү ирээттүү жана жалпысынан жакшы өттү. Укуктук база демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн бекем негизди түзөт. Жалпысынан, ДИАУБдун мурунку сунуштарына ылайык, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Бирок, буга чейин сунушталып келген айрым рекомендациялар дагы деле аткарылбай келет. Президент жалпы элдик добуш берүү аркылуу алты жылдык мөөнөткө шайланат. Парламент өз мандатын узартып конституциялык маселе боюнча референдумду тез аранын ичинде, мыйзамдын процедуралык эрежелерин бузуу менен коомдук талкууга алып чыкпастан, дайындады. Шайлоо жана референдум жаатындагы мыйзамдарды бир убакытта колдонуу, кошумча жөнгө салууга негиз боло турган кемчиликтер менен бүдөмүктөрдү жаратты. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо жана референдум, шайлоо органдары тарабынан негизинен жакшы уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК), шайлоо процессинин ачыктыгын жогорлатуу үчүн онлайн режиминде, түз эфир аркылуу ачык жыйындарды өткөрүп турду. БШК, чечимдердин көпчүлүгүн өз убагында жарыялады жана шайлоо процессинин ар кандай аспектилери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алды, ошондой эле, орун алган кемчиликтердин үстүнөн иштеди , бирок БШКнын арыздарды жана башка шайлоо мыйзамдарынын бузулушун кароодогу бир жактуулугу тынчсыздандырат. Ошентсе да, ДИАУБ ШЧБМдин маектештеринин басымдуу көпчүлүгү төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалуулугуна жана калыстыгына күмөн санабай тургандыгын билдиришти. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3,5 миллиондой шайлоочу киргизилген. Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жол бербөөгө багытталган иш-аракеттерге карабастан, шайлоочулардын шайлоо дарегин убактылуу өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнүн алынып салынышы 300 миңдей шайлоочуга добуш берүү укугун жүзөгө ашырууда тоскоолдук жараткан. Ошол эле учурда, БШК, шайлоо күнү шайлоо участкаларында иштеген жарандардын катталган дарегине карабастан добуш бере алуусун камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрдү. Жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан адамдардын добуш берүү укугунан ажыратылуусу жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарга карата колдонулган чектөөлөр эл аралык стандарттарга жана милдеттенмелерге каршы келет. Биометрикалык каттоодон өтпөй калган 450 миңге жакын жаран өз шайлоо укугунан пайдалана алган жок. Жалпысынан инклюзивдик процессте 18 талапкер, анын ичинде бир аял талапкер катталды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин бир тобу БШКнын узак процедуралык талаптары менен коштолгон кол тамгаларды топтоонун кыскартылган мөөнөттөрүнө нааразы болушту. Кол тамгаларды текшерүү жана ырастоо процесстери ачык-айкын өтүп, ырааттуу колдонулду. БШК референдумду үгүттөө үчүн 15 үгүт тобун каттады. Талапкерлер негизинен үгүт иштерин эркин жүргүзө алышкан, бирок көпчүлүгүндө талап кылынган каржылык жана уюштуруучулук ресурстар жетишсиз болду. Шайлоо алдындагыүгүттөөдө Садыр Жапаров басымдуулук кылган. Референдум боюнча үгүттөө көбүнчө президенттикке талапкерлердин каалоосу менен жүргүзүлдү. Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө, программалык маселелердин жетиштүү деңгээлде талкууланбандыгы байкалган, анткени теледебат учурунда катышуучулар талапкерлердин жеке мүнөзүнө көбүрөөк көңүл бурушту. Административдик ресурсту колдонуу боюнча дооматтар жана уюшкан кылмыштуулуктун тийгизген таасири тууралуу жалпы тынчсыздануулар ушул процесстин жүрүшүндө айтылды. Шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдар үгүттүк каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылганы менен айрым аспектер жөнгө салынбай келет. Мыйзамдарда президенттик шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө кетчү чыгымдарды чектөө каралган болсо, референдум өткөрүү үчүн үгүт жүргүзүүнүн кирешелерине жана чыгашаларына чектөөлөр жок. Үгүтөө фондлордун бардык каражаттары атайын ачылган банк эсеби аркылуу өтүшү керек, бирок ДИАУБ ШЧБМдин маектештеринин кээ бирлери эсепке алынбаган айрым чыгымдар жөнүндө билдиришкен. Үгүт иштерин каржылоону көзөмөлдөө БШКга жүктөлөт, ал тиешелүү маалыматты өзүнүн сайтына жарыялайт. Динамикалуу медиа чөйрө чакан жарнама рыногу менен чектелет, бул тышкы булактардан көз карандылыкка алып келет. Расалык, диний же регионалдык кастыкты козутууга тыюу салган мыйзамдын ашыкча кеңири чечмелениши, ошондой эле, инсандын аброюна шек келтирүү боюнча доолордо чексиз компенсациялардын колдонулушу, журналисттик иликтөөлөрдү жассоодо, аналитикалык жана сынчыл материалдарды чыгарууда тоскоолдук жаратат. Андан тышкары, акыркы мезгилде журналисттерге карата физикалык жана оозеки чабуулдардын көбөйүшү кылдат иликтенбегендиктен, жазасыздык чөйрөсү түзүлүп, өзүн - өзү цензуралоону күчөттү. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарда үгүт иштеринин аныктамасы кеңири берилгендиктен, журналисттик чагылдыруулар де-факто, жарнамалык акы төлөөнүчү материал катары берилет. Мындай көрүнүштөр, бирдей чагылдыруу жагынан мыйзам талаптарынын формалисттик чечмеленишине байланыштуу, аналитикалык жана редакторлук чагылдырууга жол берилген чөйрөнү чектейт. Жыйынтыгында, бул акы төлөнүүчү шайлоого байланыштуу жаңылыктарды чагылдыруунун басымдуу бөлүгү талапкерлер тарабынан төлөндү. ДИАУБ ШЧБМдин медиа мониторинг тобу, мониторинг жүргүзгөн бардык телеканалдарда президенттик башкаруу формасын Кыргыз Республикасы үчүн бирден-бир ылайыктуу чечим катары үгүттөгөн. Эки улуттук телеканалда акысыз обо убактысынын бөлүштүрүлүшү көптөгөн талапкерлер жана референдумдун үгүт топтору үчүн үгүттөөгө багытталган платформа катары колдонулду. Түз эфирдеги теледебаттар уюштурулуп талапкерлерди салыштырууга мүмкүнчүлүк берилген учурда, жеке ЖМКлардын дебаттарды уюштурууну каалабагандыгы, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоо жасоого болгон мүмкүнчүлүгүн кыйла чектеди. Президенттикке талапкерлердин арасында этникалык азчылыктардын өкүлдөрү жок жана этностор аралык мамилелерге байланыштуу маселелер талапкерлердин программаларында так чагылдырылган эмес. Шайлоочуларга билим берүү жана үгүт иштерин жүргүзүүгө байланыштуу материалдар мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдерде жарыяланды. Этникалык азчылыктарга карата кастыкты козуткан бир дагы учур, ободо, басылмаларда же социалдык тармактарда ДИАУБ ШЧБМ тарабынан байкалган же маалымат келип түшкөн эмес. БШКнын онлайн реестринде жарыяланган 80ден ашуун арыздардын көпчүлүгү үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга тиешелүү болгон. Бул арыздардын жана билдирүүлөрдүн көпчүлүгү БШКнын жумушчу топтору тарабынан каралып чыккан же БШК тарабынан каралбай туруп укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.Мындай аракеттер, мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун төмөндөтөт. БШК тарабынан өткөрүлгөн өнөктүктү жүргүзүү эрежелеринин бузулушуна байланыштуу даттанууларды кароонун жүрүшүндө, тандалма мамиле жасагандыгы жана мыйзамдардын талаптарын ырааттуу колдонбогондугу, БШКнын калыстыгына болгон кооптонууну жаратат. Шайлоону байкоо боюнча эл аралык миссия, шайлоо күнүндөгү процесстерге тутумдуу жана ар тараптуу байкоо жүргүзгөн жок. Чектелген сандагы шайлоо участкаларында шайлоо жараяны уюшкандыкта өтүп, даярдыктар жакшы деңгээлде болду, бирок, кээ бир учурларда, мисалы, бюллетендер сканерлөөчү урнага салынган кезде, купуялуулук талаптары бузулуп жатты. Добуш берүү аяктагандан көп өтпөй, БШК өзүнүн веб-сайтында алдын ала, деталдуу жыйынтыктарды жарыялады, ошону менен биргеликте ачык-айкындуулукту камсыздады. Президенттик шайлоого да, референдумга да шайлоочулардын 40 пайызга жакыны катышканы кабарланды. Отчет жөнүндө кененирээк бул  жерден окуй аласыз.
Кененирээк билүү >>
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
12.01.2021

Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

2021-жылдын 12-январында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна төрт талапкер - Назанов Алмаз Аширбекович, Назанов Кыралы Камбарбекович, Айылчиев Куштарбек Камчыбекович, Анаркулов Ойрот Ажибаевич катталган. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 11 депутатынан 11 депутаты катышты. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 12-январдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Назанов Алмаз Аширбекович 3 добуш, талапкер Назанов Кыралы Камбарбекович 0 добуш, талапкер Айылчиев Куштарбек Камчыбекович 0 добуш, талапкер Анаркулов Ойрот Ажибаевич 7 добуш алышкан, барына каршы 1 добуш. 2021-жылдын 12-январдагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Анаркулов Ойрот Ажибаевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын байкоочулары Казакстандын парламент мажилисине жана маслихаттарына депутаттарды шайлоого мониторинг жасашты
12.01.2021

Кыргызстандын байкоочулары Казакстандын парламент мажилисине жана маслихаттарына депутаттарды шайлоого мониторинг жасашты

2021-жылдын 10-январында Казакстан Республикасынын парламент мажилисине депутаттарды кезектеги шайлоо жана бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округунун территориясы боюнча партиялык тизмелер менен шайлануучу Казакстан Республикасынын маслихаттарынын VII-чакырылышынын депутаттарын шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын атынан 14 өкүл (КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР БШК мүчөсү жана кызматкерлери, КР ТИМ өкүлдөрү, КР Чүй жана Талас облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрү) жогоруда аталган шайлоолорго КМШ, КМШ ПАА, ШКУ жана ТТӨКК миссияларынан эл аралык байкоочу катары катышышты. Кыргызстандан барган байкоочулар Нур-Султан, Алматы жана Тараз шаарларында жана Кыргызстандагы Казакстандын элчилигиндеги шайлоо участогунда шайлоолорго мониторинг жүргүзүштү. Маалымат үчүн: 2020-жылдын 21-октябрында мамлекет башчысы К. Токаев РК парламентинин мажилисине 2021-жылдын 10-январында кезектеги депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон (VII чакырылыш). Парламент мажилиси 107 депутаттан турат. Парламент мажилисинин 98 депутаты жалпы улуттук округдан бүткүл элдик, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде купуя добуш берүү менен саясый партиялардан партиялык тизме менен шайланышат. Парламент мажилисинин 9 депутаты Казакстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан шайланат. 2016-жылдын 20-мартында шайланган Парламент мажилисинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү 2021-жылдын мартында аяктайт. Парламент мажилисинин депутаттарын кезектеги шайлоо Президент тарабынан 5 айдан кем эмес убакытта дайындалып жана Парламент мажилисинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрүнө 2 айдан кеч калбаган убакытта өтөт.  
Кененирээк билүү >>
ТүркПА Миссиясы: Шайлоо демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарын сактап өткөрүлдү
11.01.2021

ТүркПА Миссиясы: Шайлоо демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарын сактап өткөрүлдү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы Эл аралык байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо референдуму боюнча   Билдирүүсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламентинин) чакыруусу менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Эл аралык байкоочулар миссиясы (мындан ары - Миссия) Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 10-январында өтө турган Президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүздү. Миссиянын курамына Азербайжан жана Түркия парламенттеринин мүчөлөрү, ошондой эле ТүркПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлери кирген (Миссиянын тизмесин караңыз).   Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоолор жана референдумдар биринчи кезекте Конституция, Президенттик жана парламенттик шайлоолор жөнүндө Конституциялык Мыйзам (Шайлоо жөнүндө мыйзам акыркы жолу 2020-жылы өзгөртүлгөн), референдум жөнүндө Конституциялык Мыйзам (акыркы жолу 2019-жылы өзгөртүлгөн), Шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзам (акыркы жолу 2019-жылы өзгөртүлгөн), кылмыш жана административдик кодекс жана Борбордук шайлоо комиссиясынын регламенти менен жөнгө салынат.Кыргызстан адам укуктары жана шайлоо боюнча эл аралык жана регионалдык негизги келишимдердин катышуучусу болуп эсептелет. Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын (CRPD) ратификациялаган.   Шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), 54 аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) жана 2462 участкалык шайлоо комиссиясы (УШК) өткөрөт. Өлкөдөн тышкары добуш берүү 48 шайлоо участкасында болуп, 35575 шайлоочу катталган. БШК - шайлоо жана референдумдарды уюштурууга жооптуу туруктуу орган. БШКнын 12 мүчөсү парламент тарабынан президенттин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын сунушу боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат, алардын ар бири 4 мүчөдөн талапкер көрсөтүшөт.   COVID-19 пандемиясынан улам БШКнын Регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдүн  негизинде, БШКнын отурумдары онлайн режиминде өткөрүүгө жана БШК мүчөлөрүнүн жана катчылыгынын аралыктан иштөөсүнө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан тышкары, БШК Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте добуш берүү процедураларына байланыштуу илдеттин жайылышына каршы  шайлоо участкаларындагы социалдык дистанцияны уюштуруу жана шайлоо органдарынын кызматкерлерин жана шайлоочуларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыккан.   Жалпысынан президенттикке 17 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде бир аял бар. Алардын көпчүлүгүн 35 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар түзгөн. Бардык талапкерлер өз алдынча көрсөтүлөт, ал эми Конституция талапкерлердин өз алдынча жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүшүнө жол ачат. Шайлоо мыйзамына ылайык, эгерде биринчи турда бир дагы талапкер добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, эң көп добушка ээ болгон эки талапкердин ортосунда 20 күндүн ичинде добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда добуш берүүгө 24 саат калганда аяктаган. COVID-19 пандемиясынан улам, катышуучулар ар кандай үгүт каражаттарын, анын ичинде социалдык тармактарды колдонушкан. Натыйжада, талапкерлер жигердүү онлайн өнөктүгүн жүргүзүпкеңири аудитория менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты, шайлоочулар талапкерлердин шайлоо платформалары, алардын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат алышты. Миссия Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Миссияга президенттик шайлоого жана референдумга даярдык көрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кеңири маалымат берилди. Шайлоо күнү Миссия өлкөнүн борбор шаары Бишкектеги бир катар шайлоо участкаларында болуп, шайлоо участкаларынын ачылышынан баштап, добуштарды эсептөөгө чейинки бардык этаптарда добуш берүү процессине байкоо жүргүздү. Миссия добуш берүүнүн жүрүшүн байкап, шайлоочулар, шайлоо участкаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алды.  БШКнын маалыматы боюнча, президенттик шайлоочулардын катышуусу болжол менен 39,75%, референдумга 39,88% түздү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сөз жана басма сөз эркиндигине кепилдик берип, жалпыга маалымдоо каражаттарынан бардык катышуучуларды калыс жана бирдей чагылдырууну талап кылат. Шайлоо жөнүндө мыйзамда Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери жана бош убактысы боюнча кеңири аныктама берилген. Ошол эле учурда, Мыйзам бардык телерадиокомпанияларды талапкерлерди жана саясий партияларды үгүттөө үчүн акы төлөнүүчү эфирдик убакытты сактоого милдеттендирет. БШК тарабынан аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттары гана шайлоо иш-чараларын жана саясий өнөктүктөрдү чагылдырууга, ошондой эле жарнамалык эфирдик убакытты жана мейкиндикти атаандаштарына сатууга укуктуу. Бул контекстте жалпыга маалымдоо каражаттарындагы эфирдик убакыт бардык катышуучуларга адилеттүү бөлүштүрүлүп, үгүт иштери бирдей чагылдырылды. Миссия Кыргыз Республикасында шайлоого байланыштуу демократиялык стандарттарды иштеп чыгууда маанилүү жетишкендиктерди белгилейт. Мындан тышкары, 2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында Кыргыз Өкмөтүнүн элдин эркин демократиялык жол менен чагылдырууга комплекстүү концептуалдык мамилеси чагылдырылган. Стратегиянын өзү шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушун четтетүү, жарандардын шайлоо процесси жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, алардын укуктук маданиятын жогорулатуу, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана республиканын чегинен тышкары жүргөн жарандардын катышуу, ошондой эле жер-жерлерде шайлоо комиссияларынын ишинин потенциалын жана натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдерин ар тараптуу жөнгө салат. Миссия мыйзамдарга киргизилген акыркы түзөтүүлөр Кыргызстандагы шайлоо демократиялык стандарттарын бекемдөөгө кызмат кылгандыгын өзгөчө белгилейт. Алардын катарында - талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн кайтаруу босогосун төмөндөтүү, үгүт иштерине ыктыярдуу адамдарды тартуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, онлайн маалымат каражаттарында үгүт иштери, байкоочулардын укуктары жана добуш сатып алуу үчүн жоопкерчилик сыяктуу өзгөртүүлөрдү атап кетсе болот. Мындан тышкары, Миссия кайталап шайлоону өткөрүүгө мүмкүндүк берген жоболорду токтото туруу жана өлкө ичиндеги шайлоочулар үчүн шайлоо дарегин өзгөртө албоо сыяктуу түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы жалпы шайлоо процессин жөнөкөйлөтөт деп эсептейт. Референдум жөнүндө конституциялык Мыйзам жана ага киргизилген ачык-айкындуулук жана жашыруун добуш берүү сыяктуу акыркы толуктоолор, жалпы элдик добуш берүүнүн негизги демократиялык принциптерин бекемдейт. Мындан тышкары, Конституциялык Мыйзамда референдум учурунда шайлоо өткөрүүнүн үгүт эрежелери жана процедуралык аспектилери, ошондой эле референдумга коюлбай турган маселелердин тизмеси так аныкталган. Миссия Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган “Мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо жөнүндө” мыйзам Конституциянын жана Референдум жөнүндө мыйзамдын тиешелүү жоболорун бекемдегендигин баса белгилейт. Миссия президенттик шайлоо жана референдум тынч жана ошол эле учурда күчтүү атаандаштык шартында өткөндүгүн жана бардык институттар жана шайлоо процессинин катышуучулары карманган демократиялык баалуулуктардын бекем негизин көрсөткөндүгүн баса белгилейт.Талапкерлер өздөрү дагы бул шайлоодо үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин сактоо менен жогорку саясий маданиятты көрсөтүштү.Шайлоо процессинин өзү ар кандай пикирлердин жана плюрализмдин мүнөздөмөсү менен талапкерлерге мыйзамдуу даттануу үчүн бардык керектүү шаймандарды берди. Миссия добуш берүү процессинде жогорку технологияларды, анын ичинде шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо шайлоо жыйынтыгын алууга мүмкүнчүлүк берген биометрикалык маалыматтарды, шайлоо бюллетендерин сканерлөө жана эсептөө үчүн электрондук добуштарды эсептөө жабдууларын колдонгонун жогору баалайт. Миссия көпчүлүк шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын пандустар менен камсыз болуусун, ошол эле учурда БШК тарабынана угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн билим берүүчү материалдар менен камсыз болуусун жогору баалайт. Миссия БШК тарабынан шайлоочуларга шайлоо жана референдум жөнүндө ар тараптуу маалымат берилүүсү, ошондой эле укук коргоо органдары үчүн тренингдерди өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалайт. Шайлоо күнү пандемияга байланыштуу иш-чараларга байланыштуу, Миссия шайлоо органдарынын бул жаатта аткарган мыкты ишин жана шайлоочулардын эрежелерди сакташын жогору баалайт. Миссия бул чаралар шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүнө тоскоол болбогонун баса белгилейт. Миссия белгилеген бир топ жакшыртуулардын бири чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарына добуш берүүнү жеңилдетүү болду. Бул аспект шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, мурунку шайлоолор менен салыштырганда шайлоо участкаларынын саны өсүп, 48 шайлоо участкалары түзүлгөндүгү менен тастыкталат, Ошентип, миңдеген кыргыз жарандары коңшу жана башка өлкөлөрдө добуш бере алышты. Мыйзамдар атаандаш партиялардын, жарандардын жана эл аралык байкоочулардын шайлоону байкоо жүргүзүүсүн шайлоо процессинин бардык этаптарында жүзөөгө ашырууну камсыз кылат. Бардык байкоочулар шайлоо органдарын түзүүдөн баштап, шайлоочуларды каттоого чейинки бардык этаптарда добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү укугуна ээ. Миссия Кыргызстандагы шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн укуктук жана материалдык-техникалык шарттарды жогору баалайт. Миссия өз ишинде ТҮРКПАнын шайлоону байкоо жөнүндө Регламентине жана тийиштүү эл аралык документтерге ылайык объективдүүлүк, калыстык, ачыктык жана бейтараптуулук принциптерин карманган. Миссия 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөрүлдү деген тыянакка келди.
Кененирээк билүү >>
Түрк кеңешинин Миссиясы: КРдагы шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү
11.01.2021

Түрк кеңешинин Миссиясы: КРдагы шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү

Түрк кеңешинин билдирүүсү Түрк кеңешини Миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүздү. Миссия Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин катчылыгынын расмий адамдарынан түзүлгөн.   Президенттикке мөөнөтүнөн мурда шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлдү. Биз Кыргыз Республикасын жана бир тууган кыргыз элин куттуктайбыз жана шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн өнүгүшүн дагы бекемдешин каалайбыз. Шайлоо алдында миссия мүчөлөрү талапкерлер алардын шайлоо кампаниясынын өкүлдөрү менен агитациялык процесстер менен жана талапкердин шайлоого даярдыгы менен таанышуу максатында жолугушкан. Жолугушууларда делегация шайлоо кампаниясы үчүн талапкерлердин негизги платформалары, алардын ЖМКда чагылыдырылышына жетишүүлөрү, кампанияны каржылоого байланыштуу мүмкүн болуучу проблемалар, шайлоо үчүн мыйзамдык базалардын сапаты боюнча конкреттүү чочулоолор анын ичинде шайлоо системасы жөнүндө маселелерди талкуулады. Байкоочулар миссиясы КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен да жолугушту. Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушууда миссияга министрлик тарабынан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, консулдук мекемелерде шайлоого даярдык көрүү иштери боюнча маалымат берилген. Мындан тышкары чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын шайлоолорго катышуусун көбөйтүүгө багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат берилип, чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын саны 32 миңден 49 миңге жеткенин, ал эми шайлоо участоктору 2020-жылдын 4-октябрындагы акыркы шайлоодон кийин 45тен 48ге көбөйгөнү тууралуу да айтылган. Ал эми КР Боршайкомунда болгон жолугушууда делегацияга учурдагы КОВИД-19 пандемиясын эске алуу менен Боршайком жана Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип, “Калктын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин планы” шайлоо убагында ишке ашырыла тургандыгын билдиришкен. Миссия шайлоонун мыйзамдык базасына жакында эле киргизилген оңдоолорду, президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнүн босогосун ылдыйлатуу жана саясый турмушка катышууну колдоо үчүн ыктыярчылардын кампанияга катышуусуна уруксат берүүнү көңүлгө алат. Жакында эле болуп өткөн парламенттик шайлоодогу айыптоолорго жооп катары, Кыргызстан форма 2ни президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо колдонуудан баш тартты, бул айрым талапкерлер тарабынан жана коомдун айрым чөйрөсү тарабынан көптөн күтүлгөн кадам катары бааланды. Айрым кыянатчылык менен пайдаланууга алып келүүчү системадагы мүмкүн болуучу жылчыктарды жок кылуу, акылдуу кадам болор эле. Бирок миссия бериле турган добуштарды жоготууларга, анын аркасы менен кыргыз коомчулугунун электоралдык активдүүлүгү шайлоочулардын өлкө ичинде шайлоо даректерин өзгөртүү мүмкүндүгүн жок кылгандан кийин төмөндөп кетишине көңүл бурат. Биздин оюбузча, кыргыз саясатчылары алдыдагы шайлоолордо башка чечимге келип, бул эки башка чечимдердин тең салмагын табышат деп үмүттөнөт. Чет мамлекеттерде жашаган шайлоочулардын өсүшүн жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө шайлоо участокторунун түзүүсүн кубаттоо менен, миссия Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшү үчүн, эгер саясатчылар чет мамлекеттерде жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктардын катталуусу үчүн тез арада чараларды кабыл алса, алар Кыргызстандагы шайлоолордо добуш бере алышса абдан пайдалуу болоор эле деп эсептейт. Бул кыргыз калкынын саясый өкүлчүлүгүн жогорулатып, ушунусу менен саясатты иштеп чыгууда кыргыз элинин эркин билдирмек. Шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңири чагылдыруусун шайлоо процесси боюнча кабардар кылууга жардам берүүчү элемент катары белгилесе болот. Миссия Бишкектеги 18 шайлоо участогунда байкоо жүргүздү. Байкоочулар шайлоо участокторунда иштер менен кенен таанышып, расмий адамдардан керектүү маалыматтарды алып жатышты. Шайлоолор шайлоо мыйзамына ылайык даярдалып жана өткөрүлдү. Кыдырма урналар шайлоо участокторуна келе албагандарга сунуш кылынды. Мындай учурда улуттук байкоочулар кыдырма урнаны коштоп жүрүштү. Миссия шайлоочунун тандоосуна таасир берүү аракеттерин жана административдик же укук коргоо органдарынын шайлоо участокторунун иштерине кийлигишкендиги боюнча далилдерди тапкан жок. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык улуттук жана эл аралык байкоочуларга бейтарап байкоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлдү. Миссия улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышуусу шайлоонун ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатат деп эсептейт. Миссия КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо комиссиялары зарыл болгон санитардык чараларды кабыл алгандыгын белгилейт. Миссия шайлоо участогунун көрүнгөн жерлеринде, анын айланасында бир тараптуу агитация жасалгандыгын каттаган жок, шайлоо участокторунун жанында эч кандай кампаниялар жүргөн жок. Шайлоо участоктору негизинен кемтилгеси бар адамдарга да жеткиликтүү болду. Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир бере турган олуттуу техникалык проблемалардын жоктугун белгиледи. Акырында Түрк кеңешинин байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоосу ачык-айкын болуп, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына шайкеш келгендигин бекемдейт. Жакынкы күндөрдө миссия мүчө мамлекеттер жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо боюнча өзүнүн баалоосу жана сунуштары менен бөлүшөт. Биз дагы бир жолу Кыргызстанды жана кыргыз элин шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктайбыз жана шайлоо менен референдумдун жыйынтыгы өлкөнүн бакубатчылыгынын жогорулашына жардам берет деп үмүт кылабыз. Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!    
Кененирээк билүү >>
ШКУ Миссиясы мыйзамдын бузулуусун тапкан жок, КР шайлоосун ачык, эркин, легитимдүү өттү деп тааныды
11.01.2021

ШКУ Миссиясы мыйзамдын бузулуусун тапкан жок, КР шайлоосун ачык, эркин, легитимдүү өттү деп тааныды

ШКУ байкоочулар миссиясынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна даярдыктын жүрүшү жана өтүшү боюнча билдирүүсү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чакыруусу менен келген Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы (мындан ары – миссия) 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумуна даярдыктын жүрүшүнө, өтүшүнө байкоочулар мониторинг жүргүзүшкөн. Миссияны ШКУ башкы катчысы В. И. Норов жетектеген. Анын курамында мыйзам чыгаруу органдарынан, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломаттары бар эле.  Эл аралык байкоочуларды чакыруу – миссия тарабынан Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоону жана КР референдумун болушунча ачык-айкын жана демократиялуу өтүшүн камсыздоого умтулуусу деп баалайт. 1.  Миссиянын ишмердиги Миссия өз функцияларын «ШКУ байкоочуларынын президенттик жана/парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумдардагы миссиясы жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, саясый нейтралдуулук, обьективдүүлүк жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принцибин карманып, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык аткарды. Шайлоо менен референдумдун алдында миссия мүчөлөрү Бишкек шаарындагы бир катар шайлоо участокторуна барып, алардын даярдыгы менен таанышышты. Миссияны кабыл алган тарап миссиянын шайлоого жана референдумга мониторинг жасоосу үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Шайлоо кампаниясы жана референдум боюнча толук маалымат берилип турду. Миссиянын бардык бүтүмдөрү жана корутундулары миссиянын мүчөлөрүнүн жеке байкоолоруна жана иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун алдында жана өткөн күнү жыйналган материалдарга негизделди. 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү миссиянын мүчөлөрү шайлоо участокторуна саат 8.00дө келишип, бюллетендерди жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды даярдоого катышты. Миссия мүчөлөрү Бишкек шаарында жайгашкан 50 шайлоо участогуна барышты. Алар барган участоктордо президенттикке талапкерлердин ишенимдүү адамдары, саясый партиялардан, жана коомдук уюмдардан, бир катар эл аралык уюмдардан өкүлдөр жана ЖМК өкүлдөрү болушту. Шайлоо процессинин жүрүшүндө ишенимдүү адамдардан миссия дарегине арыздар, эскертүүлөр түшкөн жок. 2. Шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн мыйзамдык база   Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасынын негизин КР Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамы, «Референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө» мыйзам жана башка ченемдик-укуктук документтер түзөт. 3. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамындагы жаңы көрүнүштөр Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, 2018-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын 2018-2020-жылдарда өркүндөтүү стратегиясы кабыл алынган. Стратегиянын негизги максаты шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу, шайлоонун эркин жана демократиялуу принциптерин бекемдөө болуп эсептелет. Мындан тышкары 2017-жылдан 2020-жылга чейин КР шайлоо мыйзамдарына бир катар оңдоолор, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына, «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» КР мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга, «Борбордун макамы жөнүндө» мыйзамга, «Ош шаарынын макамы жөнүндө» мыйзамына оңдоолор киргизилген. «Кыргыз Респубикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын, 2019-жылдын 8-августундагы №116 «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» мыйзамдын административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Шайлоолорду маалыматтык камсыздоо жөнүндө бөлүм толукталып, жакшыртылган. Шайлоо процессин сапаттык жактан жакшыртуу максатында жана шайлоо мыйзамын бузгандык үчүн жоопкерчиликти киргизүү үчүн, 2020-жылдын июлунда БШК КР мыйзамдарына, атап айтканда Бузуулар жөнүндө КР кодексине, Жоруктар жөнүндө КР кодексине, КР Кылмыш кодексине, КР административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине жана башкаларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыккан. 2020-жылдын октябрында конституциялык мыйзамдын шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр кирген. Уюштуруучулук иштерди жакшыртуу үчүн бир катар чаралар кабыл алынган (шайлоочулардын тизмесин тактоонун мөөнөтүн узартуу жана шайлоо дарегинин өзгөрүшү жөнүндө арыз берүүнүн формалары кеңейтилген, шайлоо тизмесинен өзү тууралуу маалыматты мамлекеттик порталдагы «шайлоочунун кабинети» аркылуу электрондук арыз берүү жолу менен тактоо). 4. Заманбап маалыматтык жана санариптик технологияларды колдонуу Шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндө максаты шайлоо өткөрүү убагында  шайлоочулардын келиши жөнүндө маалыматтарды жыйноо, жалпылоону билдирген маалыматтык процесстерди чагылдыруу жана добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системалары жана сервистери колдонулду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочуну идентификациялоо анын биометрикалык жана жеке маалыматтары автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу (АЭУ) менен жүрүп, алар автоматтык эсептөө жүргүзүп жана добуш берүүнүн жыйынтыгын БШК серверине жөнөтүп жатышты. Шайлоо участоктору байкоочулар көрүп тургудай АЭУ жеткиликтүү саны менен камсыздалып, атап айтканда добуш берүү үчүн имарат атайын жабдуулар менен (кабиналар, мониторлор, үкөктөр) камсыз болгон. КР БШКнын веб-сайты (shailoo.gov.kg) БШКнын иштерин ар тараптан чагылыдырып, шайлоонун жүрүшү тууралуу толук маалыматтарды берип турду. «Тизме» (tizme.gov.kg) мамлекеттик порталында шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалымат электрондук форматта шайлоо участокторунун райондук, шаардык жана жалпы республика боюнча жайгашкан.  «Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасы» маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого катышуу укуктарына кепилдик берет. Кол менен саноо протоколдорун, АЭУ дүмүрчөктөрүн жана биометрикалык идентификацияны көрсөткөн веб-ресурс, АШК жана УШКлар боюнча автоматтык эсептөөчү урналарды, кол менен саналган протоколдун скан-версиясын, шайлоочуларды идентификациялоонун биринчи жана жыйынтыктоочу отчетторун чагылдырып турду. «Талапкер» (talapker.shailoo.gov.kg) веб-ресурсу президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын, негизги маалыматтарды жана алардын шайлоо фонддорунун маалыматтарын чагылдырып турду. БШК сайтындагы «Арыздар менен кайрылуулар реестри» онлайн режиминде шайлоонун жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар жана даттанууларды, аларды шайлоо комиссияларынын жана соттордун кароосун арыздар, даттануулардын скан-версиясын  кабыл алынган чечимдер, сот актылар менен бирге чагылдырып турду. Шайлоодо КР БШК расмий сайтында КР Президенттигине талапкердин шайлоо алдындагы программасы, финансылык отчеттуулук финансылоонун бардык беренелери боюнча чыгымдары көрсөтүлүүсү менен жайгаштыруу талабы аткарылды. Мындан тышкары шайлоону өткөрүү боюнча бир катар үйрөтүүчү вебинарлар жана видеороликтер уюштурулган. Шайлоо участогунун номерин мобилдүү телефондор аркылуу текшерүүгө мүмкүн болгон жалпы портал иштелип чыккан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары социалдык тармактардан жана мобилүү тиркемелер аркылуу шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө көз салып турушту. 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде жарандардын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоону камсыз кылуу максатында, КР Боршайкому жана КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «2021-жылдын 10-январындагы КР Президентин шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү убагында жарандарды КОВИД-19 дартынан коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттердин алгоритми» иштелип чыккан.  Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү зарыл болгон жекече коргоо каражаттары менен камсыз болушкан. Участоктордун имараттарында санитайзерлер болуп, дезинфекциялар жасалып турду. 5. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер 2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү аяктаган. КР БШКсына КР Президенти кызматына көрсөтүү жөнүндө 65 арыз түшкөн (8 аял, 57 эркек). Алардын ичинен 64 өзүн-өзү көрсөткөндүгү боюнча документ беришсе, 1 саясый партия тарабынан көрсөтүлгөн. 2020-жылдын 19-ноябрында КР БШКсы 12 талапкерге документин кайтарып берген: 9 талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты көрсөтүшкөн эмес, 3 талапкердин соттуулугу жокко чыгарылган эмес. БШКга 6 талапкерден шайлоонун мындан аркысына катышпоо тууралуу арыз түшкөн. БШК КР Президентине талапкерликти көрсөтүү этабынын жыйынтыгын чыгарып, көрсөтүлгөн талапкерлердин 47 тууралуу маалыматтарды жарыялаган. 2020-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 18 талапкер катталып, алар кол тамгалар коюлган баракчаларды тапшырып жана күрөөнү төлөшкөн: 1.         Жапаров Садыр Нургожоевич 2.                Исаев Канатбек Кедейканович 3.                Арстанбек Мыктыбек 4.                Сооронкулова Клара Сыргакбековна 5.                Ташов Имамидин Асамидинович 6.                Тагаев Рашид Бакирович 7.                Сегизбаев Абдил Кенешевич 8.                Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 9.                Касенов Аймен Абдыталипович 10.              Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 11.              Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 12.              Абакиров Эльдар Курманбекович 13.              Асанов Курсан Сатарович 14.              Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 15.              Джеенбеков Равшан Бабырбекович 16.              Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 17.              Тольбаев Бабыржан Латиханович 18.              Иманалиев Каныбек Капашович   Ошол эле учурда Рашид Тагаев шайлоого  катышуудан баш тартып, өз талапкерлигин алып салган.                    6. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумун өткөрүү 2020-жылдын 10-декабрында «Референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР ЖК төрагасы Т. Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон.   Кабыл алынган мыйзамга ылайык, референдум Кыргыз Республикасынын бардык территориясында дайындалып, Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоо боюнча суроо коюлган: 1) президенттик республика; 2) парламенттик республика; 3) бардык варианттарга каршы. 7. Шайлоо алдындагы агитация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы агитация жүргүзүү жобосуна ылайык, шайлоо алдындагы агитация шайлоого 30 күн калганда башталып, добуш берүүгө бир сутка калганда токтотулду. Президенттикке талапкерлер бирдей шарттарда агитациялык иштерди жүргүзүштү (ЖМК аркылуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана социалдык аралыкты сактоо менен массалык иш-чараларды уюштуруу жана КР ченемдик-укуктук актыларында каралган агитациялык материалдарды чыгаруу таратуу жолдору менен). Мындан тышкары борбордук телеканалдар аркылуу шайлоо алдындагы агитацияны жүргүзүү эрежелери боюнча кеңири түшүндүрүү иштери ишке ашырылды. 8. Кемтилгеси бар шайлоочулар үчүн шарттар Кыргызстандын бардык территориясы боюнча тиешелүү шарттар түзүлүп, кемтилгеси бар адамдар конституциялык укуктарын бирдей жана эркин ишке ашыруусуна жол ачылган. Борбордук шайлоо комиссиясы кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн көп ишти аткарган. Атайын форматтарды колдонуу менен маалыматтык материалдар даярдалган. БШКнын расмий сайтында мындай адамдар үчүн «өзүн шайлоо тизмесинен тактоо жөнүндө», «добуш берүүнүн тартиби жөнүндө», «чет өлкөлөрдө шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө» аудио-материалдар, ошондой эле «кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун чаралары жөнүндө» видеоролик жайгаштырылган. Шайлоо участогуна кирүүдө кемтилгеси бар адамдарга шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жардам бериши үчүн «чакыруу кнопкасы» көрсөткүч табличкалары даярдалган.   Ар бир участокто кемтилгеси бар адамдар бюллетень толтуруусу үчүн көрсөткүч стикери бар бирден кабина жайгашып ал чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана Брайль трафарети менен жабдылган. БШК имаратында call-борбор уюштурулуп, анын операторлору болуп кемтилгеси бар адамдар иштешет. Шайлоо участокторунда пандус курулган. 9. Шайлоого жана референдумга даярдыктар КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263-токтому менен, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнү 2021-жылдын 10-январы болуп аныкталган. 2020-жылдын 11-декабрында КР Президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон. КР БШКсы тарабынан КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чараларынын календарлык планы иштелип чыгып, алты жумушчу тобу түзүлгөн. Шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүү үчүн бардык зарыл болгон жабдуулар, инвентарлар менен камсыз болушкан. БШК Кыргызстандын бардык аймагы боюнча 2428 шайлоо участогун түзгөн, ошондой эле чет мамлекеттерде жүргөн жана жашаган КР жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн КР чегинен тышкары 48 шайлоо участогу негизделген. Бардыгы 2476 УШК. Шайлоого байкоону дүйнөнүн 44 мамлекетинен 34 эл аралык уюмдун атынан 333 эл аралык байкоочулар жүзөгө ашырышты. Ошондой эле чет элдик ЖМК 100 өкүлү КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумдун өтүшүн чагылдыруу үчүн аккредитацияланган. КР БШКсы КР ТИМи менен бирдикте эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн чет мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларына (КМШ аткаруу комитетине, ЕККУ ДИАУБ, ШКУ, ТТӨК, ИКУ), ошондой эле дүйнөнүн, Европа менен Азиянын шайлоо уюмдарынын ассоциациясына чакырууларды жиберген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, консулдук мекемелердин өкүлдөрүнө, ошондой эле парламенттердин, парламенттер аралык бирикмелердин өкүлдөрү да чакырылган. КР ЖК төрагасынын атынан КМШ ПААсы, ЖККУ, ЕККУ ПАсы, ТүркПА уюмдарына чакыруулар жиберилген. 10. Негизги бүтүмдөр Шайлоо кампаниясынын алкагындагы иш-чаралар ачык өткөрүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында кенен жана КР мыйзамдарына ылайык чагылдырылып жатты. КР Президенти кызматына катталган бардык талапкерлерге алардын саясый партияга тиешелүүлүгүнө, саясый көз караштарына карабастан агитациялык иш-чаралар үчүн бирдей шарттар түзүлгөн. Шайлоо кампаниясынын бардык этаптары тиешелүү мыйзамдарга ылайык чагылдырылды, талапкерлердин программалары жарыяланды, бул шайлоо кампаниясынын ачыктыгын көрсөтүп турат. Миссия шайлоо абдан кеңири атаандаштык негизде, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен, жарандарга өз алдынча аң-сезимдүү тандоо жасоого жагымдуу шарттарды түзүү менен өткөндүгүн белгилейт. Миссия Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдуму тиешелүү мыйзамдардын негизинде жана Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөндүгүн билдирет. Миссия тарабынан улуттук шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы белгиленген жок.   Миссия болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум ачык, эркин жана легитимдүү өткөндүгүн тааныйт. Миссия болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча  референдум, Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди дагы өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болгондугун белгилейт. Миссия Кыргыз Республикасынын элин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктайт жана суверенитет менен көз карандысыздык дагы бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүдө ийгиликтерди каалайт. Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык байкоочулар миссиясы 10-январь,  
Кененирээк билүү >>
КМШ Миссиясы Кыргызстандагы шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун белгиледи
11.01.2021

КМШ Миссиясы Кыргызстандагы шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен эл аралык байкоочулар Миссиясынын билдирүүсү Жалпы жоболор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук комиссия) чакыруусу менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен эл аралык байкоочулар Миссиясы (мындан ары – Миссия) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 токтому, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүздү. 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков ѳзүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ эл алдында билдирүүдөн жана 2020-жылы 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында сүйлөгөн сѳзүнөн кийин, ошондой эле Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамында (мындан ары – Конституциялык мыйзам) белгиленген мөөнөттө мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо дайындабагандыгына байланыштуу Борбордук комиссия Президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун датасын аныктады. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бѳлүгүндѳгү «мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт» деген жана шайлоо жѳнүндѳ Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктөрүндѳгү эгерде Жогорку Кеңеш Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелери, мындай учурларда Борбордук комиссия шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялай турганы жөнүндө талаптар  Борбордук комиссиянын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо датасын аныктоо үчүн укуктук негиз болуп саналат. Шайлоону мѳѳнѳтүнѳн мурда өткөрүүгө байланыштуу Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык белгиленген иш-аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылган. Миссия  шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүүгө 2020-жылы 21-декабрда киришти, келип жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сактоо менен шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө, мамлекеттин ички иштерине кийлигишпестен өз иш-милдеттерин эркин жана көз карандысыз түрдө аткарды. Миссиянын курамында  Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, КМШ катышуучу мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынан, Беларусь жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү аккредитацияланды. Бардыгы 138 байкоочу болду, алардын 10у узак мөөнөттүү негизде иштеди. Миссиянын өкүлдөрү өткөрүлүп жаткан өнөктүктөрдү Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин, Жогорку Сотунун, Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жетекчиликтери менен талкуулашты. Байкоочулардын  Президенттин кызмат ордуна талапкерлер (мындан ары – талапкерлер) К.С. Асанов, К.К. Иманалиев, А.К. Мадумаров, А.К. Сегизбаев, К.С. Сооронкулова жана талапкерлер С.Н. Жапаровдун жана К.К. Исаевдин шайлоо штабынын жетекчиликтери, башкаруунун президенттик формасына «макул» республикага «каршы», башкаруунун парламенттик формасына «каршы» жана «бардык варианттарга каршы»  үгүт топторунун жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү. Шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүү алкагында Миссия башчысы В.П. Волков вице-премьер-министри М.С. Мамытканов, Борбордук комиссиянын төрагасы Н.К. Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев, ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын башчысы Т. Месерич менен жолугушуусу болуп өттү, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын комиссияларынын иштери менен таанышты. Миссия ачык-айкын иштеди, анын иши басма сөздө чагылдырылды. Миссиянын штабы шайлоону жана референдумду даярдоого байкоо жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтык билдирүүлөрдү, арадагы отчётту чыгарды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берди. Миссия республикада шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилейт. Шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн мыйзам негиздери Шайлоо жана референдум өнөктүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана шайлоо жѳнүндѳ Конституциялык мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – референдум жөнүндө Конституциялык мыйзам), шайлоону жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын жана Борбордук комиссиянын токтомдорунун негизинде өткөрүлдү. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин шайлоо жѳнүндѳ Конституциялык мыйзам олуттуу түрдө толукталып иштелип чыкты. 2019-жылы Президентти шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу жоболорго төмөнкүлөргө тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди: административдик ресурсту кыянат пайдаланууга жол берилбестикке: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоого; талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун тартибин, шайлоочулардын тизмесин жүргүзүүнү жөнгө салуучу, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине инклюзивдүүлүгүн (тартылуусун) арттыруу чараларына тийиштүү бир катар ченемдер. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2020-жылдын 11-ноябры № 2 Конституциялык мыйзам менен төмөнкүлөр белгиленди: Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандар гана туруктуу жашаган жери болуп саналбаган жерге келген дареги боюнча добуш берүүгө укуктуу; талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү үчүн шайлоочулардын добуштарынын эң төмөнкү саны беш пайыздан бир пайызга төмөндөтүлдү; талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары жана байкоочулар шайлоого байланыштуу иш жүргүзүүгө акысыз негизде тартылышы мүмкүн. 2019-жылы референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамга добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, референдумдун айкындуулугун камсыздоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча кошумча чаралар каралган өзгөртүүлөр киргизилди, ошондой эле үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга карата кошумча талаптар белгиленди. КМШ ПАА демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө, катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун Миссия курамына кирген эксперттери Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын демократиялык шайлоонун эл аралык стандарттарына ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүштү жана ал мыйзамдар добуш берүүнүн купуялыгын, жарандардын, алардын бирикмелеринин укуктарын сактоо менен баарына бирдей жалпы, тең, тике шайлоо укуктарынын негизинде президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруп, өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү түпкүлүктүү ченемдерди камтырын белгилешти. Шайлоо комиссияларын түзүү жана алардын иши Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөнкүлөр ишке ашырышты: Борбордук комиссия; шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча 54 аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – аймактык комиссиялар, АШК); шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча 2 476 участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – участкалык комиссиялар, УШК). Борбордук комиссия – шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган. Борбордук комиссиянын курамы 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана 12 адамдан турат. Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн бир жыныстагы адамдардын 70 %дан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен Жогорку Кеңеш шайлайт. Анын курамынын үчтөн бири – Кыргыз Республикасынын Президентинин  сунушу боюнча, үчтөн бири – парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бири – парламенттик оппозициянын сунушу боюнча шайланат. Борбордук комиссиянын иштеп жаткан курамы 2016-жылы шайланган. Аймактык комиссиялар 5 жылдык мөөнөткө саясый партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн бирдей катышында 11 мүчөдөн кем эмес курамда Борбордук комиссия тарабынан түзүлөт. УШК дагы 5 жылдык мөөнөткө 7 мүчөдөн кем эмес курамда аймактык комиссиялар тарабынан түзүлөт. АШК жана УШК курамдары 2020-жылы январда түзүлгөн. КМШ байкоочулар миссиясы саясый партиялар аймактык жана участкалык комиссиялардын курамдарына керектүү сандагы талапкерлерди бербегенин белгилейт. Натыйжада аларды түзүүдө бош орундар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү менен толукталды. Аймактык комиссияларда саясый партиялардын өкүлдөрү баары болуп 34,3 %ды, ал эми участкалык комиссияларда – 12,2 %ды түздү. АШК жана УШКлардын курамдары, жайгашкан жери жана байланыш телефондору жергиликтүү басма сөздө жана Борбордук комиссиянын расмий сайтында жайгаштырылды. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы Борбордук комиссиянын токтомдору менен бекитилген. Мындан тышкары, Борбордук комиссия колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын айрым жоболорун толуктоочу бир катар токтомдорду кабыл алган. Борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерге шайлоо өнөктүгүн ачыктыктын жана өз ара сыйлоонун принциптеринде өткөрүүгө, саясий атаандаштар менен талаш-тартышты мыйзамдын негизинде ачык, коомдук дискуссияда чечүүгө, шайлоо процессинде этикалык жана моралдык ченемдерди сактоого чакыруу менен кайрылды. Референдум дайындалгандан кийин Борбордук комиссия жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына  кайрылуу кабыл алган. Анда Борбордук комиссия алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүп,мыйзамдардын ченемдерин бекем сактоого, өз ара урматтоону жана чыдамкайлыкты көрсөтүүгө чакырат, референдумдун катышуучуларын добуш берүүгө жигердүү катышууну өтүнөт. Борбордук комиссиянын алдында төмөнкү жумушчу топтор тузүлгөн: Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча; референдумда үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча; шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча ж.б. бир катар жумушчу топтор. Мыйзам ченемдерин бир түрдө колдонууну камсыздоо үчүн Борбордук комиссия аймактык жана участкалык комиссиялар үчүн шайлоо документтеринин усулдук түшүндүрмөлөрү жана үлгүлөрү топтолгон Колдонмо басып чыгарды. Борбордук комиссия шайлоонун жана референдумдун катышуучуларына жардам катары  маалыматтык мүнөздөгү 11 усулдук материал, 11 плакат даярдаган. Бардык участкалык комиссиялар планшеттер менен камсыздалды, бул маалымат Борбордук комиссия менен маалыматтарды ыкчам алмашып турууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары, планшеттерге жүктөлгөн окуу роликтери, атайын программалар жана тиркемелер түрүндөгү шайлоо жол-жоболору тууралуу маалыматтар УШК мүчөлөрүн окутуудагы кошумча элемент болуп калды. Борбордук комиссия талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, укук коргоо органдары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрдү. Талапкерлерге көмөктөшүү тартибинде талапкерлерди, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, байкоочуларды каттоо үчүн керектүү документтердин тариздери Борбордук комиссиянын сайтында жайгаштырылды. Шайлоо мыйзамдары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлдү. talapker.shailoo.gov.kg маалыматтык ресурсунда талапкерлер тууралуу маалыматтар, алардын шайлоо алдындагы программалары,  шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы тууралуу маалыматтар жайгаштырылды. Шайлоочулар (референдумдун катышуучулары) Борбордук комиссиянын колл-борборуна же Коомдук кабылдамасына кайрылып, шайлоонун жана референдумдун маселелери боюнча кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышты. Шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык Борбордук комиссия тарабынан добуш берүү үчүн орун-жайларга карата атайын талаптарды камтыган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча, ошондой эле талапкерлерге жана референдумда үгүт топторуна үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлдү. Атап айтканда, талапкерлер үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес сандагы бөлүгүн сурдокотормо колдонуп, окууну жеңилдетүү үчүн чоңойтулган арип менен, ошондой эле Брайль тамгасын же башка атайын каражаттарды колдонуп чыгарууга жана таратууга тийиш болушту. Борбордук комиссия Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте референдумду жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандарды COVID-19дан коргоо боюнча аракеттердин алгоритми иштеп чыкты. Анда шайлоо комиссияларынын иштөө,  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби аныкталып, шайлоочуларга (референдумдун катышуучуларына)  добуш берүү күнү сунуштар берилди. Өкмөт тарабынан референдумду жана Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана административдик ведомстволоруна керектүү тапшырмалар берилген. Шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн Борбордук комиссиянын  жана жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен тиешелүү деңгээлдеги Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлгөн. Алардын курамдарына шайлоо комиссияларынын, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирген. Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча ЫЧКТка кайрылуулар жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар Борбордук комиссиянын  сайтына жайгаштырылган. YouTubeде жана социалдык түйүндөрдө Борбордук комиссиянын жыйналыштары түз берилип турду. КМШ байкоочулары анын ишинде коллегиялуулук жана айкындуулук, каралуучу маселелерди ачык талкуулоо орун алганын белгилейт. Референдумга жана шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү алкагында Миссия мүчөлөрү  Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарындагы, Бишкек шаарындагы АШК жана УШКлардын иштери менен таанышты. Миссия референдумду жана шайлоону шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык даярдоо жана өткөрүү боюнча Борбордук комиссия зарыл чараларды көргөндүгүн белгилейт. Шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) тизмелери Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилген. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу Мамлекеттик каттоо кызматы менен өз ара аракеттешүү менен Борбордук комиссия тарабынан жүргүзүлдү. Шайлоолордун ортосундагы мезгилде ал ай сайын жаңыланат, шайлоону даярдоожана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат. Референдумду шайлоо менен бир күндө өткөрүүгө байланыштуу шайлоочулардын тизмеси референдумдун катышуучуларынын тизмеси дагы болуп саналды. Даяр болуу даражасына жараша шайлоочулардын тизмеси алдын ала, контролдук жана биротоло болуп бөлүнөт. Алдын ала тизме курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт. Алдын ала тизме добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда tizme.gov.kg мамлекеттик порталында жайгаштырылды, ал эми – 52 календардык күн калганда УШК жайларында илинди. Тизмедеги өзүнүн маалыматтарынын тууралыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын колл-борборуна кайрылып же телефон аркылуу же СМС-билдирүү жөнөтүп дагы текшерүүгө болот. Актуалдаштырылган маалыматтарды камтыган шайлоочулардын контролдук тизмеси Борбордук комиссия тарабынан мыйзамдарга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 22 календардык күн калганда жөнөтүлүп, УШК жайларында илинди. Ката же так эместикти аныктаган, шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда шайлоочу добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кеч эмес тиешелүү УШКга кайрыла алды же мамлекеттик порталдагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз бере алды. Ушул эле мөөнөттө добуш берүү күнү биометрикалык каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылып, жашаган же жүргөн жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу болушту. Ошол эле учурда 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр Кыргызстандын аймагында жашаган жарандарды туруктуу жашаган жери болуп саналбаган дарек боюнча добуш берүү укугунан ажыратты. Олуттуу ички миграциянын натыйжасында катталган жери боюнча жашабаган жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруусуна бул чара кыйынчылыктарды жаратты. Миссия мыйзамдардын тиешелүү ченемдери кошумча иштеп чыгууларды талап кыларын белгилейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча активдүү шайлоо укугуна ээ 405 миңден ашык жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес жана шайлоого катыша алышкан жок. Мында Мамлекеттик каттоо кызматынын Борбордук комиссия менен биргелешип жүргүзгөн ишинин аркасында мындай жарандардын саны 2017-жылдан тартып 300 миңден ашык адамга кыскарды.  Арыздар иштелип чыккандан кийин Борбордук комиссия шайлоочулардын биротоло тизмесин түздү, ал добуш берүү күнүнө чейин беш календардык күн калганда – 2021-жылы 4-январда участкалык комиссияларда илинди. Борбордук комиссиянын маалыматы боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 563 миң 574 адамды түздү. Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жана каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат. Шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык. Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтошу, Борбордук комиссиянын атайын эсебине шайлоо күрөөсүн төгүшү жана мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктаган тесттен өтүшү  керек. Талапкерди көрсөтүү 2020-жылы 25-октябрдан тартып 14-ноябрына чейин (кошо алганда) өттү. Борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө 65 арыз түштү. Анын ичинде 64 жаран өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде документтерди берди жана бир талапкер «”Улутман” республикалык партиясы» саясый партиясынан көрсөтүлдү. Борбордук комиссия жүргүзгөн берилген маалыматтарды текшерүү процессинде 3 талапкердин жоюлбаган соттуулугу бар экендиги аныкталды, 9у мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли жөнүндө сертификатты беришкен жок, 6 талапкерден шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздар түштү. Өзүн колдогон кол чогултууга 47 талапкер киришти. Анын ичинен он төртүнө талапкерди колдогон шайлоочулардын анык колтамгалары жетиштүү санда берилбегендиктен Борбордук комиссия  каттоодон баш тартты, дагы 15и өз арыздарын кайра чакыртып алышты. Талапкерлер А.К. Мадумаров , К.К. Исаев , Б.Ж. Асанов пассивдүү шайлоо укугу бобогондугуна байланыштуу талапкер С.Н. Жапаровду каттоодон баш тартуу жөнүндө арыз менен Борбордук комиссияга  кайрылышты. Арыз ээлеринин жүйөлөрү негизсищ деп табылды. Жыйынтыгында Борбордук комиссия 2020-жылы 12-декабрда 18 талапкерди каттады жана чүчүкулак жолу менен алардын фамилияларын шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн төмөнкүчө аныктады:   Жапаров Садыр Нургожоевич Исаев Канатбек Кедейканович Арстанбек Мыктыбек Сооронкулова Клара Сыргакбековна Ташов Имамидин Асамидинович Тагаев Рашид Бакирович Сегизбаев Абдил Кенешевич Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Касенов Аймен Абдыталипович Кочкоров Улукбек Абдышевич Байгуттиев Женишбек Сейтбекович Абакиров Эльдар Курманбекович Асанов Курсан Сатарович Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич Джеенбеков Равшан Бабырбекович Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Тольбаев Бабыржан Латиханович Иманалиев Каныбек Капашович. Каттоодон баш тартылган талапкерлер Борбордук комиссиянын чечимдерин сот органдарына даттана алмак. Мындай укукту 1 талапкер – К. А. Чороев пайдаланды, бирок Бишкек шаарынын административдик соту, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту кайрылууну канааттандыруусуз калтырды. Талапкер К.С. Сооронкулова “С.Н. Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө” Борбордук комиссиянын токтомун даттанды. Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими менен К.С. Сооронкулованын арызын канааттандыруудан баш тартылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын токтому менен биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүндо калтырылды. Натыйжада Р.Б. Тагаев өз арызы боюнча өз талапкерлигин алып салды. Жогорку мамлекеттик кызмат үчүн күрөштү 17 адам улантты.   Шайлоо алдындагы үгүт, референдумдун маселелери боюнча үгүт жана шайлоочуларга (референдумдун катышуучуларына) маалымдоо Шайлоо боюнча үгүт талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган кийин эртеси күнү – 15-декабрда, референдумдун маселелери боюнча үгүт «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып башталды. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде мыйзамдарды бир түрдө колдонууну камсыздоо максатында Борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону кабыл алды. Шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз берилүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш жана саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек. Ошондой эле мамлекеттик басылма ЖМКлары тарабынан талапкерлерге жана референдумдун үгүт топторуна А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес акысыз басылма аянтын бөлүп берилди. Акысыз басылма аянты «Эркин-Тоо» жана «Кыргыз Туусу» газеталарында берилди. КТРК жана «ЭлТР» телеканалдарында, Биринчи радио жана Эл FMде, «Кабар» маалымат агенттигинде жеке чыгып сүйлөө, теледебаттар үчүн убакыт берилди. Алардын обого чыгуу графиги чүчүкулактын негизинде Борбордук комиссия тарабынан бекитилди. Акысыз берилүүчү обо убактысы облустук медиа борборлордо дагы берилди. Талапкерлер, референдумда  үгүт топтору өз фонддорунун каражаттарынын эсебинен үгүт жүргүзүү үчүн ЖМКларда обо убактысын жана басылма аянтын сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты. Үгүт жүргүзүү үчүн Борбордук комиссия 60 теле- жана 29 радиокомпанияны, 61 басылма жана 72 интернет-басылманы, ал эми референдумда – 21 теле- жана 11 радиокомпанияны, 6 басылма жана 13 интернет-басылманы аккредиттеди. Шайлоону жана референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга (референдумдун катышуучуларына) маалымдоо алкагында Борбордук комиссиянын тапшырыгы боюнча кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтык жана түшүндүрүү мүнөзүндө 7 видеоролик даярдалып, алар КТРК, «ЭлТР» МТРК телеканалдарында, 5 каналда, «Пирамида» ТРКда, облустук жана бир катар жеке каналдарда көрсөтүлдү, ошондой эле Борбордук комиссиянын Youtubeдеги расмий аккаунттарында жана социалдык түйүндөрдө жайгаштырылды. Шайлоо жана референдум, эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар ж.б.  жөнүндө маалыматтарды камтыган 1 086 маалыматтык билборд, 63 миң плакат даярдалып, өлкөнүн региондоруна таратылды. Үгүт өнөктүгү талапкерлердин шайлоо алдындагы күрөшкө тең даражада катышпагандыгы менен айырмаланды. Талапкерлердин кээ бири жогорку жигердүүлүктү көрсөтсө, башкалары өнөктүктү кыйла басаң өткөрүштү. Алардын көпчүлүгү шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарга барышкан жок, ал эми үгүттүн негизги каражаттары катары социалдык түйүндөрдү жана телерадио уюму бөлүп берген акысыз берилүүчү обо убактысын, ошондой эле ЖМКлардагы басылма аянтын пайдаланышты. Борбордук комиссия тарабынан референдумга 15 үгүт тобун катталды. Анын ичинде: - президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу; - президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу; - парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу; - парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу; - бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу. Референдумдун «макул» жана «каршы» топтору үгүт жүргүзүү үчүн убакыттын чектелген ресурсун белгилешти. Мында үгүт иш-чаралары массалык мүнөзгө ээ болгон жок. Борбордук комиссиянын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы боюнча добуш берүүгө чейин 10 күн калганда шайлоо фонддорунун атайын эсептеринде каражаттар бир топтун гана атайын эсебинде кыймылда болду. КМШ байкоочуларынын пикири боюнча талапкерлерге, референдумдун үгүт топторуна жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмаларды тең шартта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди, ал эми жарандарга талапкерлер, шайлоо өнөктүгүнүн жана референдумдун этаптары жана жүрүшү жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Даттануулар жана арыздар менен иштөө КМШ байкоочуларынын Миссиясы шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүү алкагында шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө даттанууларды жана арыздарды кароо компетенциясына кирген органдар менен өз ара аракеттешти. Өнөктүк мезгилинде Бишкек шаарынын административдик соту талапкерлерди каттоо маселелери боюнча 3 иш карап, алар боюнча Борбордук комиссиянын актыларын мыйзамсыз деп табуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылды. Алардын экөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылып,  ал чеимдер өзгөртүүсүз калтырылды. Ошондой эле Бишкек шаарынын административдик соту “С.Н. Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө” Борбордук комиссиянын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө талапкерлер К.К. Иманалиевдин, К.К. Исаевдин, А.К. Мадумаровдун, К.С. Сооронкулованын биргелешкен административдик доосун ж.б. бир катар документтерди кабыл алуудан баш тартты. Арыз ээлеринин кассациялык даттануусу даттанууну берүүдө процесстик бузуулар орун алгандыгына байланыштуу кароосуз калтырылды. Борбордук комиссия тарабынан шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түшкөн Даттануулардын жана бузуулардын реестри түзүлгөн. Реестр Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко,  шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топко кайрылуулардын негизинде, ошондой эле ЖМКларга жана социалдык түйүндөргө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн. 2021-жылдын 9-январына карата шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактылары тууралуу 88 билдирүү катталган. Аларда кароонун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматтар Борбордук комиссиянын сайтындагы реестрде жайгаштырылды. Билдирүүлөрдүн олуттуу бөлүгү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузууларга б.а. үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу талаптарын сактабоого, белгиленген убакыттан мурда үгүт жүргүзүү, үгүт ишине жашы жетпегендерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тартууга ж.б. аракеттерге тийиштүү болду. Ошондой эле талапкерлердин массалык үгүт иш-чараларынын учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактабоо жөнүндө билдирүүлөр түштү, видеохостингдерге жана социалдык түйүндөргө байкоо жүргүзүүдө дагы байкоочулар тарабынан бул тууралуу белгиленди. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 7 учурда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык үчүн күнөөлү адамдар, анын ичинде талапкерлер Ташов И.А., Калмаматов Б.О., талапкерлер А.К. Мадумаровдун, С.Н. Жапаровдун райондук жана шаардык штабдарынын жетекчилери, Коомдук телерадиокорпорациянын директору ж.б. айып пул түрүндө жоопко тартылышты.  Борбордук комиссиянын ЫЧКТ тарабынан дагы административдик ресурсту пайдалануу, үгүт иш-чараларына жарандарды борборлоштуруп ташып келүү, талапкерлердин шайлоо штабдарынын мүчөлөрүнө кысым жасоо жана коркутуу жөнүндө бир катар билдирүү катталды. Мында шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө арыздардын саны мурда өткөн шайлоолорго салыштырмалуу бир кыйла төмөндөдү. Реестрдин маалыматтары боюнча келип түшкөн ар бир билдирүү жөнүндө маалымат текшерүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага жөнөтүлүп турду. Байкоочуларга ички иштер органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан 9 жаза иши козголгону жөнүндө билдиришти. Референдум өнөктүгүн жүргүзүүдө Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) телеканалында өз демилгеси боюнча башкаруунун президенттик формасына үгүттөө белгилерин камтыган берүү уюштурулган. Борбордук комиссия КТРКга эскертүү берип, альтернативалуу көз караштарды чагылдыруу үчүн ошол эле шарттарда жана көлөмдө акысыз обо убактысын берүүнү сунуштады. Мындан тышкары, референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен президенттик республика үчүн даярдалган үгүт материалдарын пайдалануу учурлары белгиленди. Чыгаруу маалыматтарысыз жана референдум фондунан алдын ала төлөөсүз үгүт материалдарын таратканы үчүн үгүт топторунун биринин жетекчисине айып пул салынды. Ошол эле учурда референдум жөнүндө мыйзамдарды бузгандык тууралуу билдирүүлөр массалык мүнөзгө ээ болгон жок. Миссия өлкөдө шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн шарттар түзүлгөнүн белгилейт. Добуш берүүгө жана шайлоочулардын добуштарын саноого байкоо жүргүзүү Шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык ооруканаларда жаткан, алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, убактылуу жашаган, ошондой эле ден соолугуна ж.б. себептер менен шайлоо участокторуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар шайлоочулардын добуш берүүсү добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда өткөрүлөт. Миссиянын байкоочулары 2021-жылы 9-январда шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсүнө катышты жана ал улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык келгендиген белгилейт: биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча жарандарды идентификациялоо жүргүзүлдү, добуш берүүнүн жашырындуулугу камсыздалды, тунук көчмө урналар пайдаланылды. 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү Миссиянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын бардык облустарында, Бишкек  жана Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү шайлоо участокторунда – Алматы, Баку, Берлин, Дүйшөнбү, Екатеринбург, Минск, Москва, Новосибирск жана Санкт-Петербург шаарларында иштеди. Добуш берүү саат 8ден 20га чейин өткөрүлдү. КМШ байкоочулары 627 шайлоо участогунда болушту жана добуш берүү процесси уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгилешет. Улуттук жана эл аралык байкоочуларга добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлдү. Шайлоо участоктору маалыматтык материалдар жана керектүү жабдыктар, анын ичинде энергиянын резервдеги булактары менен жабдылды. КМШ байкоочулары болгон шайлоо участокторунда көп учурларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн шарттар түзүлгөн – орун-жайга кире бериш жерлер пандустар, көмөктөшүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылган, маалыматтык такталарда ири ариптер жана Брайль тамгасын колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылган, добуш берүү үчүн кабиналар оптикалык коррекциялоо каражаттары менен жабдылган. Шайлоо участогуна келгенде шайлоочулар биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча жарандарды идентификациялоолоодон өтүштү, добуш берүү автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу менен жүргүзүлдү. Байкоочулар автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүндө үзгүлтүктөр болгондугун белгилешет. Ошол эле учурда техникалык колдоо топтору келип чыккан бузулууларды ыкчам четтетишти. Добуштарды саноо жол-жобосу шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык өттү. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары автоматтык эсептөөчү урналар тарабынан түзүлдү. Добуштарды саноодо байкоочуларга шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кыймыл-аракеттерин толук көрүп туруу камсыздалды. Добуш берүү үчүн орун-жайларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандарды COVID-19дан коргоо боюнча камсыздоо чаралар көрүлдү. Бирок шайлоочулар белгиленген талаптарды сактабаган учурлар кездешти. Өз отчетторунда КМШ байкоочулары анча көп сандагы эмес бузууларды белгилешти, Миссиянын пикири боюнча, ал бузуулар шайлоонун жана референдумдун натыйжаларына таасир эте албайт. Миссиянын өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын саноонун натыйжалары  тууралуу Борбордук комиссиянын серверине түшкөн маалыматтарды бурмалоодон коргоо тутуму менен таанышты жана төмөнкүдөй деп эсептешет: Маалыматтык шайлоо тутумунун порталындагы аралыгы 1 саат сайын жаңыланган шайлоочулардын келүүсү тууралуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, добуштарды саноодо “адам факторунун” төмөндөтүлүшү жана саноонун кол менен жана автоматтык ыкмалар менен биротоло текшерилиши шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун камсыздайт. КМШ байкоочуларынын пикири боюнча, добуш берүү жол-жобосу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өттү. Тыянактар Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен байкоочулар Миссиясы ачык жана транспаренттүү шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан олуттуу күч-аракеттер жумшалгандыгын белгилейт жана төмөнкүдөй деп эсептейт: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары президенттик  шайлоону жана референдумду жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен уюштурууга жана өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү; Шайлоо органдары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүндө жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүү укукгун жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздады.                
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү күнүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалымат
11.01.2021

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү күнүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүү күнү 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна маалыматтар/билдирүүлөр келип түшкөн. 2021-жылдын 11-январына карай жалпысынан – 50 кайрылуу болгон. Алардын ичинен: Маалыматтарды каттоо журналында – 11; Жоюлду - 13 Акт түзүлгөнү – 11 Кароодо – 5 Маалымат такталган жок – 10 Келип түшкөн 50 билдирүүдөн 14ү ИИМге текшерүүгө алуу үчүн жиберилген.  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын референдумунун алдын ала жыйынтыгы
10.01.2021

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын референдумунун алдын ала жыйынтыгы

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо референдуму болуп өттү. Шайлоочулардын тизмесине 3 563 574 шайлоочу катталган. Шайлоого 2 474 шайлоо участоктору, алардын ичинен 48и чет өлкөдө иш алып барышты. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү саат 21.00 төмөнкүдөй болду: Жапаров Садыр – 79,18% добуш, Исаев Канатбек – 0,58% добуш, Арстанбек Мыктыбек – 1,68% добуш, Сооронкулова Клара - 0,99%, добуш Ташов Имамидин – 1,19% добуш, Тагаев Рашид – 0%, Сегизбаев Абдил – 1,46% добуш, Мадумаров Адахан – 6,70% добуш, Касенов Аймен – 0,91% добуш, Кочкоров Улукбек – 0,68% добуш, Байгуттиев Женишбек – 0,09% добуш, Абакиров Эльдар – 0,50% добуш, Асанов Курсан – 0,50% добуш, Абдылдаев Арстанбек – 0,08% добуш, Джеенбеков Равшан – 0,19% добуш, Калмаматов Бактыбек – 0,50% добуш, Тольбаев Бабыржан – 2,35% добуш, Иманалиев Каныбек – 0,18% добуш, Баарына каршы – 1,34% добуш Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча маалымат АЭУдан саат 21.00дө 96,44% алынган. Референдумга добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы: Президенттик башкаруу формасына – 81,29% Парламенттик башкаруу формасы – 10,85% Баарына каршы – 4,43%   Кыргыз Республикасынын референдуму боюнча маалымат АЭУдан саат 21.00дө 96,44% алынган. КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсынын call-борборуна добуш берүү күнү 580 чалуу болду
10.01.2021

КРнын БШКсынын call-борборуна добуш берүү күнү 580 чалуу болду

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүү күнү call-борборго шайлоочулардан 580 чалуу болгон. 2021-жылдын 4-9-январь күндөрү 1 255 чалуу кабыл алынган. Call-борбор Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна тиешелүү жарандардын суроолору үчүн ачылган. Call-борбордо КРнын БШксынын кызматкерлери жана сырттан адистер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тартылды. КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 18.00гө карата келүүсү
10.01.2021

Шайлоочулардын 2021-жылы 10-январда саат 18.00гө карата келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочулардын добуш берүү күнү келүүсүнө байланыштуу маалымат берет: Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого: Келгендердин жалпы саны –  1 180 515 же  33,13%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 132 582 шайлоочу же 31,86%, Ош ш. – 55 987 шайлоочу же 37,05%, Жалал-Абад облусу – 224 259 шайлоочу же 33,64%, Ысык-Көл облусу – 120 665 шайлоочу же 39,20%, Нарын облусу – 73 501 шайлоочу же 36,30%, Ош облусу – 245 566 шайлоочу же 33,97%, Талас облусу – 49 420 шайлоочу же 31,30%, Чүй облусу –  167 443 шайлоочу же 28,29%, Баткен облусу – 101 223 шайлоочу же 34,05%, ТИМ – 9 869 шайлоочу же 19,95%. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга: Келгендердин жалпы саны – 1 178 656 катышуучу же 33,08%. Анын ичинде: Бишкек ш. – 131 035 катышуучу же 31,49%, Ош ш. – 56 659 катышуучу же 37,49%, Жалал-Абад облусу – 224 010 катышуучу же 33,60%, Ысык-Көл облусу – 120 319 катышуучу же 39,09%, Нарын облусу – 73 478 катышуучу же 36,29%, Ош облусу – 245 559 катышуучу же 33,97%, Талас облусу – 49 412 катышуучу же 31,30%, Чүй облусу – 167 266 катышуучу же 28,26%, Баткен облусу – 101 049 катышуучу же 33,99%. ТИМ – 9 869 катышуучу же 19,95%. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 252 254 … 483