Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Бишкек АШКсы бир нече партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 22-февралындагы отурумунда төмөндөгү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды:
“Наш народ”:
Шайлоолор боюнча – Сасыбаева Асылкул Токуровна,
Каржы маселеси боюнча – Кененсариева Тамара Абдыкадыровна.
“Ак-Бата”:
Шайлоолор боюнча – Жапаров Азамат Аскарбекович,
Каржы маселеси боюнча – Абдымажимов Толгонай Абдымажимовна..
“Улутман” Республикалык партиясы:
Шайлоолор боюнча – Шаршеналиев Омурбек Досубакович,
Каржы маселеси боюнча – Кокуева Айзада Калмырсаевна.
“Кыргызстан прогрессивдпессивдүү жаштардын партиясы”:
Шайлоолор боюнча – Акматалиев Субанбек Акматалиевич,
Каржы маселеси боюнча – Бараканов Бектур Талгарбекович.
“Кыргызстан”:
Шайлоолор боюнча – Абельдиева Эльвира Тилековна,
Каржы маселеси боюнча – Шамшидин уулу Разак.
«Улуу Журт»:
Шайлоолор боюнча – Асангазиева Дамира Бейшенбековна,
Каржы маселеси боюнча – Шамшидин уулу Разак.
“Тынчтык” Кыргызстанжын элдик мекенчил партиясы:
Шайлоолор боюнча – Онгоев Нурлан Асылбекович,
Каржы маселеси боюнча – Джайчибекова Гульмира Асанжановна.
«Айкол Кыргызстан»:
Шайлоолор боюнча – Кашаганов Расим Кажымуканович,
Каржы маселеси боюнча – Кошбаков Гулумкан Нарзуллаевна
Чечим кабыл алынган документтердин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кабыл алынды.
Ошондой эле, Бишкек АШКсы өзүнүн отурумунда «Ата-Журт» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды.
Шайлоолор боюнча – Жапаров Азамат Аскарбекович,
Каржы маселеси боюнча – Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна
Чечим «Ата-Журт» партиясынын жазуу түрүндө берген катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын- Ош аймактык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал, Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын, Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Москва, Панфилов, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Түп, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 4-мартынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 4-мартынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Керектүү документтердин үлгүсү: Арыз, саясий партиянын протоколу, Жыйындын протоколу
Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 62-35-69
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү алкагында саясий партияларды окутуу
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоолорду анык жана ачык-айкын ѳткѳрүү жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен ѳнѳктѳштүктѳ, бекитилген графикке ылайык 2021-жылдын 22-апрелинен 6-мартына чейин шайлоо процессинин олуттуу маселелери жана багыттары боюнча талапкерлердин билимин жакшыртуу максатында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынын депутаттыгына талапкерлер үчүн окутуу иш-чарасын жүргүзѳт.
Окутуу иш-чарасы шайлоо ѳтүүчү жерлерде саясий партияларды жана талапкерлерди тѳмѳнкүлѳргѳ байланышкан маселелерге маалымдоого жана окутууга багытталган:
жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууда мыйзамдык негиздерге,
448 жергиликтүү кеңештерде ѳтүүчү учурдагы шайлоолордун ѳзгѳчѳлүгүнѳ,
электрондук талапкер, тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүгѳ катышкандар жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды чагырдыруу сыяктуу КР БШК маалыматтык ресурстарына ,
талапкерлерди кѳрсѳтүү жана каттоо эрежелерине,
шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун, талапкерлердин, саясий партиялдардын шайлоо фонддорун түзүүнүн эрежелерине,
шайлоо ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерине,
шайлоодогу талаш-тартыштарга, аларды кароонун жана чечүүнүн тартиптерине,
КР шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке.
Шайлоону уюштуруучулар менен талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда кеңири диалог түзүү үчүн жер-жерлердеги шайлоо процессинин маселелерин жана багыттарын кеңири түшүндүрүү максатында тренингге КР БШКнын мүчѳлѳрү катышат. Мындай тренингдер шайлоо ѳтүүчү бардык шаардык кеңештерде ѳткѳрүлѳт.
Шайлоо ѳнѳктүгүнѳ катышуу жана аны каржылоо жана шайлоодогу талаш-тартыштар маселелерине окутуунун графиги
Ш.к. аталышы
Өткѳрүлѳ турган жери
Өткѳрүү датасы
Түндүк аймактары
Талас шаардык кенеши
Талас ш.
2021-ж. 22-февралы
Токмок шаардык кеңеши
Токмок ш.
2021-ж. 24-февралы
Орловка шаардык кенеши
г. Кемин
2021-ж. 25-февралы
Кемин шаардык кенеши
Балыкчы шаардык кенеши
Чолпон-Ата ш.
2021-ж. 26-февралы
Чолпон-Ата шаардык кенеши
Каракол шаардык кенеши
Каракол ш.
2021-ж. 27-февралы
Нарын шаардык кенеши
Нарын ш.
2021-ж. 1-март
Шопоков шаардык кенеши
Шопоков ш.
2021-ж. 3-март
Кайыңды шаардык кенеши
Кайыңды ш.
2021-ж. 4-март
Кант шаардык кенеши
Кант ш.
2021-ж. 5-март
Бишкек шаардык кенеши
Бишкек ш.
2021-ж. 6-март
Түштүк аймактары
Сүлүктү шаардык кенеши
Исфана ш.
2021-ж. 22-февралы
Исфана шаардык кенеши
Баткен шаардык кенеши
Баткен ш.
2021-ж. 24-февралы
Айдаркен шаардык кенеши
Кадамжай ш.
2021-ж. 25-февралы
Кадамжай шаардык кенеши
Ош шаардык кенеши
Ош ш.
2021-ж. 26-февралы
Кызыл-Кыя шаардык кенеши
Ноокат ш.
2021-ж. 27-февралы.
Ноокат шаардык кенеши
Өзгѳн шаардык кенеши
Өзгѳн ш.
2021-ж. 1-март
Жалал-Абад шаардык кенеши
Жалал-Абад ш.
2021-ж. 2-март
Кѳк-Жаңгак шаардык кенеши
Базар-Коргон шаардык кенеши
Кочкор-Ата шаардык кенеши
Майлу-Суу ш.
2021-ж. 3-март
Майлуу-Суу шаардык кенеши
Кербен шаардык кеңеши
Кербен ш.
2021-ж. 5-март
Кара-Кѳл шаардык кенеши
Кара-Кѳл ш.
2021-ж. 6-март
Тренингге катышуу үчүн бардык маселелер боюнча тѳмѳндѳгү байланыш маалыматтары (W/app) боюнча байланышса болот:
Бермет Дюшенбиева, тел. 0552577977 – жалпы жана координациялык маселелер боюнча;
Тахмина Аликбаева, тел.0708 210 010 – түндүк аймактарда ѳтѳ турган тренингге катышуу маселеси боюнча;
Нуржан Мамыралиева, тел. 0779 059 111 – түнштүк аймактарда ѳтѳ турган тренингге катышуу маселеси боюнча.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринде депутаттарды шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларына илинди
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештер боюнча шайлоочулар таанышып жана тактоосу үчүн түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2021-жылдын 20-февралында 2 273 шайлоо участкаларына илинди.
Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2021-жылдын 10-февралынан баштап “Тизме”-https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылган.
Шайлоочулардын саны 3 304 485 шайлоочуну түзөт. Алардын ичинен – 1 580 631, аялдар – 1 723 854 же 47,83% жана 52,17% түзөт.
Ар бир шайлоочу 2021-жылдын 27-мартына чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактай алат:
Шайлоочулардын мамлекеттик порталынан - «Тизме» - «tizme.gov.kg»;
Өз шайлоо участкасынан;
119 номерине чалып (чалуу акысыз) же ПИН номери менен СМС билдирүүлөр жиберет, жооп катары шайлоочуга УШКнын номерин жана дарегин көрсөткөн билдирүү келет.
Шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместиктер табылган учурда, шайлоочу 2021-жылдын 27-мартына чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылганда паспортун (ID-картасын) көрсөтүп өзүнүн маалыматын тактоо жөнүндө арызга көчүрмөнү кошуп тапшырат.
Шайлоо участогуна арыз менен кайрылганда шайлоочу биометрикалык идентификациядан милдеттүү түрдө өтөт!
Шайлоочулардын тизмесинен маалыматын тактоо үчүн шайлоочу электрондук арыз менен «Тизме» - «tizme.gov.kg» мамлекеттик порталы аркылуу “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу кайрыла алат.
Мындай учурда, шайлоочу идентификациялоонун Бирдиктүү системасынын негизинде автордоштуруудан/аутентификациялоодон өтөт!
Шайлоочулардын контролдук тизмеси 2021-жылдын 11-мартына, ал эми акыркы тизмеси 2021-жылдын 1-апрелине түзүлөт.
Маанилүү! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине 18 жаш курагына толгон жана андан улуу, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жергиликтүү жамаатынын – шаардык, айылдык аймактардын мүчөлөрү болуп саналган жарандар киргизилет.
Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат. (“Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 12-беренеси).
Туруктуу жашаган жери катталган дарек менен паспортундагы чипте көрсөтүлгөн дарек/жазуу дал келүүсү, МААНИЛҮҮ.
Биометрикалык каттоого турууну же өзүнүн паспорттук маалыматтарын актуалдаштырууну Мамлекеттик каттоо кызматы, паспорт столу, жарандык абалдын актысын жазуу (ЖААЖ б.а. ЗАГС) органдары аркылуу жүргүзүүгө болот.
Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
11-апрелдеги жергиликтүү шайлоолордо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында саясый партиялардын өкүлдөрү үчүн киришүү семинарын өткөрдү.
БШК төрайымы Н. Шайлдабекова агитациялык учурдун жаңылыктарына токтолду.
“Бул жергиликтүү шайлоолордун процессинде кандай жаңылыктар бар? Жаңылык – бул ден соолугунан кемтилгеси бар жарандар үчүн атайын форматтарда агитациялык материалдардын болуу талабы. Бул боюнча мыйзам мындай талап коет, талапкерлердин жана партиялардын агитациялык материалдарынын 1 пайыздан кем эмес көлөмү Брайль шрифти менен басылып, көрбөгөн жарандарыбыз үчүн аудио жазуулар, сурдокотормо, роликтерде субтитр менен котормо болушу керек. Бул алдыга карай чоң кадам болуп эсептелет, анткени ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыз талапкерлер тууралуу маалыматтарды толугу менен ала алышат. Өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордо мындай эрежелер сакталды.
Жергиликтүү кеңештерге бул жолку шайлоолордогу дагы бир жаңылык, көчөлөрдө жана стадиондордо маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай тыюулар шайлоочунун эркин калыптандыруу процессинде финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн таасирин чектөө үчүн киргизилип жатат.
Жаңы бирок өзүн жакшы жагынан көрсөткөн агитациянын форматы – бул дебаттар. Дебат процессиндеги айрым кемчиликтерге карабастан, жарандар дебатка активдүүлүк менен көз салып турушаарын биз байкадык. Эми ушундай дебаттар биринчи жолу жергиликтүү шайлоолорго да киргизилет. Ошондуктан азыртан даярданыш керек, балким дебаттар партиялардын лидерлеринин ортосунда өтүшү мүмкүн. Азыр дебаттардын формасын талкуулоо жүрүп жатат, алар тематикалык же талапкерлердин категориялары же болбосо аралаш өтүшү ыктымал.
Ошол эле учурда дебаттардын эрежелерин сактоо зарыл. Президенттик да, парламенттик да шайлоолордо байкоо жүргүзгөн ЕККУ ДИАУБ миссиясы дебаттар ар бир партиянын өлкөдөгү проблемаларды кантип чечүүнүн жолдору тууралуу талаш-тартыштарынын, аларды чечүү жолдору тууралу дискуссияларынын ордуна жеке адамдар ортосундагы талаштарга айланганын белгиледи. Мындай эреже бар: бекер эфирдик убакытты атаандаштардын ар-намысына акаарат келтире турган терс маанайдагы маалымат таратууга, же башка талапкерлер тууралуу терс көз караш жараткан пикирлер үчүн, же башка талапкерлерге артыкчылык берген маалыматтарды таратууга колдонбош керек.”, - деди төрайым.
КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова шайлоочуларга талапкерлер тууралуу ишенимдүү маалыматтарды берүү зарылдыгын баса белгиледи.
“Талапкерлердин маалыматтарынын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик – бул абдан маанилүү. Буга болушунча так мамиле кылуу зарыл. Шайлоо процесси – татаал процесс, анткени жогорку муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарга шайлоо процесси жүрөт, ошондуктан башка мамлекеттин жарандуулугунун жоктугу жөнүндө декларациянын салмагы абдан жогору. Башка мамлекеттердин жарандуулугу жок деп жазган талапкерлерге биз алдын ала ишенебиз. Бирок кандайдыр бир маалыматтар болуп калса, алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүгө дуушар болушат”, - деди ал.
Катышуучуларга жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жана аларды каттоо тууралуу маалымат берилди. “Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тарта башталып, шайлоого 40 календарлык күн калганда, айылдык кеңештерге шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда бүтөт. Талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештер үчүн саясый партияларга; айылдык кеңештер үчүн саясый партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөн жарандарга тиешелүү. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө бир жыныстагы адамдардын болушу 70 пайыздан ашпашы керектигин, ошол эле учурда саясый партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкер аялдардын жана эркектердин тизмедеги кезектериндеги айырмачылык эки позициядан ашпашы керектигин саясый партиялар эске алышы зарыл”, - деп билдирди КР БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу Адилет.
Мындан тышкары финансылык ачыктык, талапкерлердин жана саясый партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана аларды чыгымдоолор, шайлоо комиссиялары карай турган талаш-тартыштар тууралуу да маалымат берилди.
БШКнын маалыматттарды программалык-техникалык камсыздоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев катышуучуларды шайлоочулардын тизмеси жөнүндөгү статистика жайгашкан “Тизме” электрондук порталы, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгынын порталы – Маалыматтык шайлоо системасы (МШС) менен тааныштырды.
“Мурда “Тизме” порталында шайлоочулардын тизмеси шайлоо алдындагы убакытта гана жайгашчу, бирок бул чечим өзгөрүлүп, тизме дайыма жеткиликтүү боло турган болду. Ал жакта шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика бар, ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электоралдык чөйрөнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм да бар”, - деди ал.
БШКдан окутуу иш-чаралары республиканын бардык облустарындагы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн өткөрүлүп турарын билдиришти.
БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 19-февралындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык- Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүнө чечим токтом кылды.
Чечим шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Бишкек, Ош, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Баткен шаардык, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Балыкчы, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл, Түп, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Токмок, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Чүй, Москва, Ысык-Ата, Кемин, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгына ылайык кабыл алынды.
Республика боюнча таблица
Чүй облусунун 827 153 (в 2016 г. - 766040) калкы бар аймактагы 104 жергиликтүү кеңештерде (6-шаардык, 98 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 369 шайлоо участоктору (2016-ж. – 356) жана 228 шайлоо аймактары (2016-ж. – 204) түзүлдү, аймактарда – 1 714 депутаттык мандат (2016-ж. – 1 675), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 552, шайлоочулардын саны 527 427 ( 2016-ж. – 414 602).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
Баткен облусунун 513 913 (в 2016 ж. - 496311) калкы бар аймактагы 33 жергиликтүү кеңештерде (6-шаардык, 27 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 201 шайлоо участоктору (2016-ж. – 188) жана 127 шайлоо аймактары (2016-ж. – 124) түзүлдү, аймактарда – 723 депутаттык мандат (2016-ж. – 743), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 231, шайлоочулардын саны 223 012 ( 2016-ж. – 279898).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
Жалал-Абад облусунун 1 165 001 ( 2016-ж. - 1050034) калкы бар аймактагы 69 жергиликтүү кеңештеринде (7-шаардык, 62 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 418 шайлоо участоктору (2016-ж. – 387) жана 261 шайлоо аймактары (2016-ж. – 250) түзүлдү, аймактарда – 1 549 депутаттык мандат (2016-ж. – 1 509), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 522, шайлоочулардын саны 614 899 ( 2016-ж. – 487 307).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
Ош облусунун 1 244 260 ( 2016-ж. – 1 125 796) калкы бар аймактагы 83 жергиликтүү кеңештеринде (2-шаардык, 81 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 470 шайлоо участоктору (2016-ж. – 444) жана 343 шайлоо аймактары (2016-ж. – 323) түзүлдү, аймактарда – 1 793 депутаттык мандат (2016-ж. – 1 763), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 681, шайлоочулардын саны 662 010 ( 2016-ж. – 529 865).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
Талас облусунун 254 143 ( 2016-ж. – 236 866) калкы бар аймактагы 35 жергиликтүү кеңештеринде (1-шаардык, 34 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 111 шайлоо участоктору (2016-ж. – 110) жана 89 шайлоо аймактары (2016-ж. – 90) түзүлдү, аймактарда – 575 депутаттык мандат (2016-ж. – 535), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 206, шайлоочулардын саны 151 360 ( 2016-ж. – 126 624).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
Нарын облусунун 297 811 ( 2016-ж. – 282 832) калкы бар аймактагы 60 жергиликтүү кеңештеринде (1-шаардык, 59 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 169 шайлоо участоктору (2016-ж. – 153) жана 122 шайлоо аймактары (2016-ж. – 125) түзүлдү, аймактарда – 820 депутаттык мандат (2016-ж. – 780), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 300, шайлоочулардын саны 190 176 ( 2016-ж. – 160 250).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
Ысык-Көл облусунун 303 083 ( 2016-ж. – 253 075) калкы бар аймактагы 62 жергиликтүү кеңештеринде (3-шаардык, 59 – айылдык) жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 243 шайлоо участоктору (2016-ж. – 234) жана 169 шайлоо аймактары (2016-ж. – 162) түзүлдү, аймактарда – 1 042 депутаттык мандат (2016-ж. – 972), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 366, шайлоочулардын саны 303 083 ( 2016-ж. – 253 075).
Райондор боюнча таблица
Кеңештер боюнча таблица
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Таза Шайлоо Ассоциациясы жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 19-февралындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен келип түшкөн билдирүүлөрдү эске алды.
БШК «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен Арыков Тимур Дженишбековичти коомдук байкоочу катары каттап белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү чечимин кабыл алды.
Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин жолдомосунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүм
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 19-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 19-февраль 2021-ж.
Убактысы:17 :00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек, Ош шаардык кеңештеринин, Баткен, Джалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, жана Ысык- Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсы бир нече партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 17-февралындагы отурумунда төмөндөгү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды:
“Социал-демократтар”:
Шайлоолор боюнча – Касымбеков Нурбек Айтыевич,
Каржы маселеси боюнча – Иманалиева Айгээрим Сатыбалдиевна.
“Патриот”:
Шайлоолор боюнча – Сооронбеков Эркин Жайлообекович,
Каржы маселеси боюнча – Масютенко Татьяна Анатольевна.
“Ата-Журт”:
Шайлоолор боюнча – Жапаров Азамат Аскарбекович,
Каржы маселеси боюнча – Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна.
“Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”:
Шайлоолор боюнча – Адбикеримов Ильязбек Чидербекович,
Каржы маселеси боюнча – Аширалиева Чолпон Майрамбековна.
“Бирге-Вместе”:
Шайлоолор боюнча – Абылгазиев Манас Азизбекович,
Каржы маселеси боюнча – Малородная Ирина Николаевна.
Чечим кабыл алынган документтердин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык чыгарылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЮСАИД Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун демократиялаштыруу боюнча иш-чараларды колдоону улантат
Жолугушууга ЮСАИДдин Миссиясынын демократиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ноэль Бауэр жана ЮСАИДдин демократияны өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси Адриэнн Стоун катышты, тараптар КР БШК менен ЮСАИДдин 2021-жылга өз ара аракеттешүү планын талкуулашты.
КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун 2021-жылдын 8-февралындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалганын маалымдады. Шайлоо Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңешинде, анын ичинде 28 шаардык, 420 айылдык кеңеште өтөт.
ЮСАИДдин колдоосу алдында Интерньюстун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү тараптан көрсөтүлгөн колдоо үчүн КР БШК ыраазычылык билдирет, атап айтканда, Өкүлчүлүк КР БШКнын жыйындарын түз уктуруп-көрсөтүүнү камсыздоо үчүн жыйындар залын жабдык менен жабдууга, Улуттук демократиялык институттун колдоосу алдында теледебаттарды жаңы таризде өткөрүүгө колдоо көрсөттү, бул шайлоо процессинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыздоодо, жарандардын кабарлануусун арттырууга, бүтүндөй эле шайлоону демократиялаштыруу процесси үчүн чоң мааниге ээ.
Өз кезегинде Ноэль Бауэр 2021-жылы колдоо көбүнесе алдыдагы парламенттик шайлоодо көрсөтүлүп, шайлоо процесси убагында добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүүгө басым жасалат. ЮСАИД мындай бузууларга каршы аракеттенүүнүн эл аралык тажрыйбасын изилдейт жана аны Кыргыз Республикасында колдонууга көмөктөшөт.
ЮСАИД Улуттук демократиялык институт (NDI) аркылуу региондордогу телеканалдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин ортосунда дебаттарды өткөрүү үчүн колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөт. NDI тараптан мурда көрсөтүлгөн колдоо абдан натыйжалуу болду. Талапкерлердин бейнесин, анын ичинде кесиптик сапаттарын кыйла толук ачуу үчүн дебаттар шайлоочуларга маалымдоонун негизги тариздеринин бири болуп калды.
Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) айрым категориядагы жарандардын – жаштардын, аялдардын жана ДМЧАлардын шайлоого катышуусун жигердештирүүгө басым жасап, шайлоо процессинин катышуучуларын окутууда комплекстүү колдоо көрсөтүүнү улантат. Алдыдагы конституциялык реформаны эске алуу менен шайлоо комиссияларынын дараметин арттырууга колдоо көрсөтүлөт.
Эл аралык республикалык институт (IRI) салт боюнча жарандардын арасында сурамжылоо жүргүзөт жана калктын шайлоо процессине ишеним деңгээлин аныктоо, ошондой эле шайлоо тутумун кайсыл багыттарда өркүндөтүү зарыл экендигин талдоо үчүн шайлоого байланыштуу суроолордун блогун кошууга даяр. Ошондой эле 30% квотаны коргоо механизмдерин киргизүү үчүн аялдарга айрыкча басым жасап, талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрүү мерчемделүүдө.
ЮСАИД шайлоого узак жана кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүүдө ӨЭУларга көмөктөшүүнү мерчемдөөдө. Байкоо жүргүзүү шайлоочулардын шайлоого ишениминин негизи болуп саналат. Тараптар айрыкча алгач ирет байкоо жүргүзүп жаткан ӨЭУларга сапаттуу байкоо жүргүзүү үчүн усулдук колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Маалымат үчүн: ЮСАИДдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясы АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин патронажы астында иштейт. ЮСАИД тараптан бир катар агенттиктердин – Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES), Улуттук демократиялык институттун (NDI), Эл аралык республикалык институттун (IRI), Интерньюстун, ошондой эле ӨЭУлардын иштери каржыланат.
2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата ЮСАИД жергиликтүү байкоо жүргүзүү үчүн конкурстун жыйынтыгы боюнча “Жалпы иш” ӨЭУну тандаган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-февралындагы отурумунда Нарын шаардык, Жумгал, Баткен шаардык, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу токтомун кабыл алды.
Нарын облусу, Нарын шаары
Нарын шаардык кеңеши: (№ 10) («Ала-Тоо» деп фракциясы) Абдрахманов Нурлан Халиловичтин депутаттык ыйгарым укугу өз арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер, (№ 13) («Ала-Тоо» с/п)Атыров Маратбек Шейшеналиевичке тапшырылды.
Жумгал району
Көк-Ой айылдык кеңеши: Сапарбеков Атайбек Акынкожоевичтин депутаттык ыйгарым укугу депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү жана өз арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат фермер, Садабаев Барылбек Азыковичке тапшырылды.
Баткен облусу, Баткен шаары
Баткен шаардык кеңеши: (№ 15) («КСДП» деп фракциясы) Абдырахманов Нурлан Халилович каза болгондугуна байланыштуу, Баткен шаардык жайыт комитетинин директору (№17) («КСДП» с/п) Зикираев Мендибай Икрамовичке тапшырылды.
Кадамжай району
Орозбеков айылдык кеңеши: Назарбаев Абдунаби Салыевичтин, Курмушев Мурзалидиндин, Садирова Назгулдүн, Аскарова Элмира Исраиловнанын өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу токтотулду. Бош калган ваканттуу депутаттык мандат “Баластан Охна” бала бакчасынын тарбиячысы Мурзамамитова Мастура Балтакозуевнага тапшырылды.
Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району
Т. Балтагулов айылдык кеңеши: Сарыбаев Чынгыз Мырзахматовичтин депутаттык ыйгарым укугу өз арызынын негизинде токтотулуп, бош ваканттуу депутаттык мандат фермер, Токторбаев Андаш Кутмановичке тапшырылды.
БШК Нарын шаардык, Жумгал, Баткен шаардык, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү токтомун «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм.
Кененирээк билүү >>
БШК Ала-Бука,Чаткал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-февралындагы отурумунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды:
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сарпбекова Айсулуу Абзалбековна, Турсунбаева Феруза Тажибаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Юлдашева Шахлохон Кеӊешбаевна, Итибаева Айсалкын Кийикбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын:
-«Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Советалиева Рано Советалиевна, «Народное Собрание Кыргызстана» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Усупбекова Тилекбубу Тулогуловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дадабаев Тимур Бейшенбайевич, Эгембердиев Абдибали Козонович, Нармырзаев Асанкан Эргешбаевич, Кудайбердиев Касымбек Аканович, комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиев Эралы Арыкбаевич, Эшимбетов Айтыкул Сарыбаевич, Асанбаева Нурзада Алишеровна, Кыштообаева Сагипа Сагынбековна, Ташбаева Гулнара Рыскуловна, Арстаналы кызы Нурзада, Душебай кызы Айтолкун, Ажыкулов Рысбай Суйоркулович, Маматов Азамат Азамбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рысбеков Кубаныч Сатамбаевич, Музурет кызы Акылай,Тороева Гулбайра Райымбекова резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атыканова Чынара Кадыкеевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калманбетова Миргул Бекболотовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 18-февралындагы отурумунда Ош облусунун Кара-Суу аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды.
Ош облусу
Кара-Суу району
Кашкар – Кыштак айылдык кеңеши
№ 5210 шайлоо участкасынын чек арасынан – Тажик маала айылынын Тажик-маала 1 көчөсүнүн жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 34а, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 50, 52, 54, так сан тарабындагы 1, 3, 5, 7, 9, 11, 13, 35, 37, 39, 41, 15, 17, 19, 21, 33, 43, 51, 55, 53, Тажик-Маала 2 көчөсүнүн так сан тарабындагы 1, 3, 5, 7, 9, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 56, 58, 60, Тажик-Маала 3 көчөсүнүн так сан татабындагы 1, 3, 5, 7, 9, 11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39, 41, 43, 45, 47, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 87 үйлөр чыгарылсын.
№5209 шайлоо участкасынын чек арасына - Тажик маала айылынын Тажик-маала 1 көчөсүнүнжуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 34а, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 50, 52, 54, так сан тарабындагы 1, 3, 5, 7, 9, 11, 13, 35, 37, 39, 41, 15, 17, 19, 21, 33, 43, 51, 55, 53, Тажик-Маала 2 көчөсүнүнтак сан тарабындагы 1, 3, 5, 7, 9, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 56, 58, 60, Тажик-Маала 3 көчөсүнүнтак сан атарбындагы 1, 3, 5, 7, 9, 11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39, 41, 43, 45, 47, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 87 үйлөр киргизилсин.
Чечим Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-февралындагы № 3 чечиминин, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 1 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-февралындагы отурумунда Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Анаров Саатбек Гапарович ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу, Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 9-мартына дайындоо жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү чечимин кабыл алды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 18-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18-февраль 2021-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Жумгал, Баткен шаардык, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5.Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларында шайлоонун жүрүшүндө бузууларга ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүүдө
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) жана аймактык шайлоо комиссияларында (АШК) ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлүүдө.
1. ЫЧКТнын курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын – ИИМдин, УКМКнын, прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет.
2. ЫЧКТнын негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү;
- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.
3. ЫЧКТ төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
- келип түшкөн билдирүүлөрдү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын, ММКнын интернет-басылмалардын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча билдирүүлөрүн кабыл алууну, иштеп чыгууну жана ыкчам талдоону;
- ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмин талкулоону жана иштеп чыгууну; зарыл чаралар жөнүндө ыкчам тапшырмаларды берүүнү (компетенциясынын жана башкаруу түзүмүнүн алкагында укук коргоо органдарына);
- шайлоочулар менен шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарында, даттанууларында жана кайрылууларында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча баяндалган маалыматтардын (билдирүүлөрдүн) жана фактылардын аныктыгын токтоосуз текшерүү, карап чыгуу жана ыкчам чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүүнү;
- “ЫЧКТ билдирет” рубрикасында маалыматтарды жарыялоо аркылуу шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча иштин абалы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга дайыма маалымдоону; БШКнын расмий сайтында ЫЧКТ Реестрин дайыма жаңылап турууну.
Бузуулар жөнүндө билдирүү үчүн 1255 кыска номуруна, 0990 02-12-55 WhatsAppына, 0312 62-62-46 – ишеним телефонуна, 0312 66-02-40 –коомдук кабылдамага чалууга же kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүгө болот.
Маалымат үчүн: ЫЧКТны түзүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинде каралган: “Шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүү координациялык топтун ишинин тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат”.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү