Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларында шайлоонун жүрүшүндө бузууларга ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүүдө
18.02.2021

Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларында шайлоонун жүрүшүндө бузууларга ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүүдө

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) жана аймактык шайлоо комиссияларында (АШК) ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлүүдө. 1. ЫЧКТнын курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын – ИИМдин, УКМКнын, прокуратура органдарынын өкүлдөрү кирет. 2. ЫЧКТнын негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү; - көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо. 3. ЫЧКТ төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат: - келип түшкөн билдирүүлөрдү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын, ММКнын интернет-басылмалардын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча билдирүүлөрүн кабыл алууну, иштеп чыгууну жана ыкчам талдоону; - ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмин талкулоону жана иштеп чыгууну; зарыл чаралар жөнүндө ыкчам тапшырмаларды берүүнү (компетенциясынын жана башкаруу түзүмүнүн алкагында укук коргоо органдарына); - шайлоочулар менен шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарында, даттанууларында жана кайрылууларында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча баяндалган маалыматтардын (билдирүүлөрдүн) жана фактылардын аныктыгын токтоосуз текшерүү, карап чыгуу жана ыкчам чара көрүү үчүн  тиешелүү органдарга жөнөтүүнү; - “ЫЧКТ билдирет” рубрикасында маалыматтарды жарыялоо аркылуу шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча иштин абалы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга дайыма маалымдоону; БШКнын расмий сайтында ЫЧКТ Реестрин дайыма жаңылап турууну. Бузуулар жөнүндө билдирүү үчүн 1255 кыска номуруна, 0990 02-12-55 WhatsAppына, 0312 62-62-46 – ишеним телефонуна, 0312 66-02-40 –коомдук кабылдамага чалууга же kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүгө болот. Маалымат үчүн: ЫЧКТны түзүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинде каралган: “Шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүү координациялык топтун ишинин тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат”.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсы бир нече партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
17.02.2021

Бишкек АШКсы бир нече партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-февралындагы отурумунда “Кыргызстан Жашылдар партиясы” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды: Шайлоолор боюнча – Мырсаканов Мырзаболот Усенбекович, Каржы маселеси боюнча – Ниязова Феруза Мырзамамытовна. Ошондой эле, Бишкек АШКсы 2021-жылдын 15-февралындагы отурумунда төмөндөгү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды: “Ыйман-Нуру” өнүктүрүү жана адилет партиясынан: Шайлоолор боюнча – Эркабаев Нурбек Турдиалиевич, Каржы маселеси боюнча – Акматова Айнура Жапаровна. “Эмгек”: Шайлоолор боюнча – Узюров Максат Орозбекович, Каржы маселеси боюнча – Омуралиева Мээрим Замирбековна. “Бүтүн Кыргызстан”: Шайлоолор боюнча – Топбаев Салык Асанбекович, Каржы маселеси боюнча – Полотов Мирлан Шамшиевич. “Улуу Журт” Шайлоолор боюнча – Шерикбай уулу Талас, Каржы маселеси боюнча – Карабаева Гулиза Расулбековна.   Чечим кабыл алынган документтердин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык чыгарылды. КР БШК Маалыматтык бөлүм  
Кененирээк билүү >>
АШКларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо аткаруу мөөнөттөрү менен тапшырмалар берилди
16.02.2021

АШКларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо аткаруу мөөнөттөрү менен тапшырмалар берилди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары менен он-лайн режиминде жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылдын 20-февралына чейин шайлоо округдарынын схемалары жана чектери иштелип чыгышы керектиги айтылды. Ошондой эле 20-февралга шайлоочулар таанышуу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторуна илинет. Шайлоочулардын тизмесиндеги так эместиктер же каталыктар, шайлоочулардын тизмеде жоктугу (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо боюнча) тууралуу арыздарды кабыл алуу жана аны иштеп чыгуу 2021-жылдын 27-мартына чейин жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ар бир шайлоочу мамлекеттик порталдагы “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. https://tizme.gov.kg/ Шайлоочунун арызына берилүүчү жоопту тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы арыз келип түшкөн күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен кагаз же электрондук билдирүү түрүндө шайлоочу арыз берген учурда көрсөткөн дарекке жөнөтөт. Кайрадан текшерүүдөн өткөн шайлоочулардын тизмеси участкалык шайлоо комиссияларына 2021-жылдын 7-мартына чейин тапшырылып жана шайлоочуларга таанышуу үчүн 2021-жылдын 12-мартына чейин илиниши керек. Тизмектелген, боолонгон жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү шайлоочулардын тизмеси эки нускада тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 6-апрелине чейин тапшырылып 2021-жылдын 8-апрелине чейин илинет. Жолугушууда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын, ошондой эле добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга көңүл бурулду. АШКлар социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулардын керектөө картасын түзүшөт. Прокуратура органдары 40 календардык күн ичинде ДМЧАлар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн текшеришет. Аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылаары АШКлардын эсине салынды. Эгерде референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 11-апрелине дайындалса шайлоочулардын тизмеси өз-өзүнчө түзүлөт: - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн- шайлоочулардын өзүнчө тизмеси, - референдум үчүн – шайлоочулардын өзүнчө тизмеси.   КР БШК Маалыматтык бөлүм.  
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктарды аныктады
16.02.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктарды аныктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары "РСК Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААКсын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы УП №21 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Контролдук-ревизиондук тобуна, КР жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо өтө турган аймактарда банк мекемелеринин жеткиликтүүлүгүн изилдөө жана талапкерлердин, саясый партиялардын атайын эсептери боюнча башка банк мекемелерин аныктоо боюнча сунуш берүү тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
16.02.2021

БШК 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

          2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 420и айылдык кеңештер жана 28и шаардык кеңештер. БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө жалпы суммасы 425 243,5 миң сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекитти:                                                                                                                                   - 418 айылдык кеңештердин кезектеги шайлоосу анын ичинде ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктаган 386 кеңештердин шайлоосу (370 айылдык кеңеши жана 16 шаардык кеңеши);         -  2021-жылдын майында ыйгарым укуктары аяктай турган 32 кеңештин шайлоосу (26 айылдык кеңештин жана 6 шаардын);         - мурда токтотулган 30 айылдык кеңештин, алардын ичинен 25 айылдык кеңештин жана 5 шаардык кеңештин.         - жергиликтүү башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоого байланышкан чыгымдар.         Сметага участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бериле турган сый акынын суммасы киргизилген: 53 АШКда – 638 адам, 2276 УШКда – 28498 адам, буларга акы төлөө шайлоолорду даярдоо убагында айына 2,0 – 3,0 миң сомду түзөт (бир шайлоо комиссиясында адатта  комиссиянын 11-13 мүчөсү иштейт), автоматтык эсептөөчү шаймандардын 2222 операторлору үчүн, ошондой эле шайлоонун алдындагы күнү жана шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн ишке тартылган ИИМдин 4636 кызматкери үчүн күнүмдүк каражат да кирет.           Ошондой эле смета шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуучу чыгымдарды, мындан башка  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулардын операторлору үчүн окутуучу иш-чаралар менен кызматтык жол жүрүүлөрдүн, байланыш кызматынын, предметтерди жана материалдарды сатып алуу үчүн, жабдууларды жана материалдарды ташуу үчүн транспорттук чыгымдарды, аймактардын ичиндеги территориялык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына чейин шайлоого керектүү жабдууларды (шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу жабдуулар, компьютердик техникалар комплектилери, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча автоматтык шаймандар) жеткирүү жана кайра ташуулар боюнча транспорттук чыгымдар, жана материалдарды (бюллетендер, маалыматтык материалдар, анын ичинде баннерлер, канцеляриялык буюмдар, шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саламаттыгын санитардык-эпидемиологиялык жактан коргоо үчүн каражаттар) жеткирүү чыгымдарын камтыйт.   Кененирээк
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук жана коммерциялык эмес  уюмдарга, саясий партияларга  Кайрылуусу
16.02.2021

Бишкек АШКсынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Кайрылуусу

Келе жатакан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында Бишкек шаардык УШКнын резервин толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн жана саясий партиялардын өкүлдөрүн УШКнын резервине көрсөтүүсүнө жарыя берет. Мыйзамга ылайык, УШКлар саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. УШК шайлоолорду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, жарандардын шайлоо укуктарынын аткарылышын жана корголушун камсыз кылган коллегиалдуу орган болуп эсептелет. УШКнын курамындагылардын жумушу жооптуу жана катуу тартипте шайло мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. УШКнын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын жеке макулдугун, алардын ишке болгон даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышуу тажрыйбасын эске алуу зарыл. Шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже боюнча, калктуу конуштун тийиштүү аймагында жашашы керектигин сунуштап жаткан субъектилер эске алышы керек. Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулушунан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чогулуштун протоклу төрагасынын жана катчысынын колдору менен күбөлөндүрүүгө тийиш. Протоколдун тиркемесинде чогулуштун катышуучуларынын тизмеси менен жашаган жери көрсөтүлүп колдору коюлуп күбөлөндүрүлүшү керек. Саясий партиялар тарабынан сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиянын аймактык бөлүмүнүн чогулушу боюнча төрага менен катчынын колу коюлуп жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтер тапшырылат. Жогоруда белгиленген документтерге төмөндөгүлөр тиркелет: Талапкердин УШКнын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси боюнча арызы; Паспортунун көчүрмөсү; Иштеген, окуган, билим алган орду көрсөтүлгөн өмүр баяны (кадрды каттоо жеке баракчасы же резюмеси); Байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номерлери. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, төмөнкүлөр УШКнын мүчөсү боло албайт: Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; судья, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкери, аскер кызматчысы; талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине Жарандардан, коомдук уюмдардан талапкерди сунуштоо боюнча протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2021-жылдын 22-февралында саат 18.00гө чейин кабыл алынат. Саясий партиялардан сунушталган талапкерлер боюнча протоколдор Бишкек шаардык шайлоо комиссиясында 2021-жылдын 22-февралында саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Байланыш телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 0312 61 04 32 Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы 0312 38 24 26
Кененирээк билүү >>
БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитти
15.02.2021

БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитти

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 15-февралындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитүү чечимин чыгарды. Кабыл алынган чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20 жана 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2021-жылдын 8-февралындагы № 21  ПЖ негизинде кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 15-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
15.02.2021

2021–ж. 15-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 15-февраль 2021-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Ноокат, Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун,  Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын  райондорунун , Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)  4.  2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 6.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ!
15.02.2021

КР БШКнын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ!

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомствого караштуу түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот. Алдын ала тизме добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 10-февралына чейин www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз. Ошондой эле алдын ала тизме 2021-жылдын 20-февралына чейин тийиштүү шайлоо участкаларында илинет. Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 27-мартына чейин Сиздин жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Шайлоо участогунда арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт. Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок. Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо – мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга, айыл аймагынын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. 1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 1-мартта саат 24.00кө чейин аяктайт. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 12-мартка чейин аяктайт. 2. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 11-мартта саат 24.00кө чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 22-мартка чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www. shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор  жайгаштырылган. www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында жалпы маалыматтар, талапкерлердин жана саясий партиялардын программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылган. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силердин иш-аракеттериңерге жараша болот. Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери. Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерин каттоо процессинен баштап,  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоону аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштурууга тийиш. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ушул Мыйзамда белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 20-февралына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет. Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат. Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот: 1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат; 2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат; 3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат; 14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат; 15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыктарын аныктоодо мандаттар ириде талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга төмөнкү маселелер боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү: - керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү; - орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо; - үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулук менен камсыздоо; - керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү; - шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү; - көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 19-февралына чейин ЖМК, интернет-басылмалар эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 12-мартынан тартып, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 22-мартынан тартып башталат. Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. КР БШК региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет. Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл: - орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү; - адамдардын  ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо; - санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу; - катышуучулардын температураларын контролдоо; - пайдалануучу материалдарды жана буюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо. КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт. Шайлоону жана референдумду уюштуруучулардын деңгээлинде б.а. бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен иш жүзүндө шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Шайлоо өткөрүүдө ал технологияларды пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү процессин адил жана айкын кылуу үчүн маанилүү кадам болуп калды, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынып, анык саналат. КР БШК алдыдагы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болууну суранат. КР БШК өз ишин мыйзамдуулук, айкындуулук, көз карандысыздык принциптеринде жүргүзөт жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштейт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы                    
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүлүгүнө ЖӨАБнын көңүлүн бурду
12.02.2021

БШК жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүлүгүнө ЖӨАБнын көңүлүн бурду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен онлайн-отурум өткөрдү, анда алдыда өтө турган 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин, Өнүктүрүү саясат институту, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы жарлыгына ылайык, шайлоолор 448 жергиликтүү кеңештерде, анын ичинде 28 шаардык, 420 айылдык кеңеште өткөрүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, алдыдагы шайлоодо ар бир айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайызы аялдар үчүн сакталат. Жалпысынан 8 286 депутат шайланат, анын ичинен 2 856 мандат гендердик квота менен бөлүштүрүлөт. Бардык шайлоочулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн шайлоо максималдуу жеткиликтүү болуусу белгиленди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө ачык-айыкндуулуктун кепилдиги белгиленген процессте санитардык-эпидемиологиялык коргоо чараларын камсыз кылуу, анын ичинде жайларды камсыздоону жогорку деңгээлде уюштуруунун зарылдыгы тууралуу багыт берилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ж.Бакиров республикалык штаб жакынкы күндө ачылаарын, аны менен БШК жана өкмөт тыгыз кызматташтыкта иштеши керектигин билдирди. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору Ө.Алманбетов, алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алкагында болочок депутаттар үчүн окутуулар уюштурулганын билдирди. Ошондой эле, ЖӨАБ КРнын БШК менен бирдикте саясий партияларды окутуу учурунда негиз катары пайдаланууга эки тилде оптималдаштырган талаптарды камтыган колдонмо иштеп чыгышты. БШК жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештин депутаттыгына бардык талапкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай тургандыгы баса белгиленди.   КР БШК Маалыматтык бөлүм  
Кененирээк билүү >>
-
12.02.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды
11.02.2021

КР БШК: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө арыздарды кабыл ала баштады. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген телерадио берүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жана бул маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш. БШК “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 8-февралында жарыяланганын эске салат. Ушуга байланыштуу аккредитациядан өтүүгө документтерди тапшыруу үчүн акыркы күн – 2021-жылдын 18-февралы. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниети бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө б.а  2021-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын жана интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл; - жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - жалпыга маалымдоо каражатынын уставынын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо); - эфир убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсүн. Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган жогоруда аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасына жөнөтөт. Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. КР БШК региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.   КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитти
09.02.2021

БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2021-жылдын 9-февралындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги  уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитүү чечимин кабыл алды. Чечим, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ   № Иш-чаралардын мазмуну Аткаруу мөөнөтү Аткарууга жооптуулар   Шайлоо округдарын жана шайлоо участокторун түзүү         1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен                      (2021-жылдын                            20-февралына чейин) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык шайлоо комиссиялары («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам), 10-бер. 4-бөл.)         2. Айылдык кеңештерге депутаттардын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен                     (2021-жылдын                            20-февралына чейин) Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (шайлоону уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-бер.            5-бөл.)         3. Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ММКга жарыялоо Алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 25-февралына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык бөлүм) (Мыйзам, 10-бер.                 6-бөл.)   Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу         4. Аймактык, участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окутуу тренингдерин өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча Шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү жана окутуунун методикасы бөлүмү     Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө         5. Добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган, биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоо мыйзамдарына ылайык ар бир шайлоо участогу боюнча түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып алуу. Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда (2021-жылдын 10-февралына чейин) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам, 12-бер.,                  1,2-бөл.)         6. Шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу жана маалыматтарын тактоо үчүн мамлекеттик порталга жайгаштыруу Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда (2021-жылдын 10-февралына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (ПТК жана МК бөлүмү) (Мыйзам, 12-бер.,          2-бөл.)         7.  Шайлоочулардын тизмесин басып чыгаруу жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн мурда (2021-жылдын 15-февралына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү, АШКдагы тутумдук администраторлор) (Мыйзам, 12-бер.,            4-бөл).)         8. Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн мурда (2021-жылдын 20-февралына чейин) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер.,              1-бөл.)         9. Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (каталарды жана так эместиктерди оңдоо) Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен             (2021-жылдын                            27-мартына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы, маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү, тутумдук администраторлор, аймактык шайлоо комиссиялары, участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 12-бер.,              3-бөл.)         10. Шайлоочулардын контролдук тизмесин түзүү жана участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен              (2021-жылдын                               7-мартына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү, АШК тутумдук администраторлору) (Мыйзам, 13-бер.,              3-бөл.)         11. Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда (2021-жылдын 12-мартына чейин) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер.,                 3-бөл.)         12. Шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло тизмесин түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен                 (2021-жылдын                    1-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү, АШК тутумдук администраторлору) (Мыйзам, 13-бер.,                    4-бөл.)          13. Жабдыктардын комплектилерин даярдоо үчүн шайлоочулардын биротоло тизмесин электрондук түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (МКК) өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен (2021-жылдын                              1-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (МКТ башкармалыгы) (Мыйзам,             13-бер., 4-бөл.)          14. Шайлоочулардын тизмесин кагазга басып чыгаруу жана аны номурлап, көктөп, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүп, эки нускада участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда (2021-жылдын 6-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү), аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)         15. Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын кагаз түрүндөгү биротоло тизмесинин экинчи нускасын илүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2021-жылдын                         8-апрелине чейин) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)         16. Шайлоочулардын тизмесин жүктөп, биометрикалык маалыматтар менен даярдап, шайлоо участокторуна жеткизүү үчүн шайлоочуларды иденттештирүү боюнча сервердик комплектилерди Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2021-жылдын                         8-апрелине чейин) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам, 13-бер.,            4-бөл.)         17. Участкалык шайлоо комиссияларына жабдыктарды жеткизүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2021-жылдын                              8-апрелинде чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)   Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   шаардык кеңештерге        18. КР жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө АШКда документтерди кабыл алуу жана берилген маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топторду түзүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары         19. Талапкердин, саясий партиялардын шайлоого катышуусуна байланыштуу, анын ичинде каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо Документтер берилгенден кийин Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары         20. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүгүн берүү, же жүйөлүү себептер менен каттоодон баш тартуу Зарыл документтер түшкөндөн кийин 3 күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 21-бер.,                    3-бөл.)         21. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып, добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт                                (2021-жылдын                1-мартында саат 24.00 чейин) Саясий партиялар (Мыйзам, 49-бер., 1,               2-бөл.)         22. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын                             1-мартында саат 24.00 чейин) Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 53-бер.,              1-бөл.)           23. Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерүү Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Аймактык шайлоо комиссиясындагы тиешелүү жумушчу топтор (Мыйзам, 53-бер.,               4-бөл.)         24. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо   Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда (2021-жылдын 12-мартына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 53-бер.,            6-бөл.)         25. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен күбөлүктөрдү берүү Талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 53-бер.,                 12-бөл.)         26. Талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде     Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 53-бер.,                 11-бөл.)         27. Шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу же шайлоого катышуудан баш тартуу же болбосо талапкерлерди саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө талапкердин арыз берүүсү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен   (2021-жылдын                             7-апрелинде саат 24.00 чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына (Мыйзам, 54-бер., 1,          2-бөл.) айылдык кеңештерге       28. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт                          (2021-жылдын                  12-мартына чейин) Саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-бер.,                 1-бөл. экинчи абзацы,         2-бөл. 2-п.,8,9,10-бөл.)       29. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын                             11-мартында саат 24.00 чейин) Талапкер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 60-бер.,                  1,3-бөл.)         30. Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерүү Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Аймактык шайлоо комиссиясындагы тиешелүү жумушчу топтор (Мыйзам, 60-бер.,            3-бөл.)       31. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо   Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2021-жылдын 22-мартына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-бер.,            7-бөл.)       32. Айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү Талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-бер.,              9-бөл.)       33. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде     Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 60-бер.,            8-бөл.)      34. Талапкерден шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз кабыл алуу. Талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын                            7-апрелинде саат 24.00 чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 54-бер.,            1-бөл.)       35. Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүк берүү же жүйөлөштүрүлгөн түрдө аларды каттоодон баш тартуу Документтер келип түшкөнүнө жараша Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам,18-бер.,               2-бөл., 19-бер.) Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо       36. БШКнын шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Маалымат бөлүмү   БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан обо убактысын, басма аянтын бергендиги же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 19-февралына чейин) БШКнын жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар (Мыйзам, 22-бер., 20-бөл.)   Жалпыга маалымдоо каражаттарына обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 19-февралына чейин) Жалпыга маалымдоо каражаттары (Мыйзам,                       22-бер.,20-бөл.)       39. Шайлоочуларга шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу кабарлоо Шайлоону дайындоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар (БШКнын маалыматтык бөлүмү) (Мыйзам, 22-бер.,                  2-бөл.)      40. Шайлоочулардын тизмелерии менен таанышуу, алардан өз маалыматтарын тактоо зарылдыгы тууралуу ЖМК аркылуу, жеткиликтүү башка жолдор менен шайлоочуларга кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күнгө чейин (2021-жылдын 15-февралына чейин) Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 22-бер.,            2-1-бөл.)       41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн атайын маалыматтык материалдарды даярдоо (сурдокотормону же субтитрлөөнү пайдалануу менен аудио- видео материалдар, Брайль тамгасы, башка атайын каражаттар) Шайлоо дайындалган күндөн тартып Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 22-бер.,           2-1-бөл.)       42. Көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондусунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын, каржылык отчеттору жөнүндө шайлоочуларга кабарлоо Шайлоо дайындалган күндөн тартып Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 22-бер.,           2-1-бөл.)       43. Талапкердин, саясий партиянын программаларын тиешелүү шайлоо комиссиясына берүү. Талапкердин, саясий партиянын программасын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо Талапкерлердин тизмеси каттоодон өткөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам 22-бер.,             2-2-бөл.)        44. Ар бир шайлоо участогунун аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп берүү жана тариздөө Шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам, 27-бер.,          3-бөл.)        45. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү     Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат (2021-жылдын                             12-марты) жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат (2021-жылдын                   10-апрелинде, саат 8.00дө) Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары (Мыйзам, 23-бер.,          1-бөл.) Эл аралык байкоочулар       46. Эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакырууларды жиберүү Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий түрдө жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы (эл аралык кызматташтык бөлүмү) (Мыйзам, 8-бер.,                     1-бөл.)       47. Эл аралык байкоочуларды аккредиттөө Билдирме түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясы (эл аралык кызматташтык бөлүмү) (Мыйзам, 8-бер., 1,          2-бөл.)   Коомдук байкоочуларды каттоо Келип түшкөнүнө жараша, керектүү документтер берилген күндөн тартып 3 күндүн ичинде Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзамдын 8-1 бер.) Шайлоону каржылоо      49. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү Шайлоо дайындалгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук  бөлүмү)       50. Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шайлоо фонддорун түзүү Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт.  Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкер, ыйгарым укуктуу өкүл (Мыйзам 15-бер.,             1-бөл)       51. Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүсүнүн жана чыгымдоосунун тартибин контролдоо Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 16-бер.,               1-бөл.)       52. Шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу Шайлоо комиссияларына акча каражаттары бөлүнгөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) (Мыйзам, 16-бер.,              2-бөл.)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фонддорун түзүү булактары жана өлчөмдөрү, ошондой эле алардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду берүү     1) АШКга каттоо үчүн керектүү документтерди берүү менен бир учурда. 2) добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен. 3) шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 22-апрелине чейин) Талапкерлер, (Мыйзам, 15-бер.19-бөл.) Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 16-бер.,             2-бөл.)       Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жума сайын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 16-бер.,              1-бөл.) Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү   Шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 22-мартына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-бер., 3-бөл.)   Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен               (2021-жылдын                             1-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-бер.,             8-бөл.)   Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жеткирип, акт боюнча өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн мурда                                    (2021-жылдын 1-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-бер.,                  13-бөл.)   Шайлоо бюллетендерин тиешелүү участоктук шайлоо комиссияларына жеткирип, акт боюнча өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2021-жылдын 9-апрелине чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-бер.,             13-бөл.) Добуш берүүнү өткөрүү тартиби   Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен              (2021-жылдын 1-апрелине чейин) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-бер.,                    1-бөл.)   Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен              (2021-жылдын 8-апрелине чейин) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер.,                     2-бөл.)   Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илүү Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2021-жылдын 9-апрели) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер.,                     4-бөл.)   Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссия мүчөлөрүн аныктоо үчүн чучукулак жүргүзүү Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2021-жылдын 9-апрели) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер.,             4-бөл.)   Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2021-жылдын 10-апрели) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер., 5,6,7,8,9-бөл.)   Добуш берүүнү өткөрүү 2021-жылдын 11-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-бер.) Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо   Бюллетендерди добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алып чыгылган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн үкөккө (АЭУ) салынат Добуш берүү аяктагандан кийин Байкоочулардын катышуусунда участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер.,            6-бөл.)   АЭУ боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө отчетту кагазга басып чыгаруу жана маалыматтарды байланыштын корголгон каналдары аркылуу борбордук серверге өткөрүп берүү Добуш берүү аяктагандан кийин Байкоочулардын катышуусунда участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер.,                7-бөл.)     Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу УШКлардан маалыматтар алынгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 40-бер.,              2-бөл.)     Добуш берүүнүн жыйынтыктарын добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныктоо Добуш берүү аяктагандан кийин Байкоочулардын катышуусунда участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер., 12,             13-бөл.)     Участоктук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо Добуштар саналгандан кийин Байкоочулардын, талапкерлердин жана ЖМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер.,                  14-бөл.)   Шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду эки нускада түзүү жана ага участоктук шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрүнүн кол коюусу Жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлгөндөн кийин Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер., 15,16-бөл.)     Участоктук шайлоо комиссиясы белгилеген жайга жалпыга тааныштыруу үчүн протоколдун чоңойтулган формасын илүү   Добуш берүү жөнүндө протоколду түзгөндөн кийин   Участоктук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 36-бер.,                  19-бөл.)     Участоктук шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасын шайлоо документтери менен бирге АШКга жеткирүү жана акт менен өткөрүп берүү УШК мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз Участоктук шайлоо комиссиялары   Аймактык шайлоо комиссиясы   ИИМ (Мыйзам, 36-бер.,              17-бөл.)     Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин же мөөр менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн участоктук шайлоо комиссиясынын жайларынын алдында такталарга илүү Добуш берүү күнүнөн кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 15-апрелине чейин) Участоктук шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер.,                   20-бөл.)     Добуш берүүгө, добуштарды саноого жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу белгиленген тартипте келип түшкөн арыздарды (даттанууларды) кароо үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү   УШКлардан протоколдор алынгандан кийин, тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлганга чейин Аймактык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам, 37-бер.,                      2-бөл.)     Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду шайлоо комиссиясы тарабынан эки нускада түзүү жана ага шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрүнүн кол коюусу. Протоколго тиешелүү аймакта жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү эки нускада түзүлгөн жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет АШКнын жыйынтыктоочу жыйналышынан кийин Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-бер.,              3-бөл.)     Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 38-бер.,           1-бөл.)       Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберүү Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин 2 сутканын ичинде   Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 40-бер.,            3-бөл.)   Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү АШКнын протоколуна кол коюлгандан кийин токтоосуз Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-бер.,            4-бөл.)     Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитүү АШКлардын протоколдору алынгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы («Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам, 7-бер.,              1-бөл. 24-п.)   Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө төмөн турган түздөн-түз шайлоо комиссиясынын протоколунда камтылган маалыматтарды кошуу менен, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштардын саны тууралуу маалыматтарды расмий жарыялоо Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 40-бер.4-бөл.) Кайра добуш берүү (дайындалган учурда)   Кайра добуш берүүнү жүргүзүү Кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөт ичинде Аймактык шайлоо комиссиялары Мыйзам, 38-бер.                 5-бөл.   Кайра добуш берүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо Кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып            3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары   Кайра шайлоо (дайындалган учурда)   Кайра шайлоону дайындоо (эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса) Шайлоо жараксыз деп табылгандан кийин бир айдын ичинде КРнын Президенти Мыйзам, 39-бер.   Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы Мыйзам, 39-бер.   Кайра шайлоону жүргүзүү Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясы Мыйзам, 39-бер.                  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
09.02.2021

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-февралдагы жыйынында тѳмѳнкүдѳй жумушчу топторду түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды: - Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин субъектилерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ; - Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу; - Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу. Топтор «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттар да түзүлгѳн: - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоодо жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана айкындуулукту камсыз кылуу; - талапкерлер үчүн тең жана адилеттүү шарттарды камсыздоо; - үгүт жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укуктарын сактоо; - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо; - республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо, ошондой эле жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерин ачуу, жүргүзүү – талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларынын каражаттары боюнча отчёттуулукту эсепке алуу тартибин контролдоо. Облустардын кураторлору – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссиясына жана алар түзгөн жумушчу топторго усулдук жардам көрсөтүлсүн деп буйрук берилди. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Эл аралык уюмдар БШКны демократиялык процесстерди бекемдөөсүн колдоого даяр экенин билдиришти
09.02.2021

Эл аралык уюмдар БШКны демократиялык процесстерди бекемдөөсүн колдоого даяр экенин билдиришти

Бүгүн 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди талкуу багытында эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин (ЕККУ ПО) башчысы Пьер фон Аркс, КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдуму өткөнү менен БШКны куттуктады. “Мен 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоону жана референдумду жакшы уюштурганы үчүн БШКны куттуктаймын. ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ) жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА) алдын ала корутундуларында, БШК тарабынан мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо, ошондой эле референдум, жалпысынан жакшы уюштурулган. Шайлоо жана референдум учурунда он-лайн режиминде отурумдар түз эфирде көрсөтүлүп, шайлоонун жүрүшүндөгү ачык-айкындуулукту арттырды. ЕККУ жана Бишкектеги Программалык офиси (ЕККУ ПО) Кыргызстанда Эл аралык милдеттемелерге жана ЕККУнун милдеттемелерине ылайык өлкөдөгү демократиялык шайлоо процесстерин мындан ары дагы колдоорун баса белгилегим келет”-деп билдирди ал. ПРООНдун Туруктуу өкүлүнүн программалык кеңешчиси Эркинбек Касыбеков дагы шайлоо иш-чаралардын өткөнү менен БШКны куттуктады. “БУУнун Өнүктүрүү Программасы апрель айында боло турган шайлоонун ачык-айкын, шайлоо процесстери Эл аралык стандартка ылайык демократиялык жолдо өтүшүнө колдоо көрсөтөт” – деп баса белгиледи. Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана референдумдун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. “Шайлоо системасын реформалоонун негизинде өткөн шайлоонун купуялуулугу жакшыртылып, шайлоочулардын тизмесине дагы көп жарандар киргизилди. Шайлоочулардын катышуусу 39,16% түздү. Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы санынын 47,59%ын – аялдар, ал эми 52,41%ын эркектер түзгөн. Бирок добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болуп 43,05%ын түзсө, аялдын активдүүлүгү 35,78 %ды түздү. Жаштардын шайлоого болгон кызыгуусунун төмөндөшү көңүлдү чөгөрүүдө. Эгерде 2017-жылдагы президенттик шайлоого 30 жашка чейинки 440 миң шайлоочу катышкан болсо, 2020-жылда – 294 миң жаш шайлоочулар катышкан. Жалпы тизмеде жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды түзсө, добуш бергендер болгону – 22%ды түзгөн. Ал эми, ДМЧАлар үчүн шайлоо жеткиликтүү болушуна байланышкан Керектөө карталарын түзүү жана ар бир участокто мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алуу практикасы улантылды. Шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү парламенттик шайлоого салыштырмалуу жогорулады: 75%дан 85%га. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маселесин талкуулаган Өкмөттүн күн тартибинде шайлоодо ДМЧАга жеткиликтүүлүк маселеси негизгилерден болду”. Боршайкомдун башчысы шайлоо процессиндеги ачык-айкын каржылык камсыздоо боюнча токтолду. “БШК талапкерлердин шайлоо фондусунун толук айкындуулугун камсыздай алды, шайлоо фонду боюнча шайлоочулар үчүн маалыматтын ачык – айкындуулугу түзүлүп, талапкерлер үчүн иреттүүлүк, салык салуу, кирешелердин мыйзамдуулугу сыяктуу маселелерди кароочу мамлекеттик органдарга маалымат берилди. Азыркы учурда шайлоо фонддору жана Боршайком тарабынан бюджеттин сарпталышы жөнүндө маалымат берүү үчүн туруктуу негизде иштей турган автоматташтырылган аянтча түзүү иштери жүрүп жатат” –деди Нуржан Шайлдабекова. Ошондой эле ал, өткөн шайлоодо укук коргоо органдары менен иштөөнүн жаңы форматы киргизилгенин белгиледи. “Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун алкагында тартипти камсыздоо багытындагы көп маселелерди чечүүгө мүмкүн болду. Өкмөт тарабынан жарыяланган массалык паракорчулукка жана административдик ресурстарга жол бербөөдөгү саясий эрктин аркасында парламенттик шайлоодо ишке ашпай калган милдеттерди чечүүгө мүмкүн болду. Мыйзам бузууларга натыйжалуу чара көрүлгөнүн, парламенттик шайлоо учурундагы добуш сатып алуулар боюнча тергөө амалдарынын аягына чыгышын белгилөөгө болот. Албетте, жарандардын добуштарын сатуудан баш тартуусу, талапкерлердин да добуш алуунун мындай ыкмасынан баш тарткан позициялары маанилүү ролду ойноду”, - деп билдирди КРнын БШКнын башчысы. ПРООНдун шайлоолор боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова офистин шайлоо процесстерине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. “Биз МККдан (Мамлекеттик каттоо кызматынан) шайлоочулардын биометрикалык идентификациялоо функциясын БШКга өткөрүүдө шайлоочуларды каттоодо идентификациялоо операторлорун окутууну, кибер-кризисти моделдөөнү, киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференцияларды өткөрүүнү, ошондой эле киберкоопсуздугу боюнча эксперттерди тартууну улантабыз. Жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө даярдыкта шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча саясий партияларга 20 тренинг жана коомдук уюмдарга жана ЖМКларга 7 тренинг өткөрүлөт. Ошондой эле шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүү боюнча саясий партияларга 20 тренинг өткөрүү пландалууда. ПРООН шайлоо процесстеринде аялдардын катышуусун жогорулатууга бардык региондордо жарандык коомдун активисттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана потенциалдуу аял-талапкерлерге 19 мотивациялык жолугушууларды жана аялдардын шайлоого катышуусу боюнча аял-талапкерлерге тогуз тренинг өткөрүү менен колдоо көрсөтөт. БУУ-Аялдарды колдоосунда өрнөктүү тажрыйбаны аныктоо максатында 10 коомдук диалог өткөрүлөт. ПРООН ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колл-борборго операторлукка картуу иштерин улантат. Шайлоочулар үчүн ар кандай шаарларда биометрикадан өтө элек жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу, паспортторду берүү жана алмаштыруу, жашаган жеринин каттоосун өзгөртүүгө “Маалыматтык автобусту” жөнөтүү аркылуу бүткүл улуттук маалыматтык кампаниясы уюштурулат” –деп айтты ал. ПРООН коомдук бирмдикти камсыздоо жана айылдык шайлоочуларды агартуу максатында БШКнын Жарандык билим берүү борборунун китепканалары жана жергиликтүү бөлүмдөрү аркылуу жарандык жана санариптик билим берүүнү кеңейтет деп Юлия Шипилова белгиледи. Ошондой эле ПРООН жаштар дебаттарын уюштуруу жана мектеп окуучулары үчүн шайлоону симуляциялоо аркылуу жаштардын шайлоого катышуусун жогорулатуу боюнча ишин уланта берет. Жолугушууда январь айында өткөн шайлоодогу Коопсуздук алгоритми ишке ашты, ошондой эле БШК шайлоодон кийинки мониторинг жүргүзгөн, анда оору жуккан адамдардын динамикасынын төмөндөө тенденциясы байкалганы белгиленди. Өз учурунда ПРООН санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну колдоону улантып шайлоо процессинин катышуучулары үчүн 1,7 миллиондон ашык маска берүүгө даяр экенин билдирди. “Биз БШКны, саясий партияларды, жергиликтүү байкоочуларды жана ЖМКларды колдоо мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Биз пландарыбыздын пункттарын такташтырып жатабыз. БШК жана башка өнөктөштөр менен биргелешип пландарды талкуулоону чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”, - деди USAIDдин демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ноэль Бауэр. ЕККУнун Программалык офисинин Адамдык өлчөмү боюнча департаментинин башчысы Юлия Нетесова, салт болуп калгандай ЕККУ жарандык коомдун жана шайлануучу органдардын ортосундагы диалогду кеңейтүүгө жана мыйзам чыгаруу процессине жарандардын дээрлик катышуусун маанилүү деп эсептээрин белгиледи. “Биз БШКга шайлоо мыйзамдарын конституциялык реформага дал келтирүүнү камтып, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана талдоо шайлоо процесстерин өркүндөтүүдө жергиликтүү жана эл аралык эксперттик колдоо көрсөтөбүз. Ушуга байланыштуу БШК менен биргеликте шайлоо системасын реформалоону талкуулоо үчүн коомдук бир катар иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго тиешелүү болгон 30-пайыздык квотаны колдонуп аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштерин улантабыз. Андан тышкары, биз аялдардын катышуусу боюнча жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байкоо жүргүзүүнү колдойбуз. Ошондой эле, биз укук коргоо органдарынын кызматкерлерин натыйжалуу окутууну камсыздоодо БШКнын укук коргоо органдары менен кызматташуусуна жана диалогуна колдоо көрсөтүүну улантабыз” – деп айтты ал.   КР БШК маалыматтык бөлүм.  
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаты Гайпкулов Искандердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09.02.2021

БШК КР ЖК депутаты Гайпкулов Искандердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-февралындагы өз жыйналышында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гайпкулов Искандер Төрөбаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гайпкулов Искандер Төрөбаевичтин  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Гайпкулов Искандердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку Кеңештин депутаты Гайпкулов Искандердин күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 249 251 … 484