Башкы Жаңылыктар 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоолордо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт

11-апрелдеги жергиликтүү шайлоолордо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт

19-Фев, 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында саясый партиялардын өкүлдөрү үчүн киришүү семинарын өткөрдү.

БШК төрайымы Н. Шайлдабекова агитациялык учурдун жаңылыктарына токтолду.

“Бул жергиликтүү шайлоолордун процессинде кандай жаңылыктар бар? Жаңылык – бул ден соолугунан кемтилгеси бар жарандар үчүн атайын форматтарда агитациялык материалдардын болуу талабы. Бул боюнча мыйзам мындай талап коет, талапкерлердин жана партиялардын агитациялык материалдарынын 1 пайыздан кем эмес көлөмү Брайль шрифти менен басылып, көрбөгөн жарандарыбыз үчүн аудио жазуулар, сурдокотормо, роликтерде субтитр менен котормо болушу керек. Бул алдыга карай чоң кадам болуп эсептелет, анткени ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыз талапкерлер тууралуу маалыматтарды толугу менен ала алышат. Өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордо мындай эрежелер сакталды.

Жергиликтүү кеңештерге бул жолку шайлоолордогу дагы бир жаңылык, көчөлөрдө жана стадиондордо маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай тыюулар шайлоочунун эркин калыптандыруу процессинде финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн таасирин чектөө үчүн киргизилип жатат.

Жаңы бирок өзүн жакшы жагынан көрсөткөн агитациянын форматы – бул дебаттар. Дебат процессиндеги айрым кемчиликтерге карабастан, жарандар дебатка активдүүлүк менен көз салып турушаарын биз байкадык. Эми ушундай дебаттар биринчи жолу жергиликтүү шайлоолорго да киргизилет. Ошондуктан азыртан даярданыш керек, балким дебаттар партиялардын лидерлеринин ортосунда өтүшү мүмкүн. Азыр дебаттардын формасын талкуулоо жүрүп жатат, алар тематикалык же талапкерлердин категориялары же болбосо аралаш өтүшү ыктымал.

Ошол эле учурда дебаттардын эрежелерин сактоо зарыл. Президенттик да, парламенттик да шайлоолордо байкоо жүргүзгөн ЕККУ ДИАУБ миссиясы дебаттар ар бир партиянын өлкөдөгү проблемаларды кантип чечүүнүн жолдору тууралуу талаш-тартыштарынын, аларды чечүү жолдору тууралу дискуссияларынын ордуна жеке адамдар ортосундагы талаштарга айланганын белгиледи. Мындай эреже бар: бекер эфирдик убакытты атаандаштардын ар-намысына акаарат келтире турган терс маанайдагы маалымат таратууга, же башка талапкерлер тууралуу терс көз караш жараткан пикирлер үчүн, же башка талапкерлерге артыкчылык берген маалыматтарды таратууга колдонбош керек.”, - деди төрайым.

КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова шайлоочуларга талапкерлер тууралуу ишенимдүү маалыматтарды берүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Талапкерлердин маалыматтарынын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик – бул абдан маанилүү. Буга болушунча так мамиле кылуу зарыл. Шайлоо процесси – татаал процесс, анткени жогорку муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарга шайлоо процесси жүрөт, ошондуктан башка мамлекеттин жарандуулугунун жоктугу жөнүндө декларациянын салмагы абдан жогору. Башка мамлекеттердин жарандуулугу жок деп жазган талапкерлерге биз алдын ала ишенебиз. Бирок кандайдыр бир маалыматтар болуп калса, алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүгө дуушар болушат”, - деди ал.

Катышуучуларга жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жана аларды каттоо тууралуу маалымат берилди. “Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тарта башталып, шайлоого 40 календарлык күн калганда, айылдык кеңештерге шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда бүтөт. Талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештер үчүн саясый партияларга; айылдык кеңештер үчүн саясый партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөн жарандарга тиешелүү. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө бир жыныстагы адамдардын болушу 70 пайыздан ашпашы керектигин, ошол эле учурда саясый партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкер аялдардын жана эркектердин тизмедеги кезектериндеги айырмачылык эки позициядан ашпашы керектигин саясый партиялар эске алышы зарыл”, - деп билдирди КР БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу Адилет.

Мындан тышкары финансылык ачыктык, талапкерлердин жана саясый партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана аларды чыгымдоолор, шайлоо комиссиялары карай турган талаш-тартыштар тууралуу да маалымат берилди.

БШКнын маалыматттарды программалык-техникалык камсыздоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев катышуучуларды шайлоочулардын тизмеси жөнүндөгү статистика жайгашкан “Тизме” электрондук порталы, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгынын порталы – Маалыматтык шайлоо системасы (МШС) менен тааныштырды.

“Мурда “Тизме” порталында шайлоочулардын тизмеси шайлоо алдындагы убакытта гана жайгашчу, бирок бул чечим өзгөрүлүп, тизме дайыма жеткиликтүү боло турган болду. Ал жакта шайлоочулардын тизмеси жөнүндө статистика бар, ресурс шайлоо кампанияларын пландоо үчүн пайдалуу, электоралдык чөйрөнүн динамикасы боюнча аналитикалык бөлүм да бар”, - деди ал.

БШКдан окутуу иш-чаралары республиканын бардык облустарындагы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн өткөрүлүп турарын билдиришти.

БШК Маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>