БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

18 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-февралындагы отурумунда Нарын шаардык, Жумгал, Баткен шаардык, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу токтомун кабыл алды.

Нарын облусу, Нарын шаары

Нарын шаардык кеңеши: (№ 10) («Ала-Тоо» деп фракциясы) Абдрахманов Нурлан Халиловичтин депутаттык ыйгарым укугу өз арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер, (№ 13) («Ала-Тоо» с/п)Атыров Маратбек Шейшеналиевичке тапшырылды.

Жумгал району

Көк-Ой айылдык кеңеши: Сапарбеков Атайбек Акынкожоевичтин депутаттык ыйгарым укугу депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү жана өз арызынын негизинде токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат фермер, Садабаев Барылбек Азыковичке тапшырылды.

Баткен облусу, Баткен шаары

Баткен шаардык кеңеши: (№ 15) («КСДП» деп фракциясы) Абдырахманов Нурлан Халилович каза болгондугуна байланыштуу, Баткен шаардык жайыт комитетинин директору (№17) («КСДП» с/п) Зикираев Мендибай Икрамовичке тапшырылды.

Кадамжай району

Орозбеков айылдык кеңеши: Назарбаев Абдунаби Салыевичтин, Курмушев Мурзалидиндин, Садирова Назгулдүн, Аскарова Элмира Исраиловнанын өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу токтотулду. Бош калган ваканттуу депутаттык мандат “Баластан Охна” бала бакчасынын тарбиячысы Мурзамамитова Мастура Балтакозуевнага тапшырылды.

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району

Т. Балтагулов айылдык кеңеши: Сарыбаев Чынгыз Мырзахматовичтин депутаттык ыйгарым укугу өз арызынын негизинде токтотулуп, бош ваканттуу депутаттык мандат фермер, Токторбаев Андаш Кутмановичке тапшырылды.

БШК Нарын шаардык, Жумгал, Баткен шаардык, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү токтомун «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.

КР БШК Маалыматтык бөлүм.