Башкы Жаңылыктар 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо …

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү алкагында саясий партияларды окутуу

22-Фев, 2021

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү  мезгилинде шайлоолорду анык жана ачык-айкын  ѳткѳрүү жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен ѳнѳктѳштүктѳ, бекитилген графикке ылайык 2021-жылдын 22-апрелинен 6-мартына чейин шайлоо процессинин олуттуу маселелери жана багыттары боюнча талапкерлердин  билимин жакшыртуу максатында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынын депутаттыгына талапкерлер үчүн окутуу иш-чарасын жүргүзѳт.

Окутуу иш-чарасы шайлоо ѳтүүчү жерлерде саясий партияларды жана талапкерлерди тѳмѳнкүлѳргѳ байланышкан маселелерге  маалымдоого жана окутууга багытталган:

  • жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууда мыйзамдык негиздерге,
  • 448 жергиликтүү кеңештерде ѳтүүчү учурдагы шайлоолордун ѳзгѳчѳлүгүнѳ,
  • электрондук талапкер, тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүгѳ катышкандар жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды чагырдыруу сыяктуу КР БШК маалыматтык ресурстарына ,
  • талапкерлерди кѳрсѳтүү жана каттоо эрежелерине,
  • шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун, талапкерлердин, саясий партиялдардын шайлоо фонддорун түзүүнүн эрежелерине,
  • шайлоо ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерине,
  • шайлоодогу талаш-тартыштарга, аларды кароонун жана чечүүнүн тартиптерине,
  • КР шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке.

Шайлоону уюштуруучулар менен талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда кеңири диалог түзүү үчүн жер-жерлердеги шайлоо процессинин маселелерин жана багыттарын кеңири түшүндүрүү максатында тренингге КР БШКнын мүчѳлѳрү катышат. Мындай тренингдер шайлоо ѳтүүчү бардык шаардык кеңештерде ѳткѳрүлѳт.

Шайлоо ѳнѳктүгүнѳ катышуу жана аны каржылоо  жана шайлоодогу талаш-тартыштар  маселелерине  окутуунун графиги 

Ш.к. аталышы

Өткѳрүлѳ турган жери

Өткѳрүү датасы

Түндүк аймактары

Талас шаардык кенеши

 Талас ш.

2021-ж. 22-февралы

Токмок шаардык кеңеши

Токмок ш.

2021-ж. 24-февралы

Орловка  шаардык кенеши

г. Кемин

2021-ж. 25-февралы

Кемин шаардык кенеши

Балыкчы шаардык кенеши

 Чолпон-Ата ш.

2021-ж. 26-февралы

Чолпон-Ата шаардык кенеши

Каракол шаардык кенеши

Каракол ш.

2021-ж. 27-февралы

Нарын шаардык кенеши

Нарын ш.

2021-ж. 1-март

Шопоков шаардык кенеши

Шопоков ш.

2021-ж. 3-март

Кайыңды шаардык кенеши

 Кайыңды ш.

2021-ж. 4-март

Кант шаардык кенеши

 Кант ш.

2021-ж. 5-март

Бишкек шаардык кенеши

 Бишкек ш.

2021-ж. 6-март

Түштүк аймактары

Сүлүктү шаардык кенеши

 Исфана ш.

2021-ж. 22-февралы

Исфана шаардык кенеши

Баткен шаардык кенеши

 Баткен ш.

2021-ж. 24-февралы

Айдаркен шаардык кенеши

Кадамжай ш.

2021-ж. 25-февралы

Кадамжай шаардык кенеши

Ош шаардык кенеши

Ош ш.

2021-ж. 26-февралы

Кызыл-Кыя шаардык кенеши

 Ноокат ш.

2021-ж. 27-февралы.

Ноокат шаардык кенеши

Өзгѳн шаардык кенеши

Өзгѳн ш.

2021-ж. 1-март

Жалал-Абад шаардык кенеши

 Жалал-Абад ш.

2021-ж. 2-март

Кѳк-Жаңгак шаардык кенеши

Базар-Коргон шаардык кенеши

Кочкор-Ата шаардык кенеши

Майлу-Суу ш.

2021-ж. 3-март

Майлуу-Суу шаардык кенеши

Кербен шаардык кеңеши

 Кербен ш.

2021-ж. 5-март

Кара-Кѳл шаардык кенеши

Кара-Кѳл ш.

2021-ж. 6-март

Тренингге катышуу үчүн бардык маселелер боюнча тѳмѳндѳгү байланыш маалыматтары (W/app) боюнча байланышса болот:

  • Бермет Дюшенбиева, тел. 0552577977 – жалпы жана координациялык маселелер боюнча;
  • Тахмина Аликбаева, тел.0708 210 010 – түндүк аймактарда ѳтѳ турган тренингге  катышуу маселеси боюнча;
  • Нуржан Мамыралиева, тел. 0779 059 111 – түнштүк аймактарда ѳтѳ турган тренингге  катышуу маселеси боюнча.

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>