Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

ЖӨБ өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды
02.03.2021

ЖӨБ өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды

Бишкекте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу жергиликтүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, тоскоолдуктар жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн кызмат көрсөтүү” аттуу тегерек столдун алкагында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү  талкууланды. Тегерек столго мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбаев мамлекеттик башкарууну реформалоонун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Мамлекеттик башкаруу тутумун кайра түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ал өз сөзүндө ушул мүмкүнчүлүктөрдү кандайча пайдалануу, мамлекетке жана калкка кандай пайда алып келе турганы боюнча сунуштарды берди. КР БШК жетекчиси Н. Шайлдабекова 2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр жана жергиликтүү башкаруу органдарынын шайлоолорду даярдап жана өткөрүүдөгү жардамы тууралуу маалымат берди. Октябрь жана апрель айларында добуш берүүнүн бирдей  күнүн караган шайлоолордун жаңы графигинин пландалуусу боюнча түшүндүрүлдү. Ошентип, 2021-жылдын апрелинде  448 жергиликтүү кеңешке, 28 шаардык кеңешке жана 420 айылдык кеңешке, анын ичинен 2020-жылы шайлоосу токтотулган 30 жергиликтүү кеңешке, ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрь айында аяктаган 386 кеңешке жана ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган 32 кеңешке шайлоолор дайындалган. Учурда республика боюнча 8 722 мандат бар, анын ичинен: эркектер - 7 783 (89,2%), аялдар - 933 (10,8%). Ошол эле учурда, айылдык кеңештердеги аялдардын саны айылдык депутаттардын жалпы санынын 9% ашпайт. Ушуга байланыштуу, аялдардын жергиликтүү деңгээлдеги шайлоого жана башкарууга активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү максатында, мамлекет ар бир шайлоо округундагы аялдар үчүн айылдык кеңештердеги мандаттардын кеминде 30% аялдар үчүн резерв кылуу сыяктуу мыйзамдык атайын чараларды киргизди. Учурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бул ченем бардык айылдык кеңештерде биринчи жолу кеңири ишке ашырылат. Аялдардын жергиликтүү кеңештерге кирүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, жергиликтүү башкаруу процесстерине активдүү катыша алышат. Ошол эле учурда, мыйзамдын ушул ченемдерин жүзөгө ашыруунун ийгилиги үчүн бардык тараптардын аракеттери, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн колдоосу талап кылынаарын БШК жетекчиси белгилеп кетти. Шайлоо алдында гана түзүлүп, жүктөлүп келген шайлоочулардын тизмеси, эми https://tizme.gov.kg// сайтындагы шайлоо участкаларынын чектеринде алфавиттик тартипте, ар дайым жеткиликтүү экени белгиленди.   Учурда шайлоочулардын тизмесинде 3 563 574 шайлоочу бар. Шайлоочулардын тизмеси боюнча 18 жаштан жогору жана али өтө элек жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча иштер турат. Ошондой эле, шайлоочулардын бир кыйла бөлүгүндө паспорттогу белги менен даректик - маалымдамалык базада каттоонун айырмачылыктары бар, демек, жарандар менен паспортторун жаңыртуу, эски паспортторду ID-карталарга алмаштыруу боюнча иш алып баруу керек. БШК МКК менен биргеликте шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн биометрикалык каттоодон өтпөй калган жарандардын санын кыскартуунун үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн 20-мартка чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мобилдик автобустары менен бардык шаарларды жана райондорду кыдырып, алар аркылуу биометрикалык каттоодон өтүп, паспорт алмаштырууга арыз жазып, туруктуу жашаган жери боюнча каттоону жаңыртып, электрондук санарип колтамгага ээ болуп, ошондой эле шайлоо боюнча суроолорго жооп алууга болот. БШКнын башчысы ЖӨБ органдарын өкмөттүн токтомуна ылайык шаарлардын жана айылдардын даректеринин регистринин маалыматтарын тынымсыз жаңыртып турууга, ал жакка жаңы жана кайрадан аталган көчөлөрдү жана обьектилерди убагында киргизүүнү, ал жактарда катталган жарандар өздөрүнө тиешелүү участоктор боюнча шайлоочулардын тизмесине туура киргизилиши үчүн бирге аракет кылууга чакырды.   Мыйзамдарда бекитилген жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети, ден-соолугунда кемтилгеси бар адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана алардын добуш берүүгө катышуусуна көмөктөшүү болуп саналат. Өткөн шайлоолордо ушул ишти активдештиргендиги үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ыраазычылык билдирилди, анын натыйжасында шайлоо участкаларынын 85% пандустар менен жабдылган жана бардык УШКларды пандустар менен камсыздоону жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында аяктоо сунушталды. УШКлардын жеткиликтүүлүгү адам укуктарынын сакталышы боюнча прокурордук көзөмөлгө алынат. Шайлоолордо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдар менен бекитилген милдеттерине, ошондой эле бардык талапкерлерге бирдей шарттарда - үгүт материалдарын илүүгө жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай берүүнү камтыйт. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнө атайын алгоритмге ылайык, шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык коргоо чараларын катуу камсыз кылуусу, анын ичинде имараттарды дезинфекциялоосу, температураны көзөмөлдөө, социалдык аралыкты сактоосу ж.б. тууралуу айтылды.  Шайлоого даярдануу учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы  натыйжалуу, бирок шайлоо процессине кийлигишүүдөн алыс болуп, мыйзамда көрсөтүлгөн чектерде болушу керек. Ошол эле учурда айрым талапкерлерге жана партияларга жардам берүү максатында административдик ресурстарды колдонуу аракеттерине жол берилбеши зарыл. Административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, Жоруктар кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине жана айрым кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу менен 20 000ден 30 000 сомго чейин айып салууга алып келет. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга талапкерлердин, кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары шайлоодо адамдык, каржылык, материалдык, жалпыга маалымдоо каражаттарын, институционалдык ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу кирет. Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин же мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30% болгон муниципалдык ишканалардын, мекемелердин үстүнөн көзөмөлдүк кылуусу, бардык талапкерлердин теңчилигин бузуп тигил же бул талапкерлерди, саясый партияларды колдоого трансформациялана турган финансы булактарын көзөмөлдөө жана аларды бөлүштүрүү кирет. Маалымат үчүн:  Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө булар кирет:   1) өзүнө баш ийген же башка кызматтык көз карандылыктагы адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерди, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерин талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөш болгон иш-чараларды жүргүзүүгө тартуу; 2) эгерде башка талапкерлер ошол эле жайларды ошондой эле шарттарда колдоно алышпаса, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды шайлоого көмөктөш болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонуу;   3) мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешин камсыз кылган телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн, маалыматтык кызматтарды, оргтехниканы колдонуу жана (же) шайлоого көмөктөш болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу; 4) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын талапкерлерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө түзгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдаланууга; 5) мамлекеттик кызматчылардын же муниципалдык кызматкерлердин иш сапарларында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү; 6) үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына (башка талапкерлерге салыштырмалуу) артыкчылыктуу жеткиликтүүлүк; 7) мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган массалык (коомдук) иш-чаранын жүрүшүндө үгүт иштерин жүргүзүү; 8) шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде жасалган иштер жөнүндө отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарында, үгүт басылмаларында жарыялоо, талапкердин атынан тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу. 9). Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген талапкерлер, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан жогору болгон ишканалардын жана алардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундары, алардын кызмат адамынын артыкчылыктарын же кызматтык абалдын жана административдик ресурстардын башка түрлөрүн пайдаланууга укуктары жок. Талапкер болбогон жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан жогору болгон ишканалардын жана алардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундары, талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызматтык же кызматтык абалдын жана административдик ресурстардын башка түрлөрүнүн артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз. 10). Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын жетекчилери, башкаруу мүчөлөрү жана уюштуруучулары, журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарын өндүрүүчү уюмдардын башка чыгармачыл кызматкерлери, эгерде бул адамдар талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамы же ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, аларга шайлоо кампаниясын маалымат каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат.      
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышуучу саясий партияларга  Кайрылуусу
01.03.2021

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышуучу саясий партияларга Кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Андан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10 бөлүгүндө, шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүдөр таанылаары көрсөтүлгөн: тигил же бул талапкер, талапкердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; талапкердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү; талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо; алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу. Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларга, жогорудагы Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузган аракеттерден алыс болууну, анын ичинде мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн болгон басма, аудиовизуалдык жана башка материалдарды социалдык тармактар аркылуу алдын ала үгүт иштерин жайылтуу формасына жол бербөөнү өзгөчө эскертет!
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсы бир катар саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
26.02.2021

Бишкек АШКсы бир катар саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында төмөнкү саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды.  «Ата Мекен»  1. Шайлоо боюнча Аблакеева Чынара Аскарбековна, 2. Финансы боюнча Бердибек уулу Жакшылык. «Республика» 1. Шайлоо боюнча Туржанов Арстанбек Жапарбекович. 2. Финансы боюнча Темирбеков Руслан Александрович. Бишкек АШКсы булардан тышкары 26-февралдагы жыйынында төмөнкү саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоону чечти:  «Народная партия» 1. Шайлоо боюнча Священко Светлана Валерьевна. 2. Финансы боюнча Топчубаева Бегаим Мамасалиевна. «Власть народу» 1. Шайлоо боюнча Эрназарова Калдан Спабековна 2. Финансы боюнча Нурсадыков Токтосун Нурсадыкович. «Ишеним» 1. Шайлоо боюнча Жумабекова Чынар Төлөмүшевна «Содружество народов Кыргызстана» 1. Шайлоо боюнча Киселев Игорь Михайлович, 2. Финансы боюнча Бөрубаев Чынгыз Бахадирович. Чечим “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине ылайык кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсы “Бирге-Вместе” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
26.02.2021

Бишкек АШКсы “Бирге-Вместе” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн 2021-жылдын 25-февралында болгон жыйынында “Бирге-Вместе” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды:  1.    шайлоо боюнча Абылгазиев Манас Азизбековичтин, 2.    финансы боюнча Моловодней Ирина Николаевнанын. Чечим “Бирге-Вместе” саясый партиясынын кат жүзүндө кабарлоосунун негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 21-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
3 шаардык кеңеште саясий партиялар үчүн тренингдер өттү
26.02.2021

3 шаардык кеңеште саясий партиялар үчүн тренингдер өттү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго даярдыктын алкагында, Ош, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаардык кеңештеринде саясий партиялар үчүн тренингдерди өткөрдү. Шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдердин сериясы, Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктүн алкагында уюштурулуп жатат. 2021-жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот, алардын ичинде 28 шаардык кеңеш, 420 айылдык кеңеш, 2020-жылы шайлоосу токтотулган 30 жергиликтүү кеңеш, 2020-жылы декабрда ыйгарым укугу аяктаган 386 кеңеш, 2021-жылдын майында ыйгарым укугу аяктай турган 32 кеңеш бар экендиги айтылды. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясый партиялар бир жыныстын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпай тургандыгын, ошол эле учурда саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкер аялдар менен эркектердин тизме катарындагы айырмачылыгы эки позициядан ашпашы керектигин эске алууга милдеттүү. Шаардык жана айылдык кеңештер (статистикалык маалыматтар боюнча шайлоо өтө турган административдик-аймактык бирдиктеги калктын 1-январга карата саны боюнча): 6000ге чейин - 11 депутат; 6001ден 20000ге чейин - 21 депутат; 20001ден жогору - 31 депутат. шаардык кеңештер – мандаттардын саны 796, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлар Бишкекте – 45, Ошто – 45; айылдык кеңештер – мандаттардын саны – 7530. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги
25.02.2021

ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги

                          ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү шайлоо 2021-жылдын 9-марты Баткен облусу Баткен району 1 Ак-Сай айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 28.02.2021-ж. саат 18:00гө чейин 03.03.2021-ж. шайлоо 2021-жылдын 16-марты Талас облусу Кара-Буура району 1 Бакыян айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 09.03.2021-ж. саат 18:00гө чейин 12.03.2021-ж.
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Кемелов Акыл Канатбековичке тапшырды
25.02.2021

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Кемелов Акыл Канатбековичке тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Кемелов Акыл Канатбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Кемелов Акыл Канатбекович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди. Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп ваканттуу депутаттык мандаттарды тапшырды
25.02.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп ваканттуу депутаттык мандаттарды тапшырды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 25-февралдагы жыйынында Жалал-Абад, Токтогул, Манас жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки депутаттарга берүү боюнча чечимдерин бекитти. Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Жылдызбек Болотбековдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандат фермер Нурбек Таабалдиевге берилди. Токтогул районундагы Э. Аралбаев айылдык кеңешинин депутаты Жылдыз Курманбаеванын ыйгарым укуктары бир жыл ичиндеги депутаттык жыйындарга төрт жолу себепсиз катышпагандыктан токтотулду. Ваканттык депутаттык мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Курманбек Масылбаевге берилди. Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП партиясынан депутат Айбек Жолдошевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандат мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы Алманбек Осмоновго ыйгарылды. Талас обулусунун Манас районундагы Май айылдык кеңешинин депутаты Болотбек Сагындыковдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде канааттандырылып, мандат орто мектептин мугалими Искендер уулу Рыскулбекке берилди. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылдык кеңешинин депутаты Нажимидин Рашитовдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандат фермер Максатбек Нажиевге ыйгарылды. Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
25.02.2021

БШК Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды. Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссия курамынан “Кыргызстан” саясый партиясынын өкүлү Рахманов Кыязбек, жергиликтүү башкаруу органдарынан Абдималик уулу Абибилла, Айбек Абдивалиев чыгарылсын; - комиссиянын резервинен жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү Кылыч Коңурбаев, Узбекбай уулу Нуридин, Аида Мамаражапова чыгарылсын; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органдарынан Бактыгүл Сапиева, Рахман Сражов, Эсеналы уулу Ысманалы киргизилсин; Талас облусундагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы: -   комиссиянын курамынан жергиликтүү башкаруу органынын өкүлү Гүлбарчын Жумабаева чыгарылсын; - комиссиянын резервинен жергиликтүү башкаруу органынын өкүлү Сапарбай Акымбеков чыгарылсын; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органынын өкүлү Роза Норузбекова киргизилсин. Чечим Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндөгү арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18—19-22-беренелерине, “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2011-жылдын 18-октябрында №375-токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө” жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
25.02.2021

БШК Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында  Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алды. Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2021-жылдын 22-февралындагы № 01 буйругу менен Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбеков Нургазы Чолпонкулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3-токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2021-жылдын 16-мартына дайындады.  Шайлоо саат 9дан 12ге чейин өтөт. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы токтомуна ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүү тапшырылды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаты Самат Гулнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
25.02.2021

БШК КР ЖК депутаты Самат Гулнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы өз жыйналышында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Клара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 49 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.   Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункттуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку Кеңештин депутаты Самат Гульнара-Кларанын күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаты Сабиров Максаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
25.02.2021

БШК КР ЖК депутаты Сабиров Максаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы өз жыйналышында «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Максат Эсеновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК өз чечимин «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Максат Эсеновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алды. Жогорку Кеңештин депутаты Сабиров Максаттын күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кемин жана Кадамжай райондорунда саясый партиялар үчүн тренингдерди өткөрдү
25.02.2021

БШК Кемин жана Кадамжай райондорунда саясый партиялар үчүн тренингдерди өткөрдү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кемин жана Кадамжай шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү. Иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүк алкагында шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү жана даярдоо мезгилинде ишенимдүү жана ачык өткөрүүнү камсыз кылуу максатында уюштурулган. Орловка, Кемин жана Айдаркен шаардык кеңештеринин депутаттагына талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун эрежелери, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддору жана шайлоо кампаниясын финансылоо тууралуу айтып беришти. Тренингдин катышуучуларына шайлоолордогу үгүт иштерин өткөрүүнүн эрежелери, атап айтканда талапкерлердин агитациялык материалдарынын 1 пайыздан кем эмеси кемтилгеси бар адамдар үчүн болушу, башкача айтканда Брайль шрифти менен басылып, көрбөгөн жарандар үчүн аудиоформаттар, сурдокотормо жана роликтерди субтитрлөө менен камсыздоо тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда көчөлөрдө жана стадиондордо маданий-массалык иштерди өткөрүүгө тыюу салынганы да айтылды. Тыюу салуунун максаты шайлоочунун тандоо эркине финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн таасирин азайтуу. “Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тарта башталып, шайлоого 40 календарлык күн калганда, айылдык кеңештерге шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда бүтөт. Талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештер үчүн саясый партияларга; айылдык кеңештер үчүн саясый партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөн жарандарга тиешелүү. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө бир жыныстагы адамдардын болушу 70 пайыздан ашпашы керектигин, ошол эле учурда саясый партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкер аялдардын жана эркектердин тизмедеги кезектериндеги айырмачылык эки позициядан ашпашы керектигин саясый партиялар эске алышы зарыл”, - деп билдирди КР БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу Адилет. Окутуучу иш-чаралар республиканын бардык облустарындагы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн өткөрүлүп турат. БШК Маалыматтык бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 25-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
25.02.2021

2021–ж. 25-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 25-февраль 2021-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э. Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү  Жалал-Абад, Токтогул, Манас жана Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Таласта жана Токмокто жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү
24.02.2021

БШК Таласта жана Токмокто жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жана ишенимдүү, ачык шайлоолорду камсыз кылуу максатында,  жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде талапкерлер үчүн тренингдер сериясын баштады. Шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча окутуулар Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктүн алкагында уюштурулган. Алгачкы тренингдер Талас жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештерде болуп өттү. Катышуучулар жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышуунун мыйзамдуу негиздери жана 448 жергиликтүү кеңештерде өтө турган учурдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Мындан тышкары талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жоболору, шайлоо кампаниясын каржылоонун жоболору, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жөнүндө маалыматтар берилди. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүнүн эрежелерине, шайлоонун талаш-тартыштарына, аларды кароонун жана чечүүнүн тартибине жана КР мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле КР БШК өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын “Электрондук талапкер”, тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүгө катышуучулардын жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтардын чагылдырылуусу боюнча маалыматтык ресурстар тууралуу кенен айтып беришти. КР БШКсы тарабынан мындай тренингдер шайлоолорду уюштуруучулар менен талапкерлердин, саясий партиялардын ортосундагы кеңири диалогдор үчүн уюштурулган жана шайлоолор уюштурула турган бардык шаардык кеңештерде өткөрүлөт.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктоо!
23.02.2021

Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктоо!

Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди эрдиктин, айкөлдүктүн жана ар-намыстын майрамы - Мекенди коргоо күнү менен куттуктайт! Чын жүрөктөн Сиздерге чыгармачылык ийгилик, бакубат жашоо, бактылуулук жана бардык жакшылыктарды каалайбыз! Жолуңуздардан кандай гана кыйынчылыктар жолукпасын ар дайым оңой чечилсин. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө түгөнгүс энергия жана үзүрлүү жетишкендик, туруктуулук жана чың ден-соолук каалайбыз! КР БШК 
Кененирээк билүү >>
1 … 247 249 … 483