Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-июнунда Ош аймактык шайлоо
комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү
киргизди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Ниязбеков Кушубак Мамашович комиссиянын курамынан
чыгарылды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Ысмаилова Бурулуш Аматакуновна резервден комиссиянын
курамына киргизилди.
Токтом Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү
К.М.Ниязбековдун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан
чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-
беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын
18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо
комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө»
Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык
мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-июнунда Кочкор, Ноокат жана
Талас аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын
мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды
шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Кочкор
районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Исраилов Мирлан
Мажитовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Кочкор районунун
суу ресурстары башкармалыгынын Көк-Талаа сордургуч станциясынын
инженери Сыдыков Бердибек Даткаевичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Кочкор
районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Талантбек уулу
Талгардын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат А. Аблес уулу атындагы
орто мектептин директору Жапанов Акылбек Асаналиевичке өткөрүп
берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Кочкор
районунун Соң-Көл айылдык кеңешинин депутаты Айманов Урматбек
Муканбетовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер
Жекшенбек уулу Каниетке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин
депутаты Мамажанов Кабилжандын (№5 “Ата-Журт Кыргызстан”
фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат
дыйкан чарбасынын мүчөсү Исакову Махаматсоли Хакимжановичке (№8
“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Бердике баатыр айылдык кеңешинин депутаты Тажыканов Эмил
Талантбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Козучак
айылынын мурабы Мусаев Калнур Камчыбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Калбак айылдык кеңешинин депутаты Төлөева Замира Женишовнанын
ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Огонбаев айылындагы М. Козубеков
атындагы орто мектептин техниги Молдокулов Нурадил Жумабековичке
өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Өмүралиев айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбеков Алмазбек
Кадырбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Чырканак-4
санаторийинин директору Бейшеналиев Таалайбек Эсенкуловичке өткөрүп
берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Карасуу айылдык кеңешинин депутаты Касымбеков Анарбек
Каймазаровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Карабай” дыйкан
чарбасынын мүчөсү Карабаев Бакытбек Сагынбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Арал айылдык кеңешинин депутаты Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбековичтин
ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Кыдык” дыйкан чарбасынын мүчөсү
Кыдыров Алтынбек Сурапбаевичке өткөрүп берилди.
Токтом “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү
кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине ылайык кабыл
алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады
КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт
башчысын кайталап шайлоону дайындады
КР БШК 2021-жылдын 25-июнунда Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады.
2021-жылдын 25-июнуна дайындалган Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо талапкерлер айылдык
кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайталап шайлоону
2021-жылдын 9-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө
чейин өткөрүлөт.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому
менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен
өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын
башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана
шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
2021-жылы 25-июнда КР БШК Ош облусунун Алай районунун Ленин,
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр,
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөт
башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун
натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөт башчысын
шайлоо болуп өттү деп таанылды, Жолдошев Максат
Таалайбекович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Жолдошев Максат
Таалайбекович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Майлибашев Айбек
Бекболотович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Чокошов Султан
Авасович башчы болуп шайланды;
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл
өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Алымов
Манас Кадырович башчы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК нын 2021-жылдын 25-июнунда өтө турган күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:
25-июнь2021-ж.
Убактысы:17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2021-жылы 20, 21 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кочкор, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин кабарлоосу жөнүндө
(баяндамачы-Кутбердиева М. М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
9. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК талапкерге жана үч саясий партияга оозеки эскертүү берди
Бишкек АШК талапкерге жана үч саясий партияга оозеки
эскертүү берди
2021-жылы 23-июнда Бишкек АШКнын Шайлоо алдында үгүт
жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдоо боюнча жумушчу топ КР
БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунан (ЫЧКТ) түшкөн
билдирүүлөрдү жана «Ишеним», «Реформа» жана «Борбор» саясий
партиялары, ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан
талапкер тарабынан социалдык түйүндөргө жарыяланган, убактысынан
мурда үгүт жүргүзүү белгилери бар постторду карап чыкты жана «Ата-Журт
Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер К.К. Конгантиевге, ошондой эле
«Ишеним», «Реформа» жана «Борбор» саясий партияларына шайлоо алдында
үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга жол берилбестиги тууралуу оозеки
эскертүү берүү жөнүндө чечим чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат
2021-жылы 24-июнда Талас облусунун Талас районунун Долон, Нуржанов, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук, Түп районунун Талды-Суу, Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо болуп өттү.
Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Касымов Нурзат Мухамбеталиевич, Торкеев Өмүрбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Касымов Нурзат Мухамбеталиевич Долон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Долон айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12 депутаты добуш беришти.
Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Эстебесов Уланбек Бийгазиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эстебесов Уланбек Бийгазиевич Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Нуржанов айылдык кеңешинин 11 депутатынын 6 депутаты добуш беришти.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Шерматов Ират Ажыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шерматов Ират Ажыбекович Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кызыл-Белес айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Оторбаев Талантбек Карымшакович, Тилекманов Айбек Таалайбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тилекманов Айбек Таалайбекович Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Боз-Учук айылдык кеңешинин 21 депутатынын 14 депутаты добуш беришти.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Талды-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11 депутаты добуш беришти.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Малабеков Кылычбек Шукурбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Малабеков Кылычбек Шукурбекович Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Темир айылдык кеңешинин 21 депутатынын 17 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКнын шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу
Бишкек АШКнын шайлоо процессинин катышуучуларына
кайрылуусу
Шайлоо процессинин катышуучулары тараптан шайлоо мыйзамдарын
бузууга жол бербеш үчүн ыкчам аракеттенүү жана тиешелүү чара көрүү
максатында Бишкек АШК жарандардан андай фактылар тууралуу 0312 38-24-
26, 0500 38-24-26 (WhatsApp) телефон номурлары боюнча Бишкек АШКнын
Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна (ЫЧКТ) билдирүүсүн өтүнөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык
шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын
шайлоого катышуучу саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу саясий партиялар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы №30 чечими менен
бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду
даярдоонун жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык
коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу
боюнча аракеттердин алгоритмине” ылайык үгүт иш-чараларын теле
кѳрсѳтүү, радио, аудио жана видео форматтарын пайдалануу менен,
онлайн режиминде ѳткѳрүү сунуш кылынат. Офлайн
жолугушууларында адамдардын жапырт топтолуусуна жол бербѳѳ
жѳнүндѳ талаптарды эске алуу менен орун-жайдан сырткары (ачык
жерде) ѳткѳрүү сунушталат.
Баяндалганды эске алып, Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык
кырдаалга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы санитардык-
эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча баардык чараларды
сактоону жана 50 адамдан ашык шайлоочу менен жолугушууларды
өткөрүүгө жол бербөөнү көптөн көп сунуштайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо болуп өттү
Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо
болуп өттү
2021-жылдын 23-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-
Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн
башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Амиракулов Умотбек
Орозбаевич, Темирбаев Ысак Бакыевич, Аттокуров Жанышбек
Камчыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Темирбаев
Ысак Бакыевич Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал
үчүн Кара-Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Добуш берүү 2 тур менен өттү.
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуев Сагынбек
Бокоевич, Эрмекбаев Пазилидин Алимович, Жаныбеков Адилет
Жаныбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаныбеков
Адилет Жаныбекович Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп
шайланды. Ал үчүн Кашка-Жол айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и
добуш беришти.
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жантороев Канторо,
Толубаева Ширин Ражаповна, Кенжетаев Анарбек Алтыбаевич катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жантороев Канторо Катта-Талдык
айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Катта-Талдык айылдык
кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-июнунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 20-июнуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер.
Мамлекеттик кызматчы болуу – бул жигер, күн сайын ак ниеттүү, сапаттуу эмгекти, өз учурунда туура чечимдерди жана чечкиндүү аракеттерди көрүүнү, жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин, жарандык жана кесипкөйлүк эстүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, мыйзамдын жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган Сиздердин күндөлүк иш-аракеттериңиз, биздин элдин бакубат жашоосунун өсүшүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине болгон ишенимди жана сый-урматты жогорулатууга көмөктөшөт.
Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, Кыргызстан калкына кызмат кылуу жагындагы асыл иштериңизди арттырууда ийгиликтерди каалайм!
Урматтоом менен,
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
КР БШК нын 2021-жылдын 23-июнунда өтө турган күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:23-июнь2021-ж.
Убактысы:14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2021-жылдын 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. 2021-жылы 4 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. 2021-жылы 19-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. 2021-жылы 15, 18, 19 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. 2021-жылы 12, 14, 16, 17 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка, Күнтуу, Первомай, З.Кайназарова атындагы жана Крупская атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11.2021-жылы 15, 16, 17, 18 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы- Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
12. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы- Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
13. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы- Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
14. КР БШКнын токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы- Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
15. Ч. Мамажунусовдун арызы жөнүндө (Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер Н. Хосиловдун сертификаты тууралуу)
(баяндамачы-Уметалиев К. К.,Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
16. Ж. Иманалиевдин Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер А. Кубанычбековдун соттуулугу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы-Уметалиев К. К.,Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
17. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Ош АШК акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрдү
2021-жылы 22-июнда Ош аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда “ЭлТР” мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.
“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк төмөнкүдөй болду (аял талапкерлер менен интервью):
Эфир датасы: 22.06.2021-ж., 23.06.2021-ж., 24.06.2021-ж., 25.06.2021-ж., 28.06.2021-ж.
Эфир убактысы: саат 20.00-20.20, саат 20.20-20.40.
«Ынтымак»
«Улуу-Журт»
«Биздин Кыргызстан»
« Улуттар биримдиги»
«Келечек-Будущее»
«Бүтүн Кыргызстан»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Бир бол»
«Нур».
Лидерлер менен теледебат 2021-ж. 29-июндан 2-июлга чейин:
Эфир датасы: 29.06.2021-ж., 30.06.2021-ж., 01.07.2021-ж.
Эфир убактысы: саат 20.00-20.20, саат 20.20-20.40.
Лидерлер менен теледебат 2021-ж. 5-июлдан 8-июлга чейин:
Эфир датасы: 05.07.2021-ж., 06.07.2021-ж., 07.07.2021-ж., 08.07.2021-ж.
Эфир убактысы: саат 20.00-21.00.
«Ынтымак»
«Улуу-Журт»
«Биздин Кыргызстан»
«Улуттар биримдиги»
«Келечек-Будущее»
«Бүтүн Кыргызстан»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Бир бол»
«Нур».
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
Бүгүн – 2021-жылдын 22-июнунда Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
«Ынтымак»
«Улуу-Журт»
«Биздин Кыргызстан»
«Улуттар биримдиги»
«Келечек-Будущее»
«Бүтүн Кыргызстан»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Бир бол»
«Нур»
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Токмок АШК акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрдү
2021-жылы 21-июнда Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосундаЧүй мамлекеттик “СТВ” телекөрсөтүүсүндө акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.
“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк төмөнкүдөй болду:
2021-жылдын 28-июнунан 3-июлуна чейин теледебаттар:
1.«Эмгек» - «Бирге-Вместе» - 28.06.2021-ж.,
убактысы: саат 19.30-20-30.
2. «Эл биримдиги» - «Патриот ынтымагы» -30.06.2021-ж.,
убактысы: саат 19.30-20-30.
3. «Ата-Журт Кыргызстан» -«Асыл Мурас жаштары»- 02.07.2021-ж.,
убактысы: саат 19.30-20-30.
«Эмгек»
«Бирге-Вместе»
«Эл биримдиги»
«Патриот ынтымагы»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Асыл Мурас жаштары»
2021-жылдын 25-июнунан 6-июлуна чейин партиялардын кайрылуусу:
1.«Эмгек»- «Эл биримдиги»-25.06.2021-ж.,
убактысы: саат 21.30-21.40, саат 21-40-21.50.
2.«Бирге-Вместе»- «Ата-Журт Кыргызстан» -29.06.2021-ж.,
убактысы: саат 21.30-21.40, саат 21-40-21.50.
3.«Патриот ынтымагы»- 01.07.2021-ж.
убактысы: саат 21.30-21.40 .
4.«Асыл Мурас жаштары»- 05.07.2021-ж.,
убактысы: саат 21-30-21.40.
«Эмгек»
«Эл биримдиги»
«Бирге-Вместе»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Патриот ынтымагы»
«Асыл Мурас жаштары»
2021-жылдын 6-июлунан 9-июлуна чейин атайын репортаж, хронометраж -10 минут:
1.«Эмгек»- «Асыл Мурас жаштары»- 06.07.2021-ж.,
убактысы: саат 21.30-21.40, саат 21.40-21.50.
2. «Эл биримдиги»- «Бирге-Вместе»- 07.07.2021-ж.,
убактысы: саат 21.30-21.40, саат 21.40-21.50.
3. «Ата-Журт Кыргызстан»- «Патриот ынтымагы»- 08.07.2021-ж.,
убактысы: саат 21.30-21.40, саат 21.40-21.50.
Эмгек
«Асыл Мурас жаштары»
«Эл биримдиги»
«Бирге-Вместе»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Патриот ынтымагы»
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу