Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
2021-жылдын 21-июнунда Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
«Эмгек»;
«Бирге-Вместе»;
«Эл биримдиги»;
«Асыл Мурас-жаштары»;
«Ата Журт Кыргызстан»;
«Патриот ынтымагы».
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады.
2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоо катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өтпөй калды.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаар мэрин кайталап шайлоо 2021-жылдын 5-июлуна дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти
2021-жылы 21-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.
Нарын облусу боюнча:
Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура, Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Кудайбергенов Курманбек Асанович Миң-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Абдыраймакунов Уланбек Кубанычбекович Чет-Нура айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Жумуков Рахатбек Ташынович Баш-Кууганды айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Ош облусу боюнча:
Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайку жана Кара-Кулжа айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович Төрт-Көл айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Келдибаев Сактан Аширалиевич Куршаб айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Курманбеков Сейтек Ийри-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Каратаев Базарали Тагаевич Чангет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Абдилазиз уулу Бактыбек Кызыл-Жар айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевич Алайку айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Жээнбеков Бактыбек Эрмаматович Кара-Кулжа айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Жалал-Абад облусу боюнча:
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Чолпанов Икрамжон Сайфитдинович Арстанбап айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Чүй облусу боюнча:
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата, Красноречка, Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Нижний-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Абакиров Ранат Канатович Жээк айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Өмүралиев Адис Мыктыбекович Нурманбет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Төлөгөнов Аскат Момуналиевич Ысык-Ата айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Кожомамбетов Азамат Асанбекович Красноречка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Өмүров Орозбек Өмүрович Новопавловка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Зикиров Махмаямин Камчыбекович Камышановка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Доранов Осмонали Акжолович Жаңы-Пахта айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Акматов Жаныбек Абдимусаевич Нижний-Чүй айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Абдыкеримов Максат Кадырбекович Ат-Башы айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берди
Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Макешов Чингиз Дүйшенкуловичти “Кыргызстан социал-демократтар партиясы” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Макешов Чингиз Дүйшенкулович КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды.
Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-июнунда “Кыргызстан социал-демократтар партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каримов Нодирбек Тохтосиновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК “Кыргызстан социал-демократтар партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каримов Нодирбек Тохтосиновичтин ыйгарым укуктарынан бошотуу жөнүндө өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каримов Нодирбек Тохтосиновичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылдын 21-июнунда өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:21-июнь 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. Т. Каримовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2021-жылы 17-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. 2021-жылы 14, 15-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. 2021-жылы 14, 15-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. 1.2021-жылы 16-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. 2021-жылы 7, 11, 12 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата, Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. 2021-жылы 10, 11, 12, 15 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. Ч. Мамажунусовдун арызы жөнүндө (Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орудана талапкер Н. Хосиловдун сертификаты тууралуу)
(баяндамачы-Уметалиев К. К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
12. А. Джаныбековдун арызы жөнүндө (Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орудана талапкер М. Маделиеванын сертификаты тууралуу)
(баяндамачы-Уметалиев К. К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
13. Р. Тагаеванын арызы жөнүндө (Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Н. Асанов тууралуу)
(баяндамачы-Уметалиев К. К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
14. А. Дуйшееванын, Н. Шыгаевдин, Б. Осмоновдун, А. Абыкееванын арызы жөнүндө (Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тууралуу)
(баяндамачы-Уметалиев К. К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
15. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрдү
2021-жылы 21-июнда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда “КТРК” мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.
“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк төмөнкүдөй болду (жеке чыгып сүйлөө):
1. «Улуу-Журт»
2. «Келечек-Будущее»
3. «Эмгек»
4 «Жаңы-Мезгил»
5. «Туран» демократиялык партиясы
6. «Реформа»
7. «Социал-демократтар»
8. «Ынтымак»
9. «Айкөл Кыргызстан»
10. «Борбор» демократиялык партиясы
11. «Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
12. «Замандаш»
13. «Биздин Кыргызстан»
14. «Ишеним»
15. «Өнүгүү-Прогресс»
16. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
17. «Биздин Эл»
18 «Ата-Журт Кыргызстан».
Саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк (атайын репортаж):
«Улуу-Журт»
«Биздин Эл»
«Социал-демократтар»
«Туран» демократиялык партиясы
«Айкөл Кыргызстан»
«Өнүгүү-Прогресс»
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
«Эмгек Партиясы»
«Келечек-Будущее»
«Жаңы-Мезгил»
«Реформа»
«Борбор» демократиялык партиясы
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Замандаш»
«Биздин Кыргызстан»
«Ынтымак»
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
«Ишеним».
Саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк (Үгүт 2021):
«Ишеним»
«Ынтымак»
«Социал-демократтар»
«Жаңы-Мезгил»
«Замандаш»
«Ата-Журт Кыргызстан»
«Өнүгүү-Прогресс»
«Улуу-Журт»
«Борбор» демократиялык партиясы
«Келечек-Будущее»
«Туран» демократиялык партиясы
«Биздин Кыргызстан»
«Биздин Эл»
«Эмгек Партиясы»
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
«Реформа»
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
«Айкөл Кыргызстан».
Саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк (теледебаттар):
«Ынтымак»
«Реформа»
«Туран» демократиялык партиясы
«Өнүгүү-Прогресс»
«Биздин Кыргызстан»
«Ишеним»
«Эмгек Партиясы»
«Улуу-Журт»
«Борбор» демократиялык партиясы
«Айкөл Кыргызстан»
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
«Замандаш»
«Социал-демократтар»
«Келечек-Будущее»
«Жаңы-Мезгил»
«Биздин Эл»
«Ата-Журт Кыргызстан».
Эфирдин датасы
Эфирге чыгуу убактысы
Саясий партиянын аталышы
24.06.2021
22.15-22.30
«Улуу-Журт»
22.30-22.45
«Келечек-Будущее»
22.45-23.00
«Эмгек Партиясы»
23.00-23.15
«Жаңы-Мезгил»
25.06.2021
22.15-22.30
«Туран» демократиялык партиясы
22.30-22.45
«Реформа»
22.45-23.00
«Социал-демократтар»
23.00-23.15
«Ынтымак»
28.06.2021
22.15-22.30
«Айкөл Кыргызстан»
22.30-22.45
«Борбор» демократиялык партиясы
22.45-23.00
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
23.00-23.15
«Замандаш»
23.15-23.30
«Биздин Кыргызстан»
29.06.2021
22.15-22.30
«Ишеним»
22.30-22.45
«Өнүгүү-Прогресс»
22.45-23.00
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
23.00-23.15
«Биздин Эл»
23.15-23.30
«Ата-Журт Кыргызстан»
Саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк (атайын репортаж):
Эфирдин датасы
Эфирге чыгуу убактысы
Саясий партиянын аталышы
30.06.2021
22.15-22.30
«Улуу-Журт»
22.30-22.45
«Биздин Эл»
22.45-23.00
«Социал-демократтар»
23.00-23.15
«Туран» демократиялык партиясы
01.07.2021
22.15-22.30
«Айкөл Кыргызстан»
22.30-22.45
«Өнүгүү-Прогресс»
22.45-23.00
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
23.00-23.15
«Эмгек Партиясы»
02.07.2021
22.15-22.30
«Келечек-Будущее»
22.30-22.45
«Жаңы-Мезгил»
22.45-23.00
«Реформа»
23.00-23.15
«Борбор» демократиялык партиясы
23.15-23.30
«Ата-Журт Кыргызстан»
05.07.2021
22.15-22.30
«Замандаш»
22.30-22.45
«Биздин Кыргызстан»
22.45-23.00
«Ынтымак»
23.00-23.15
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
23.15-23.30
«Ишеним»
Саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк (Үгүт 2021):
Эфирдин датасы
Эфирге чыгуу убактысы
Саясий партиянын аталышы
21.06.2021
22.15-22.45
«Ишеним»
«Ынтымак»
22.50-23.20
«Социал-демократтар»
«Жаңы-Мезгил»
23.25-23.55
«Замандаш»
«Ата-Журт Кыргызстан»
22.06.2021
22.15-22.45
«Өнүгүү-Прогресс»
«Улуу-Журт»
22.50-23.20
«Борбор» демократиялык партиясы
«Келечек-Будущее»
23.25-23.55
«Туран» демократиялык партиясы
«Биздин Кыргызстан»
23.06.2021
22.15-22.45
«Биздин Эл»
«Эмгек Партиясы»
22.50-23.20
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
«Реформа»
23.25-23.55
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
«Айкөл Кыргызстан»
Саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк (теледебаттар):
Эфирдин датасы
Эфирге чыгуу убактысы
Саясий партиянын аталышы
06.07.2021
22.15-23.38
«Ынтымак»
«Реформа»
«Туран» демократиялык партиясы
«Өнүгүү-Прогресс»
07.07.2021
22.15-23.38
«Биздин Кыргызстан»
«Ишеним»
«Эмгек Партиясы»
«Улуу-Журт»
08.07.2021
22.15-23.38
«Борбор» демократиялык партиясы
«Айкөл Кыргызстан»
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы
«Кыргызстандын жашылдар партиясы»
«Замандаш»
09.07.2021
22.15-23.38
«Социал-демократтар»
«Келечек-Будущее»
«Жаңы-Мезгил»
«Биздин Эл»
«Ата-Журт Кыргызстан»
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
Бүгүн – 2021-жылдын 21-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
1. "Ата-Журт Кыргызстан";
2. "Биздин Кыргызстан";
3. "Жаны-Мезгил";
4. "Эмгек партиясы";
5. "Замандаш";
6. "Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы;
7. "Кыргызстандын жашылдар партиясы";
8. "Ишеним";
9. “Айкөл Кыргызстан”.
10. "Туран" демократиялык партиясы;
11. "Социал-демократтар";
12. "Реформа";
13. "Келечек-Будущее";
14. "Борбор" демократиялык партиясы;
15. "Өнүгүү-Прогресс";
16. "Улуу-Журт";
17. "Ынтымак";
18. "Биздин Эл";
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
Ошондой эле бул күндөрү аймактык шайлоо комиссиялары Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетениндеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
Бүгүн – 2021-жылдын 21-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
1. "Ата-Журт Кыргызстан";
2. "Биздин Кыргызстан";
3. "Жаны-Мезгил";
4. "Эмгек партиясы";
5. "Замандаш";
6. "Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы;
7. "Кыргызстандын жашылдар партиясы";
8. "Ишеним";
9. “Айкөл Кыргызстан”.
10. "Туран" демократиялык партиясы;
11. "Социал-демократтар";
12. "Реформа";
13. "Келечек-Будущее";
14. "Борбор" демократиялык партиясы;
15. "Өнүгүү-Прогресс";
16. "Улуу-Журт";
17. "Ынтымак";
18. "Биздин Эл";
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
Ошондой эле бул күндөрү аймактык шайлоо комиссиялары Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетениндеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
Бүгүн – 2021-жылдын 21-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасында саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү төмөнкүдөй болду:
1. "Ата-Журт Кыргызстан";
2. "Биздин Кыргызстан";
3. "Жаны-Мезгил";
4. "Эмгек партиясы";
5. "Замандаш";
6. "Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы;
7. "Кыргызстандын жашылдар партиясы";
8. "Ишеним";
9. “Айкөл Кыргызстан”.
10. "Туран" демократиялык партиясы;
11. "Социал-демократтар";
12. "Реформа";
13. "Келечек-Будущее";
14. "Борбор" демократиялык партиясы;
15. "Өнүгүү-Прогресс";
16. "Улуу-Журт";
17. "Ынтымак";
18. "Биздин Эл";
Чүчүкулак өткөрүүгө катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
Ошондой эле бул күндөрү аймактык шайлоо комиссиялары Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетениндеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттоо аяктады
2021-жылдын 20-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттады:
"Эмгек партиясы";
"Өнүгүү-Прогресс";
"Туран" демократиялык партиясы;
"Биздин Эл";
"Замандаш";
"Борбор" демократиялык партиясы;
"Кыргызстандын жашылдар партиясы";
"Ынтымак";
"Биздин Кыргызстан";
"Социал-демократтар";
"Реформа";
"Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы;
"Келечек-Будущее";
"Ата-Журт Кыргызстан";
"Ишеним";
"Жаны-Мезгил";
"Улуу-Журт";
“Айкөл Кыргызстан”.
“Социал-демократтар” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу жаңы саясий партияларды каттоодон баш тартууга байланыштуу арызы боюнча Бишкек АШК тарабынан “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышууга партияны өткөрүү жөнүндө “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын арызын карап чыгып, депутаттардын өзгөртүлбөгөн тизмесин эске алып, Бишкек АШК “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 18 саясий партия тарабынан 1371 талапкер көрсөтүлдү, 1258 талапкер санында талапкерлердин тизмеси катталды. Мында ар кандай себептер менен 113 талапкерди каттоодон баш тартылганын белгилейбиз.
Кененирээк билүү >>
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоо аяктады
2021-жылы 20-июнда Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттады:
«Эл Биримдиги»;
«Бирге-Вместе»;
«Эмгек партиясы»;
«Патриот Ынтымагы»;
«Асыл Мурас-Жаштар»;
«Ата-Журт Кыргызстан».
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 6 саясий партия тарабынан 355 талапкер көрсөтүлдү, 347 талапкер санында талапкерлердин тизмеси катталды. Мында ар кандай себептер менен 8 талапкерди каттоодон баш тартылганын белгилейбиз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоо аяктады
2021-жылы 20-июнда Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттады:
«Биздин Кыргызстан»;
«Бир Бол»;
«Бүтүн Кыргызстан»;
«Келечек-Будущее»;
«Улуттар Биримдиги»;
«Ата-Журт Кыргызстан»;
«Ынтымак»;
«Нур»;
«Уулу Журт».
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 9 саясий партия тарабынан 763 талапкер көрсөтүлдү, 693 талапкер санында талапкерлердин тизмеси катталды. Мында ар кандай себептер менен 70 талапкерди каттоодон баш тартылганын белгилейбиз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ үчүн региондук бюросунун Директору Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушуу өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекованын БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн региондук бюросунун Директору Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушуусу болуп өттү.
КР БШК Төрагасы Н.Шайлдабекова жолугушууга келгендиги жана шайлоо укугун жана процессин өнүктүрүү маселелерине көңүл бөлгөндүгү үчүн Сполярич Эггер Мирьяна айымга ыракмат айтып, бул кыргыз тараптан шайлоо тутумун демократиялаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын күч-аракеттерине БУУнун колдоо көрсөтүүсүнүн белгиси катары кабыл алынып жаткандыгын билдирди.
Кыргызстан демократиялаштыруу процессинде, анын ичинде шайлоо процессинде баардык деңгээлдеги шайлоолор боюнча оптималдуу чечимдерди издеп табууда татаал жолдон өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы реформа алкагында жетишилген оң натыйжаларды турукташтыруу, орун алган кемчиликтерди четтетүү, алдыдагы шайлоолор эркин түрдө, мыйзамдуу, тынч өтүп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө көмөктөшүүсү үчүн баардык зарыл чараларды көрүү үстүндө иш жүргүзүүдө.
2020-жылы октябрда парламенттик шайлоо өткөрүлүп, добуштарды жапырт сатып алуунун жана администрациялык ресурс колдонуунун натыйжасында ал шайлоо жараксыз деп таанылганы тууралуу Мирьяна Сполярич Эггерге маалымат берилди. Бирок бул БУУӨП менен биргелешкен долбоордун алкагында көрүлгөн комплекстүү чаралардын маанисин төмөндөтпөйт, ал долбоордун жардамы менен шайлоо процессин өнүктүрүүнүн чечүүчү милдеттерин чечүүгө мүмкүн болду. 2020-жылдын октябрындагы, 2021-жылдын январь, апрелиндеги шайлоолорго катышкан байкоочулардын эл аралык миссияларынын берген баалары буга далил, ал миссиялар шайлоо процессин уюштуруунун деңгээлин жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, аныктыгын жана ачык-айкындуулугун, атаандаштыгын арттыруу боюнча өлкө көрүп жаткан чараларга оң баа беришти. Ошону менен бирге шайлоонун жалпы саясий маданиятына, сатып алуу жана администрациялык ресурс колдонуу боюнча талапкерлер менен партиялардын мыйзамсыз аракеттерине, бузуулар үчүн жоопкерчиликке натыйжалуу тартуу зарылдыгына байланыштуу проблемалар дагы эле орун алууда. Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдары менен биргеликте ал көйгөй маселелерди чечүү боюнча мындан ары дагы күч-аракет жумшайт.
Конституцияга ылайык учурда шайлоо мыйзамдарына парламентке шайлоого байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү мерчемделүүдө. Пропорциялык жана мажоритардык-аралаш шайлоо тутумдарын тандоо боюнча талкуу жүрүүдө, бул жаатта парламент кандай чечим кабыл алса дагы, реформа процессинде Кыргызстан жетишкен эркин жана демократиялык шайлоонун принциптери жана стандарттары сакталып калууга тийиш. Шайлоо ичиндеги реалдуу кырдаалды жаңылоого, атаандаш жана эркин процессти камсыздоого, шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча баардык чараларды көрүүгө өлкөнүн жетекчилигинин саясий эрки бар.
Өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үч шаарда көп сандаган бузуулардын натыйжасында шайлоо жараксыз деп таанылды жана учурда кайталап шайлоо процесси жүрүүдө. Ошону менен бирге ошол эле шайлоолордо олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда: атап айтканда, көп райондордо жана шаарларда комиссиялар менен маморгандардын шайлоого көмөктөшүү боюнча жүргүзгөн иштеринин аркасында жана талапкерлер менен партиялардын мыйзамдарды сактоосунун аркасында шайлоо тынч, атаандаштык негизде өттү, партиялар шайлоочулардын тең салмактагы добуштарын алышты (мисалы, 9 шаарда шайлоого катышкан баардык партиялар кеңешке өтүштү). Бул райондордо жана шаарларда бузууларга байланыштуу даттануулар дээрлик болгон жок, - деди Н.Шайлдабекова. Бул адил шайлоого жетишүү үчүн ал багытта шайлоонун баардык катышуучуларынын – комиссиялардын дагы, талапкерлер менен партиялардын дагы, укук коргоо органдарынын дагы, ЖӨБ органдарынын дагы аркеттери маанилүү экендигин көрсөтүүдө.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн региондук бюросунун Директору М.Сполярич Эггер БУУ жана БУУнун Өнүктүрүү программасы шайлоо процессин демократиялаштыруу процессинде кыргыз тарапты мындан ары дагы колдоорун билдирди. Ал алдыдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан үчүн маанилүү керектөөлөр жана мүмкүн болуучу колдоо маселелери БУУӨП тараптан изилдене тургандыгын айтты.
Мирьяну Сполярич Эггер ошондой эле турмуштун баардык чөйрөлөрүндө – саясат сыяктуу эле экономика чөйрөлөрүндө аялдардын катышуусун илгерилетүү зарылдыгына басым жасады. “Жолугушууда мен бул тууралуу президентке айттым, ал дагы бул анын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын билдирди. Биз аялдардын катышуусун кеңейтүүгө көмөктөшсүн үчүн саясатта жана экономикада жогорку позицияларды ээлеген аялдардын Борбор Азия тобун түзүү боюнча демилгени ишке киргиздик. Эгерде кыргыз тарап улуттук деңгээлде ушундай платформага кызыкдар болсо, биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди ал.
Н.К. Шайлдабекова БУУнун Өнүктүрүү программасына жана БУУнун башка агенттиктерине бир нече жылдардан бери Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоодо жана демократиялаштырууда ырааттуу колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУӨПтүн Кыргызстандагы башчысы Луиз Чемберлендин жеке салымын, анын өлкөнү өнүктүрүү маселелерин терең түшүнгөндүгүн жана бул процесстерди колдоодогу керектөөлөргө дилгир мамиле жасагандыгын, БУУӨПтүн бүт командасы БШК менен жигердүү өз ара аракеттешкендигин белгиледи.
БУУӨПтүн Кыргызстандагы башчысы Луиз Чемберлен шайлоону реформалоодогу долбоорлорду ишке ашыруунун бир катар маанилүү маселелерин белгилеп, парламенттик шайлоодо мындан ары дагы биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык
мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнунда Балыкчы, Ак-Суу, Манас,
Тогуз-Торо жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоттуу жана бош калган
депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге
өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусу боюнча:
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Сыдыков Аманат
Калыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Мандат “Кыргыз Көмүр” МИ бухгалтери Тыналиев Айжигит Казакбаевичке
(№ 7, “Өнүгүү-Прогресс” деп. фракциясы) өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Отрадное айылдык кеңешинин депутаты Кулетов
Эрмек Маралбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат мугалим Шабданбекова Чинара Солтонбековнага
өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Дорбаев
Максат Кудаваевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат инженер-гидротехник Байбосунов Жолдошбек
Орозбековичке өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаты
Джаманкеев Абдрахат Абдыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын
негизинде токтотулду. Мандат фермер Успеев Памир Мелисовичке өткөрүп
берилди.
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылдык кеңешинин депутаты
Көбөнбаев Талант Шайлообековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын
негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Мадамбеков Кенжебек
Сакеновичке өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Энилчек айылдык кеңешинин депутаты Усубакунов
Бактыбек Асановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Алапаев Эрнис Мелисовичке
өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Эмил
уулу Арстанбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Мандат фермер Осмонов Төлөн Мамытовичке өткөрүп берилди.
Таласской облусу боюнча:
Манас районунун Покровка айылдык кеңешинин депутаты Дуйшобаев
Мукталы Бошкоевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат жеке ишкер Өмүралиев Медербек Калдыбековичке
өткөрүп берилди.
Манас районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Узенбеков
Кубатбек Каныбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат спорттук мектептин машыктыруучусу Садырбек уулу
Эрланга өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусу боюнча:
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаты
Олжотоев Марлис Жээнбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын
негизинде токтотулду. Мандат спорттук мектептин машыктыруучусу
Садырбек уулу Эрланга өткөрүп берилди.
Чүй облусу боюнча:
КР БШК мүчөлөрү Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын
талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими дагы
бекитилди. Браун Максим Андреевич өз арызынын негизинде Чүй айылдык
кеңешинин талапкерлеринин тизмесинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнундагы жыйналышында Токмок
аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Губе Аида Исмаровна, Джапаралиева Мээрим Бактыбековна
комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Джумагулова Бактыгуль Таштанбековна, Абдразакова Алмагуль
Джолдошевна комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо
комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-
беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-
жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо
комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин
түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана
резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнундагы жыйналышында Ош
аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Муратов Абдижалил Абдыразакович, Абдуллаева Чинара
Турарбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Ахматова Гульнара Курманбековна, Зарипбек уулу Бекболсун
резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.А.
Муратовдун, Ч.Т. Абдылдаеванын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын
курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-
беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому
менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо
комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна
ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын жана Кара-Көл шаар мэрин кайталап шайлоону дайындады
КР БШК кээ бир айыл өкмөт башчыларын жана Кара-Көл шаар
мэрин кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнунда Жалал-Абад облусунун
Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак, Ош облусунун Кара-Суу районунун
Кызыл-Кыштак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва
районунун Петровка, Беловодский айыл өкмөт башчыларын жана Жалал-
Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин кайталап шайлоону дайындоо
жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-
Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо
депутаттардын көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге
каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт
башчысы шайланбай калган. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон
районунун Талдуу-Булак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-
жылдын 2-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө
чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Ош облусунун Кара-Суу
районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо
депутаттардын көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге
каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт
башчысы шайланбай калган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-
Кыштак айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону 2021-жылдын 3-июлунда
өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата
районунун Ивановка айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын
көпчүлүгү талапкерлерге караганда «баардык талапкерлерге каршы»
позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы
шайланбай калган. 2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун
Москва районунун Петровка айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер
айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын
албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун
Петровка айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди
көрсөтүү менен 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат
9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Москва
районунун Беловодский айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер
айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын
албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 2-
июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин
өткөрүлөт.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-
Көл шаар мэрин шайлоодо катталган талапкерлер депутаттардын керектүү
сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу шаар мэри шайланбай
калды. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаар мэрин жаңы талапкерлерди
көрсөтүү менен кайталап шайлоону 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүү
дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу