Башкы Жаңылыктар БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын …

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

25-Июн, 2021

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык

мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-июнунда Кочкор, Ноокат жана
Талас аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын
мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды
шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Кочкор
районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Исраилов Мирлан
Мажитовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Кочкор районунун
суу ресурстары башкармалыгынын Көк-Талаа сордургуч станциясынын
инженери Сыдыков Бердибек Даткаевичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Кочкор
районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Талантбек уулу
Талгардын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат А. Аблес уулу атындагы
орто мектептин директору Жапанов Акылбек Асаналиевичке өткөрүп
берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Кочкор
районунун Соң-Көл айылдык кеңешинин депутаты Айманов Урматбек
Муканбетовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер
Жекшенбек уулу Каниетке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин
депутаты Мамажанов Кабилжандын (№5 “Ата-Журт Кыргызстан”
фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат
дыйкан чарбасынын мүчөсү Исакову Махаматсоли Хакимжановичке (№8
“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Бердике баатыр айылдык кеңешинин депутаты Тажыканов Эмил
Талантбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Козучак
айылынын мурабы Мусаев Калнур Камчыбековичке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Калбак айылдык кеңешинин депутаты Төлөева Замира Женишовнанын
ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Огонбаев айылындагы М. Козубеков
атындагы орто мектептин техниги Молдокулов Нурадил Жумабековичке
өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Өмүралиев айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбеков Алмазбек
Кадырбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Чырканак-4
санаторийинин директору Бейшеналиев Таалайбек Эсенкуловичке өткөрүп
берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Карасуу айылдык кеңешинин депутаты Касымбеков Анарбек
Каймазаровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Карабай” дыйкан
чарбасынын мүчөсү Карабаев Бакытбек Сагынбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат
ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас районунун
Арал айылдык кеңешинин депутаты Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбековичтин
ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Кыдык” дыйкан чарбасынын мүчөсү
Кыдыров Алтынбек Сурапбаевичке өткөрүп берилди.
Токтом “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү
кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине ылайык кабыл
алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>