Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын
башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана
шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
2021-жылы 25-июнда КР БШК Ош облусунун Алай районунун Ленин,
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр,
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөт
башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун
натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөт башчысын
шайлоо болуп өттү деп таанылды, Жолдошев Максат
Таалайбекович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Жолдошев Максат
Таалайбекович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Майлибашев Айбек
Бекболотович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Чокошов Султан
Авасович башчы болуп шайланды;
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл
өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Алымов
Манас Кадырович башчы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү