Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
01.07.2021

КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылы 1-июлда КР БШК Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ноокат районунун Кеңеш, Араван районунун Нурабад, Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Талас районунун Бекмолдо, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак, Ак-Суу районунун Челпек, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти. Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Жалиев Сабыр Орунбаевич, Гадиев Кабыланбек Касымжанович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Приев Жумабай Сатимкулович, Алимбеков Нурзаман Карыевич катталган. Добуш берүүгө Папан айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, 1-турда Жалиев С.О. - 1 добуш, Гадиев К.К. – 2 добуш, Калмуратов М.М. – 9 добуш, Приев Ж.С. – 0 добуш, Алимбеков Н.К. – 9 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Калмуратов М.М. – 10 добуш, Алимбеков Н.К. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алимбеков Нурзаман Карыевич Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Ташполот уулу Бексултан, Шапиев Улукбек Мурзабекович, Тургунбаев Өмүрбек Жоробаевич, Исаев Жеңишбек Куламидинович, Адиев Каныбек Ысмаилович катталган. Добуш берүүгө Кеңеш айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, 1-турда Ташполот уулу Б. – 8 добуш, Шапиев У.М. – 7 добуш, Тургунбаев Ө.Ж. – 1 добуш, Исаев Ж.К. – 5 добуш, Адиев К.Ы. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Ташполот уулу Б. – 10 добуш, Шапиев У.М. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шапиев Улукбек Мурзабекович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдуллаев Мухаммед Бектемирович, Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович катталган. Добуш берүүгө Нурабад айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Абдуллаев М.Б. – 2 добуш, Шамшидинов Д.М.– 19 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Дадаев Муктарали Бектинович, Максутов Замирбек Нурмаматович, Сарыбекова Өктамхон Эргешевна, Саматов Шайырбек Абдилатович катталган. Добуш берүүгө Халмион айылдык кеңешинин 31 депутатынын 28 депутаты катышты, Дадаев М. – 2 добуш, Максутов З. – 20 добуш, Сарыбекова Ө. – 4 добуш, Саматов Ш. 2 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Максутов Замирбек Нурмаматович Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуматов Руслан Стамбекович, Жедигеров Абдыразак Жакиевич, Дооранбек уулу Мунарбек катталган. Добуш берүүгө Көк-Серек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, Турдуматов Р. – 7 добуш алды, Жедигеров А.– 11 добуш, Дооранбек уулу Мунарбек – 1 добуш алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жедигеров Абдыразак Жакиевич Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Буланбеков Уланбек Эсенбекович катталган. Добуш берүүгө Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Буланбеков У.Э. – 19 алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Буланбеков Уланбек Эсенбекович Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бекназаров Садык Сагынбаевич катталган. Добуш берүүгө Бекмолдо айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, Бекназаров С.– 18 алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бекназаров Садык Сагынбаевич Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бектурсунов Джайлебай Касымович, Борбукова Маргарита Маратовна катталган. Добуш берүүгө Тогуз-Булак айылдык кеңешинин 11 депутаты катышты, Бектурсунов Д. – 4 добуш, Борбукова М. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Борбукова Маргарита Маратовна Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Челпек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кадаев Салават Болотбекович, Куланбаев Шайырбек Элдосович катталган. Добуш берүүгө Челпек айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Кадаев С. – 15 добуш, Куланбаев Ш. – 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кадаев Салават Болотбекович Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Ибраева Элмира Үсөновна, Сартбаева Динара Жумакадыровна жана Чоткараев Чолпонкул Котошович катталган. Добуш берүүгө Кең-Булуң айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Ибраева Э.Ү. – 3 добуш, Сартбаева Д.Ж. – 11 добуш, Чоткараев Ч.К. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 7 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сартбаева Динара Жумакадыровна Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 1 - июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору
01.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 1 - июлунда өтө турган күн тартибинин долбоору

                                                                                              Өткөрүү датасы:1-июль2021-ж.                                                                                                                               Убактысы:18:00                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1.2021-жылы 24-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. 2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. 2.  2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. 2021-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 9. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 10. Бишкек жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 11. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас шаардык, Нарын жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 12. кээ бир аймактык шайлоо комиссиялардын төрагаларынын жоопкерчилигин карап чыгуу жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 13. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 14. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кенештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Клооп Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)   15. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 16. А. Ибраимовдун арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 17. 2021-жылдын 20-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   18. Г.Супиргенованын, Р.Эсенкулованын, Э.Нусуровдун жана башкалардын арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 19. 2021-жылы 12 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду  бекитүү жөнүндө 20. М. Калмуратовдун арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 21. 2021-жылдын 18-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 22. А. Баатырбек уулунун арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 23. "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол", "Улуу Журт" жана "Улуттар Биримдиги элдик партиялары" саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арызы жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 24. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК эске салат: 1-июль – жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алуучу акыркы күн
01.07.2021

БШК эске салат: 1-июль – жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алуучу акыркы күн

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоочулардын тизмеси паспортто (2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясы), паспорттун чибинде (2017-жылдын үлгүсүндөгү e-ID сериясы) көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин каттоо белгисине ылайык түзүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкүгө карата 300 000ден ашык шайлоочунун туруктуу жашаган жеринин каттоо дареги шайлоочунун паспортунда көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин каттоо белгисинен айырмаланат. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында жүргөн шайлоочуларды жана мурда чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган шайлоочуларды төмөнкү жол менен өз УШКсын тактап, өздөрүнүн маалыматтарын шайлоочулардын тизмесинен актуалдаштырууну өтүнөт: шайлоочулардын “Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан; 1255 жана 119 номурларына чалып; же паспортто көрсөтүлгөн өз ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана  СМС акысыз) менен, мында Сиз өз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз. Туруктуу жашаган жеринин каттоо дареги менен паспортто көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин каттоо белгиси дал келбеген учурда шайлоочунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын КТБ каттоону эсепке алуу органдарына кайрылууну өтүнөбүз. Эгерде шайлоочу чет өлкөдө жүрүп, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө консулдук каттоодо турган болсо, бирок азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында турса жана өз маалыматтарын чет өлкөдөгү участоктогу тизмеден тапса, консулдук каттоодон чыгуу, каттоону актуалдаштыруу жана туруктуу жашаган жеринин каттоосу боюнча паспорттогу белгисине ылайык шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу каттоону эсепке алуу органдарына (Калкты тейлөө борбору, Калкты жана жарандык абалды каттоо департаменти) кайрылуусу зарыл.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жөнөттү
01.07.2021

КР БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жөнөттү

2021-жылы 1-июлда “Учкун” ААК имаратында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү үчүн 611 071 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 326 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) - 425 532 бюллетень, Ош АШКга – 148 370, Токмок АШКга – 37169 бюллетень жөнөтүлдү. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу тутум боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт. «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес (иш жүзүндө – 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашпайт). Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери болгон жумушчу топ “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды. Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери баардык коопсуздук чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорту менен жөнөтүлөт. Жараксыздарын алып салгандан кийин 65 килограммов бюллетень жок кылынды. Маалымат үчүн: Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат. Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле Мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
29.06.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

КР БШК 2021-жылдын 29-июнунда Кара-Көл, Сүлүктү жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Чыныкбаев Нузарбек Бобубековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “СМ Повертэч Ко” ЖЧК прорабы Ниязалиев Арзымат Нурманбетовичке (№5, “Бирге-Вместе” саясий партиясы) өткөрүп берилди. Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Халбеков Абдысамат Диканбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин методисти Саттаров Руфат Исроиловичке (№8, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы) өткөрүп берилди. Депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаты Аскарбек уулу Улукбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Жети-Өгүз районунун электр менен камсыздоо ишканасынын кызматкери Өмүрбаев Алмазбек Асангазиевичке өткөрүп берилди. Мындан тышкары, Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти. Өз арызынын негизинде төмөнкү талапкерлер “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесинен чыгарылды: - Джээнтаева Күмүшбүбү Усупбаевна (№ 33) - Замирова Айгерим Замировна (№36); - Кусеинова Айнура Кубанычбековна (№38); - Алдаярова Тинатин Эсенгуловна (№42); - Сулайманкулова Айтолкун Кенжетаевна (№45).   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл районунун Ананьев жана Өрүктү айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
29.06.2021

КР БШК Ысык-Көл районунун Ананьев жана Өрүктү айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

КР БШК 2021-жылдын 29-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев жана Өрүктү айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады. 2021-жылдын 26-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясына добуштарын бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. 2021-жылдын 26-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо белгиленген мөөнөттө бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
29.06.2021

КР кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылы 29-июнда КР БШК Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө, Жумгал районунун Чоң-Дөбө, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Талас районунун Нуржанов жана Долон, Баткен облусунун Лейлек районунун Катран, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Ак-Суу районунун Боз-Учук, Ысык-Көл районунун Темир, Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти. Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Шерматов Мират Ажыбекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Белес айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Шерматов М.А. 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шерматов Мират Ажыбекович Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Маметов Жыргалбек Насирович, Темирбек уулу Молдобай, Чылымов Тынчтык Абдраимович, Эдигеев Марат Кадырбекович катталган. Добуш берүүгө Кош-Дөбө айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Маметов Ж.Н. - 6 добуш, Темирбек уулу М. - 5 добуш, Чылымов Т.А. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маметов Жыргалбек Насирович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Сагынбек уулу Кутболсун, Таштаналиев Улан Турунбекович катталган. Добуш берүүгө Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 депутаты катышты, Сагынбек уулу Кутболсун - 9 добуш, Таштаналиев У.Т. – 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сагынбек уулу Кутболсун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Акышев Акматбек Анаркулович, Байдовлетов Басылбек Нукенович, Бакиров Сейитбек Сапарович катталган. Добуш берүүгө Бакайыр айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Акышев А.А. - 1 добуш, Байдовлетов Б.Н. – 10 добуш, Бакиров С.С. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Байдовлетов Б.Н. – 6 добуш, Бакиров С.С. – 15 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакиров Сейитбек Сапарович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Эстебесов Уланбек Бийгазиевич катталган. Добуш берүүгө Нуржанов айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Эстебесов У.Б. - 6 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 5 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эстебесов Уланбек Бийгазиевич Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Долон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Касымов Нурзат Мукамбеталиевич, Торкеев Өмүрбек катталган. Добуш берүүгө Долон айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Касымов Н.М. - 12 добуш, Торкеев Ө. – 8 алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Касымов Нурзат Мукамбеталиевич Долон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Катран айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич, Абалов Нургазы Куттузович, Жалилов Асан Абдиманапович, Салимбеков Нурмат Доорович катталган. Добуш берүүгө Катран айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Салибаев Э. - 11 добуш, Абалов Н. – 1 добуш, Жалилов А. – 4 добуш, Салимбеков Н. – 5 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич Катран айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич катталган. Добуш берүүгө Талды-Суу айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Качаганов Д. Ж.– 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 9 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Оторбаев Талантбек Карымшакович, Тилекманов Айбек Таалайбекович катталган. Добуш берүүгө Боз-Учук айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Оторбаев Т.К. - 7 добуш, Тилекманов А. Т. – 14 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тилекманов Айбек Таалайбекович Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Темир айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Малабеков Кылычбек Шукурбекович катталган. Добуш берүүгө Темир айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, Малабеков К. Ш. – 17 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Малабеков Кылычбек Шукурбекович Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович катталган. Добуш берүүгө Төрт-Күл айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18 депутаты катышты, Байсеркеев У. Ж. – 18 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 29-июнунда өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
29.06.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 29-июнунда өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:29-июнь 2021-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылы 24, 25-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. 2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. 2021-жылы 24-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. 2021-жылы 24-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. 2021-жылы 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. 2021-жылы 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. 2021-жылы 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 9. 2021-жылы 25-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 10. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 11. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Сүлүктү, Балыкчы жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 12. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу  протоколдор бекитилди
28.06.2021

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди 2021-жылы 28-июнда КР БШК Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол жана Кара-Кочкор, Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Нариман, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуев Сагынбек Бокоевич, Эрмекбаев Пазилидин Алимович, Жаныбеков Адилет Жаныбекович катталган. Добуш берүүгө Кашка-Жол айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Турдуев С.Б. 5 добуш, Эрмекбаев П.А. – 4 добуш, Жаныбеков А.Ж. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаныбеков Адилет Жаныбекович Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Амиракулов Умотбек Орозбаевич, Темирбаев Ысак Бакыевич, Аттокуров Жанышбек Камчыбекович катталган. Добуш берүүгө Кара-Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, добуш берүүнүн 1-турунда Амиракунов У.О. 8 добуш, Темирбаев Ы.Б. – 8 добуш, Аттокуров Ж.К. – 4 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. 2-турда Амиракунов У.О. 10 добуш, Темирбаев Ы.Б. – 11 добуш, Аттокуров Ж.К. – 4 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Темирбаев Ысак Бакыевич Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жантороев Канторо, Толубаева Ширин Ражаповна, Кенжетаев Анарбек Алтыбаевич катталган. Добуш берүүгө Катта-Талдык айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты, Жантороев К. 12 добуш, Толубаева Ш. Р. – 9 добуш, Кенжетаев А.А. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жантороев Канторо Катта- Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамажунусов Чингиз Бекмаматович, Ормонов Бакытбек Исраилович, Хосилов Нодир Носирович катталган. Добуш берүүгө Нариман айылдык кеңешинин 31 депутаты катышты, Мамажунусов Ч.Б. 11 добуш, Ормонов Б.И. – 0 добуш, Хосилов Н.Н. – 19 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Хосилов Нодир Носирович Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Калчаев Мелисбек Жайлобекович, Ногойбаев Мунарбек Дайырович, Рысбай уулу Тойчубек катталган. Добуш берүүгө Көл-Төр айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, добуш берүүнүн 1-турунда Калчаев М. Ж. 5 добуш, Ногойбаев М.Д. – 0 добуш, Рысбай у. Т. – 5 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. 2- турда Калчаев М. Ж. 0 добуш, Рысбай у. Т. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Рысбай уулу Тойчубек Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Батталов Ырысбек Сапарбекович, Осмоналиев Таалайбек Муктасынович катталган. Добуш берүүгө Ак-Кыя айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Батталов Ы.С. 20 добуш, Осмоналиев Т.М. – 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Батталов Ырысбек Сапарбекович Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Медербеков Тынчтык Муратбекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Медербеков Т.М. 8 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Медербеков Тынчтык Муратбекович Кызыл- Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Качкынбаев Кенжебек Тентимишович, Майрамбеков Нурбек Майрамбекович, Табылды кызы Айжамал катталган. Добуш берүүгө Ак-Жар айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Качкынбаев К.Т. 6 добуш, Майрамбеков Н.М. – 2 добуш, Табылды кызы А. – 3 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Качкынбаев Кенжебек Тентимишович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 28-июнунда өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
28.06.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 28-июнунда өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                              Өткөрүү датасы:28-июнь2021-ж.                                                                                                                               Убактысы:14:00                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1.2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүнд (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо  боюнча маалымат
26.06.2021

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо  боюнча маалымат

2021-жылы 26-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо  болуп өттү. Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Буланбеков Уланбек Эсенбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Буланбеков Уланбек Эсенбекович Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты добуш беришти.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкекте шайлоо инклюзиясы боюнча дискуссиялык жолугушуу өттү
25.06.2021

Бишкекте шайлоо инклюзиясы боюнча дискуссиялык жолугушуу өттү

Бишкекте ЮСАИДдин колдоосу алдында “Майыптыгы бар адамдардын “Теңдик” бирлиги” коомдук бирикмеси уюштурган Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну талкуулоо боюнча дискуссиялык жолугушуу өттү. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) шайлоо укуктарын коргоо ишин жүргүзгөн уюмдар менен кызматташтыкта даярдалган «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобону ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ведомствонун биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Бүт республика боюнча УШКларда пандустарды орнотуу маселесине ай сайын байкоо жүргүзүлүп турат. Пандус менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 2017-жылы 27%ды түзсө, алардын 80%ы талаптарга жооп берген эмес. Бул көрсөткүч 2020-жылы февралда 43%ды, августта - 65,7%ды, сентябрда - 79%ды, декабрда - 83,4%ды түзсө, 2021-жылы апрелде УШКлардын 85%ы пандустар менен жабдылган. Ошондой эле “Чакыруу нукумасы” жайылтылды. Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаковдун айтымында майыптыгы бар адамдардын көпчүлүк шайлоо укуктары иш жүзүндө ишке ашырылбай келатат. “Кайсы бир жерде шайлоо участокторунун жеткиликтүү болбогондугунан улам, дагы бир жерде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн билимдеринин жоктугунан улам шайлоо укуктары ишке ашырылбай жатат. Биз бышып жетилген маселелерди аныктап, зарыл сунуштарды иштеп чыгышыбыз керек”, - деп белгиледи ал. КР БШК төрагасы ДМЧ адамдардын жеткиликтүүлүк боюнча көйгөй маселелери пандустардын болушунан кеңири экендигин белгиледи. Ал келечекте шайлоо участокторуна баруучу жолдордун жеткиликтүүлүгү боюнча чараларды көрүүнү талап кылат. БШК кийинки жылдарга ушундай милдет койду. БШК чечкен маселелердин экинчи блогу – бул шайлоочуларды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алынышы. Бул үчүн мыйзамдарга социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу атайын мамлекеттик орган ал шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты ар бир жылда 1-февралдан 1-августка карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат. ЕККУнун баалоосу боюнча бул талап Борбордук шайлоо комиссиясынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын укуктарын иш жүзүндө кеңейтүүгө умтулуусун көрсөтүүдө. Бул маалыматтар шайлоо участогу боюнча керектөө картасынын негизи болуп калат, баштапкы маалыматтарды эсепке алат, атайын жардам (шайлоо участогуна жеткизүү – социалдык такси, участокто жардам берүү, бюллетендин атайын форматы ж.б.) керек болгон жарандарды камтыйт. ДМЧ жарандарга маалымдоого дагы эрк-ниетин эркин билдирүүнүн, эркин ишке ашыруунун маанилүү өңүтү катары көңүл бурулду. Өткөн парламенттик, президенттик шайлоодо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо, референдумдарда талапкерлер, саясий партиялар, референдум маселеси боюнча үгүт ишине катышуучу "макул" топ, "каршы" топтору шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарды пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарып, таркатышты.   Маалымат үчүн: БШК ДМЧ шайлоочулардын керектөөлөрүн эске алып, добуш берүү үчүн жайларга карата атайын талаптарды иштеп чыкты: столдор, добуш берүүчү кабиналар жана добуш берүү үчүн урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча); добуш берүүчү бир кабина туурасы 40 смден кем эмес, узатасы 30 смден кем эмес жана бийиктиги полдун деңгээлинен 75 смден кем эмес бийиктикте бюллетень толтуруучу орун (столчо, такта, буюм койгуч ж.б.) менен жабдылышы керек; добуш берүү үчүн жайларда (бери дегенде добуш берүү үчүн бир кабинада) чоңойтуп көрсөтүүчү айнекти (лупа) жана/же Брайль трафаретин жайгаштыруу керек, кошумча жарык берүү, стулдар дагы каралышы абзел;добуш берүү үчүн урналар (АЭУ) добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгилерди көрбөгөндөй болуп, добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинадан бир жарым метрден ашык эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2021-жылы 25-июнда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат
25.06.2021

2021-жылы 25-июнда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жөнүндө маалымат

2021-жылы 25-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Дадаев Муктарали Бектинович, Максутов Замирбек Нурмаматович, Сарыбекова Өктамхон Эргешовна, Саматов Шайырбек Абдилатович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Максутов Замирбек Нурмаматович Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Халмион айылдык кеңешинин 31 депутатынын 20сы добуш беришти. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуматов Руслан Стамбекович, Жадигеров Абдыразак Жакиевич, Дооранбек уулу Мунарбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жадигеров Абдыразак Жакиевич Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Серек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Байсереков Урматбек Жакшылыкович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байсереков Урматбек Жакшылыкович Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төрт-Күл айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18и добуш беришти. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Акышев Акматбек Анаркулович, Байдовлетов Басылбек Нукенович, Бакиров Сейитбек Сапарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакиров Сейитбек Сапарович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бакайыр айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти. Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Сагынбек уулу Кутболсун, Таштаналиев Улан Турунбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сагынбек уулу Кутболсун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКнын ЫЧКТ жыйналышында укук коргоо органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды
25.06.2021

Бишкек АШКнын ЫЧКТ жыйналышында укук коргоо органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды

2021-жылы 24-июнда Бишкек шаар мэриясынын имаратында 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧКТ) жыйналыш өткөрдү. Бишкек АШК башчысы Кайрат Маматов 2021-жылы 11-апрелде өткөн шайлоодо аткарган иштери үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ыракмат айтып, добуштарды сатып алуунун жана администрациялык ресурсту пайдалануунун мүмкүн болуучу фактыларын аныктоого чакырды. Борбор ИИББ үйлөргө жана батирлерге мүмкүн болуучу жапырт каттоого бөгөт коюу, ошондой эле добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга жол бербөө максатында Бишкек шаарынын ар бир районунда ыкчам-тергөө топторун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле жыйналышта укук коргоо органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана  өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
25.06.2021

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-июнунда 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин билдирүүсүн эске алды. БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү менен Көчөрбаева Зульфия Ирисовнаны, Исланбекова Бактыгуль Исланбековнаны, Түлегенов Медет Темировичти «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин коомдук байкоочулары катары каттоону чечти. Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18- беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти
25.06.2021

КР БШК шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти

КР БШК шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 25-июнунда 2021-жылдын 11-июлна дайындалган шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитүү жана добуш берүү үчүн бюллетендерди “Учкун” ААКсында даярдоону ишке ашыруу жөнүндө токтом кылды. Токтом “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 77-беренесине ылайык, “Бекем отчеттуулуктагы документтерди даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22- сентябрындагы № 540 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20- октябрындагы №163 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 209 211 … 484