Бишкек АШК талапкерге жана үч саясий партияга оозеки
эскертүү берди
2021-жылы 23-июнда Бишкек АШКнын Шайлоо алдында үгүт
жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдоо боюнча жумушчу топ КР
БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунан (ЫЧКТ) түшкөн
билдирүүлөрдү жана «Ишеним», «Реформа» жана «Борбор» саясий
партиялары, ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан
талапкер тарабынан социалдык түйүндөргө жарыяланган, убактысынан
мурда үгүт жүргүзүү белгилери бар постторду карап чыкты жана «Ата-Журт
Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер К.К. Конгантиевге, ошондой эле
«Ишеним», «Реформа» жана «Борбор» саясий партияларына шайлоо алдында
үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга жол берилбестиги тууралуу оозеки
эскертүү берүү жөнүндө чечим чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү