Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кээ бир ЖӨБ аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
2021-жылы 21-июлда КР БШК 2021-жылы 13-июлда өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев жана Өрүктү, 2021-жылы 14-июлда өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, 2021-жылы 15-июлда өткөн Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун карап, бекитти.
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Ананьев айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Байгазаков Бактыбек Токтосунович, Муканов Джергалбай Джумабаевич катталган. Добуш берүүгө Ананьев айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, Байгазаков Б.Т. 17 добуш, Муканов Д.Д. – 2 добуш алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байгазаков Бактыбек Токтосунович Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Өрүктү айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Тентимишев Султан Таалайбекович катталган. Добуш берүүгө Өрүктү айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты катышты, Тентимишев С.Т. – 7 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тентимишев Султан Таалайбекович Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдиев Бактыбек Карабекович, Айдыралиев Жандос Болотбекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7 депутаты катышты, Абдиев Б.К. 6 добуш, Айдыралиев Ж.Б. – 1 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдиев Бактыбек Карабекович Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Маңгыт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Маңгыт айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 6 талапкер – Парханов Аббдишукур Курбанбаевич, Абдураимов Насридин Сатвалдиевич, Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич, Маматов Абдували Абсаламович, Мелибаев Шерали Абдыкалылович, Кудайбердиев Замирбек Курманбекович катталган. Добуш берүүгө Маңгыт айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, 1-турда Парханов А.К. – 5 добуш, Абдураимов Н.С. – 1 добуш, Шаймкулов А.А. – 7 добуш, Маматов А.А. – 8 добуш, Мелибаев Ш.А. – 0 добуш, Кудайбердиев З.К. – 0 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди, 2-турда Шаймкулов А.А. – 11 добуш, Маматов А.А. – 9 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-июлундагы жыйналышында Талас шаардык, Лейлек, Түп жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек кызы Назиранын (№ 6, «Аманат» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сатыбеков Нияз Анарбековичке (№ 8, «Аманат» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айылдык кеңешинин депутаты Жороев Бактыяр Сейдалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жээнмуратов Уланбек Исамидиновичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылдык кеңешинин депутаты Абдулхамитов Мухтар Курбонбоевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шамшиева Шарапат Алимбековнага өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Жалилов Бекжан Турсунбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Хасанов Насир Умировичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылдык кеңешинин депутаты Абдилазизов Элеман Борукуловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Илмиянов Рахимжан Саттаровичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык кеңешинин депутаты Сатыбалдиев Женишбек Болотовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер Макешева Бактыгүл Бердалиевнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин кеңешинин депутаты Еркеев Ильяз Марсовичтин (№ 1, «Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Токтоналыев Эрбол Токтоналыевичке (№ 8, «Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 21-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:21-июль2021-ж.
Убактысы:14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. 2021-жылдын 14 - июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3.2021-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас шаардык, Лейлек, Түп жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок шаарындагы шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жөнүндө Токмок АШКнын чечимдерин жокко чыгарды
2021-жылы 17-июлда Борбордук шайлоо комиссиясына «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партияларынан негизсиздигине байланыштуу Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө Токмок АШК чечимдерин жокко чыгаруу талабы коюлган даттануу түштү.
Шайлоо участокторунда добуштарды кол менен саноо жүргүзүлгөн эмес деген «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын арыздарынын негизинде 2021-жылдын 16-июлунда Токмок АШК Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө жогорку чечимди кабыл алган.
«Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партиялары мындай чечимге макул эмес, алар Токмок АШК чечими негизсиз чыгарылган, арыз ээлери – «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиялары кайра саноо жөнүндө талаптарынын негиздерин жана далилдерин келтирген эмес деп эсептешет.
Токмок АШК чечим чыгарууда жыйналышына баардык кызыкдар тараптарды чакырган эмес, участоктордо добуштардын жыйынтыгын саноону жүргүзгөн Токмок шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, добуш берүү күнү шайлоо участокторунда байкоо жүргүзгөн саясий партиялардын байкоочуларынын, коомдук байкоочулардын маалыматтарн уккан эмес, ошондой эле добуштарды кол менен саноо жүргүзүүнү далилдөчү сүрөт жана көрмө материалдар изилденген эмес. Ошондой эле алар АШКнын аталган чечими арыз ээлери – «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын кызыкчылыгына чыгарылган деп эсептешет.
2021-жылы 18-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партияларынын даттанууларын кароо боюнча Токмок шаарында көчмө жыйналыш өткөрдү. Жумушчу топтун жыйналышынын жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жана байкоочулардын маалыматтары угулду, алар баардык 20 шайлоо участогунда шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо өткөрүлгөнүн ырасташты.
Жумушчу топ шайлоо процессинин баардык катышуучуларынын маалыматтарын угуп, Токмок АШК Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө негизсиз чечим кабыл алган деген тыянакка келди жана ал чечимди жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама чыгарды.
БШК Жумушчу топтун чечимин колдоп, Токмок АШКнын Токмок шаарындагы баардык УШКларда добуштарды кайра саноо жөнүндө чечимин жокко чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК «april.kg» сайтында жарыяланган Бишкек АШК «Эмгек» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын бузуулары жөнүндө документтерди жашырып жатат деген маалыматка байланыштуу маалымдады
«april.kg» сайтында жарыяланган «Выборы в горкенеш Бишкека. БТИК скрывает документы о нарушениях партий «Эмгек» и «Онугуу-Прогресс» деген аталыштагы макалага байланыштуу кошумча катары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет.
Бишкек АШКнын жыйналышында «Социал-демократтар» саясий партиясынын арызы боюнча укук коргоо органдарынан алынган материалдар тууралуу айтылды жана «Социал-демократтар» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Касымбековго, ошондой эле «Социал-демократтар» саясий партиясынан талапкер Т. Усубалиевге таанышуу үчүн тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары жана шайлоо натыйжалары
2021-жылы 17-18-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүп, Бишкек шаары боюнча добуш берүү жыйынтыктарын бекитти, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын аныктады.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн бүт мезгилинде түшкөн 22 даттанууну (арызды) карады.
227 участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Бишкек АШК түзгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго ылайык (№1141 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы мурда жараксыз деп таанылган) шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны 104 141 шайлоочуну түздү (добуш берүү үчүн жайда – 101 875, жайдан тышкары жерде – 2 266), жарактуу бюллетендердин саны – 103 431, жараксызы – 710 бюллетень.
Бишкек АШК тарабынан 2021-жылдын 11-июлундагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо өттү деп таанылды жана шайлоонун төмөнкү натыйжалары аныкталды.
Кайталап шайлоого катышкан 18 саясий партиянын 6 саясий партиясы – «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар» 7 пайыздык босогодон өттү. Жүргүзүлгөн эсептерге ылайык депутаттык мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: «Эмгек» - 11 мандат, «Ата-Журт Кыргызстан» - 9 мандат, «Ишеним» - 8 мандат, «Ынтымак» - 7 мандат, «Өнүгүү-Прогресс» - 5 мандат, «Социал-демократтар» - 5 мандат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болуп шайланды деп аныктады:
№ С/п аталышы № Депутаттын фамилиясы, аты-жөнү
1. «Эмгек партиясы»
1. Досалиев Эльмир Акуналыевич
2. Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович
3. Алымбаева Елизавета Бердиевна
4. Ашимов Айбек Майрамбекович
5. Абдиев Бактыбек Кемелович
6. Акунова Лира
7. Султанов Токтосун Султанович
8. Шаршенбай уулу Руслан
9. Кенжебаева Светлана Козубаевна
10. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич
11. Чалов Ильяз Алмазович
2. «Ата-Журт Кыргызстан»
12. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович
13. Сурапбаев Таалайбек Каримжанович
14. Нусубалиева Мээрим Макулбековна
15. Жакыпов Таалайбек Маматович
16. Досиев Эдик Шарипович
17. Ашырова Айканыш Жоомартовна
18. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич
19. Токтогулов Максат Сарылбекович
20. Ашанбаева Омуркан Бактыбековна
3. «Ишеним»
21. Аматов Рысбай Аматович
22. Исмаилов Сайдахмат Аблезович
23. Идырова Рамина Рамазановна
24. Тиллебаев Арнас Маматкадырович
25. Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович
26. Чеченова Мадина Жамаловна
27. Акылбеков Асылбек Акылбекович
28. Усеналиев Бекжан Бактыбекович
4. «Ынтымак»
29. Алымбеков Максат Джумакадырович
30. Эргешов Казыбек Кочкорович
31. Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна
32. Калыков Мийзамидин Абдырахманович
33. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич
34. Халилова Гульназ Мажитовна
35. Сариев Улан Алмасбекович
5. «Өнүгүү-Прогресс»
36. Абдыллабек уулу Манас
37. Абдраимов Жылдызбек Асанкулович
38. Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна
39. Попиков Олег Владимирович
40. Асанбеков Жаныбек Асанбекович
6. «Социал-демократы»
41. Атамбаев Кадырбек Алмазбекович
42. Темиркулов Таалай Орунбекович
43. Дуйшекеева Элнура Качкыновна
44. Абдуллажанов Султанбек Мухтарович
45. Сарылдык уулу Илгиз
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК маалымат агенттиктеринде тараган Бишкек АШК «Эмгек» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын бузуулары жөнүндө документтерди жашырып жатат деген маалыматка байланыштуу маалымдады
«april.kg» сайтында жарыяланган «Выборы в горкенеш Бишкека. БТИК скрывает документы о нарушениях партий «Эмгек» и «Онугуу-Прогресс» деген аталыштагы макалага байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөр менен ырасталган чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат.
Бишкек АШК чечимди арыз берүүчүгө тапшырды.
Мындан тышкары, жогоруда аталган берененин 10-бөлүгүнө ылайык арыздарды (даттанууларды) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимге арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин даттанган учурда чечим чыккан учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет.
Ошентип, «Социал-демократтар» саясий партиясы Бишкек АШК чечимин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 18-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:18-июль2021-ж.
Убактысы: 19:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. "Бирге-Вместе", "Эл Биримдиги" жана "Патриот Ынтымагы" саясий партияларынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-июлундагы № 20/4 чечимине карата даттануусу жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
2."Бирге-Вместе", "Эл Биримдиги" жана "Патриот Ынтымагы" саясий партияларынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-июлундагы № 23/3 чечимине карата даттануусу жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу Токмок шаарында саясий партиялардын даттанууларын кароо боюнча көчмө жыйын өткөрдү
2021-жылы 18-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партияларынын даттанууларын кароо боюнча Токмок шаарында көчмө жыйын өткөрдү.
Борбордук шайлоо комиссиясына даттануусунда саясий партиялар баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жана №7077 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-июлундагы чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүшөт.
Объективдүү, ачык жана ар тараптуу кароо, ошондой эле анык маалымат алуу максатында жумушчу топтун жыйналышына баардык саясий партиялардын («Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы», «Эмгек» жана «Асыл Мурас Жаштар») өкүлдөрү, Токмок шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, саясий партиялардын байкоочулары, коомдук байкоочулар чакырылды .Жыйналышта Токмок АШКнын мүчөлөрүнүн маалыматтары угулду.
Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана байкоочулардын маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо Токмок шаарындагы баардык 20 шайлоо участогунда мыйзамга ылайык өткөрүлгөнү аныкталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу даттанууну ар тараптуу кароо жана Токмок АШК кабыл алган чечимдердин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун аныктоо үчүн видеоматериалдарды изилдөөнү улантат.
Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн даттанууларды жана арыздарды алдын ала карайт. Кароонун жыйынтыгы боюнча жумушчу топ даттануу боюнча биротоло чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштама берет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө Токмок АШКнын чечимдерин негизсиз чечим деп үч саясий партия БШКга даттанды
2021-жылы17-июлда «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партияларынан Токмок АШКнын 2021-жылдын16-июлундагы чечимдерине Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу түштү. Ал чечимдеринде АШК кайталап шайлоодо Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноонучечкен.
Даттануусунда саясий партиялардын өкүлдөрү №7077 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жана Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноожөнүндө Токмок АШКнын чечимдерин негизсиз жана арыз ээлери – «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын кызыкчылыгына чыгарылган чечим катары жокко чыгарууну өтүнүшөт.
Даттанууда көрсөтүлгөндөй, Токмок АШКчечим кабыл алууда арыз ээлеринин кайра саноо жөнүндө талаптарынын негиздерин жана далилдерин талаптагыдай аныктаган эмес, байкоочуларды, партиялардын өкүлдөрүн, шайлоо процессинин башка катышуучуларын уккан эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноону өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды
Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-июлундагы чечими түштү.
Токмок АШК 2021-жылы 16-июлда Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноону өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Чечимде белгиленгендей, Токмок АШКга «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынан Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноону өткөрүү жөнүндө талап менен арыз түшкөн. Арыз ээлери добуштарды кол менен саноошайлоо участокторунун баарында жүргүзүлбөгөндүгүн белилешкен. Токмок АШКнын чечиминде добуштарды кол менен саноо протоколдорун түзүүдө «Эмгек» саясий партиясынын өкүлү күмөн санаган жагдайлар бар экендиги белгиленет. Айкындуулук жана ачыктык максатында Токмок АШК Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноону өткөрүү жөнүндө «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын арызын канааттандырган.
Мыйзам талаптарына ылайык добуштарды кайра санооБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен өткөрүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясыТокмок АШКнын бул чечимин карайт.
Эскертүү:мындаТокмок АШКнын 2021-жылдын 16-июлундагы чечими менен №7077 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган.
Маалымат үчүн:
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайыкдобуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбөөлөр табылганда же участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына күмөн саноо пайда болгондо аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайтадан эсептөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, анда "Добуштарды кайталап эсептөө" деген белги коюлат. Протокол Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери коронавируска каршы эмделди
КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2021-жылдын 24-февралындагы буйругуна ылайык БШК кызматкерлери үчүн коронавирус инфекциясына каршы көчмө вакцинация уюштурулу. БШК кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-июлдагы жыйналышында Базар-Коргон, Сузак, Жумгал, Баткен, Баткен, Талас жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Чолпонов Икрамжон Сайфутдиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Мамадалиев Муражон Атамирзаевичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Бобошев Талантбек Абдуллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Жееналиев Арстанбек Мундузовиче өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Сагынбек уулу Кутболсундун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Мамеков Артымбек Салмоорбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинин депутаты Абылабеков Бердибектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Эркинбаев Нурбек Майрамбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Сабырбек уулу Калысбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат кароолчу Абдыракманов Асхат Осумбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылдык кеңешинин депутаты Качкын уулу Эрландын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат окутуучу Эрнисбек уулу Жылдызбекке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Каламбеков Абдикарим Саалыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдиев Азамат Акпаралиевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Дыйканов Кубанычбек Айбашовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Ульмасов Женишбек Мамадалиевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Рахимов Мамыржан Тойчуевичтин (№1, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Исаев Султанали Махамаджановичке (№13, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Бурханов Имамназар Апызовичтин (№12, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Баткен районунун Социалдык фондунун сектор башчысы Таипов Авазбек Полотовичке (№15, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Гаипова Буунзарат Абабакировнанын (№3, “Эмгек” деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин директору Шаимова Эльмира Ибрагимжановнага (№9, “Эмгек” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Эралиева Эльмира Курбаналиевнанын (№6, “Эмгек” деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сатыбалдиева Ильвахан Маматкасымовнага (№12, “Эмгек” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Атабеков Эржан Мамытовичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айылдык кеңешинин депутаты Ниясалиев Маратбек Анарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Темир уулу Беккулуга өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадыров Мелисбек Өмүржановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Чекир-Суу” чарбасынын башкы агроному Мусуралиев Мирлан Самарбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва районунун Первомай айылдык кеңешинин депутаты Асаналиев Бектур Болотбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат пенсионер Дунганов Совхозбек Уйчиевичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
Бүгүн – 2021-жылы 16-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2021-жылдын 9-июлундагы №52 буйругу менен Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүү 2021-жылдын 4-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Токтом “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
Түп аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
КР БШК 2021-жылы 16-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы №559 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мусаев Саипжан Маматибраимович катталган. Добуш берүүгө Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 13 депутаты катышкан. Мусаев С. М. 11 добуш алган, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мусаев Саипжан Маматибраимович Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 16-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:16-июль2021-ж.
Убактысы:14.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 9-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон, Сузак, Жумгал, Баткен, Баткен шаардык, Талас жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу