Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Ош шаарындагы кайра шайлоодо «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча Административдик соттун чечимин КР Жогорку соту күчүндѳ калтырды
30.07.2021

Ош шаарындагы кайра шайлоодо «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча Административдик соттун чечимин КР Жогорку соту күчүндѳ калтырды

2021-жылдын 26-июлунда Борбордук шайлоо комиссиясы № 636 токтому менен 2021-жылдын 15-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош АШКнын протоколун бекитти.  Борбордук шайлоо комиссиясы «Бир Бол» саясий партиясынан талапкер С.З. Патидиновдун катоосун жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарды. «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы аталган токтомду Бишкек шаарынын  Административдик сотунда даттанган.  2021-жылдын 28-июлундагы Административдик соттун чечими менен «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 636 токтомунун 2 жана 3-пункттары жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 30-июлундагы токтому менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими күчүндѳ калтырылган. Ошентип  добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош АШКнын протоколу «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы бѳлүгүндѳ ѳзгѳртүлбѳстѳн бекитилген. Ош АШКнын 2021-жылдын 11-июлундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдорунун маалыматтарына ылайык, шайлоочулардын 7 жана андан кѳп пайыздарын алышкан тѳмѳндѳгү  4 саясий партиялардын ортосунда 45 депутаттык мандат бѳлүштүрүлдү: - «Ата-Журт Кыргызстан» - 38,91% (19 мандат); - «Биздин Кыргызстан» - 32,41% (15 мандат); - «Улуттар Биримдиги элдик партиясы» - 15,51% (7 мандат), - «Бир Бол» - 7,85% (4 мандат).  
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
30.07.2021

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

КР БШК 2021-жылы 30-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Досатов Дастанбек Мамасыдыкович, Тагаева Райкан Тайкараевна катталган. Добуш берүүгө Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышкан. Досатов Д. – 11 добуш, Тагаева Р. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Досатов Дастанбек Мамасыдыкович Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 30-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 30-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                              Өткөрүү датасы:30-июль2021-ж.                                                                                                                               Убактысы:11:00                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   2. Ар кандай маселелер    
Кененирээк билүү >>
КР  БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту жана бошлогон депутаттык мандаттарды ѳткѳрүп берди
28.07.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту жана бошлогон депутаттык мандаттарды ѳткѳрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-июлундагы жыйынында Сузак, Кара-Көл, Базар-Коргон, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Кемин жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Тугойбекова Нурсултана Тугойбековичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Абдымажит уулу Капарга – жеке ишкерге берилген. Жалал-Абад облусунун Каракѳл шаарындагы Каракѳл шаардык кеңешинин депутаты Чокоев Мухамед Чокоевичтин (№4) («Ата-Журт Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын нрегизинде токтотулган. Мандат Токтомушев Эгемен Токтомушевичке (№7) (с/п «Ата-Журт Кыргызстан») - Токтогул ГЭСинин монтажчысына берилген. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаты Исаков Замирбек Тургуналиевичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Абдраимов Нурланбек Келдибековичке – жеке ишкерге берилген. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин депутаты Аманкулов Казыбек Жолдошбаевичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Шамшиев Рустамбек Асанбековичке – жеке ишкерге берилген. Ош облусунун Өзгѳн районундагы Өзгѳн шаардык кеңешинин депутаты Атаджанов Рахман Садиковичтин (№4) («Аманат» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Маматкасимов Сарварбек Маматсадиковичке (№7) (с/п «Аманат») – Өзгѳн шаарындагы үй-бүлѳлүк врачка берилген. Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Шарипова Инабат Абдиваповнанын ыйгарым укуктары берген арызынын нрегизинде токтотулган. Мандат Шамиев Раатка - «Улан-15» фермердик чабанын башчысына берилген. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Жумалиев Адилет Жумалиевичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Исаев Турсунбек Жумабековичке - Ой-Терскен орто мектебинин мугалимине берилген. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Стамакунов Талантбек Акматбековичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Туюкбаев Алмаз Мусаевичке –убактылуу иштебегенге берилген. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңешинин депутаты Кермакунова Гулзаад Калыбековнанын ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Садылбекова Элвира Рысбековнага - заведующая детским садом «Сезим-Тал» балдар бакчасынын башчысына берилген. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Сулайманов Даниэл Бакировичтин ыйгарым укуктары депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Толубаев Эрмек Толубаевичке - РСК Банктын бухгалтерине берилген. Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык кеңешинин депутаты Абдывалиев Кайрат Замирбековичтин (№2) («Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын нрегизинде токтотулган. Мандат Атамбеков Нурлан Асанкуловичке (№4) (с/п “Замандаш”) – фермерге берилген. Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Иманбаев Турсунбек Нуркамиловичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Султаналиев Азизбек Таалайбековичке – жеке ишкерге берилген. Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Асанов Бакытбектин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Тургунбаев Талант Султашовичке – К. Чылыбаев атындагы орто мектептин мугалимине берилген. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
28.07.2021

БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-июлунда Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кошбаков Сапарбек Балтабаевич, Абдимомунова Айзирек Абдимомуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын. 2. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыразаков Азизбек Камчибекович, Айдарали кызы Каныгул, Жапарова Айжаркын Бахадыровна, Мамажанова Гулмира Мирзатовна комиссиянын резервинен чыгарылсын. Токтом Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясыынын мүчөлөрү С.Б. Кошбаковдун, А.А. Абдимомунованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө, ошондой эле Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясыынын резервинде турган А.К. Абдыразакованын, Айдарали к. К., А.Б. Жапарованын, Г.М. Мамажанованын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынган. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону дайындады
28.07.2021

КР БШК Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн 2021-жылдын 28-июлундагы жыйынында Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Нарын облусудагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын –акиминин 2021-жылдын 22-июндагы №02-10/1242 тескемеси менен Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Медербеков Тынчтык Муратбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган, ушуга байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 16-авгусутуна саат 9-00дѳн 12-00гѳ чейин дайындалган. Токтом “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ” жобого ылайык кабыл алынган. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Респрубликасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык- эпидемиологиялык эрежени сактоо менен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын башчысын кайра шайлоону ѳткѳрүүнү уюштуруу тапшырылган. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдор бекитилди
28.07.2021

Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдор бекитилди

2021-жылдын 28-июлунда КР БШК Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдорду карады жана бекитти. Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчсынын кызмат ордуна Орок айылдык кеңешинин депутаттары кѳрсѳтүшкѳн 3 талапкер – Сыдыгалиев Муслим Усенбекович, ЧодуевУрмат Асылбекович жана Эшеналиев Азат Буларович катталган. Долбуш берүүгѳ Орок айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышкан, Сыдыгалиев М.У. -1 добуш, Чодуев У.А. - 15 добуш, Эшеналиев А.Б.-3 добуш, “талапкерлердин баарына каршы” позициясы боюнча - 1 добуш алышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чодуев Урмат Асылбекович Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайланган. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 28-июлунда өтүүчу жыйналышынын күн тартибинин долбоору
28.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 28-июлунда өтүүчу жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 28-июль 2021-ж. Убактысы: 19:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 22 - июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө  протоколдорду  бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө          (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3.Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Кара-Көл, Базар-Коргон, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Кемин жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо катышкан саясий партиялардын натыйжалары жараксыз деп табылган шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү тууралуу,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Гайыпкулов И.Т., Кыргыз Республикасынын БШК мүчөсү, Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси)   6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
АШК  системалык администраторлору үчүн шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча тренингѳткѳрүлдү
27.07.2021

АШК системалык администраторлору үчүн шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча тренингѳткѳрүлдү

2021-жылдын 26-27июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Бишкектеги ОБСЕ программалык офиси «Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо, маалыматтык системаны жана шайлоо жабдууларын пайдалануу боюнча сунуштар» деген темада аймактык шайлоо комиссияларынын систенмалык администраторлору үчүн тренинг ѳткѳрүлдү. Бул тренинг шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоого жана алардын маалыматтык коопсуздугун сактоого, шайлоо процессинде маалыматтык каражаттарды жана шайлоо жабдууларын колдонууга арналган. Иш-чарага Бишкектеги ОБСЕ программалык офиси жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» КФ, ошондой эле (онлайн режиминде) Грузиянын жеке маалыматтарды коргоо чѳйрѳсүндѳгү эл аралык эксперт Тамар Калдани катышып, «Шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча усулдук сунуштарды» презентациялоо болду. Маалыматтык системаны жана шайлоо жабдууларын колдонуу боюнча окутуу тренингинин материалдары БШКнын аппаратынын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан даярдалган. Тренингдин контети шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде маалыматтык системаны жана шайлоо жабдууларын колонуунун негизги принциптьертин, талаптарын жана стандарттарын ѳзүнѳ камтыйт. Окуунун жүрүшүндѳ аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлору шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо, шайлоо участкаларынын чек араларын түзүүдѳ жана шайлоочулардын тизмесин тактоодо жана түзүүдѳ маалыматтык системанын ролу, биометрикалык идентификациялоо жүргүзүү жана добуштарды автаматтык эсептѳѳ, шайлоо процессинде аларды колдонуу сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты.   КР БШК маалымат бѳлүмү                    
Кененирээк билүү >>
Токмок  шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды
27.07.2021

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

2021-жылдын 11-июлунда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо болуп ѳттү. Токмок шаарында шайлоочулардын жалпы саны 38100 шайлоочуну түзѳт, добуш берүүгѳ 16973 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 44,55% түзѳт. Токмок шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 болуп саналат. Токмок шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 20 шайлоо участкалары түзүлгүн. Мурда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Токмок АШК) 2021-жылдын 22-июлундагы №26/2 чечими менен «Эл Биримдиги» саясий партиясынын каттоо жокко чыгарылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 154 чечими менен Токмок АШКнын аталган чечими жокко чыгарылган. Токмок шардык кеңешине депутаттарды шайлоонун 7% босогосунан ѳтүү менен, катталган 7 партиядан тѳмѳндѳгү 5 саясий партия ѳтүшкѳн: - «Бирге-Вместе» - 28,28% (9 мандат); - «Эмгек» - 24,83% (8 мандат); - «Асыл Мурас-Жаштар» - 16,67% (5 мандат); - «Патриот Ынтымагы» - 13,70% (5 мандат); - «Эл Биримдиги» - 12,14% (4 мандат). Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 22-июлдагы протоколу менен кайра шайлоону болуп ѳттү деп тааныды жана кийин Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган «Эл Биримдиги» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимди эске алуу менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларын белгилеген. Мында Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок АШК жана анын айрым мүчѳлѳрү Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде аймактык шайлоо комиссиясына жүктѳлгѳн ыйгарым укуктарды тийиштүү деңгээлде аткарууга терс таасир этишкенин белгилеген. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы бир нече ирет негизсиз жана мыйзамсыз чечимдерди (шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу жѳнүндѳ, бардык шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендерин кайра эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ, талапкерди жана талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жѳнүндѳ) кабыл алган, кийин алар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылган. Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн жыйынында 2021-жылдын 22-июлундагы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Токмок АШКнын протоколун жокко чыгарган, «Эл биримдиги» саясий партиясын эске алуу менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколду бекиткен.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды
27.07.2021

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-майындагы Жарлыгына ылайык 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо болуп ѳттү. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 18 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган. Бишкек шаарында шайлоочулардын корутунду тизмесинде 426 699 шайлоочу катталган, добуш берүүгѳ 104141 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 24,41% түзѳт. Бишкек шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзѳт. Бишкек шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 228 шайлоо участкалары түзүлгѳн. Мурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Бишкек АШК) 2021-жылдын 14-июлундагы чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо № 1141 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган. 227 (228тин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ 2021-жылдын 18-июлундагы протоколдордун негизинде кайра шайлоо болуп ѳттү деп таанылды жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары белгиленди. Кайра шайлоодо 7% босогодон ѳтүү менен, катталган 18 пратиядан 6 саясий партия Бишкек шаардык кеңешине ѳтүп, мандаттарды тѳмѳнкүдѳй бѳлүштүрүштү:   - «Эмгек» - 18,25% (11 мандат); - «Ата-Журт Кыргызстан» - 14,26% (9 мандат); - «Ишеним» - 12,56% (8 мандат); - «Ынтымак» - 10,82% (7 мандат); - «Өнүгүү-Прогресс» - 8,16% (5 мандат); - «Социал-демократтар» - 8,09% (5 мандат). Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учулар тууралуу 77 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкѳн. Келип түшкѳн бардык билдирүү, арыз жана даттануулар боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү чаралар кабыл алынган. Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн жыйынында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ 2021-жылдын 18-июлундагы Бишкек АШКнын протоколун бекитти.
Кененирээк билүү >>
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды
27.07.2021

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

2021-жылдын 11-июлунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо болуп ѳттү. Ош шаарында шайлоочулардын жалпы саны 152 718 шайлоочуну түзгѳн, добуш берүүгѳ 65 469 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 42,87% түзѳт. Ош шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзѳт. Ош шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 78 шайлоо участкалары түзүлгүн. Мурда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы чечими менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо № 5308 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган. «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респрубликасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Ош АШК 77 (78тин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протколдорунун негизинде кайра шайлоону болуп ѳттү деп тааныды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларын белгиледи. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ош АШКнын протоколдорунун маалыматтарына ылайык, тѳмѳндѳгү 4 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан кѳп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан: - «Ата-Журт Кыргызстан» - 38,91% (19 мандат); - «Биздин Кыргызстан» - 32,41% (15 мандат); - «Улуттар Биримдиги элдик партиясы» - 15,51% (7 мандат), - «Бир Бол» - 7,85% (4 мандат). Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – БШК), Ош аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учулар тууралуу 67 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкѳн. Алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар кабыл алынган. Бирок шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча укук коргоо органадары берген бир катар материалдар боюнча Ош АШК тарабынан тийиштүү чаралар кабыл алынган эмес. Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, талапкерлер Н.А. Таджибаева («Биздин Кыргызстан» саясий партиясы), С.З. Патидинов («Бир бол» саясий партиясы), ошондой эле «Биздин Кыргызстан» саясий парнтиясынын бир катар адамдары боюнча материалдар сотко жѳнѳтүлгѳн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жазаган «шайлоочуларды сатып алуу» боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык талапкерлер Н.А. Таджибаевага жана С.З. Патидиновго кылмыш жазагандыгына шектеүү жѳнүндѳ билдирме берилген. Ошондой эле «Биздин Кыргызстан» партиясынын пайдасына сатып алууларды ишке ашырган бир катар адамдарга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча эки иш сотко ѳткѳрүлгѳн. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергѳѳ кызматынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, БШК Борбордук комиссиясы «Бир бол» саясий партиясынан талапкер С.З. Патийдинов тарабынан бузуулар жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер жана ѳкүлдѳр тарабынан бир нече ирет бузуулар болгондугун белгилейт. Ушуга байланыштуу БШК 2021-жылдын 15-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыктары жѳнүндѳ Ош АШКнын протоколун бекитти, мында «Бир бол» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.З. Патидиновду каттоону , «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу менен «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп тааныды.   КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 26-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 26-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 26-июль 2021-ж. Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. "Социал-демократтар" саясий партиясынын Бишкек АШКнын 2021-жылдын 18-июлундагы БШКнын депутаттарын кайталап шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө чечими боюнча билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү) 2. "Ынтымак" саясий партиясынын Бишкек АШКнын 2021-жылдын 17-июлундагы №74/2 чечимине даттануусу боюнча (баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү) 3. 2021-жылдын 11-июлунда өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө (баяндамачы - М. Кожокеева - шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Коммерциялык эмес уюмдардын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын аракеттерине даттануулары (баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү) 5. 2021-жылдын 11-июлунда өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө (баяндамачы - М. Кожокеева - шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. "Эл Биримдиги" саясий партиясынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-июлундагы No 26/2 чечимине даттануусу боюнча (баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү) 7. "Бирге-Вместе", "Эл Биримдиги", "Патриот Ынтымагы" саясий партияларынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттери боюнча билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү) 8. 2021-жылдын 11-июлунда өткөн Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө (баяндамачы - М. Кожокеева - шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 26-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 26-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 26-июль 2021-ж. Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызы боюнча (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө.(Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 7-июлундагы токтомуна байланыштуу, баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү) 3. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө. (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин төрагасынын жана депутаттар тобунун Сокулук АШКнын 2021-жылдын 9-июлундагы №131 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызы жөнүндө. (баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам чара коруучу координациялык тобунун маалыматы жөнүндө (баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү)   6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК аппаратынын кызматкерлери үчүн жеке маалыматтарды коргоо боюнча тренинг өткөрүлдү
23.07.2021

КР БШК аппаратынын кызматкерлери үчүн жеке маалыматтарды коргоо боюнча тренинг өткөрүлдү

2021-жылы 23-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча сунуштар” деген темада КР БШК аппаратынын кызматкерлери үчүн тренинг уюштурулду. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо жана жеке маалыматтардын маалыматтык коопсуздугу окутуучу иш-чаранын максаты болду. ЕККУнун Программалык офисинин жана “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун колдоосу алдында уюштурулган тренингде жеке маалыматтарга байланыштуу маселелер талкууланды, жеке маалыматтарды укуктук жактан жөнгө салуу жана маалыматтык коопсуздук жөнүндө баяндамалар жасалды, бул өңүттө кездешүүчү көйгөй маселелер, аларды чечүү жөнүндө кеңири сөз болду. Ошондой эле тренингде Грузиянын жеке маалыматтарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык эксперт Тамар Калдани “Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча усулдук сунуштар” деген темада онлайн режиминде баяндама жасады. БШК аппаратынын кызматкерлери жеке маалыматтарды коргоо, биометрикалык маалыматтар сыяктуу маанилүү маселелерди жигердүү талкуулашты. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу
23.07.2021

БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын-Баткен облусу Кадамжай, Лейлек Жалал-Абад облусу Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Чаткал, Майлуу-Суу, Нарын облусунун Ат-Башы, Кочкор, Талас облусунун Талас шаардык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Каракол, Түп, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Чүй облусу Ысык-Ата, Москва, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. Аймактык шайлоо комиссиялары–жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт. Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.          Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын)кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.          Жогорудакөрсөтүлгөндокументтергетөмөнкүлөртиркелет: -аймактыкшайлоокомиссиялардынрезервиндеиштөөгөмакулдугужөнүндөталапкердинарызыжанаКыргызРеспубликасыныншайлоомыйзамдарынынченемдеринсактоожөнүндөмилдеттенмеси; -паспортунункөчүрмөсү; -иштеген,окуганжерин,билиминкөрсөтүүмененөмүрбаянынатиешелүүмаалыматтары(кадрлардыэсепкеалуубоюнчажекебаракчасыжерезюмеси); -байланышмаалыматтары:жашаганжерининдареги,телефону. «КыргызРеспубликасыныншайлоожанареферендумөткөрүүбоюнчашайлоокомиссияларыжөнүндө»КыргызРеспубликасынынМыйзамынын22-беренесининнегизиндетөмөнкүлөрАШКнынмүчөсүболоалбайт: -ЖогоркуКеңештиндепутаты,жергиликтүүкеңештиндепутаты; -мамлекеттикоргандардынжанажергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынынкызматадамдары; -судья,укуккоргоожанафискалдыкоргандынкызматкери,аскеркызматчысы; -талапкер,талапкердинжанасаясийпартиянынөкүлү; -башкамамлекеттинжарандыгыбарадам; -мыйзамдабелгиленгентартипте,соттуулугуалыпсалынбаганжежоюлбаганадам; -башкашайлоокомиссиясынынмүчөсү; -шайлоокомиссиясынынмүчөлүгүнөнмөөнөтүнөнмурдатерснегиздербоюнчабошотулганадамдар. Көрсөтүүсубъектилеришайлоокомиссиясынынмүчөлүгүнөталапкер,эрежекатары,тиешелүүкалкжашаганпункттажашашыкерекэкенинэскеалууларызарыл. Жарандардынчогулушунан,коомдукуюмдарданаймактыкшайлоокомиссияларынынрезервдеринеталапкерлердикөрсөтүүжөнүндөпротоколдор2021-жылдын2-августунунсаат18-00гөчейинжергиликтүүөзалдынчабашкаруунунөкүлчүлүктүүоргандарында(шаардык,айылдыккеңештерде)кабылалынат.Жергиликтүүөзалдынчабашкаруунунөкүлчүлүктүүоргандарысессиясындакаралгандокументтерди(сессиялардынтоктомдоружанакөрсөтүлгөнталапкерлердинтизмесименен)тиешелүүАШКгаберет.БШКнынтиешелүүАШКдагыатайынөкүлүбүтдокументтердиБШКгатапшырат. Аймактыкшайлоокомиссияларынынрезервдеринесаясийпартияларданталапкерлердикөрсөтүүжөнүндөпротоколдор2021-жылдын2-августунунсаат18-00гөчейинсаясийпартиянынжетекчиорганынынөкүлүтарабынанБШКгатапшырылат.          «Шайлоокомиссияларынтүзүүжанатаратуутартибижөнүндө» жана «Шайлоокомиссияларынынрезервинтүзүүжанажүргүзүүтартибижөнүндө» жоболормененКыргызРеспубликасынынШайлоожанареферендумөткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясынынwww.shailoo.gov.kgрасмийсайтынантаанышсаңыздарболот. Маалыматалуутелефону:(0312)66-01-16,(0312)66-01-18 Эскертүү: «КыргызРеспубликасыныншайлоожанареферендумөткөрүүбоюнчашайлоокомиссияларыжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
1 … 202 204 … 484