Башкы Жаңылыктар БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын …

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

16-Июл, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-июлдагы жыйналышында Базар-Коргон, Сузак, Жумгал, Баткен, Баткен, Талас жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Чолпонов Икрамжон Сайфутдиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Мамадалиев Муражон Атамирзаевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Бобошев Талантбек Абдуллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Жееналиев Арстанбек Мундузовиче өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Сагынбек уулу Кутболсундун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Мамеков Артымбек Салмоорбековичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинин депутаты Абылабеков Бердибектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Эркинбаев Нурбек Майрамбековичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Сабырбек уулу Калысбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат кароолчу Абдыракманов Асхат Осумбековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылдык кеңешинин депутаты Качкын уулу Эрландын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат окутуучу Эрнисбек уулу Жылдызбекке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Каламбеков Абдикарим Саалыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдиев Азамат Акпаралиевичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Дыйканов Кубанычбек Айбашовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Ульмасов Женишбек Мамадалиевичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Рахимов Мамыржан Тойчуевичтин (№1, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” деп. фракциясы)  ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Исаев Султанали Махамаджановичке (№13, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Бурханов Имамназар Апызовичтин (№12, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” деп. фракциясы)  ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Баткен районунун Социалдык фондунун сектор башчысы Таипов Авазбек Полотовичке (№15, “Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Гаипова Буунзарат Абабакировнанын (№3, “Эмгек” деп. фракциясы)  ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин директору Шаимова Эльмира Ибрагимжановнага  (№9, “Эмгек” саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Эралиева Эльмира Курбаналиевнанын (№6, “Эмгек” деп. фракциясы)  ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сатыбалдиева Ильвахан Маматкасымовнага  (№12, “Эмгек” саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Атабеков Эржан Мамытовичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айылдык кеңешинин депутаты Ниясалиев Маратбек Анарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Темир уулу Беккулуга өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадыров Мелисбек Өмүржановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Чекир-Суу” чарбасынын башкы агроному Мусуралиев Мирлан Самарбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Москва районунун Первомай айылдык кеңешинин депутаты Асаналиев Бектур Болотбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат пенсионер Дунганов Совхозбек Уйчиевичке өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>