«april.kg» сайтында жарыяланган «Выборы в горкенеш Бишкека. БТИК скрывает документы о нарушениях партий «Эмгек» и «Онугуу-Прогресс» деген аталыштагы макалага байланыштуу кошумча катары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет.
Бишкек АШКнын жыйналышында «Социал-демократтар» саясий партиясынын арызы боюнча укук коргоо органдарынан алынган материалдар тууралуу айтылды жана «Социал-демократтар» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Касымбековго, ошондой эле «Социал-демократтар» саясий партиясынан талапкер Т. Усубалиевге таанышуу үчүн тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү