Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШКнын мурдагы мүчөсү Ж.Жолдошевага көңүл айтат
16.07.2021

Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШКнын мурдагы мүчөсү Ж.Жолдошевага көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты энеси дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу КР БШКнын мурдагы мүчөсү Жылдызкан Жолдошевага терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус азасын тең бөлүшөт.   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты  
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК “Жалпы иш” коомдук фондунан түшкөн арыздарды карады
14.07.2021

Бишкек АШК “Жалпы иш” коомдук фондунан түшкөн арыздарды карады

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү алкагында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) “Жалпы иш” коомдук фондунан арыздар түштү. Арызында “Жалпы иш” коомдук фонду №№1035, 1061, 1139, 1309 УШКларда добуш берүү жол-жоболору бузулгандыгын көрсөтөт жана ал бузууларды шайлоо мыйзамдарына ылайык кароону өтүнөт. Бишкек АШК берилген арыздарды карап чыгып, “Жалпы иш” коомдук фондунан арыздарында көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алды жана жол-жоболорду бузууга жол бербөө жөнүндө айрым УШК мүчөлөрү менен түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү чечти, ошондой эле кат жүзүндө эскертүү берди. Мындан тышкары, протоколдордун туура толтурулушун жана добуштарды саноону текшерүүдө №1141 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилегенге мүмкүнчүлүк болгон жок, ошого байланыштуу №1141 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Алай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
13.07.2021

БШК Алай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 13-июлдагы жыйналышында Алай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: Алай аймактык шайлоо комиссиясы: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыкеримова Нуркыз Зундуевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Молдобаев Мамыт резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Каракол аймактык шайлоо комиссиясы: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Амантурова Чинара Кыдыкбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшеков Амантур Бекишович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Алай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
13.07.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

КР БШК 2021-жылы 13-июлда Жайыл, Кемин, Бакай-Ата, Аксы, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Рыспеков Ильяс Асылбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат РСЧБ кызматкери Жеңишбеков Тилек Жеңишбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айылдык кеңешинин депутаты Жетенбаев Кайрат Рахымбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Асанкулов Тамерлан Аманкуловичке өткөрүп берилди. Айыл башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак айылдык кеңешинин депутаты Жумакеева Айгүл Зарылыковнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат бала бакча кызматкери Мадярбекова Мира Ажибековнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Камчыбек уулу Шекербектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат РЭС чебери Сатыбалдиев Аман Жакыпбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Анарбеков Муратбек Анарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ашырбаев Шакирбек Ашырбековичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинин депутаты Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Турганбаев Нурлан Токтосуновичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык кеңешинин депутаты Арзи уулу Азизбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ибраимов Дастанбек Абдыгуловичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Нурбек Жапашовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат АРИСтин адиси Тоотаев Байымбет Абдимиталиповичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Амирбеков Алмазбек Амирбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Тургунбай уулу Улукбекке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылдык кеңешинин депутаты Джеенбаев Улукбек Рахматиллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ГУ «Кадастр» МИнин Өзгөндөгү филиалынын адиси Абдраимов Кубаталы Маматжановичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылдык кеңешинин депутаты Курманбеков Сейтектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Адишов Зулумбек Абдыгуловичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айылдык кеңешинин депутаты Каратаев Базарали Тагаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өзгөн РЭСтин контролеру Күрөңов Алтынбек Жунусовичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айылдык кеңешинин депутаты Задабаев Кубатбек Манапбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Зулпукаров Замирбек Абдыжапаровичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Мусурманкулов Абдраким Ходжамовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Орозбаев Маматякуп Эрчибаевичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айылдык кеңешинин депутаты Жолоев Аватбек Идирисовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат микрокредиттик компаниясынын директору Исраилов Мирлан Камытжановичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадыров Сүйүнтбек Осмоновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын жетекчиси Аканов Кудайбердиге өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты Батаев Дүйшөбек Мамасаитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат РСЧБ гидротехниги Бобеков Асылбек Матураимовичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Зулпукаров Тумарбек Раимжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Эшбаев Назарали Коргонбаевичке өткөрүп берилди. КР БШК 2021-жылы 13-июлдагы жыйналышында Ашым уулу Ноорузбекти (Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңеши) талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти. Токтом «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
13.07.2021

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында 2021-жылы 7-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти. Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Бирдик айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кадырманова Анар Алтымышевна жана Кыргыялиева Кулжакан Кыдырмаевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу менен добуш берүүгө Бирдик айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышканы, Кыдырманова А.А. – 7 добуш, Кыргыялиева К.К. – 4 добуш алганы, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилгени белгиленген. Кайталап шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Кадырманова Анар Алтымышевна Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
13.07.2021

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында 2021-жылы 7-июлда өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Байзаков Дарвиш Элчибекович жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Абдырахманов Замирбек Дүйшөбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен добуш берүүгө Кара-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышканы, 1-турда – Байзаков Д. Э. – 9 добуш, Абдырахманов З. Д. – 3 добуш алганы, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 9 добуш берилгени, 2-турда – Байзаков Д. Э. – 13 добуш алганы, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 8 добуш берилгени белгиленген. Кайталап шайлоонун натыйжасы тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Байзаков Дарвиш Элчибекович Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрү КМШ Миссиясынын 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн алдын ала натыйжалары менен тааныштыруусуна катышты
13.07.2021

БШК мүчөлөрү КМШ Миссиясынын 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн алдын ала натыйжалары менен тааныштыруусуна катышты

2021-жылы 12-июлда БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов жана А.Жумалиева КМШ Миссиясынын 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Республикасынын Парламентинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн алдын ала корутундусу менен тааныштыруусуна катышты. Молдова Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-апрелдеги Жарлыгы менен онунчу чакырылыштагы Парламент таркатылган жана жаңы Парламентти шайлоо дайындалган. Молдованын Шайлоо кодексине ылайык Парламент таркатылгандан кийин 60 күндөн эрте эмес жана 3 айдан кечиктирилбестен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Шайлоо мезгили добуш берүү күнүнө чейин 60 күн мурда 2021-жылы 5-майда башталды. Молдова Республикасынын Шайлоо кодекси шайлоонун эл аралык демократиялык стандарттарына жооп берген, шайлоо укуктарын коргоо жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүүнүн механизмдери бар, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, жалпы жана тең шайлоо укугунун, жашыруун добуш берүүнүн негизинде көз карандысыз шайлоо органдары тарабынан шайлоону уюштуруу жөнүндө жоболорду камтыйт. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – БШК), 37 округдук шайлоо кеңештери жана 2 150 участкалык шайлоо бюросу, анын ичинде 150 участкалык шайлоо бюросу камсыздады. Молдованын шайлоочуларынын Мамлекеттик регистрине добуш берүү укугу менен 3 млн. 282 миң 837 жаран киргизилген. Парламенттин 101 депутаты 4 жылдык мөөнөткө аралаш тутум боюнча — 50 депутат партиялык тизме боюнча, 51и — өзүнчө шайлоо округдарында шайланат. Парламенттеги көпчүлүк өкмөттү түзөт. Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосу төмөнкүдөй: саясий партиялар үчүн — 5%, эки же андан ашык партиялардан турган шайлоо блоктору үчүн — 7%, көз карандысыз талапкерлер үчүн — 2%. Партиялардын талапкерлерин каттоо үчүн коомдук-саясий уюмдар, шайлоо блоктору 51 адамдан кем эмес, 103 адамдан ашык эмес талапкерлердин тизмелерин берүүгө тийиш. Парламентке шайлоодо талапкерлердин тизмелери эки жыныстагы адамдар үчүн 40%дык квотаны сактоо менен түзүлөт. Парламенттин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2021-жылы 12-майда башталып, 2021-жылы 11-июнда аяктады. Молдовада расмий түрдө катталган 53 саясий партиядан шайлоого бардыгы 23 субъект катышты, анын ичинде 20 саясий партия, 2 шайлоо блогу (ар бири 2 саясий партиядан түзүлгөн) жана 1 көз карандысыз талапкер катышты. Атаандаштар 2021-жылдын 26-июнуна чейин каттоо жөнүндө чечим менен бекитилген сандын чегинде гана талапкерлердин тизмелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сураганга укуктуу болушту. Молдова Республикасынын Парламентиндеги 101 депутаттык мандатка 1791 адам талапкер болду, анын ичинде 956 эркек жана 837 аял. Шайлоо өнөктүгү ар бир субъект үчүн Молдова БШКсында катталгандан тартып башталат. Үгүт өнөктүгү саясий атаандаштардын курч атаандаштыгы менен өттү. Шайлоону уюштуруучулар тарабынан көрүлгөн чаралар шайлоодогу атаандаштарга үгүттү эркин жүргүзүү үчүн тең шарттарды камсыздады. Молдова БШКсы, мамлекеттик бийлик органдары, ЖМК өтүп жаткан шайлоо өнөктүгү жөнүндө ЖМК жана Интернет түйүнүндөгү маалыматтык ресурстар аркылуу өлкөнүн калкына кеңири маалымдады. Шайлоочулар шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөттөрү, этаптары жана жүрүшү жөнүндө өз убагында жана ар тараптуу кабардар болуп турду. Молдова БШКсы 2 442 байкоочуну, анын ичинде 1 800 улуттук, 642 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. 2021-жылы 11-июлда добуш берүү күнү КМШ Миссиясынын өкүлдөрү республиканын региондорундагы жана Кишинев шарындагы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү 452 шайлоо участогунда болду. КМШдан барган байкоочулар участкалык шайлоо бюролорунун кесипкөйлүгүн, ошондой эле жабдыктар менен камсыздалганын жана добуш берүү үчүн жайлардын талаптагыдай жабдылганын белгилешти. Шайлоо участкаларында COVID-19дун жайылышын болтурбай коюу боюнча зарыл чаралар көрүлгөн. Добуш берүү жана добуштарды саноо Молдованын Шайлоо кодексинин жол-жоболорун сактоо менен тынч кырдаалда өттү. КМШдан барган байкоочулар шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү бузууларды көрө алган жок.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын  2021-жылдын 13-июлунда  өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
13.07.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 13-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:13-июль 2021-ж.                                                                                                                               Убактысы: 16:00                                                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө  протоколдорду бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2021-жылдын 7 - июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө  протоколдорду  бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жайыл, Кемин, Бакай-Ата, Аксы, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Алай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –Кожокеева М. Д., , шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ар кандай маселелер Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун,  КР БШКнын 2021-жылдын 23-июнундагы токтомунун Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын 2021-жылдын 10-июнунда болуп өткөн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары  тууралуу протоколдорун бекитүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 7 –июлундагы токтомун талкулоо
Кененирээк билүү >>
Бишкекте КР ЖК депутаттарын шайлоо тартиби жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашты
12.07.2021

Бишкекте КР ЖК депутаттарын шайлоо тартиби жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашты

Бүгүн – 12-июлда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун аралаш тутумун киргизүү сунушталган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Коомдук угуу “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан КР Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында уюштурулду. Конституциялык Мыйзамдын долбоору 2021-жылдын 11-аперелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу үчүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболору, анын ичинде депутаттардын сандык курамы жаатындагы ченеми эске алынды. 2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы ПБ № 33 буйругуна ылайык түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилгенин белгилей кетүү керек. Аралаш шайлоо тутумун караган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди. КР БШК төрагасы КР Н.Шайлдабекова мыйзам долбоорун иштеп чыгууда конкреттүү депутатты саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси аркылуу түздөн-түз шайлоо боюнча коомдун суроо-талабы эске алынганын маалымдады. Мында эки тутум – ачык тизмелер менен пропорциялык тутумдун дагы жана аралаш тутумдун дагы ар биринин артыкчылыктары жана кемчиликтери бар экендигин белгилөө зарыл. Идеалдуу шайлоо тутуму жок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялар гана эмес, жарандар дагы көрсөтүү субъектиси болуп саналган тартипти өзгөртүүгө байланыштуу коомдун суроо-талабын канааттандыруу зарылдыгы бар. Сунушталган тутум шайлоонун комплекстүүлүгү аркылуу Жогорку Кеңеште региондордун өкүлчүлүгүн, коомдун социалдык өкүлчүлүгүн мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде камсыздоого өбөлгө түзөт: жаран өзүн өзү көрсөтүү жолу менен өз талапкерлигин көрсөтө алат, бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайлануу аркылуу региондордун өкүлчүлүгү камсыздалат, шайлоочунун депутаттар менен байланышы камсыздалат, партиялык тизмелер боюнча – квоталоо аркылуу башка социалдык топтордун өкүлчүлүгү камсыздалат. Мисалы, партиялык тизмелерде бир жыныстагы адамдардын 70%дан кем эмес өкүлчүлүгү болгон, эми талапкерлердин тизмесинде ар бир үчүнчү адам башка жыныстагы адам болушу сунушталууда. “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А.Усупбекова шайлоо процессинин мындан аркы туруктуулугу үчүн бул мыйзам долбоору боюнча коомдук угуунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Маселе абдан актуалдуу жана маанилүү. Эгерде бул этапта талкууга коомчулук катышпаса, кабыл алынган мыйзам долбоору кийинчерээк коомдо, айрыкча шайлоо процессинин катышуучуларынын арасында маселе, суроолор болот. Бул демилге Президенттин сайтына жайгаштырылды, толук пакети Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү, ал жакынкы күндөрү парламентте талкууланат”. Коомдук угууда конституциялык Мыйзамдын долбоору тааныштырылды. Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат: 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат. Көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.   55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорциялык тутум боюнча (партиялык тизмелер) шайланат. Көрсөтүү укугу тизмеси 55 талапкерден ашпаган саясий партияларга таандык. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп санын алган талапкер ал округ боюнча шайланган депутат деп таанылат. Көрсөтүлгөн талапкерлер бир мандаттуу жана бирдиктүү округдарда бир учурда көрсөтүлүшү мүмкүн эмес. Пропорциялык тутум боюнча шайлануучу депутаттар 3 пайыздык босогодон өткөн саясий партия тарабынан аныкталат. Мында региондук босого 0,7 пайыздан 0,3 пайызга төмөндөтүлүүдө. Тизмени түзүүдө аялдар, этностук азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн квоталар сакталууда. Пропорциялык тутум боюнча шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн жана жигердүү шайлоо укугуна ээ жарандар киргизилет. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын тизмесине жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, биометрикалык каттоодон өткөн жана бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагынын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган шайлоочулар киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы добуш берүү күнүнө чейин 3 ай калгандан кем эмес мөөнөттө жасалган белги менен аныкталат. Мыйзам долбоору талапкерлердин статусу, талапкерлерди каттоо, үгүт жүргүзүү, шайлоо күрөөсүн кайтаруу, добуш берүүнүн жыйынтыгы, каржылык ачык-айкындуулук алкагындагы маселелер боюнча шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү камтыйт. КР ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоору керек деп эсептейт, ал мезгилдин жана республика жарандарынын талабы болуп саналат, бирок бир мандаттуу шайлоо округдары кандай түзүлөөрү так аныкталууга тийиш. КР ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева колдонуудагы квоталарды мүмкүн болушунча сактап калуу зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди. “Бул мыйзам долбоору абдан маанилүү, ал шайлоо тутумун өнүктүрүшү керек, өлкөнүн өнүгүүсү ага жараша болот. Аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктын өкүлдөрүнүн, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өкүлчүлүгүнүн ченемдерин сакталууга тийиш. Бир саясий партиянын өкүлчүлүгүнүн тобокелдигине жол бербөө керек, муну мыйзам долбоорунда эске алуу зарыл. Бир мандаттуу округдар боюнча депутат чыгып калганда жаңы шайлоо дайындаган учурда өлкө бир мандаттуу округдар боюнча аягына чыкпаган шайлоо өткөрө берүү коркунучуна дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан бош мандат жеңген талапкерден кийинки талапкерге өткөрүлөт деген ченем киргизсе болот”. КР ЖК депутаты Гульшат Асылбаева жаңы мыйзам долбоору гендерлик теңчилик өңүтүндөгү айрым проблемалуу учурлардан арылтат деп эсептейт. “70 пайыздык квотаны калтырганда аялдарды, жаштарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды биз парламентте көрө албай калабыз. Тизмедеги ар бир үчүнчү адамды киргизүү менен проблеманы чечүугө аракет кылдык. Чыгып калган ар бир депутат боюнча кошумча шайлоо өткөрүү жөнүндө ченемди кайра кароо керек, бул бюджетке күч келтирет”. Эркаим Мамбеталиева жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанды саясий жактан мындан ары өнүктүрүүнүн багытын аныктаарын белгилеп, администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү жаатында коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнү сунуштады. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК делегациясы Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты
12.07.2021

БШК делегациясы Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты

БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов жана А.Жумалиева 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоого КМШ Миссиясынын курамында эл аралык байкоочу катары катышты. Молдова БШКнын маалыматы боюнча бюллетендердин 99,58 %ын иштеп чыккандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча “Аракет жана тилектештик партиясы” (АТП) парламентке шайлоодо шайлоочулардын добуштарынын 52,53 %ын алды. 2-орунда – 27,36 % натыйжа менен коммунисттер менен социалисттердин шайлоо блогу. Алардан башка шайлоочулардын 5,78 % добуштарын алган «Шор» региондук партиясы шайлоо босогосунан өттү. Мыйзам чыгаруучу жогорку органга өтүү үчүн партия 5%дык, шайлоо блоктору 7%дык, көз карандысыз партиялар 2%дык тоскоолдуктан өтүүгө тийиш. Молдова БШКнын төрагасы Дорин Чимил участкалар жабылгандан кийин өткөрүлгөн брифингде мөөнөтүнөн мурда парламентке шайлоо олуттуу бузууларсыз өткөнүн белгиледи. «Шайлоо кадыресе режимде, добуш берүүнүн натыйжаларына таасир этпей турган олуттуу бузууларсыз өттү», - деди ал. Бюллетендерди иштеп чыгуу азырынча расмий аяктай элек, бирок алдын ала маалыматтар боюнча АТП парламенттеги 101 мандаттын 60-61ин алып, өкмөттү өз алдынча түзүшү мүмкүн. Бул парламентке өтүү үчүн 5%дык тоскоолдуктан өтпөгөн партиялардын добуштарын пропорциялык негизде кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен ишке ашырылат. Өлкөнүн Конституциялык соту добуш берүүнүн жыйынтыктарын бекитүүгө тийиш.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайталап шайлоодо 2021-жылы 11-июлда саат 23.00гө карата АЭУлардан алынган алдын ала маалыматтар
12.07.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайталап шайлоодо 2021-жылы 11-июлда саат 23.00гө карата АЭУлардан алынган алдын ала маалыматтар

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо 2021-жылы 11-июлда саат 23.00гө карата АЭУлардан алынган алдын ала маалыматтар.   Бишкек шаардык кеңеши АЭУ саны % Шайлоочулардын саны 426699 0 Добуш бергендердин саны 104684 24.53% Жарактуу бюллетендер 103712 99.07% Жараксыз бюллетендер 972 0.93%   Партиялар алган добуштардын саны: 1 «Ата-Журт Кыргызстан» 15005 14.33% 2 "Биздин Кыргызстан" 6599 6.30% 3 Мигранттардын, үй-куруучуларынын, агрардык реформа борбору «Жаӊы-Мезгил» саясий партиясы 237 0.23% 4 «Эмгек» 19047 18.19% 5 «Замандаш» 3322 3.17% 6 «Сила в единстве» 5241 5.01% 7 «Кыргызстан жашылдар партиясы» 317 0.30% 8 «Ишеним» 13039 12.46% 9 «Айкөл Кыргызстан» 85 0.08% 10 «Туран" демократиялык партиясы» 401 0.38% 11 «Социал-демократтар» 8462 8.08% 12 «Реформа» 5597 5.35% 13 "Келечек-Будущее" 604 0.58% 14 «Борбор» 1435 1.37% 15 «Өнүгүү-прогресс» 8490 8.11% 16 «Улуу-Журт» 230 0.22% 17 «Ынтымак» 11276 10.77% 18 «Наш Народ - Биздин Эл» 1284 1.23%   БААРЫНА КАРШЫ 3041 2.90%   Ош шаардык кеңеши АЭУ саны % Шайлоочулардын саны 152718 0 Добуш бергендердин саны 65652 42.99% Жарактуу бюллетендер 64818 98.73% Жараксыз бюллетендер 834 1.27%   Партиялар алган добуштардын саны: 1 «Ынтымак» 0 0 2 «Улуу-Журт» 313 0.48% 3 "Биздин Кыргызстан" 21048 32.06% 4 «Улуттар биримдиги элдик партиясы» 10076 15.35% 5 "Келечек-Будущее" 483 0.74% 6 «Бүтүн Кыргызстан» 682 1.04% 7 «Ата-Журт Кыргызстан» 25424 38.73% 8 «Бир Бол» 5627 8.57% 9 «Нур» 402 0.61%   БААРЫНА КАРШЫ 763 1.16%   Токмок шаардык кеңеши АЭУ саны % Шайлоочулардын саны 38100 0 Добуш бергендердин саны 16973 44.55% Жарактуу бюллетендер 16796 98.96% Жараксыз бюллетендер 177 1.04%   Партиялар алган добуштардын саны: 1 «Эмгек» 4213 24.82% 2 «Бирге-Вместе» 4798 28.27% 3 «Эл биримдиги» 2059 12.13% 4 «Асыл мурас-жаштар» 2828 16.66% 5 «Ата-Журт Кыргызстан» 280 1.65% 6 «Патриот ынтымагы» 2324 13.69%   БААРЫНА КАРШЫ 294 1.73%   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 20.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 30,51%ды түздү
11.07.2021

Саат 20.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 30,51%ды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 20.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 188 396 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 30,51%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 104 693 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 24,54%ы. Ош шаары боюнча – 66 730 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 43,69%ы. Токмок шаары боюнча – 16 973 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 44,55%ы.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кайталап шайлоодо партиялар канча каражат коротту
11.07.2021

КР БШК: Кайталап шайлоодо партиялар канча каражат коротту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна карата саясий партиялардын (Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайталап шайлоо) шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалуусу жөнүндө маалымдайт (банк маалыматтары боюнча, 5-форма). Ыйгарым укуктуу банктардын (Айыл банк, РСК банк) алдын ала маалыматтарына ылайык Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 44 308 790 сом өлчөмүндө каражат түштү, анын ичинде шаарлар боюнча төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 34 343 347 сом; Ош шаары боюнча – 7 810 679 сом; Токмок шаары боюнча – 2 154 764 сом. Шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан44 253 630 сом чыгымдалды, анын ичинде шаарлар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 34 342 187 сом (бул - 77,6 %); Ош шаары боюнча – 7 770 679 сом (бул - 17,6 %); Токмок шаары боюнча – 2 140 764 сом (бул - 4,8 %). Чыгымдардын жалпы суммасынан шайлоо күрөөсү катары 1 470 000 сом төлөндү (бул - 3,3%ды түздү); Бишкек шаары боюнча – 900 000 сом (бул - 2,0 %); Ош шаары боюнча – 450 000 сом (бул - 1,0 %); Токмок шаары боюнча – 120 000 сом (бул - 0,3 %).   Маалымат үчүн:   Шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; 2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; 3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; 4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; 2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; 3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; 4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 300 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине – 50 000 сом; 2) шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) – 20 000 сом. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун чыгымдары боюнча отчёттор менен мында таанышса болот:
Кененирээк билүү >>
Үч шаарда кайталап шайлоодо добуш берүү аяктады
11.07.2021

Үч шаарда кайталап шайлоодо добуш берүү аяктады

Саат 20.00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү аяктады. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын электрондук ресурстарында, анын ичинде Маалыматтык шайлоо тутумунда https://newess.shailoo.gov.kg/ru/ шилтемеси боюнча жеткиликтүү болот. Маалыматтык шайлоо тутуму шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде маалыматтык процесстерди ишке ашырууга арналган, анда шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү, ошондой эле АЭУ аркылуу алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жана добуштарды кол менен саноонун негизинде добуш берүүнүн биротоло жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жыйындысын чыгаруу жана чагылдыруу жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары угуза окулгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен жөнөтүлөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
​​​​​​​КР БШК мүчөсү К.А. Маматов партиялардын лидерлерине: Добуш берүү күнүндөгү бузуулардын бардык фактыларына укуктук баа берилет
11.07.2021

​​​​​​​КР БШК мүчөсү К.А. Маматов партиялардын лидерлерине: Добуш берүү күнүндөгү бузуулардын бардык фактыларына укуктук баа берилет

Борбордук шайлоо комиссиясынын брифингинде БШК мүчөсү Кайрат Маматов үч шаардагы шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлерине кайрылды. “Саясий партиялардын лидерлерине,  талапкерлерге кайрылгым келет: добуш берүү күнүндө партиялардын өкүлдөрү тараптан бузуулардын бардык фактыларына укуктук баа берилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда чечимдер мыйзамдарга ылайык кабыл алынат. Мурда көрүлгөн чараларды бул жолу дагы көрөбүз. Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга жол бербөөңүздөрдү өтүнөм. Шаарлардын кеңештери ишине киришүүсү үчүн биз шайлоону талаптагыдай өткөрүшүбүз керек. Экономиканы өнүктүрүүдө, социалдык чөйрөдө чечүү зарыл болгон көп милдеттер топтолду”, - деди ал.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кайталап шайлоодо жаштарды жигердүү добуш берүүгө чакырууда
11.07.2021

Кайталап шайлоодо жаштарды жигердүү добуш берүүгө чакырууда

КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо жигердүүрөөк катышууга чакыруу менен Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жаштарына кайрылды: “Тизме боюнча ар бир экинчи шайлоочу 40 жаштан кичүү, ар бир үчүнчү шайлоочу 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар. Бул келечектеги депутаттарды тандоодо жаштардын реалдуу ролун жана мүмкүнчүлүгүн күбөлөндүрөт. Жаштарды жарандык позициясын көрсөтүп, үч шаарда татыктуу депутаттарды тандоого чакырам”. Маалымат үчүн: Жаштар Кыргызстандын шайлоо процессинде чоң роль ойнойт: Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайталап шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде 617 517 шайлоочу бар.  Жаштардын жаш депутаттарды шайлоого баардык мүмкүнчүлүктөрү бар, себеби партиялардын көп тизмелеринде 30 жашка чейинки жаш талапкерлердин саны бир кыйла көбөйдү. КР БШКнын маалыматы боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо депутаттыкка 32 саясий партиядан 2 292 талапкер катталган. Алардын 533 талапкери же 44,8%ын  – 30 жашка чейинки талапкерлер түзөт, ал эми 40 жашка чейинки талапкерлер менен бирге – 64%дан ашык же 1 468 адам. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 204 206 … 484