Башкы Жаңылыктар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү …

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары жана шайлоо натыйжалары

19-Июл, 2021

2021-жылы 17-18-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүп, Бишкек шаары боюнча добуш  берүү жыйынтыктарын бекитти, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын аныктады.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн бүт мезгилинде түшкөн 22 даттанууну (арызды) карады.

227 участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Бишкек АШК түзгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго ылайык (№1141 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы мурда жараксыз деп таанылган)  шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны 104 141 шайлоочуну түздү (добуш берүү үчүн жайда – 101 875, жайдан тышкары жерде – 2 266), жарактуу бюллетендердин саны – 103 431, жараксызы – 710 бюллетень.

Бишкек АШК тарабынан 2021-жылдын 11-июлундагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо өттү деп таанылды жана шайлоонун төмөнкү натыйжалары аныкталды.

Кайталап шайлоого катышкан 18 саясий партиянын 6 саясий партиясы – «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар» 7 пайыздык босогодон өттү. Жүргүзүлгөн эсептерге ылайык депутаттык мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: «Эмгек» - 11 мандат, «Ата-Журт Кыргызстан» - 9 мандат, «Ишеним» - 8 мандат, «Ынтымак» - 7 мандат, «Өнүгүү-Прогресс» - 5 мандат, «Социал-демократтар» - 5 мандат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болуп шайланды деп аныктады:

№      С/п аталышы        №      Депутаттын фамилиясы, аты-жөнү

1.       «Эмгек партиясы»        

1.                Досалиев Эльмир Акуналыевич

                    2.                Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович

                    3.                Алымбаева Елизавета Бердиевна

                    4.                Ашимов Айбек Майрамбекович

                    5.                Абдиев Бактыбек Кемелович

                    6.                Акунова Лира

                    7.                Султанов Токтосун Султанович

                    8.                Шаршенбай уулу Руслан

                    9.                Кенжебаева Светлана Козубаевна

                    10.              Салымбеков Жумабек Мамытбаевич

                    11.              Чалов Ильяз Алмазович

2.       «Ата-Журт Кыргызстан»       

12.              Бактыбеков Алымбек Бактыбекович

                    13.              Сурапбаев Таалайбек Каримжанович

                    14.              Нусубалиева Мээрим Макулбековна

                    15.              Жакыпов Таалайбек Маматович

                    16.              Досиев Эдик Шарипович

                    17.              Ашырова Айканыш Жоомартовна

                    18.              Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич

                    19.              Токтогулов Максат Сарылбекович

                    20.              Ашанбаева Омуркан Бактыбековна

3.       «Ишеним» 

21.              Аматов Рысбай Аматович

                    22.              Исмаилов Сайдахмат Аблезович

                    23.              Идырова Рамина Рамазановна

                    24.              Тиллебаев Арнас Маматкадырович

                    25.              Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович

                    26.              Чеченова Мадина Жамаловна

                    27.              Акылбеков Асылбек Акылбекович

                    28.              Усеналиев Бекжан Бактыбекович

4. «Ынтымак»     

29.              Алымбеков Максат Джумакадырович

                    30.              Эргешов Казыбек Кочкорович

                    31.              Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна

                    32.              Калыков Мийзамидин Абдырахманович

                    33.              Сариев Таалайбек Жолдошбаевич

                    34.              Халилова Гульназ Мажитовна

                    35.              Сариев Улан Алмасбекович

          5. «Өнүгүү-Прогресс» 

36.              Абдыллабек уулу Манас

                    37.              Абдраимов Жылдызбек Асанкулович

                    38.              Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна

                    39.              Попиков Олег Владимирович

                    40.              Асанбеков Жаныбек Асанбекович

6.       «Социал-демократы»   

41.              Атамбаев Кадырбек Алмазбекович

                    42.              Темиркулов Таалай Орунбекович

                    43.              Дуйшекеева Элнура Качкыновна

                    44.              Абдуллажанов Султанбек Мухтарович

                    45.              Сарылдык уулу Илгиз

                                       

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>