Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2021-жылдын 6-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 6-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Ноокат районунун №5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. «Өнүгүү-Прогресс» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Абдиев Роман Жанышевичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Арстанбеков Акылбек Советбековичти №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Абакиров Аскар Джумабековичти №31 Чуй-Кемин шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына
талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Бекмуратов Баймурат Асатовичти №1 Лейлек шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Малиев Арсланбек Касымакуновичти №34 Жети-Огуз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
7. Сыдыков Бактыбек Усеновичти №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
8. «Эмгек» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бакеев Аскарбек Колхозбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Казакбай уулу Замирбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бегалиев Болотбек Касымбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Матраимов Искендер Исмаиловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Шакиев Нурланбек Тургунбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джумабеков Дастанбек Артисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момунов Акат Акыновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Осмонов Айбек Жапаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Пасанов Эржигит Жетимишовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кенжебаев Аманкан Батырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Супатаева Альфира Илиясовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
23. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Жолдошбаев Камчыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
24. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Зикиров Жусупбек Камчыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
25. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Исмаилов Муратбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
26. №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Орозбаев Айбек Маматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
27. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун алдында БШК Баткен облусунда укук коргоо органдарына окутуу уюштурду
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Баткен облусунун укук коргоо органдары үчүн окутуу өткөрдү.
Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата чараларды жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингдерге тергөө, сурак органдарынын квалификациясы жогору, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча өтө турган парламенттик шайлоонун, шайлоо округдарын түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарылдыгы тууралуу маалымат берди.
Шайлоо мыйзамдарындагы жаӊычылдыктар тууралуу айтылды, атап айтканда, талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүүчү ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлеринен каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин тартуу, ошондой эле кол чогултуу, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүсү административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу деп эсептеле тургандыгы айтылды. Мындан тышкары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө, үгүттөөчү бардык материалдарды чыгарууга жана таркатууга тыюу салынат.
“Көп субъекттүүлүк шайлоо процессинде эске алууга зарыл болгон өзгөчөлүк болуп эсептелет. Андыктан шайлоонун ар бир катышуучусу менен мамиле түзүү керек. Шайлоо процессинин бардык катышуучулары укук коргоо органдарынан, мамлекеттик бийлик органдарынан, ЖӨАБдан маалымат алууга, ошондой эле алардын укуктарынын корголуусуна, шайлоо процесстерин жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтүлүшүнө укуктуу.
Укук коргоо органдары шайлоочулардын тизмесине кирбей калган болсо, же шайлоо участкаларында пандустардын жоктугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктары бузулган учурда жарандардын шайлоо укуктарын коргоого милдеттүү. Талапкерлердин шайлоо укуктарына карата, алсак, өз программаларын, максаттарын шайлоочуларга жеткирүүдө алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелбеши керек”, - деп белгиледи Н.Шайлдабекова.
Окуунун катышуучуларына шайлоо процессиндеги укук коргоо органдарынын ролу, конституциялык-укуктук жоопкерчилик тууралуу айтылды. Алсак, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана жол берилген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрөт деп айтылды. Талапкер, саясий партия тарабынан аталган конституциялык мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулары тууралуу кат түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер, саясий партия тарабынан аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуулар кайталанган учурда (эки же андан көп жолу), тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
Бул учурда прокуратура органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларынын ишмердигине кийлигишүүгө укуксуз, алардын ишмердигине көзөмөл жүргүзбөйт, шайлоо комиссияларына жана алардын мүчөлөрүнө карата прокурордук чаралардын актыларын чыгарбайт.
Жогоруда айтылгандар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, төрагасы, төраганын орун басары, шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан жасалган кылмыштар жана жоруктарга тиешеси жок, алар боюнча материалдар сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн КЖБРде каттоого алынат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК 2021-жылдын 5-октябрындагы жыйынында Тюп, Ысык-Ата, Бакай-Ата, Ала-Бука, Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңешинин депутаты Жакшылыков Чолпонбай Керимбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер – Кошалиева Бүбүя Кыдырбаевнага өткөрүп берилди.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булун айылдык кеңешинин депутаты Исраилов Нурлан Муратбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер - Маткеримов Улан Талайбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационыльный айылдык кеңешинин депутаты Камчыбеков Азат Бирликбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу жумушсуз – Абдрахманов Милан Маратбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылдык кеңешинин депутаты Мамыркулов Бахтияр Мересбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Келечек” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары – Минбаев Тилек Акжолтоевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Иванов айылдык кеңешинин депутаты Мадиярова Мээрим Кадыркуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ААК “Североэлектро”, инженер – Аблаева Марина Бектурсуновнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаты Суваналиев Улан Шайлобековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ЖЧК “Газпром”, сыноо лабораториясынын башчысы – Чоронбаев Мурат Шуркеевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылдык кеңешинин депутаты Буйляше Эсенбол Туратовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убыктылуу жумушсуз – Рысалиев Эмир Кубанычбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Мукамбетова Салтанат Саткыновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер – Кененбаев Арсланбек Болотбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинин депутаты Калыкова Алтынай Темирбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ЖЧК “Золотой каток”, инженер – Токобаева Айнура Викторовнага өткөрүп берилди.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбеков Абдыбаказ Советбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мугалим – Абдраханов Азиз Алтынбековичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты Аракеев Шумкарбек Ызакановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер – Кулматов Марс Кубанычбековичке өткөрүп берилди.
Мындан сырткары, Ысык-Көл облсунун Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңешинин талапкери Жайлообеков Жайдарбек Жайлообекович өз арызынын негизинде жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына катталган тизмеден чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындады
2021-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 22-октябрында 9-00дөн 12-00гө чейин өтөөрү белгиленди. Нарын облусундагы Нарын шаарынын мэри Болотбеков Самарбек берилген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулду.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош шаарындагы №5901 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-октябрындагы жыйынында Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын дарегин Ленин көчөсү – 326 дарегиндеги Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратынан Ленин көчөсү – 340 дареги боюнча жайгашкан «Айданек» балдар бакчасынын имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды.
Токтом Ош округдук шайлоо комиссиясынын № 7176 шайлоо участкасынын дарегин шайлоо участкасынын имаратында оӊдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын катталган тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-октябрында Матисаков Алмазбек Молдожановичти “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Матисаков Алмазбек Молдожановичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арызынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 68 чечиминин талапкер Матисаков Алмазбек Молдожановичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Ак-Ниет» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
«Ак-Ниет» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.
«Ак-Ниет» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Парламенттик шайлоону өткөрүүгө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен шаарында көчмө жыйын өткөрдү
Баткен облусунда парламенттик шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү.
Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга аймактын куратору, КР БШКнын мүчөсү У.Жылкыбаев, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Баткен облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Баткен облусунда 305 053 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде аймакта 3 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №1 Лейлек округу (Лейлек районун жана Сүлүктү, Исфана шаарларын камтыйт); №2 Баткен округу (Баткен шаарын, Баткен районун, Кадаймжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Актурпак айылдык аймактарын толугу менен, Кадамжай районунун Алгын айылдык аймагынын №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкаларынын чектерин толук камтыйт); №3 Кадамжай округу (Кадамжай, Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларын, Кадамжай районунун Бирлик, Үчкоргон, Чаувай, Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбек, Котормо айылдык аймактарын толугу менен, Кадамжай районунун Алгын айылдык аймагынын №8147 шайлоо участкасынын чектерин толугу менен камтыйт).
218 шайлоо участкасы добуш берүү үчүн ачык, 2 637 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү даярдыкты камсыз кылышат.
Маалымат үчүн: Баткен облусунун округдары, шайлоочулардын саны:
№1 Лейлек шайлоо округу Лейлек районунун 9 айыл аймагын жана Сүлүктү, Исфана шаарларын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 90 075 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 66, анын ичинен 53ү Лейлек районунун 9 айыл аймагында жана Исфана шаарынада, 13ү Лейлек районунун Сүлүктү шаарында жайгашкан.
№2 Баткен шайлоо округу Баткен районунун 9 айыл аймагын, Баткен шаарын, 4 айыл аймагын жана Кадамжай районунун Алгын айыл аймагынын №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкаларынын чектерин камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 102 010 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 80, анын ичинен 46сы Баткен районунун 9 айыл аймагында, 10у – Баткен шаарында, 24тү Кадамжай районунун 4 айыл аймагында жайгашкан.
№3 Кадамжай шайлоо округу Кадамжай районунун 8 айыл аймагын, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларын жана Кадамжай районунун Алгын айылдык аймагынын №8147 шайлоо участкасынын чектерин камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 112 968 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 72, анын ичинен 50сү Кадамжай районунун 8 айыл аймагында, Кадамжай, Айдаркен шаарларында, 22си – Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан.
М. Иманкулов Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.
Штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партиялардын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүсү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
Шайлоо процессинин үч ай мөөнөтү бар экендиги белгиленди. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:
шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;
шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,
шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субъекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.
«Шайлоо дайындалган күндөн баштап, шайлоонун эки негизги этабы ишке ашууда булар - шайлоочулардын тизмесин түзүү жана талапкерлерди, талапкерлердин тизмеси көрсөтүү жана каттоо. Шайлоочулар өзүн Tizme https://tizme.gov.kg/home.xhtml мамлекеттик порталындагы тизмеден текшере алышат, так эместиктер аныкталган учурда, 1255 жана 199 кыска номерлерине чалса же паспорттун ПИН коду менен 119 номерине бекер SMS жөнөтсө.болот. «Шайлоо процессинде биз жарандын шайланууга болгон активдүү укугун да, шайлоочу болууга пассивдүү укугун да эске алабыз», - деп Н.Шайлдабекова тактады.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул аймакта пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу керек болгон жерлер бар. "Коңшуңду ала кел" мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуусуна көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин аракетин күчөтүү зарыл экендиги белгиленди. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайыктуулугун көзөмөлдөөнү камсыздоо милдети жүктөлдү, ал эми прокуратура органдарына - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн участкалардын жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө тапшырылды.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык ооруканаларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу, жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө жардам берүү тапшырылды.
Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
КР БШКнын мүчөсү У.Жылкыбаев таза, шайлоочуларды сатып алуусуз, административдик ресурстарды колдонбостон шайлоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттукташты мугалимдердин жогорку компетенттүүлүгү, жоопкерчилиги жана патриоттуулугу маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:
биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык-консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү;
укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 5-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 05-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Ысык-Ата, Бакай-Ата, Ала-Бука,Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. «Өнүгүү-Прогресс» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Матисаков Алмазбек Молдожановичти чыгаруу жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Ош шаарындагы №5901 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Атажанов Ырысбек Ысламовичти №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Усупов Тилек Сабыровичти №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
7. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мурадилов Бекболот Мурадиловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Дыйканов Максатбек Дыйкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джыргалбаев Нурбек Усенкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Тынчтык Фонду» коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
11. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
12. «Ак-Ниет» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Араван айылындагы шайлоо процессинин катышуучуларына алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Араван айылында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында тренинг өткөрдү.
Иш-чара БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында депутаттыкка талакерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.
Аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу катышуучуларга КР БШК шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев айтып берди. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл болгон кандай документтер берилери айтылды, каттоодон баш тартуу себептери каралды. Атап айтканда:
“КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган көрсөтүүнүн тартибин сактабоо;
талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде, же бирден көп шайлоо округдар боюнча катталгандыгынын фактысыны бар экендиги;
талапкер же саясий партия өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык болгондугу
Талапкерлердин тизмесине кирген айрым талапкерлерге карата «КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинде каралган, каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болуусу аларды талапкерлердин тизмесинен алып салуу үчүн негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.
Катышуучуларды арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана мөөнөтү, шайлоо талаш-тартыштарын кароо процедуралары, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн конституциялык жоопкерчилик менен тааныштырды. Алсак, шайлоо өткөрүү мезгилинде акча төлөө же болбосо акча каражаттарын таркатуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кайсы-бир кызмат ордун же башка ыраазычылыктарды алууга өбөлгө түзүү аркылуу шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып салууга жазаланат (жашы жете электерге 80 000 – 100 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 180 000 – 220 000 сомго чейин).
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ушуга тете эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар тарабынан жасалган ушул эле жосун, V категориядагы айып салуу (жашы жете электерге 100 000 – 120 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 220 000 – 260 000 сомго чейин) же I категориядагы (жашы жете электерге - 1 жыл 6 айга чейин, башка жеке жактарга – 2 жыл 6 айга чейин) эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Тренингде шайлоо талаш-тартыштары, шайлоо талаш-тартыштарын кароо мөөнөттөрү жана процедуралары, шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн конституциялык жоопкерчилик каралды. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчылыгына талапкер тарабынан билип туруп шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти берүүсү, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыруу – I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электерге 5 000 – 15 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 20 000 – 30 000 сомго чейин).
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жасаган ошол эле жосун, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укуктарынан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электерге 5 000 – 15 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 20 000 – 30 000 сомго чейин).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас шаарындагы шайлоо процессинин катышуучуларына каржылык бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартууну тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында тренинг өткөрдү.
Иш-чара БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында депутаттыкка талакерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.
Аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу катышуучуларга КР БШК шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Тологон Айтикеев маалымат берди.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо эрежелери тууралуу, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлүүчү саясий партиялар жана талапкерлер кандай документтерди көрсөтүүгө тийиш экендиги айтылды. Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ документтер кабыл алынгандан тартып 10 календарлык күн ичинде талапкерди көрсөтүү тартибинин, талапкерлердин тизмеси “КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын талаптарына дал келүүсүн текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүп же каттоодон баш тартуусу тууралуу жүйөлүү чечим чыгара тургандыгы айтылды. Аталган текшерүү «Түндүк» электрондук мекемелер аралык карым-катышуу тутумун колдонуу менен ишке ашырылат.
Бул учурда, эгер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого алуу үчүн тоскоолдук жаратуучу талапкердин же талапкерлердин тизмесинин документтеринде дал келбөөчүлүктү байкасы, анда документтерди кабыл алгандан кийин 48 саат ичинде саясий партияга, талапкерге дал келбөөчүлүктөр тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык, бир мандаттуу шайлоо округунан ашык же бир эле учурда талапкерлердин тизмесинде жана бир мандаттуу шайлоо округунда каттоого жол берилбейт.
Тренингдин катышуучуларын шайлоо комиссияларына арыздар, даттануулар менен кайрылуу процедуралары менен тааныштырды, арыздарды кароо процедуралары, мөөнөттөрү тууралуу айтып беришти. Шайлоо фонддорун каржылоо эрежелери жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу эрежелери каралды. Алсак, талапкердин, саясий партиянын, шайлоо өнөктүгүн референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:
1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири суммадагы акча же башка материалдык каражаттарды берүү;
2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаларга жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;
3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдум демилгесин жылдырууга багытталган, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
4) алмаштыруучу адамдар аркылуу мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 193 жана 194-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде каралган жосунду жасаган учурга карата шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын, референдум фондусунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок ошол эле учурда 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат.
Ошондой эле, тренингдин жүрүшүндө катышуучуларына шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөттөрү жана эрежелери тааныштырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ошто адил жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүдө ЖМКнын жана блогерлердин салымын талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү менен биргеликте USAIDдин колдоосу алдында Ош шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.
Катышуучулар 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты, КР ЖКга шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, шайлоо процессинин жүрүшүндө жарандарга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн эрежелери боюнча билим алышты.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга парламенттик шайлоону даярдоо, анын ичинде шайлоо процессинин катышуучуларын – укук коргоо органдарын, саясий партияларды, талапкерлерди, банк кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу боюнча КР БШК, ошондой эле бүт республика боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүүчү штабдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Дискуссиянын жүрүшүндө добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноодо аныктыкты камсыздоочу шайлоонун Кыргыз Республикасындагы технологиялуулук белгиленди.
КР БШК төрагасынын айтуусу боюнча алдыдагы шайлоодо шайлоо процессинин маалыматтык бөлүгү катары региондордогу ЖМКлардын мааниси артууда, себеби жаңы шайлоо тутуму талапкерлерди бир мандаттуу шайлоо округдарынан көрсөтүүнү талап кылат, бул бийликтин шайланма органдарында региондордун өкүлчүлүгүн күчөтөт. Мында ЖМК салт болуп калган маалымдоо иш-милдетинен тышкары, шайлоо мыйзамдарын бузууларды аныктоо жагынан шайлоо процессине дагы байкоо жүргүзө алат.
КР БШК мүчөсү У.Жылкыбаев Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун иши тууралуу айтып, ЖМК жана блогерлер менен кызматташуу багыттарын белгиледи. Ал, ошондой эле, үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана үстүбүздөгү жылы саясий партиялар үчүн улуттук деңгээлде өтүүчү жана бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлигин койгон талапкерлер үчүн региондордун деңгээлинде өтүүчү дебаттарды уюштуруу тууралуу маалымат берди.
Адил жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүдө ЖМКнын ролу тууралуу медиа эксперт Авланбек Джумабаев өз пикирин бөлүштү. Анын пикири боюнча БШК эң жогорку айкындуулукка умтулууда, бул үчүн маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун курамына көз карандысыз медиа эксперттер тартылды, үгүт жүргүзүүнүн эрежелери боюнча бузууларга байкоо жүргүзүү алардын милдетине кирет.
Тренерлер – КР БШКнын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү, Кыргызстандын журналисттеринин көз карандысыз бирлигинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Наргиза Нанакеева катышуучуларды шайлоо процессинин жүрүшүнө фактчекинг, маалыматтарга байкоо жүргүзүү, жалган маалыматтарды жана фейктерди ажырата билүү каражаттарын пайдаланууга окутушту.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунда укук коргоо органдары үчүн добуш сатып алууга жана административдик ресусрка чара көрүү боюнча окутуу өттү
Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча Ош облусунун укук коргоо органдары үчүн тренинг уюштурулду.
Окутуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында өттү.
Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендигин, ошондой эле чара көрүү схемалары тууралуу маалымат берди.
“Кыргызстан шайлоо тутумун реформалоонун жүрүшүндө шайлоонун аталган этабында коррупцияга жол бербестен, добуштарды саноодо тактыкка жетишти. Эгер добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү үчүн саясий партияларга шайлоо комиссиялары, райондук же жергиликтүү бийлик менен тил табышууга мүмкүн болбосо, анда шайлоо процессинин натыйжасы көз каранды болгон бир эле субъект – шайлоочу гана калат. 2016- жана 2020-жж. жергиликтүү шайлоолордогу массалык катталган добуш сатып алуулардын келип чыгышы ушундан.
Эгер биз бул көйгөйдү чечкен болсок, анда ал ишенимдүүлүктү арттырат. Атап айтканда, ар бир жарандын шайлоо органдарын түзүүгө таасир этүү мүмкүнчүлүгү катары жеткиликтүүлүктү камсыздоо мамлекеттин жарандарга карата жоопкерчилиги болуп эсептелет. Андыктан, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурс маселесин чечүү зарыл. Ал үчүн мамлекеттик жетекчиликтин эле эмес, ЖӨӨБ органдарынын, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин да саясий эрки күчтүү болушу керек”, - деди ал.
Тренингде шайлоонун жүрүшүндө прокуратуранын ролу, анын ичинде каттоо жана маалыматтар журналына (КМЖ), кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) маалыматтарды каттоо жана шайлоо мыйзамдары жаатында кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу тартиби тууралуу айтылды. Алсак, жасалган кылмыш жана жорук тууралуу сотко чейинки өндүрүш КЖБРге маалымат киргизилген учурдан тартып башталат. КЖБРге каттоо үчүн себептер төмөнкүлөр болушу мүмкүн: жарандын арызы; кызмат адамдарынын, БШК мүчөсүнүн билдирүүсү, ошондой эле жасалган кылмыш, жорук тууралуу күбөлөндүрүүчү жагдайлар түздөн-түз табылгандыгы тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкеринин рапорту.
Тергөөчү, прокурор төмөнкүлөрдү:
жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу жарандардын арызын;
жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсүн;
жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу күбөлөндүрүүчү жагдайлар түздөн-түз табылгандыгы тууралуу кызмат адамынын, сурак органынын, тергөөчүнүн же прокурордун рапортун;
чет өлкөдөн келген кылмыш иштери белгиленген, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш материалдарын
алган учурда тийиштүү маалыматтарды дароо Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө милдеттүү.
Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар бардык жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу арызды же билдирүүнү кабыла алууга жана каттоого милдеттүү. Арыз берүүчүгө арызды же билдирүүнү кабыл алган адам, катталган убакытысы жана каттоо номери көрсөтүлгөн кылмыш тууралуу кабыл алган арызды же билдирүүнү каттоо тууралуу документ берилет. Жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жашырып коюу Кылмыш кодексинин 377-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат (50 миӊден 100 миӊге чейин айып пул төлөө, белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен эки жылга чейин эркинен ажыратуу).
Ошондой эле шайлоо процессинин конституциялык-укуктук жоопкерчилигинин чаралары тууралуу да айтылды, алар:
Бузуулар тууралуу оозеки жана жазуу түрүндөгү эскертүү (КР КМ 28-б., 9-б.)
Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу (КР КМ 53-б., 3-б., КР КМ 61-б., 7-б.)
Талапкерди, талапкердердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы, шайлоонун натыйжасы тууралуу шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу (КР КМ 28-б., 9-б., КР КМ 46-б., 2-б.)
Шайланган талапкерди каттоону жокко чыгаруу (КР КМ 46-б., 1-б.)
Добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу (КР КМ 37-б., 4-1-б.)
Шайлоо болбой калды деп эсептөө (КР КМ 37-б., 3-б.)
Шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу (КР КМ 37-б., 6-б.).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Парламенттик шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Ош облусунда көчмө жыйын өткөрдү
Ош облусунда парламенттик шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү.
Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга аймактын куратору, КР БШКнын мүчөсү Жылкыбаев У., облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Ош облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Ош шаарында жана Ош облусунда 899 019 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде аймакта 9 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №4 Көк-Жар округу (Ноокат районун жана Араван районунун 1 айылдык аймагы кирет), №5 Ноокат округу, №6 Араван округу (Кара-Суу районунун 1 айылдык аймагы да кирет), №7 Ош округу, №8 Төлөйкөн округу (Кара-Суу району жана Ош шаарындагы 2 МАБ кирет), №9 Кара-Суу округу, №10 Куршаб округу (Өзгөн шаарындагы 9 УШК, Өзгөн районунун 5 айылдык аймагы, Кара-Суу районунун 6 айылдык аймагы жана Алай районунун 1 айылдык аймагы кирет), №11 Алай округу (Кара-Кулжа району жана Чоң-Алай району да кирет) райондор), №12 Өзгөн округу.
593 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачык, 7666 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү даярдыкты камсыз кылышат.
Маалымат үчүн: Ош облусунун округдары, шайлоочулардын саны:
№4 Көк-Жар шайлоо округу Ноокат районунун 8 айыл аймагын жана Араван районунун 1 айыл аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 80385 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 56, анын ичинен 50сү Ноокат районунун 8 айыл аймагында жана 6 Араван районунун бир айыл аймагында жайгашкан.
№5 Ноокат шайлоо округу 8 айылдык аймакты жана Ноокат районунун шаарын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 81 794 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 53.
№6 Араван шайлоо округу Араван районунун 7 айыл аймагын жана Кара-Суу районунун 1 айыл аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 90 959 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 50 шайлоо участогу, анын ичинен 41и Араван районунун 7 айыл аймагында жана 9у Кара -Суу районунун 1 айыл аймагында жайгашкан.
№7 Ош шайлоо округу Ош шаарынын чоң аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 110685 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 55.
№8 Төлөйкөн шайлоо округу Кара-Суу районунун 4 айыл аймагын жана Ош шаарынын 2 МАБын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 118 551 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 67, анын 44ү Кара-Суу районунун 4 айыл аймагында, 23ү Ош шаарындагы 2 МАБдын аймагында жайгашкан.
№9 Кара-Суу шайлоо округу 5 айылдык аймакты жана Кара-Суу районунун шаарын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 100 350 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 62.
№10 Куршаб шайлоо округуна Өзгөн шаарынын 9 УШКсы, Өзгөн районунун 5 айыл аймагы, Кара-Суу районунун 6 айыл аймагы жана Алай районунун 1 айыл аймагы кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 114 500 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 76, анын ичинен 35 Өзгөн шаарында жана Өзгөн районунун 5 айыл аймагында, 39 - Кара -Суу районунун 6 айыл аймагында, 2 - Алайдын бир айыл аймагында жайгашкан.
№11 Алай шайлоо округу Алай районунун 13 айыл аймагын, Кара-Кулжа районунун 12 айыл аймагын жана Чоң-Алай районунун 3 айыл аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 114 959 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 105, анын 41и Алай районунда, 47си Кара-Кулжа районунда жана 17си Чоң-Алай районунда жайгашкан.
№12 Өзгөн шайлоо округу Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы 14 айылдык аймакты жана 5 УШКны камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 89188 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 69ду түзөт.
М. Иманкулов Ош облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.
Штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү, шайлоо процессинин негизги этаптары, БШК, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы өз ара аракеттенишинин маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди.
«Мыйзам бузууларга жооп кайтарууда эффективдүүлүктү көрсөтүү зарыл, арыздарды жана даттанууларды кароо тез жана ачык жүргүзүлүүгө тийиш. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүткүл өлкө боюнча укук коргоо органдары үчүн окутууларды өткөрөт. Мыйзам бузуулар жөнүндө арыздарды кароодо эч кандай тандоого жол берилбеши керек. Ички иштер министрлиги республика боюнча ротация жүргүздү, бул дагы шайлоого катышуучуларга карата бир жактуулукту жана теңсиздикти жоюуга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, албетте, булардан да шайлоонун кандай бүтөөрү көз каранды болгон субъекттер. Ошондуктан шайлоонун бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылууга өзгөчө көңүл буруу керек. Эгер биз муну азыр көрсөтө алсак, анда бул шайлоо процессиндеги бурулуш учур болот. Анткени 2015-жылдан бери добуш берүүнүн бардык жыйынтыктары так эсептелгендиктен, БШК бюллетендерди таштоо жана “карусель айлантуу” көйгөйүн чечти.”
Ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн да окутуулар уюштурулганын билдирди КР БШК төрайымы.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул аймакта пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу керек болгон жерлер бар.
Шайлоо комиссияларына, мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына шайлоочулардын эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүү тапшырылды.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:
- шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;
- шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,
- шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн.
Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттукташты мугалимдердин жогорку компетенттүүлүгү, жоопкерчилиги жана патриоттуулугу маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
• санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:
• биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
• тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү.
• укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
• облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча маалымат
2021-жылдын 4-октябрында Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоосу болуп өттү.
Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер: Жайнаков Алмазбек Аманбекович, Исмаилов Касым Асеинович, Эшимбеков Куттубай Токонович катталган, аларды жергиликтүү кеӊештин депутаттары көрсөткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жайнаков Алмазбек Аманбекович шайланды, ага Нуржанов айыл кеӊешинин 11 депутатынын ичинен 6сы добуш берди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Каракол шаарында маалымат каражаттары жана блогерлер шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү механизмдерин үйрөнүштү
Каракол шаарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блогерлер коомчулугунун өкүлдөрү 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Шайлоо учурунда журналисттердин ишинин маанилүү аспектилери, КР ЖКда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, жарандарга шайлоо процессинин жүрүшү жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана USAIDдин Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү
менен биргеликте уюштурулду.
КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова катышуучуларга шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылган жаңы аралаш шайлоо системасы, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер шайлоону чагылдырууда жана мониторинг жүргүзүүдө колдоно алыша турган КР БШКнын электрондук жана маалыматтык ресурстары жөнүндө маалымат берди.
Аларга талапкерлердин жана саясий партиялардын документтеринин пакетин шайлоо комиссияларына тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан http://talapker.shailoo.gov.kg/ "Электрондук талапкер" маалымат порталы жөнүндө айтылды. "Электрондук талапкер" талапкерлердин жана саясий партиялардын документтеринин пакетин шайлоо комиссияларына тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт, ошондой эле шайлоочуларды талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалымат менен тааныштырат. Жаңы ресурстун маанилүү кызматы партиялардын жана талапкерлердин каржылык отчетторун жарыялоо болуп саналат, мында каржылоо булагы жана чыгымдардын бардык беренелери көрсөтүлөт.
Портал шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалыматты тактоо үчүн башка мамлекеттик органдардын маалымат системалары менен автоматтык түрдө өз ара аракеттенет, шайлоо өнөктүгүнүн бардык деңгээлдеринде көзөмөлдү жана мониторингди камсыз кылат.
Медиа-эксперт Авланбек Жумабаев алдыдагы шайлоо учурунда массалык маалымат каражаттарынын милдеттерине токтолду.
«Добуш берүү системасы өзгөрдү, мурда биз партиялык тизме боюнча гана добуш берсек, азыр бизде бир мандаттуу талапкерлер бар. Партиялык тизме боюнча добуш берүү ачык, биз партияны да, талапкерди да тандайбыз. Мунун баары маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө чагылдырылган. Кыска убакыттын ичинде биз бул кандайча жасаларын шайлоочуларга түшүндүрүшүбүз керек. Бул жагынан активдүү звено - бул ЖМК. Сөз эркиндиги жогору бааланган биздин өлкөдө социалдык тармактар дагы бар, ошондуктан биз блогерлер менен да иштеше баштадык», - деди ал.
Тренерлер БШКнын Маалымат жана үгүт иштери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү, Кыргызстандын Көз карандысыз Журналисттер Биримдигинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Асел Сооронбаева катышуучуларга фактыларды текшерүүнү, шайлоо процессиндеги маалыматты көзөмөлдөөнү, дезинформацияны жана фейкти айырмалай билүүнү үйрөтүштү. Ошондой эле шайлоодогу жана шайлоодон кийинки кырдаалды турукташтырууда ММКнын касташуу сөздөрүн колдонбоосу жөнүндө айтышты.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби